Мамат Сабыров: Шадыкан байдын алтыны

  • 16.11.2021
  • 3169

АҢГЕМЕ

(Досум Бегалыга)

Чоң атам Шадыкан бай үч аял алып, алар бири-биринен өткөн сулуу, чүрөк болуптур. Эң улуу байбичеси Мастура, экинчиси Эркайым, үчүнчүсү Кишим. Мастурадан кыз төрөлүп, анысы нышан болуп калат экен. Муну көргөн чоң энебиз намыстанып: «Байдын кызы да нышан болобу? – деп жаңы эле туулган ымыркайды супурага ороп, тумчуктуруп салат. Шадыкан бай ошондон кийин кыздуу болбой, өмүр бою кызым жок деп өкүнүп өттү. Экинчи аялынан Муратали авам. Ага бийдин кызын алып берсе экөөнүн оту күйүшпөй ажырашып кетет. Андан кийин удаа-удаа төрт-беш катын алыптыр. Уулу ала берет экен, Шадыкан бай калыңын төлөй берет экен.

Биздин айылда бир киши бар эле Кармышак аттуу. Муратали авам экөө бир жолу аял талашып калышыптыр. Муратали авам чүкөдөй кичине киши эле. Кармышак авабыздын болсо бою эки метр келген дөө. Экөө бир күн кечке алышып турушкан дейт. Кармышак ава тамагына бычак такап: «Мага бересиңби?» – десе, Муратали авам: «Жок, бербейм» – дейт. Ушинтип тура беришиптир да. Эч ким арачалабаптыр. Чын эле ошондой болгон беле? – деп сурасам Муратали авам эч айтчу эмес. Кармышак ава болсо унчукпай гана күлүп койчу. Барбалаңдаган ак көңүл киши эле. Балдарды жакшы көрчү. Өзүнүн жалгыз эле баласы бар эле да. Мени кээде уурдап кетчү. Бир жолу үйүнө ээрчитип барып, уктап калсам төшөктүн арасына жыйып коюптур. Атамдар аябай издешет. «Билем, сенин эле үйүңдө» – десе: «Анда, издеп таап ал» – дейт.

Атам бул бөлмөнү карап, тиги бөлмөнү карап таппайт. Жүктүн арасына жыйылуу деп оюна да келбейт да. Аябай издетип, анан бериптир. Биз тамда жашасак, ал совхоздун малын багып, кышында да боз үйдө жашачу. Таң калчу элем. Менин атам Батырали Шадыкан байдын үчүнчү аялынан. Кулагы укчу эмес. Шадыкан бай өмүр бою ат кармаган да. Атканасында биринен бири өткөн күлүктөр байланып турчу экен. Бир жолу эки жаштагы атам жөрмөлөп барып, аттардын астына кирип кетиптир. Анан ат үркүп, тээп ийгенде такасы башына бата түшөт. Кийин мен мединститутта окуп калдым. Башындагы тырыгы боюнча болжоп көрсөм угуу борбору запкы жеген экен. Кантип тирүү калганына таң калам.

Чоң атам Ийри-Суудагы аты чыккан бай гана эмес, бир уруунун башчысы, аксакалы да болуптур. Короо-короо малын айдап барып, Самарканга гана сатчу эле деп айтышат. Өзгөндөн Самарканга кантип жеткиргенин билбейм, бирок алтынга гана сатчу. Ийри-Сууда гана эмес, чөлдө да жерлери болгон дешет. Чөлгө барып, кайра келип турганга бир гана аты – сары жоргосу чыдачу экен.

Айылдаштарыбыздын «Шадыкан байдын тиллалари силерге эле калган, ошон үчүн Москвада окуп атасың да» деген сөздөрүнөн улам мен чоң атамдын алтындары тууралуу өз алдымча иликтеп, көп адамдан сурадым. Көп болчу дешчү, бирок так өлчөмүн эч ким айта алчу эмес. Бир гана адам: «Өз көзүм менен көргөм, куржундун эки көзү толтура болчу», – деп айткан экен. Муну Жапар аттуу кошунабыз атасынан укканы боюнча айтып берди. Шадыкандын бир малчысы болот. Өзүнүн эле туугандарынын баласын кичине кезинен багып алып, ошого малын бактырчу экен. Революциядан кийин ал кедей-кембагалдардын өкүлү катары кызыл аскерлердин командири болуп чыга келет да Шадыкан тап душманына айланат.

Анан Шадыкан байды кармоого буйрук болгондо жанагы койчусу аскерлери менен келет. Чоң атамдын үйүнө жакын калганда: «Силер ушул жерде туруп тургула. Үйүндө бекен же качып кеттиби, мен карап келейин», – деп аскерлерин калтырып, өзү жалгыз барат. Барса, чоң атам алтындарын Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апа атына жүктөп, кеткен жаткан болот. Куржундун бир көзү алтын, бир көзү толо күмүш экен. «Бай ака, биз сизди кармаганы келдик. Мен көрмөксөн болуп турайын качып кетиң», – дейт койчу. Шадыкан бай: «Манавы алтындан каалаганыңча ал», – десе албай коюптур. Дагы бир жолу Айтибай аттуу тестиер бала көрүптүр. Шадыкан бай алтындарын жайып отуруп, үргүлөп кетет. Арыраакта Айтибай эчки кайтарып жүргөн экен. Жакын келип, бай уктап атканын көрөт да эки-үч сөлкөбайды чөнтөгүнө катып алат. Шадыкан бай ойгонуп, караса эле сөлкөбайлары кем. Ал жер ээн болчу да.

Барманкул менен Шадыкан байдын гана үйлөрү бар, башка эч ким жок. Ошондуктан, чоң атам тилласи ким колдуу болгонун дароо эле сезет. Жубарымбек, ушул эле алды деп Айтибайды чакырат да, улагы менен бир эчки берем деп алдай баштайт. Бала неме эчкини укканда сүйүнүп кетип, алтындарды кайра бериптир. Айтибай ава кийин: «Шадыкан бай берген эчки тез көбөйдү, бат эле бир короо болуп кетти», – деп айтып калчу. Бала кезде чоң атам теше менен бирде акырдын астын, бирде жаңгактын түбүн каздыра берчү. «Каз!» – дейт, мен көрсөткөн жерин казам. "Ата, казып бүттүм" десем: «Бар, ойноп кел», – дейт. Чуңкурларды эмне максатта каздырганын айтчу да эмес, эмне көмгөнүн көрсөтчү да эмес. Бир гана жолу чөөгүнгө окшогон нерсени кийизге ороп көөмп атканын көзүм чалып калган.

Чоң атам 1968-жылы аттан жыгылып көз жумду. Сексен төрткө чыкса да күүлүү-күчтүү болчу. Жаш ат үркүп, мөңкүп ийгенде үстүнөн учуп түшүп, жамбашы сынып кетиптир. Атам бутун шалактатып көтөрүп келди. Ошол бойдон кыймылдабай жатып калды. Доктурлар гипске салалы дешсе: «Эми карыганда Шадыкан бай атым өчүп, Шадыкан чолок деген атка калайынбы» – деп болбой коюптур. Агам экөөбүз төрт-беш айдай бактык. Өзү тура да, отура да алчу эмес. Сулк жатат кроватта. Мен анда тогуз, агам он эки жашта эле. Экөөбүз күлтүгүн тазалайбыз, банка тосуп заара ушаттырабыз (апам кыла албайт да андай ишти). Кезектешип колу-бутун ушалай- быз. Анан жазында биз жайлоого көчөөрдө чоң уулу Муратали авам жүк машина менен келип: «Ата, сизди үйүмө алып кетем» – деди. Грузовиктин үстүнө чөптү төшөгөн, чөптүн үстүнө кийизди салган. Чоң атам: «Барбайм, ушул дүлөйүмдүн үйүндө өлөм» – дейт. Авам болсо: «Менин үйүмдө өлөсүң!» – деп бакырат. Бак-бак этип, катуу сүйлөйт эле да. Болбой эле алып кетти. Чоң атам эки айдан кийин көз жумду. Биз бул мезгилде тоодо болчубуз. Өлөөрдүн астында: «Батыралынын балдары келсин, мен батамды берейин дедим эле» – деп айттырып ийиптир. Ал кабар бизге он күндөн кийин жетти.

Авамдын үйү менен биздин жайлоонун аралыгы беш-алты чакырым- дай эле болчу. Кабар келээр замат атам сары жоргосун минип чап- кан бойдон кетти. Кандан өткөнбү, атам да аттарды жакшы көрчү. Араң баскан кырчаңгы, чобурларды да таптап, күлүк кылып койчу. Эшекти минип, артыма беш жаштагы инимди учкаштырып, алдыма үч жаштагы дагы бир инимди өңөрүп алып атамдын аркасынан биз да жөнөдүк. Бирде арттагы иним кыйшайса, бирде алдыдагы иним ооп кетет. Ошентип атып эптеп жетсек чоң атабыз үзүлүп кетиптир. Атам бизден мурдараак кетти дебедимби. Сары жоргосун чаап ба- ратса, чоң эжебиз (Шадыкан бай өзү кыздуу болбой туугандарынын биринин кызын багып алган) баласын көтөрүп, ал дагы чоң атам менен коштошкону бараткан экен. Атам токтоп, жээнин алдына өңөрүп алат. Анан жаш бала менен атты катуу чаба албайт да, басыгы жайлап калат. Бул убакта Шадыкан бай узап кетип аткан болот. Аталаш иниси, чоң атам мал сатканы барганда дайыма жансакчы кылып жанына алып жүрчү Кулубай палван менен Муратали авам келме айтып башында турушат. Кулубай авам акырын эңкейип: «Ака айт, алтындарың каякта?» – деп сурайт экен. «Силерге айтсам Батырали- га бербей коёсуңар, дүлөйүм келмейинче айтпайм» – дейт чоң атам. Аңгыча сырттан аттын дүбүртү угулат. Маратали авам чыкса атам келип калган экен. Авам алдынан тосуп, аттан түшүрө койбой: «Бар, баланча авамды чакырып кел» – деп жумшайт. «Атам кандай? – деп сураса: «Түзүк эле» – деп коёт. Атам атын чаап кеткен соң Муратали авам үйгө кайра кирет. Кулубай авам: «Ака, айт, алтындарың ка- якта? Көрүңө көтөрүп кетмек белең? Балдарың үзүрүн көрсүн да» – деп демите баштайт. Чоң атам: «Муратали эпчил, өз жанын өзү багып кетет, дүлөйүм алса болбойт беле» – деп көшөрөт. Анан бир аздан кийин каркырак келип, шайы оой баштаганда акыркы күчү менен дубалды муштап-муштап алат да үзүлүп кетет. Ошол учурда бөлмөдө Маратали авам менен Кулубай авам гана калып, башкаларды бүт сыртка чыгарып жиберишкен экен. Бирок кимдир бирөө эшик- тин сыртында тыңшап турганбы, Кулубай авамдын: «Алтындарың каякта?» – деп кайра-кайра такып сураганы, чоң атамдын: «Маңка, сага алтын эмес балаа да жок. Сага айтсам дүлөйүмө бербей коёсуң» – деген сөзү бүт айылга тарап кетиптир. Чоң атам алтындарын каякка катканы ошол бойдон белгисиз кал- ды. Айылдагылардын кээ бирлери Шадыкан бай сырын өзү менен кошо ала кетиптир десе, дагы бирөөсү: «Жок, андай эмес, дубалды ургулап ийгенде улуу баласы Муратали: «Бул эмне ишара болду экен?Дубалда бир гап бар» – деп ойлонуп калыптыр. Анан атасын Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апа www.bizdin.kg20 жайга коюп келген соң түнү менен үйүнө (чоң атамдын үйү айылдын четинде, колоттун башындагы Карабет деген жерде эле. Эл көчсө да чоң атам көчпөй койгон экен) барып, дубалды бузуп, ичине катыл- ган бир кумура алтынды таап алыптыр дешчү. Өзүнчө эле жомокко айлантып, биринен бири кооз кылып айтышчу. Мага: «Үйүнүн тегерек-четине эле көмгөн болуш керек, чогуу казып көрбөйлүбү» деп келгендер да болду. Апамдын айтымында: «Тиллани силерге калтырам, а сен болсо мынавы балага (мени көрсөтүп) бересиң» – дечү экен. Акыркы деми чыкканга чейин жанында болуп, сөөгүн кабырга койгон Кулбай авабыз бирдекени билсе керек эле. Бирок ал кишиден сурай албай калдым. Ал кезде мен жаш элем. Атам болсо алтын менен дегеле иши болчу эмес. Бир жолу каникулга барганда атам жаңгакты кагып бер деди. Мен чоң атам өз колу менен эгип кеткен карт жаңгактын кылды башына чыгып алып, силкип атам, атам болсо жерде терип отурат. Аңгыча өйдөкү көчөдө жашаган айылдашыбыз баласын ээрчитип өтүп калды.

– Кел, жаңгак жегиле, – деди атам. Тиги киши жаңгакты чагып берип атып, баласына мынтип айт- каны эсимде. – Же, балам. Бул киши атасынын батасын алган. Ошон үчүн бал- дары Москвада, Ташкенде чоң окууларда окуп атышат да. Ал эми алтындарын алып калган чоң уулунун бири эки деле болгон жок... Менин жаңгактын башында отурганымды көрбөй сүйлөп атат да. Ал эми атамды болсо бул дүлөй, укпайт деди окшойт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз