Даңко жөнүндө уламыш

  • 01.12.2021
  • 2774

"Тээ илгерки замандарда бир көчмөн адамдар жашаптыр. Ал адамдардын көчтөрүн үч жагынан өтүп болгус токойлор, а төртүнчү жагынан ээн талаа курчап турчу экен. Алар шайыр, күчтүү, эр-жүрөк болушуптур. Бирок бир кездерде алардын башына оор күндөр түшүптүр: кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз жат бир уруулар келип, аларды караңгы токойдун тереңине айдап жиберишиптир. Токойдо саз жана караңгылык гана бар экен, анткени ал токой картаң токой экен, дагы да ал чытырман токойдун бутактары ушунчалык бирине бири жабышып, өрүлүп кеткендиктен, алардын арасынан көк асманды көрүү мүмкүн болбойт. Күндүн нурлары да калың жалбырактардын арасынан өздөрүнө араңдан зорго жол таап кирип келет.

Бирок күндүн нуру саздын суусуна тийгенде, сасык жыт чыгып, ал жыттан улам адамдар биринин артынан бири өлө бериптир. Ошондо баягы журттун аялдары менен балдары ыйлай баштаптыр, аталары болсо ойго батып, сарсанаага түшүптүр. Бул токойдон кетүү керек эле, кетүү үчүн эки эле жол болот: бири – артка, ал жакта алдуу жана каардуу душмандар бар эле, экинчиси – алдыга. Бул жакта керилген бутактары менен бирин бири тыгыз кучактаган дөө-шаа дарактар бар эле. Бул таштай каткан дарактар күндүзгү бозала туманда кыймылсыз, үнсүз турчу эле, бирок түндө адамдар от жакканда алар дагы адамдарды ороп, кысып жакындап келчү эле. Ошентип, күн-түн дебей, ал адамдарды караңгылык курчап, бак-дарактар кенен жайыктарга көнгөн адамдарды басып калчудай болуп турушту.

Андан дагы коркунучтуусу, шамал ал дарактардын учтарына урганда токойдун баары өзүнчө бир табаалаган үнгө толуп, береги адамдардын үстүнөн кошок айтып жаткандай сезилди. Кантсе да алар кайраттуу адамдар эле, ошондуктан аларды жеңип койгондорго каршы акыркы каны калганча, өлгөнчө согушканы барса болот эле, бирок алардын осуяттары бар болчу. Эгерде алар өлүп калса, алардын алып жүргөн осуяттары кошо өлүп калышы мүмкүн эле. Ошондуктан баягы адамдар узун түндөрдө, токойдун туюк ызы-чуусу арасында, уулуу саздын жытында олтуруп ойлоно башташты. Алар олтурушту, а жаккан оттон чыккан көлөкөлөр алардын айланасында үнсүз бийге түшүп, ошондо баарынын көзүнө көлөкө эмес, бул токой менен саздын жин-шайтандары бийлеп жаткандай көрүндү. Адамдар дагы деле олтуруп ойлонуп жатышты.

Бирок эч нерсе – жумуш дагы, аялдар дагы адамдын жандүйнөсү менен денесин санаадай эч нерсе талыктырбайт. Ошондо ал адамдар ой-санаалардан алсырады… Алардын арасында коркунуч жаралды, коркуу ал кишилердин кайраттуу колдорун кишендеди. Саздын уу жытынан өлгөн өлүктөрдүн жана коркуудан кишенделген тирүүлөрдүн үстүнөн ыйлаган аялдар андан бетер чочулоону жаратты. Ошондо токойдо коркоктук сөздөр угула баштады, башында этияттап, акырын… андан кийин ал сөздөр бара-бара бийиктеген үндөргө айланды… Ошол кезде душмандын алдына моюн сунуп барып өз эркиндигин тартуулаганга даяр болушту, өлүмдөн жалтанган адамдардын эч кимиси кулчулук жашоодон коркпой калды… Мына ушул кезде Даңко пайда болду да, баарын бирдей сактап калды…”

Кемпир, бир болсо Даңконун күйүп-жанган жүрөгү жөнүндө болгон бул окуяны тез-тез айтып жүргөндөй сезилди. Анткени ал ырдап жаткандай кылып айтып бергенде, анын кырылдаган картаң үнү менин көз алдыма токойдун ызы-чуусун, анын ичинде саздын уусунан өлүп бараткан, камалган бейбактылардын элесин азыр болуп жаткандай сүрөттөп жатты...

«Даңко – баягы адамдардын бири, жаш, сулуу жигит. Сулуулар – ар дайым эр жүрөк болушат. Мына ошондо ал өз журтуна кайрылды:

- Ой-санаа менен жолдогу ташты оодармак белек. Аракет кылбаганга берекет жок. Эмнеге биз күчүбүздү сарсанаа менен кайгыга жумшап жатабыз. Тургула, токойду аралап басалы да андан чыгып кетели, акыры бул токойдун аягы бар го. Дүйнөдө бүткүл нерсенин аягы бар! Жүргүлө! Болгула! Ехеей!..

Баары аны карашты жана ал баарынан өзгөчө экенин көрүштү, анткени анын көздөрүнөн зор күч жана өлбөс от жанып турду.

- Сен бизди башта! – дешти алар.

Ошондо ал адамдарды баштап жөнөдү...»

Кемпир бираз унчукпай калды да, караңгы калыңдап түшүп турган кенен жайык жакты карады. Даңконун күйгөн жүрөгүнүн учкундары тээ алыста жарк этип, асмандын көгүлтүр отундай болуп көктү бир жарык кылып кайра өчүп жатты. «Данко аларды баштап жөнөдү. Баары ынтымак болуп анын артынан ээрчип чыгышты, ага ишеништи. Аябай татаал жол болчу! Караңгы каптап турду, ар бир кадам баскан сайын ачкөз саз өзүнүн чириген ооздорун ачып, адамдарды жутуп жатты, дарактар болсо үлкөн дубалдардай болуп жолду тороп калышты. Алардын бутактары өз ара кучакташты; жылаандардай болуп тамырлары ар жакка жайылды. Адамдар үчүн ар бир кадам басуу көп тер менен канды талап кылды. Алар узак жол басышты… Токой мурункудан дагы калыңдай берди, күч азая берди! Мына ошентип алар Даңкону жаш, тажрыйбасыз боло туруп аларды белгисиз бир жакка баштап жөнөдү деп ойлоп, жек көрө башташты. А Даңко алардын алдында көңүлү тунук жана куунак болуп бара берди. Бирок бир кезде токойдун үстүнөн кара булут топтолуп, дарактар оор жана каардуу шыбыраша баштады. Ошондо аалам жаралгандан бери канча караңгы түн болсо, ошонун баары топтолуп калгандай болуп токойду кара түн каптады.

Кичинекей адамдар чоң дарактардын арасында, чагылгандын каардуу үндөрүнүн астында баратты, дөө-шаа бак-дарактар болсо капалуу үндөрдү ырдап, кычырап эки жакка ийилип жатышты. Чагылгандар токойдун үстүлөрүнөн учуп келип бир заматка муздак, көкмөк оту менен жарык кылып, кандай пайда болсо, ошондой эле тез жоголуп коркутту. Дарактар чагылгандын муздак отунан көрүнүп кайра жоголуп, караңгынын туткунунан качып бараткан адамдарды курчагандай, ийрейген узун колдору менен калың желелерди токугандай, адамдарды токтотуп жаткандай, тирүүдөй сезилип жатты. Бутактардын арасынан болсо караңгыда аларды коркунучтуу бир нерсе карап турду. Ал нерсе катаал жол болчу, ошондо ал күчтөн тайган адамдар жеңилүүгө алдырышты. Бирок алар үчүн өз алсыздыгын моюндоо кыйын болчу, мына ошондо алар кыжырданып, жаалданып, аларды баштап бараткан Даңкого асыла кетишти. Ошондо алар Даңкону башкара албай калды деп кекете башташты!

Алар токойдун салтанаттуу ызы-чуусунун астында, калтыраган караңгылыктын арасында күчтөн тайып, жиндери келип токтошту. Даңкону сындай башташты.

- Сен, -деди алар, - биз үчүн зыянкеч жана эң пас адамсың! Сен бизге жол баштап алсыраттың, ошон үчүн сен өлөсүң!

- Силер өзүңөр: «Сен бизди башта!» дедиңер, мен баштадым! – деп аларга көкүрөгү менен каршы туруп кыйкырды Данко. - Менде силердин алдыңарга түшүп жол баштоо үчүн эрдик бар, ошондуктан жол баштадым! Өзүңөрчү? Өзүңөргө жардам берүү үчүн эмне кылдыңар? Силер жөн гана басып келдиңер, бирок узагыраак жол үчүн күчүңөрдү сактай алган жоксуңар! Силер койлорго окшоп кете бердиңер, кете бердиңер!

Бирок бул сөздөр аларды андан бетер жаалдантты.

- Сен өлөсүң! Сага өлүм! – деп чаңырышты.

Токой болсо алардын ач кыйкырыгын коштоп дүңгүрөп жатты, чагылгандар караңгы түндү чачыратып, бөлүп кетти. Даңко өзүнүн болгон мээнетин багыштаган адамдарга караса, алар жырткычтай болуп калган эле. Анын тегерегинде көп адам топтолду, алардын жүзүндө бир дагы адамдык касиет жок эле. Алардан жансоога күтүү мүмкүн эмес болчу. Ошондо анын жүрөгүндө нааразылык кайнап чыкты, бирок адамдарды аяганы үчүн дароо өчүп калды. Анткени ал адамдарды жакшы көрчү, ал ойлоду, балким, ансыз алар баары өлүп кетиши мүмкүн. Мына ошондо анын жүрөгүндө аларды сактап калуу, оңой жолго чыгаруу нийети оттой жанды. Мына ошондо анын көздөрүнөн ошол оттун нурлары жаркырады... Адамдар аны көрүп, көздөрү жаркырап кеткенине караганда ал жаалданып жатат деп, өздөрү да ач карышкырдай кооптонуп, аларга азыр асылып, алар менен күрөшө кетет деген ойдо, Даңкону оңой-олтоң өлтүрүп салуу үчүн курчоого ала башташты. А Даңко болсо алардын ниетин түшүндү, андыктан анын жүрөгү баягыдан да жаркырап жана берди, анткени алардын бул ниети Даңкону оор санаага ороду.

Токой болсо өзүнүн муңдуу ырын ырдап, асман күркүрөп, жамгыр төгүп турду...

- Мен адамдар үчүн эмне кыла алам?! – деп Данко күндүн күркүргөнүнөн дагы каттуу кыйкырды.

Ошол замат ал өз көкүрөгүн колдору менен айрыды да, өз жүрөгүн сууруп чыгып башынан бийик көтөрдү.

Ал жүрөк күндөй жаркырап турду, күндөн да жарык болду, адамдарга болгон сүйүүгө толо от менен жарыкка бөлөнгөн бүт токой жымжырт боло түштү. Караңгылык калтыраган бойдон терең токойдогу саздын чириген оозуна түшүп кетти. Адамдар болсо таң калгандан, таштай катып туруп калышты.

- Алга! – күйүп турган жүрөгүн бийик кармап, аны менен жолду жарык кылган Даңко алдыга умтулду.

Алар таң калган бойдон анын артынан жөнөп берди. Ал кезде чокуларын кыймылдатып, токой дагы ызы-чууга түштү, бирок ал ызы-чууну чуркап бараткан адамдардын дүбүртү басып таштады. Баары күйүп-жанган жүрөктүн кереметин ээрчип, эрктүү жана тез чуркап баратты. Азыр деле өлүп-талып, бирок эч бир арыз-муңу, көз жашы жок өлүп баратышты. Даңко болсо алдыда баратты, жүрөгү жалындап-жанып күйүп турду!

Бир заматта токой анын артында калып кетти, баягындай эле тыгыз, караңгы бойдон кала берди. Даңко менен бүт адамдар жамгырга жуулган күн нуру менен таза абанын эбегейсиз чоң деңизине сүңгүп киришти. Сур булут тээ алыста, токой үстүндө күркүрөп жатты, бул жерде болсо күн жаркырап тийип, кенен жайыктар дем алып, жамгырдын күмүшүнөн чөп жылтырап, дарыя алтындай жаркырап агып жатты...

Кеч кирип калган эле, батып жаткан күн нурларынан дарыя кызыл болуп, Даңконун айрылган көкүрөгүнөн төгүлгөн кызыл кан сымал агып турду.

Ошондо эр-жүрөк Даңко кең талааларга көз чаптырды. Эркин жерлерге кубаныч менен көз таштап, сыймыктануу менен күлүп жиберди. Андан кийин жыгылды да, жан берди.

Адамдар болсо кубанычка батып, чоң үмүткө арбалып, анын өлгөнүн байкабай калышты, анын кайраттуу жүрөгү дагы деле анын өлүгүнүн жанында күйүп-жанып турганын эч ким көрбөдү. Бир гана этият болгон адам аны байкады да, бирдемкеден корккондой, Даңконун эрктүү жүрөгүн тебелеп басып койду... Ушинтип ал жүрөк учкун болуп чачырап өчүп калды...”

М.Горькийдин "Изергиль кемпир" чыгармасынан.

Которгон Данияр ӨСКӨНБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз