Евгений Ганин: Жазуучунун монологу

  • 28.02.2024
  • 4215

«Таланттын тамчылары»

Адабиятчынын таланты – табышмактуу, кызыктай кубулуш: белгисиз, түшүнүксүз бир нерсе капысынан эле жөн жаткан мээңди чакчелей түшүрүп, акырындап кандайдыр бир бүдөмүк ойлор жарала баштайт. Анан ал ойлоруңду этияттык менен кооз сөздөр, фразалар, салыштыруулар менен шөкөттөйсүң: сюжеттер, образдар пайда болот. Уйкаштыктарды, формаларды издей баштайсың; мурда болбогон, кызыктуу, чындыкка окшогон окуяларды жаратасың. Талант – бул Кудай берген оору. Ичиңдеги укмуштай сырдуу нерселер сыртка чыгып, ак баракка түшүп, өз алдынча жашоосун улантат.

Талант – бул тамчылап турган кубулуш: Тып! Тып! Таланттын туптунук, майда тамчылары кыйынчылык менен сыгылып чыгып, барактын бетин кубанычтуу жаш менен сугара баштайт; бирде ал муздак мөндүр болуп, жан-дүйнөңө кирип барып, жүрөгүңдү черткилесе, бирде ысык шагыл сыяктуу сүйүктүү адамынын көкүрөгүн жылытат. Бирде көрө албастын тикенектүү көзү менен жаралап, жан дүйнөңдү уулантып, жаракатыңдын картын кайра-кайра сыйрыйт...

Таланттын тамчылары – бир эле убакта зор ийгиликтин, сүйүүнүн, сый-урматтын жана көрө албастыктын, жаалданган каардуу ачуунун, турмушуңду ууландырган уунун чоң дозасы болушу мүмкүн.

Ал кээде, жашоону оор сүргүнгө айлантат: денеңден шорлуу тер болуп тамчылап чыгат. Каныңды бузат, жакындарыңды кыйноого салат, үйгө жакырчылык жана кайгы алып келет. Бирок көбүнчө таланттын бир тамчысы учкунга айланат, андан жаңы идеялардын жана фантазиялардын жалыны тутанат. Ал атак-даңкка жана ийгиликке жеткизип, жаныңды көкөлөтүп асманга көтөрөт. Бир тамчы талант үчүн адамдар жанын беришет! Арийне, таланттын көз жашы бир кашык кара майга айланып, бир челек үмүт, кыялдарыңды ууландыруучу касиетке ээ болуп кетмейи да бар.

Ал эми эмгекте тоскоолдуктардын ташын талкан кылат. Баңгизаттар аны өлтүрөт. Ал кээ бир учурда соодадагы майда тыйынга айланат: акчага, «эмгек сиңирген» деген наамдарга, орден-медалдарга апыртма ийгилик жана көптүрмө упайларга алмаштырылат; аны сатып алышат жана сатышат; уурдашат жана жалган пайыз менен акча алышат. Таланттын тамчылары сойкулардын коюнуна куюлуп, арак куюлган стаканга чөгүп жок болот. Таланттын назик тамчысын бир ыплас сөз менен өлтүрүү, жок кылуу оңой. Анан абийириң ойгонуп, шектене баштайсың: Таланттын ыйык тамчысы менде бар беле? Балким ал караманча эле жок нерседир?

Болгон! Ал сенде бар! Сен аны жоготуп алба! Эсиңде болсун:

Тып, тып, тамчы тамчылайт!
Алаканыңды тос, эрикпе!
Алаканыңа толгон тамчылар,
Куюлуп түшсүн деңизге!

Качан гана таланттын тамчылары булакка айланып, андан белгисиз окуучуларың талап кылган чыгармалар дарыя болуп агыла баштаганда, качан гана ал дарыя кучагы кең, буркан-шаркан түшүп турган мухитке барып кошулганда сен бул ардактуу эки сөздү айтканга акылуусуң:

“Мен – жазуучумун!”

Иште! Күмөн сана! Кыйнал! Кол жазмаларыңызды айрып, кайра башкача жаз! Жаңылыштыктар, талаш-тартыштар менен жан дүйнөңдүн айласын кетир! Башкаларды сени түшүнүүгө үйрөт! Чындыкты корго! Ийгиликсиз болууга үйрөн! Талантыңдын кичинекей тамчыларынан өжөрлүк менен жакшылыктын жана бакыттын мухиттерин жарат. Ошондо сенин жашооңдун мааниси акырындап ачылат.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз