Халил Жубран: Олуя

  • 10.12.2021
  • 4227

(Араб. جبران خليل جبران‎ или جبران بن خليل بن ميخائيل بن سعد جبران‎ Жубран бин Халил бин Михаил бин Саад Жубран; англ. Kahlil Gibran; 6-январь 1883, Бишари — 10-апрель 1931, Нью-Йорк) — Ливан жана Америка философу, сүрөтчү, акын жана жазуучу. XX кылымдагы көрүнүктүү араб жазуучусу жана философу.

Аны атак-даңка жеткизген китеби — The Prophet (Олуя) (1923), акындын философиясынын туу чокусу. Дүйнөнүн 100дөн ашуун тилине которулган.

Эссе

КЕМЕНИН КЕЛИШИ

Ал-Мустафа, тандалган, сүйүктүү, анын күнүнүн таңы, он эки жыл Орфалесте кеме күттү, ал кеме аны туулуп-өскөн аралына алып кетмек.

Он экинчи жылы, оруп-жыюу айы, Айлул айынын жетиси болгондо, ал шаар дубалынын сыртындагы дөңгө чыгып, деңизди карап, туманда кемеси келе жатканын байкады.

Ошондо жүрөгүнүн дарбазасы ачылды, кубанычы деңиздин үстү менен алып учуп, көгөргөн мейкиндикти чайкады. Көзүн жумуп, жан-дүйнөсү тынчып, жымжырттыкта дуба кылды. Бирок ал дөңдөн түшөр замат жүрөгүн бир түпөйүл санаа басып, ойго бата баштады:

"Бул көчөлөргө жан-дүйнөмдүн бүртүктөрүн чачтым, адырларын аралап, муңумду таратып сейилдеп далай бастым. Азаптуу күндөр, нечен уйкусуз түндөр өттү. Анан кантип көңүлүм оорубайт, жан-дүйнөмдү оорутпай бул шаардан кантип кетем? Бул дүйнөдө азабы жана жалгыздыгы менен өкүнбөй ажырашкан жан болду бекен?  

Бүгүн кийимимди эмес, жон теримди тытып ыргытып, бул жерлерде бир гана оюм эмес, ачка-ток, суусагандан улам жашып, жибиген жүрөгүмдү калтырып кеткени жатам. Шашылбасам болбостур эми. Деңиз бардыгын кел деп чакырат, алардын арасында мен да бармын. Кетишим керек. Калганым – демек, өзүмдү чынжырга байлап үшүп-тоңуу, муз болуу, турса дагы түндүн жалындай деми ысып.

Баардыгын өзүм менен кошо алып кетким келет. Бирок кантип? Көмөкөйдөн кубулжуп  учуп чыккан үн кошо ала кетпейт – эриндериңди, тилиңди. Обого жалгыз умтулат –сыздаткан үн жүлүндү. Бүркүт дагы туулган уясын таштап, жалгыздап сызат, багыт алып асмандагы күндү.

Жеткен кезде этегине дөбөнүн, кайрадан деңизге бурулуп карады, көрдү кеменин жээкке жакындап келгенин, а кемеде матростор – уулдары өзү өсүп-өнгөн жергенин.

Ошондо жүрөгү кубанычка батты, анан мындай деп айтты:

 – Чоң энемдин неберелери тоодой толкундарды минип, нечен ирет кирчү элеңер түшүмө. Мына акыры силер келдиңер аң-сезимим уйкудан ойгонгондо, бирок бул ойгонуу мен үчүн окшош эң узак түшкө.

Мен даярмын деңизде силер менен сүзүүгө, чыдамсыздыгымдын парустары шамалды күтүүдө.

Көз ирмемге токтоп, керемет абадан акыркы ирет кере дем алып, акыркы жолу кылчайып артымды карайын, андан соң араңарга келемин, оо деңиздин балдары, мен эми силердин бириңермин. Оо чексиз деңиз, көз ирмебес энебиз, сенден гана эркиндикти табышат дарыя менен булактар. 

Булак бурулса нугунан, анын шылдыр үнү угулат эмеспи талаадан, эми мен дагы чексиз тамчы болуп, чексиз мухитке куюлам. Ал аңгыча талааларынан жана жүзүмзарларынан шаардын дарбазасын карай шашып келе жаткан эркектер менен аялдарды алыстан көрдү. Талаадан талаага, биринен-бирине өз атын, кеменин келгенин кабарлап жатышкан үндөрдү укту.

Анан ал өзүнө мындай деди:

“Мен кетчү күн түшүм күнү болобу? Кеч кирди десем бул күн менин таңымбы? Буурусунун бекем кармап, бороз салгандарга бир нерсе бере аламбы? Жүрөгүм мөмөлүү дарак болуп, жемишимди аларга төгө аламбы?

Алардын идиштерин толтура аламбы, каалоолорум, тилектерим ачыткыдай кайнап чыгабы? Таланттардын колу мага тийсе ырдап берер арфа же бир үйлөп койсо сыздагандай чоор болбосом?

Жымжырттыкты издеп келем, бирок андан кандай кенч таптым экен, тартынбастан тараткыдай? Эгерде бул түшүм жыйнаар күнүм болсо, кайсы күнү, кай талаага септим экен үрөнүмдү? Эгерде бул чындап эле чырагымды көтөрчү саат болсо, анда ал чыракта күйгөн жарык – бөтөн жарык, меники эмес.

Мен көтөргөн күйбөгөн майсыз чырак. Эми аны түн сакчысы май толтуруп жандырат.

Ошентип, ал үн чыгара күңгүрөнүп алды. Бирок анын жүрөгүндө айтылбаган көп нерселер турду, анткени ал айта алган жок өзүнө гана белгилүү терең сырды. Ал шаарга жакын келгенде элдин баары анын алдынан чыгышты, бардыгы аны бир добуштан салам айтып тосуп алышты.

Шаардын аксакалдары алдыга чыгышты:

—  Бизди таштаба! Сен бизге күүгүмдө чачылган жарык болдуң, сенин жаштыгың биздин кыялыбызды козгоду. Арабызга жаңы келген чоочун эмессиң, конок да эмессиң, биздин уулубуз жана сүйүктүүбүз өзүңсүң. Кетип калып кусалыкка батырба карегибизди талдырып.

Дин кызматчылары ага мындай дешти:

- Деңиздин толкундары азыр бизди сенден ажыратпасын, андайга жол бербе, биз менен өткөргөн жылдарыңыз болбосун десең эскерме. Сен биздин арабызда жүргөндө, сенин рухуң биздин жүзүбүздү нурга чайычу. Биз сени абдан жакшы көрчүбүз! Бирок унчукпай, жабык болчу биздин сүйүүбүз. Эми ал сүйүүбүздү ачык билдирип, алдыңда турабыз, түбөлүктүү чындык ушул, сүйүүнүн тереңдиги дайыма ажырашаар учурда билинет.

Андан соң башкалар да жанына келишти. Бирок ал бирине да жооп бербей, башын жерге ийип турду. Жанында тургандар анын көздөрүнөн жаш агып жатканын көрүштү. Эл менен бирге ал ибадаткананын алдындагы чоң аянтка жөнөдү. Ошондо ыйык жайдан бир аял чыкты. Анын аты Аль-Митра эле. Ал келечекти айта билген төлгөчү болчу. Ал ага терең назиктик менен карады, анткени ал аны таап, ага ишенген биринчи адам болчу.

Аль-Митра аны мындай сөздөр менен тосуп алды:

 – Кудайымдын сүйүктүүсү, чексиздикке көз талытып, алыстан келчү кемеңди көпкө күттүң, мына бүгүн келди кемең, камын жолго чыгууга. Сенин мекениңе болгон терең сагынычың жана сенин ички каалоолоруң; жана биздин сүйүү эми сени бул жерде байлай албайт; ошондой эле биздин муктаждыктарыбыз да сени кармап калбайт. Бирок биз сенден суранабыз, ажырашар алдында айтып берип, даамын таткыз чындыгыңдан өзүңдүн. Урпактарга керез кылып, жоготпой айтып жүрөлүк сөзүңдү.

Жалгыз болуп, жанга кошпой бир да жан, байкап жүрдүң биз жашаган күндөрдү, аң-сезимиң ойгонгондо уктуң сен, басып жүрсөк күлкүбүздү, уктаганда ыйласак. Ошондуктан, өзүбүздү өзүбүзгө ачып бер, билгениңдин баарын айтчы, төрөлүү – өлүм ортосунда нелер жок да, нелер бар.

Ошондо ал жооп берет моминтип:

– Орфалес эли, силердин жан-дүйнөңөрдү түйшөлтүп, бүлүк салган нерселер тууралуу айтпаганда, мен башка эмнени айта алам?

СҮЙҮҮ ТУУРАЛУУ

Анда аль-Митра сурады:

 – Бизге Сүйүү жөнүндө айтып берчи.

Ал башын көтөрүп элди карады, эл тыптынч болуп аны тыңшады. Ошондо ал үнүн бекем чыгарып, сөзүн мындай баштады:

 – Эгерде сүйүү келип жол баштаса, ошол жол канчалык оор, канчалык узак жана кыйын болсун, ээрчигиле, артынан калбагыла. Шыктандырса канаттарынын шуулдагы, канатында катылган курч кылыч этиңерди тилсе дагы, анын үнүн тыңшагыла. Эгерде анын үнү түндүктөн соккон шамал сымал, талкалап жатса дагы сүйүүнүн айтканына ишенгиле. Анткени сүйүү башыңарга таажы кийгизет, бирок ошол эле өзү тебелеп-тепсеп жерге киргизет. Ал көкөлөтүп өстүрөт, кайра эле өзү жексен кылат кескилеп.

Ал бийиктеп чыгып, күн нуру чайыган назик бутактарыңды кучактайт. Кайра эле тамырыңа жетип жулат, кесет, бычактайт. Боолонгон буудайдай чогултат. Жаргылчактан өткөзөт майдалап. Электен өткөзүп кебектен арылтат. Камыр кылат ийлейт ийине жеткизип, ачытат, анан ыйык отко кактап, ыйык нан даярдайт Кудайга арнап. Ушунун баары сүйүүнүн силерге кылганы, жүрөктүн купуя сырларын билсин деп, алган билимиңер силерди Жашоонун жүрөгүнүн бөлүгү кылсын деп.

Бирок сүйүүдөн коркуп бейпил, таттуу турмуш издесеңер, жылаңач этиңерди жапканың эп анда силер, жана да сүйүүнүн таштап кырманын, жыл мезгили алмашпаган, күлсөңөр күлкүңөр чыкпай, ыйлайм десең жашыңар чыкпай буулуккан башка дүйнө издегиле. Сүйүү өзүн берип, өзүнөн гана алат. Сүйүү эч нерсеге ээ да эмес, өзү дагы бирөөлөргө энчи эмес, ал анткени сүйүү канааттанат жалгыз гана сүйүүгө.

Эгер сүйсөң “Кудай – менин жүрөгүмдө” – деп айтпагын: “Мен – Кудайдын жүрөгүндөмүн” – деп айтканың оң, сөз маанисин байкагын. Анан дагы ойлобогун, сүйүү жолун башкарам деп, ал анткени татыктуу деп тапса сени, өзү сага жол көргөзөт.

Сүйүүнүн жалгыз каалоосу – өзүн сага сездирүү. Бирок сен ашык болуп, каалооңдон баш тарта албасаң, анда түн коюнунда ырын созгон шылдыраган булактай болсом деген самоо болсун жүрөгүңдө.

Назиктиктен түгөнбөгөн жапа чек. Жаракат ал жетүү үчүн сүйүүгө. Эрте таңда жүрөгүңө канат байлап ойгонуп, кансыраган абалыңа кубанып, сүйүү менен өткөн дагы бир күнүң даңктагын. Түш маалында бейкуттук таап эс алып, эс тандырган сүйүүңдү ойлоп кыялдан. А кечинде ыраазы болуп үйүңдө, жүрөгүңдөгү сүйгөнүңдүн элеси, а оозуңда ашыгыңдын ысмы, таттуу уйкуну насип кылсын жараткан.

НИКЕ ТУУРАЛУУ

Андан соң кайрадан Аль-Митра суроо салды:

 – Нике тууралуу эмне дейсиң, Окутуучум?

Анын жообу мындай болду:

– Силер чогуу жаралдыңар жана түбөлүккө чогуу болуу буйурган. Ажалдын ак канаттары силердин күндөрүңөрдү айдап таратканда да биргесиңер. Силер ал тургай Кудайдын өчпөс эсинде да бирге жүрөсүңөр. Бирок ортоңор өтө эле жакын болбосун. Асман жели ортоңордо турсун бийлеп. 

Бири-бириңерди сүйгүлө, бирок сүйүүнү айлантпагыла чынжырга. Андан көрө ал силердин жан-дүйнөңөрдүн ортосунда толкундап турсун деңиз болуп. Бири-бириңердин чөйчөгүңөрдү толтургула, бирок ичпегиле бир чөйчөктөн. Бири-бириңе өз наныңардан берип тургула, бирок бир кесим нанды жебегиле экөөлөп.

Бирге ырдап-чордоп бийлеп көңүл ачкыла, бирок ар бири өз алдынча болсо да бир обон чыгарган комуздун кылдары сыяктуу өзүнчө болгула ар бириң. Жүрөгүңөрдү бири-бириңе бергиле, бирок бири-бириңе ээлик кылуу үчүн эмес. Анткени Жашоонун узун колу гана силердин жүрөгүңөрдү кабыл ала алат. Чогуу тургула, бирок бири-бириңе жабышып албагыла. Анткени храмдын тирөөчтөрү өз-өзүнчө турат жана дуб менен кипарис жанаша өспөйт.

БАЛДАР ТУУРАЛУУ

Колунда баласын кармап турган аял сурады:

– Бизге балдар жөнүндө айтып берчи.

Ал ага мындай жооп кайтарды:

 – Силердин балдарыңар – силерге бала эмес. Алар улуу Жашоонун уулдары жана кыздары. Алар силер аркылуу келишет, бирок силерден эмес. Алар силер менен болсо дагы, силерге тиешелүү эмес. Силер аларга өз сүйүүңөрдү бере аласыңар, бирок акыл-оюңарды бере албайсыңар. Анткени, алардын өз акыл-ойлору бар.

Силер алардын денелерине түнөк бере аласыңар, бирок рухуна эмес. Анткени алардын рухтары силердин түшүңөргө да кирбеген эртеңкинин үйүндө жашайт. Силер аларга окшошууга далалат кылсаңар болот, бирок аларды өзүңөргө окшош кылабыз деп аракет кылбагыла. Анткени, Жашоо артка жылбайт жана эртеңки күнгө да туруп калбайт. Сен жебе сыяктуу, балдарын алдыга тирүү жиберген жаасың. Жаачы чексиздиктин жолунда бутаны көрүп, сени менен кошо ийилет, жебелериңди тез жана алыс учууга мажбурлайт.

Жаачынын жаа тарткан колу силерге кубаныч тартууласын. Анткени жаачы учуп бара жаткан жебени кандай жакшы көрсө, колундагы жааны да ошондой жакшы көрөт.

САДАГА КЫЛУУ ТУУРАЛУУ

Ал сөзүн аяктаганда бай адам суроо узатты:

 – Бизге садага тууралуу айтып берчи.

Ал ага мындай жооп кылды:

– Силер байлыгыңардын кичинекей бир бөлүгүн бересиңер. Силер чын ниетиңер менен бергенде гана бергендердин катарына киресиңер. Анткени, эртеңки күнү керек болот деп сактап жүргөн байлыгыңар да байлыкпы? А эртеңки күн деген эмне? Ыйык шаарга зыяратка бара жаткан адамды ээрчиген эң акылдуу итке учу кыйырсыз чөлдөгү кумга көмүп кеткен сөөктөн пайда барбы? Келе элек муктаждыктан коркуунун өзү муктаждык эмеспи?

Суу толуп турган кудуктун жанында туруп, суусап калуудан коркуунун өзү эч бир канбаган суусоонун өзү эмей эмне? Ашып-ташыган байлыгынан бир аз бөлүп бергендер бар. Алар өздөрүнүн атын чыгарып, мактануу үчүн беришет, алардын мындай ниети алардын бергенин булганыч кылат. Ошондой эле өзүндө аз болсо да бергендер бар. Алар жашоого, жашоонун берешендигине ишенишет, алардын сандыктары эч качан бош калбайт. Бергенине сүйүнгөндөр бар – ал алар үчүн сыйлык. Ичи ооруп жатып бергендер бар – бул аларга олуттуу ишке алгачкы кадам.

Ичтерин оорутпай берип, бергенинен пайда издебеген, эч нерсе үмүтөтпөгөндөр бар. Алар жашыл арчалар айланасына таза аба берип жаткан сыяктуу, бергенин милдет кылбай беришет. Жараткандын өзү алардын берешен колдору аркылуу берип, алардын кубанычтуу көздөрү аркылуу Жерге көз салат. Сурап келген адамдын ажаатын ачып кубандырган жакшы, бирок абалын айттырбай түшүнүп, суратпай берген андан жакшы. Жоомарт адамга садага алган адамды табуу, садага кылуунун өзүнөн да чоң кубаныч тартуулайт.

Кайсы бир буюмду кастарлап катып алуунун кажети барбы? Болгон нерсеңдин баардыгын эртеби, кечпи алып тынышат. Ошондуктан берериңди өз маалында берип ал, болбосо ал мүмкүнчүлүк мураскорлоруңарга өтүп кетпесин.

Силер: “Мен татыктуу адамга гана берем” – деп көп айтасыңар. Бакчаңардагы жемиш бактары жана жайытыңардагы мал антип айтпайт. Алар жашоосун улантуу үчүн беришет, анткени бербей катып алуу – алар үчүн өлүмгө тете. 

Чындыгында, Жараткандын күнү менен түнүн жашоо үчүн алганга татыктуу адам, калган нерселерди силерден алганга акылуу. Жашоонун мухитинен ичүүгө ишеним алган адам, чөйчөгүн силердин булактын суусу менен толтурууга да татыктуу. Силердин эрдемсинүүңөрдөн, өзүңөргө ашкере ишенүүдөн, ал тургай берип жатканда текеберчилик көрсөтүп, бирөөнүн намысын тебелегенден да чоң боштук барбы?

 Адамдар сенин алдыңда баш кийимин алып, өздөрүнүн ички маңызын уялбай көргөзгүдөй деги сен ким элең? Адегенде өзүң садага кылууга татыктуусуңбу, карап көрчү. Анткени, чындыгында жашоону жашоо ээси гана берет, а силер, өздөрүн берип жатабыз деп эсептегендер, болгону көрүүчүсүңөр. Силер, садага алгандар – а силер дайыма алуучусуңар, өзүңөргө жана садага берүүчүнүн моюнуна камыт кийгизип албаш үчүн, ага деген ыраазычылыктын жүгүн өзүңөргө артып албагыла.

Андан көрө берүүчү менен бирдикте, анын бергендерин канат сыяктуу пайдаланып өйдө көтөрүлгүлө. Анткени өзүнө ашкере милдет ала берүү – демек, энеси – Жер, атасы – Кудай дегендердин айкөлдүгүнөн шек саноого жатат.

ТАМАК-АШ ЖАНА СУУСУНДУКТАР ТУУРАЛУУ

Андан кийин карыя, ашкананын кожоюну суроо берди:

 – Тамак-аш жана суусундуктар жөнүндө эмне айтасыз?

Анын жообу мындай болду:

– Жердин жыпар жыттуу абасын жутуп, тамыры бар өсүмдүктөр сыяктуу, Нурдан азыктансаң кана! Бирок тоюш үчүн өлтүрүүгө, чаңкооңду кандыруу үчүн баласын эне сүтүнөн ажыратууга аргасыз болгон соң, бул ыйык салт боюнча калсын.

Сенин дасторконуң курмандык чалынуучу жайга айлансын, анда токойдон жана түздүктөн алып келинген таза жана күнөөсүз жандыктар андан да таза жана күнөөсүз адамга курмандыкка чалынышат. Жырткычты өлтүргөндө, ага жүрөгүң менен айт: «Сени жыккан күч мени да өлтүрөт; ал мени да жутат. Анткени, сени менин колума салып берген мыйзам, мени да менден кубаттуу колго салып берет. Сенин каның жана менин каным, болгону – бул Асман дарагын азыктандырган ным».

Алманы тиштеп жээрде, жүрөгүң менен айт: "Сенин уругуң менин денемде жашайт, жүрөгүмдө эртеңиңдин бүчүрлөрү гүлдөйт, сенин жытың менин демиме айланат, биз жылдын бардык мезгилинде чогуу кубанабыз".

Күзүндө жүзүмзардан ширесин сыгып алуу үчүн тергениңде, жүрөгүң менен мындай де: «Мен дагы жүзүмзармын, менин мөмөлөрүм да басым менен сыгылып, жаш шарап сыяктуу мени да түбөлүк идиштерде сакташат».

Ал эми кышында, шарап ичээрде, ар бир чөйчөктү жутарда жүрөгүң менен ырда. Ал эми ырдаган ырыңда күзгү күндөрдүн, шарап бакчасынын жана басым айланасынын элеси эсиңде болсун.

ЭМГЕК ТУУРАЛУУ

Андан кийин жер айдаган дыйкан алдыга чыкты:

– Эми бизге эмгек жөнүндө айтып берчи:

Ал ага мындай жооп узатты:

– Жерден жана анын Рухунан ажырап калбаш үчүн иштейсиң. Анткени жалкоолук – мезгилдерден артта калып, улуулукка жана чексиздикке, текеберчиликсиз момундукка умтулган жашоонун жүрүшүнөн чыгуу. Иштесең жүрөгүңдө замандын шыбырын керемет обонго айланткан чоорсуң. Айлананын баары ынтымакта ырдап турганда, канчаңар дудук болуп, камыш боюнча унчукпай калгыңар келет? Силерге дайыма айтышчу “эмгек – каргыш, эмгек – кырсык” деп.

А мен сага айтам: иштегенде Жердин эң алгачкы кыялынын бир бөлүгүн ишке ашырасың, бул кыял төрөлгөндө эле сага даярдалган. Иштеп жатып, Жашоону чындап сүйөсүң. Ал эми эмгек аркылуу Жашоону сүйүү – бул Жашоонун эң терең сырына жакындоо дегенди билдирет. Эгерде сен азап чегип жатканыңда төрөлүүнү – кайгы, ал эми денеңе кам көрүүнү – маңдайыңа жазылган каргыш деп атасаң, анда мен жооп берем: маңдайыңдагы терден башка жазылганды эч нерсе өчүрбөйт.  

Анан да алар сага Жашоо – караңгылык деп айтышкан, а сен чарчагандыктан чарчагандардын айтканын кайталап жатасың. А мен айтам: Чындыгында, аракет жок болгондо жашоо караңгы. Билим жок болсо бардык умтулуулар сокур. Эмгек болбосо билимдин баары курулай убара, а сүйүү жок болсо бардык эмгек жемишсиз. Ал эми сүйүү менен иштегенде, өзүң менен, бири-бириң менен жана Кудай менен байланышта болосуңар.

Сүйүү менен иштөө деген эмнени билдирет? Бул – сүйүктүүң ошол кийимди кийчүдөй көрүп, жүрөгүңдүн жиптеринен кийим токуу. Бул – ал үйгө сүйүктүүң келип жашачудай сезип, аны тырышып, чоң аракет менен куруп, жасалгалоо. Бул – мөмө-жемишин сүйүктүүңө арнап, үрөндү назиктик менен сээп, түшүмдү кубануу менен жыйноо. Бул – кылган нерсеңдин бардыгын, өзүңдүн мээримиң менен толтуруу. Жана бата жеткен маркумдардын баары сенин жаныңда туруп, карап турганын билүү.

"Мрамордон айкел жасап, таштан жан дүйнөсүнүн сүрөтүн тапкан адам жер айдаган адамдан асыл. Жана боз кендирге көчүрүү үчүн асан-үсөн кармап, аны адам кейпине салган адам, сандал токуучу адамдан бийик" дегениңерди уйку-соодо жүргөнсүп айтканыңарды көп укчумун. Бирок мен чайыттай тунук акыл-эсим менен эле айтам: шамал күчтүү эмен менен да, сабагы эң ичке чөп менен да назик сүйлөшөт. Ал эми шамалдын үнүн сүйүүсүнүн күчү менен жумшак ырга айландыра алган адам улуу.

Эмгек – бул көзгө көрүнгөн сүйүү. Сүйүү менен иштей албасаң, эмгек кылуудан жийиркенсең, анда жумушуңду таштап, ибадаткананын дарбазасына отуруп алып, ыракат менен иштегендерден кайыр сураганың оң. Эгер нанды кайдыгер мамилеге салып бышырсаң, анда наныңдын даамы ачуу болуп, адам чала тоют боюнча кала берет. Эгер жүзүмдү жагымсыз сезим менен майдаласаң, шарапты ууландырат. Периштелердей ырдай алсаң да, бирок ырдаганды жактырбасаң, адамдын кулагын күндүн үнүн, түндүн үнүн угуудан куру жалак калтырасың.

КУБАНЫЧ ЖАНА КАЙГЫ ТУУРАЛУУ

Андан соң аял чыкты:

 – Бизге Кубаныч менен Кайгы тууралуу түшүндүрүп берчи:

Ал буга мындай жооп берди:

– Сенин кубанычың – бул бет кап кийбеген кайгың. Сенин күлкүңдү уккан кудук көп учурда сенин көз жашың менен толтурулган. А мындан башкача болушу мүмкүнбү? Кайгы сенин жан дүйнөңө канчалык терең кирсе, ошончолук кубанычты камтый аласың. Шарабыңды сактаган карапа карапачынын мешинде бышырылбады беле... Жана сенин рухуңду сылап, жыргалга балкытып турган комуз жыгачтан бычак менен оюлуп жасалбады беле? Кубанып жатканыңда жүрөгүңдүн түпкүрүнө кара, ошондо сен мурда сени капа кылган нерсеге азыр кубанып жатканыңды көрөсүң.

Кайгырганда, жүрөгүңдү кайра карап көр, ошондо чындап эле мурда кубанган нерсеңе ыйлап жатканыңды байкайсың. Кээ бирөөңөр: “Кубаныч кайгыдан күчтүү” десе, кээ бирөөлөр “Жок, кайгы күчтүү” дейт. Бирок мен силерге айтам: алар ажырагыс. Экөө чогуу жүрүшөт, алардын бири сени менен дасторкондо отурганда, экинчиси төшөгүңдө уктап жатканын унутпа. Чындыгында сен тараза сыяктуу кайгы-кубанычыңдын ортосунда термелип турасың. Бош болгондо гана сен тынч жана салмактуу болосуң.

Казыначы алтын-күмүшүңдү таразага алып барганда, сенин кубанычың же кайгың сөзсүз көтөрүлөт же төмөндөйт.

ҮЙЛӨР ТУУРАЛУУ

Ошондо куруучу келип:

 –Үйлөр жөнүндө айтып берчи, – деди.

Ошондо ал мындай жооп берди:

– Шаардын дубалдарынын ичине үй куруудан мурун, бош жерге кыялыңардагы үйдүн сөлөкөтүн кургула. Анткени сен үйүңө күүгүмдө кайткандай, сендеги адашып, түбөлүккө алыстап, жалгыз жүргөн адам да ар бир кечте кайтып келет. Сенин үйүң – сенин чоң денең. Ал күн астында өсүп, түн тынчтыгында уктап түш көрөт. А бул сенин үйүң уктап жаткан жокпу, түшүңдө ал шаардан токойго же тоонун чокусуна кетпейби? Эгерде мен сенин үйүңдү алаканыма салып, эгин сепкен дыйкан сыяктуу токойлорго, шалбааларга чачып жибере алаар болсом кана!

Эгер көчөңөр өрөөн, жашыл жолдор аллея болсо, жүзүмзарлардан бири-бириңерди издеп, кийимиңерге жердин жыты сиңип келгидей болсоңорчу! Бирок буга убакыт келе элек. Ата-бабаларыңар коркуп, силерди бири-бириңерге өтө жакын кылышты. Бул коркунуч дароо жок болбойт. Шаар дубалдары очокторуңарды талааңардан бөлүүнү дароо токтотпойт. Айткылачы, Орфалестин эли, бул үйлөрдө каткан эмнеңер бар? Жабык эшик артында эмнени сактайсыңар?

Тынчтык, бейпилдик, кусалык – же күчүңдүн далили барбы? Же сизде акыл-эстин туу чокусун бириктирген көмкөрүлгөн купол сындуу жаркыраган эскерүүлөр сакталуубу? Жыгачтан, таштан жасалган буюмдардын жүрөгүн ыйык тоого алып кеткен сулуулук катылганбы? Айтчы, ушунун баары үйүңдө барбы? Же конок болуп үйгө кирип, анан көчүгү эптеп баткан соң сырыңды билип, кожоюн, андан соң башкаруучу болуп алчу, тынчтыгың же тынчтыкка чаңкооң гана калдыбы? Ооба, ал бара-бара жалындуу каалооңду оюнчукка айландырган жоошутуучу камчыга айланат. Анын колу назик болгону менен жүрөгү темирден. Ал төшөгүңдүн жанында туруп, денеңдин кадыр-баркын түшүрүш үчүн гана сени тынчтандырат. Акыл-эсиңди шылдыңдап, назик, жумшак жалбырактарга идишке салгансып оройт.

Ырас, тынчтыкка болгон чаңкоо жандын ышкысын өлтүрөт, анан мыйыгынан күлүп жаназаңа турат. Бирок силер космостун балдарысыңар, силердин тынчыңар жок, силерди капканга түшүрүү же колго түшүрүү мүмкүн эмес. Сенин үйүң якорь эмес, парус болот. Ал жараны жаап турган чел кабык эмес, көздү коргогон кабагы болот. Силер эшиктен кирүү үчүн канатыңарды бүкпөйсүңөр, шыпка тийбес үчүн башыңарды ийбейсиңер, дубалдар жарака кетип, урап калат деп коркуп демиңерди кармабайсыңар.

Өлгөндөр тирүүлөр үчүн тургузган мүрзөлөрдө жашабайсыңар. Ал эми үйүң канчалык кооз жана көрктүү болсо да, ал сенин сырыңды сактабайт жана кумарыңды жашырбайт. Анткени сендеги чексиз нерселер бейиште жашайт, анын дарбазалары таңкы туман, терезелери ырлар жана түн жымжырттыгы.

КИЙИМ ТУУРАЛУУ

Токуучу сурады:

 – Кийим жөнүндө айтып берчи.

Ошондо ал мындай жооп берди:

– Сенин кийимиң сенин сулуулугуңдун көп бөлүгүн жашырып турат, бирок түрү сууктугуңду жашыра албайт. Жалгыздыктын эркиндигин кийимден издейсиң, бирок кээде алардан ооздук менен кишен табасың. Күнгө, шамалга кийимиңди эмес, жылаңач денеңизди тозсоңуз эмне! Анткени өмүрдүн деми күн нурунда, өмүрдүн колу шамалда. Кээси: “Биз кийген кийимдерди түндүктөн соккон шамалы токуптур” дешет.

А мен айтам: ооба, ал түндүк шамалы эле. Бирок анын токуу станогу уят, булчуңдардын тамырлары анын жиби эле. Анан ал жумушун бүтүрүп, токойдо олтуруп күлүп жиберген. Уялчаактык жамандыктын көздөрүнөн калкан экенин унутпа. Ал эми бузукулук жоголсо, уялчаактык акылдын кишендери жана таштандылары болбогондо эмне болот?

Жылаң аяк тамандарыңдын тийгенине Жер ыраазы болуп, шамалдар чачың менен ойноого ынтызар экенин унутпа.

СООДА ЖӨНҮНДӨ

Андан кийин соодагер сурады:

 – Соода жөнүндө айтып берчи.

Ошондо ал мындай жооп берди:

 – Жер силер үчүн мөмөсүн берет, эгерде алаканыңарды толтурганды билсеңер, муктаждык эмне экенин билбейсиңер. Жер белектерин алмашуудан береке жана канааттануу табасыз. Ал эми алмашууда сүйүү жана адилеттүүлүк болбосо, анда ал кээ бирөөлөрдү ач көздүккө, башкаларды ачкачылыкка алып келет. Силер деңиздин, талаанын жана жүзүмзардын эмгекчилери, базар аянтында токуучуларды, карапачыларды жана жыпар жыттуу заттарды жыйноочуларды жолуктурганыңарда, рухту – Жердин кожоюнун чакыргыла, ал араңарга келип, буюмдардын баалуулуктарды салыштырар таразаны жана эсептөөлөрдү ыйыктагыдай болсун.

Сенин эмгегиңди курулай сөз менен төлөгүсү келген куру кол адамдарды алмашууга жолотпо. Андай адамдарга айт: «Биз менен талаага баргыла же бир туугандарыбыз менен деңизге баргыла да, торлоруңарды таштагыла, анткени жер менен деңиз бизге кандай жоомарт болсо, силерге да ошондой берешендигин жасайт».

Ал жакка ырчылар, бийчилер, чоорчулар келсе, алар менен соода кыл, анткени алар да мөмө-жемиш, жыпар жыттуу зат жыйноочулар, алардын заттары кыялдардан токулган болсо да, бул сенин жан-дүйнөң үчүн кийим жана азык. Ал эми базар аянтынан чыгаардан мурун эч ким куру кол калбагандыгын текшер. Анткени, Рух – Жердин ээси, эң кичинеңердин муктаждыгы аткарылбай калса да, тынч уктабайт.

КЫЛМЫШ ЖАНА ЖАЗА ТУУРАЛУУ

Анан шаардын казысы чыгып:

 – Кылмыш жана жаза жөнүндө айтып берчи.

Ошондо ал мындай жооп берди:

– Рухуң адашып турганда – жалгызсың, коргоосузсуң, мына ошол убакта башкаларга, демек өзүңө зыян келтиресиң. Ошондо, сен Кудайдын дарбазасын такылдатып, канча күтсөң да байкалбай тура бересиң. Сенин кудайлык маңызың мухит сыяктуу; ал ар дайым таза бойдон калат. Жана эфир сыяктуу, ал канат байлап учууну самагандарды гана өйдө көтөрөт. Сенин кудайлык маңызың күн сыяктуу; ал момолой чычкандын уясындагы караңгы жолдорун билбейт, жыландын уяга кирчү тешигин издебейт. Бирок сенин табиятыңды түзгөн бир эле кудайлык маңыз эмес.

Сенин жан-дүйнөңдө дагы көп нерселер бар, алар сенин адамдыгың жана али адам боло элек, уйку-соо ортосунда, ойгонууну издеп жүргөн, кебетеси суук эргежээл. Мен азыр сендеги адамдыгың жөнүндө айткым келет. Анткени сенин кудайлык маңызың да, уйку-соо ортосундагы эргежээл да эмес, ошол адамдыгың гана кылмыш менен жаза тууралуу билет.

Жамандык кылган адам жөнүндө сөз кылганыңарды көп уктум, ал биздикилерден эмес, ал бизге чоочун, ал биздин дүйнөгө чакырылбай келген конок дейсиңер. Бирок мен айтам: ыйыктар менен адил адамдар ар бириңердеги эң бийиктиктен өйдө көтөрүлө албагандай эле, ыймансыздар менен алсыздар да силердеги эң төмөнкү даражадан ылдый түшө алышпайт.

Дарактын бир да жалбырагы дарактын унчукпаган макулдугусуз саргая албаган сыяктуу эле, силердин бардыгыңардын бошоң эркиңерсиз кылмышкер адам өз кылмышын жасай албайт. Силер бир жүрүштө, кудайлык маңызыңарга чогуу бара жатасыңар.

Жол да өзүңөрсүңөр, жолоочу да өзүңөрсүңөр. Араңардан бирөө жыгылганда, ал артта бара жаткандар жыгылбас үчүн, аларга чалынуучу тоскоолдуктар бар экенин эскертип жыгылат. Ал алдыда жүргөндөр үчүн да, алар батыраак, ишенимдүүрөк баскандарына карабай, убагында ташты алып салбагандыктары үчүн, алардын ордуна жыгылат.Бул сөз силердин жан дүйнөңөргө оор тийсе да, мен силерге айтайын: өлтүрүлгөн адамдын, өзүнүн өлтүрүлүшүнө тиешеси бар. Тоногон адам менен кошо тонолгон адам да күнөөлүү. Ыймансыздын кылыгына адил адам да күнөөлүү. Ыймансыздын кылыгы чынчыл адамды да булгайт. Ооба, күнөөлүү адам көп учурда таарынычтын курмандыгы болот. Анан да көпчүлүк учурда күнөөсүз, таза адамдын жүгүн соттолгон адам көтөрөт.

Адилди адилетсизден, жакшыны жамандан ажырата албайсың; анткени алар кара жип менен ак жиптей жупташып, күн алдында бирге турушат. Ал эми кара жип үзүлгөндө токуучу кездеменин баарын карап, токуу станогун текшерет. Эгер кимдир-бирөө ыймансыз аялды соттосо, анын күйөөсүн да жүрөк таразасына салып, жан-дүйнөсүн өлчөсүн. Ал эми кылмышкерди ургусу келген адам жабыркаган адамдын рухуна тереңдеп кирсин. Силерден ким адилеттик үчүн жазалоону кааласа жана ичке даракка балта чапкысы келсе, анын тамырына көз жүгүртүп көрсүн. Чындыгында, ал жердин унчукпаган жүрөгүнөн жакшы менен жаманды, жемиштүү, жемишсиз тамырларды табат. А силер, калыстыкты каалаган соттор. Денеси чынчыл, бирок руху ууру адамга кандай жаза бересиңер? Денесин азапка салып, өз рухун өлтүргөн адамды кандай жазага тартасыңар? Алдамчылык, зулумдук кылып, бирок өзү да жабыркап, жамандалып жаткан адамга кандай айып коёсуң?

Өкүнүүлөрү зулумдуктарынан ашып кеткендерди кантип жазалайсыңар? Өкүнүү – бул мыйзамдын негизинде ишке ашырылган адилеттүүлүк эмеспи? Бирок сен күнөөсүздү тобо кылууга, күнөөкөрдүн жүрөгүн тоободон арылтууга мажбурлай албайсың. Ал түн ичинде суранычсыз келип, адамдар ойгонуп, өздөрүнүн ички дүйнөсүн көз жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Адилеттүүлүктү түшүнгүсү келгендер, баардык иштерди ачык-айкын карамайынча эмне кыла аласыңар? Иш ачык-айкын каралганда гана силер эргежел затынын түнү менен анын кудайлык маңызынын күнүнүн ортосундагы күүгүмдө туруп, өйдө көтөрүлгөн менен жыгылган бир эле адам экенин билесиңер.

МЫЙЗАМДАР ЖӨНҮНДӨ

Анан укук коргоочу сурады:

– Биздин мыйзамдар жөнүндө эмне дейсиз?

Ал мындай жооп берди:

– Силер өзүңөр каалагандай мыйзам чыгарасыңар, бирок аны каалагандай бузасыңар. Мухит жээгинде ойноп жүргөн балдар сыяктуусуңар, алар кум мунараларды курганды жакшы көрүшөт, анан аларды талкалашат да каткырып-күлүп басып кетишет. Бирок сен кум мунараларыңды куруп жатканда мухит кайрадан жээкке кум алып келет, сен аларды жок кылганыңда, мухит сени менен кошо күлөт. Чынында мухит ар дайым бейкүнөөлөр менен бирге күлөт. Бирок жашоо мухит эмес, адам жараткан мыйзамдар кум мунаралары эмес, жашоону – аска, мыйзамды – кескич катары көрүп, аны өздөрүнө окшоштургусу келген адамдар жөнүндө эмне айтууга болот?

Бийчилерди жек көргөн аксак тууралуу эмне дейсиң? Өзүнүн моюнтуругун сүйгөн жана токой багыштары менен бугуларды селсаяк эсептеген бука тууралуу кандай ойдосуңар? Терисин алмаштыра албай, башкаларды жылаңач, уятсыз атаган кары жылан жөнүндөчү? Ал эми тойго эрте келип, чарчап, тойлордун баары жийиркеничтүү, бардык тойлор мыйзам бузуулар деп кетип жаткандар тууралуучу? Мен алар жөнүндө; алар да күн нурунун астында экендигин, бирок күнгө далысын салганынан башка эмне айта алам? Алар өздөрүнүн көлөкөсүн гана көрүшөт, бул көлөкөлөр алар үчүн мыйзам. Алар үчүн күн көлөкөнүн булагы болбогондо эмне? Ал эми мыйзамдарды кабыл алуу деген эмнени билдирет, жер бетиндеги көлөкөлөрдү кантип ээрчип кетпеш керек? Күндү көздөй басып бара жаткандар, жерде жазылган кайсы сүрөттөлүштөр силерди токтото алат? Шамал менен зыяратчылар, кайсы флюгер силерге жол көрсөтөт?

Түрмөнүн эшигинин алдына жетпей моюнтуругуңду чечип ыргытсаң, сени кандай адамдык мыйзам байлап кала алат? Адамдар тарткан темир чынжырына тийбей бийлесең, кандай мыйзамдардан коркосуң? Кийимиңди чечип ыргытып, бирок адамдын жолуна таштабасаң, сени ким соттойт? Орфалестиктер барабанды басаңдатып, лиранын кылдарын бошотсоңор болот, бирок торгойдун сайраганына ким тыюу салат?

ЭРКИНДИК ЖӨНҮНДӨ

Ал эми чечен сөз алды:

— Эркиндик жөнүнде айтып берсеңиз.

Ошондо ал мындай жооп берди:

 – Шаардын дарбазаларында жана өз очогуңда сажда кылып, өз эркиндигиңе сыйынып жатканыңды көрдүм. Залим аларды өлтүрүп жатса да кулдар ушундай кошомат кылып, аны макташат. Ооба, ибадаткананын жанындагы токойчодо жана чептин көлөкөсүндө силердин эң эркинбиз дегениңер, өз эркиндигиңерди моюнтурук жана кишен сыяктуу кийгениңерди көрдүм. Жүрөгүм канады, анткени эркиндикке умтулуу да сага тизгин болот, эркиндикке издеп жүрүп жеткенсин мактанбай, тескерисинче, ал жөнүндө сүйлөбөй койгондо гана эркин боло аласың. Күндөрүң түйшүксүз, түндөрүң кайгы менен кападан арылганда да, чындап эркин боло албайсың.

Сенин жашооң алар менен курчалган, бирок сен алардын үстүнөн кишенсиз, жылаңач көтөрүл. Ал эми түшүнүгүңдүн таңында чак түшүңдү байлаган чынжырыңды үзбөстөн, кантип күн менен түндүн үстүнөн чыга аласың? Чынында, сен эркиндик деп атаган нерсе – бул чынжырлардын эң бекеми, анын шакектери күнгө жылтылдап, көзүңдү сокур кылат. Эркиндикти табуу үчүн өз бөлүкчөлөрүңдөн бөлөк, эмнени ыргыткың келет? Эгерде бул жокко чыгаргың келген адилетсиз мыйзам десең, ал мыйзамды маңдайыңа өз колуң менен жазгансың. Эми аны мыйзам китептерин отко ыргысаң да өчүрө албайсың; аны сотторуңдун чекесинен, бүт деңизди төксөң дагы жууп кетире албайсың.

А эгер бул сен тактыдан кулатууну каалаган залым болсо, адегенде анын сенин жан дүйнөңө орнотулган тактысын талкалап-кыйраганына көңүл бур. Анткени алардын эркиндигинде кекирейгендик болбосо, куру намыстын кулу болушпаса, эркин жана намыскөйлөрдүн үстүнөн залым кантип бийлик кыла алат? Эгер бул сен арылууну каалаган камкордук болсо, анда бул камкордук сага таңуулангандан көрө, аны өзүң тандап алгансың.

Ал эми бул коркунучту сүрүп чыгаргың келсе, анда бул коркуунун булагы кылмышкердин колунда эмес, сенин жүрөгүңдө. Чындыгында, сенин табиятыңдагы бардык нерселер – каалаган жана коркунучтуу, жийиркеничтүү жана сүйүктүү, сен издеген, качкан нерселердин бардыгы бирдикте, эч өзгөрүлбөс болуп кучакташып жүрүшөт.

Мунун баары сендеги жарык менен көлөкө жупташкандай кыймылдайт. Көлөкө өчүп, жок болгондо, өчүп бара жаткан жарык башка жарыктын көлөкөсү болуп калат. Анын сыңарындай, эркиндигиң кишенден ажырап, өзү чоң эркиндиктин кишенине айланат.

АКЫЛ ЖАНА КУМАРЛАНУУ ЖӨНҮНДӨ

Дин айымы кайра дагы сурады:

 – Акыл жана кумарлануу жөнүндө айтып берчи.

Ошондо ал мындай жооп берди:

– Көп учурда силердин жан дүйнөңөр эркиңер менен акылыңардын, кумарлануу менен азгырыктардын бири-бирине каршы күрөшө турган согуш талаасы. Мен сенин жан дүйнөңдө тынчтык орнотуучу боло алсам, бөлүкчөлөрүңдүн келишпестигин жана атаандаштыгын бир обонго, биримдикке айландыра алсам кана! Бирок эгер сен өзүңдүн бардык бөлүкчөлөрүңдө тынчтык болушуна умтулбасаң, мен буга кантип жете алам? Сенин акылың жана кумарың деңизде сүзүп жүргөн жан дүйнөңдүн рулу жана парусу. Парус же рулуң сынып калса, толкундардын эрки менен, агым менен кете аласың же ачык деңизде бир орунда чайпалып турасың. Анткени, акыл жалгыз башкарганда, ал чектөөчү күч. Ал эми кумарлануу өзүн өзү өрттөп, күйгөн жалын.

Андыктан, кумар жан дүйнөңдү ырдай тургандай бийиктигине көтөрсүн, жана акыл сенин кумарыңды башкарсын, ошондо сенин кумарың күн сайын бийиктеп көтөрүлүп, күлдөн кайра жаралган Феникстей жашай берет. Эркиңди жана каалооңду үйүңдө эки кымбаттуу конок катары кабыл алышыңды каалар элем. Анткени бир конокко экинчисинен артык сый көрсөтпөйсүң; бирөөнө көбүрөк көңүл бурган адам экөөнүн тең сүйүүсүн жана ишенимин жоготот.

Адырлардын арасында күмүш теректердин салкын көлөкөсүндө, алыскы талаалар, шалбаалар менен тынчтыкты, бейпилдикти бөлүшкөндө жүрөгүң: «Акыл-эс Кудай менен бирге эс алууда» деп айтсын. Качан бороон болуп, катуу шамал токойдогу бак-дарактарды солкулдата баштаганда, күн күркүрөп, чагылган асмандын улуулугун жар салганда, жүрөгүң титиреп: «Кудай кумарлануу менен чогуу кыймылдады» деп айтсын.

Сен Кудайдын дүйнөсүндөгү дем жана Кудайдын токойундагы жалбырак болгондуктан, сен да акылың менен эс алып, кумарланууң менен кыймылдайсың.

ООРУ ЖӨНҮНДӨ

Анан аял сурады:

 – Оору жөнүндө айтчы.

Ал мындай деди:

– Сенин ооруң – түшүнүү жөндөмдүүлүгүңдү камтыган кабыктын жарылышы. Мөмөнүн данеги күндү көрүш үчүн сөөктү жарып чыккан сыяктуу, сен да ооруну таанып билүүң керек. Жүрөгүң жашоонун күнүмдүк кереметтерине таң калуудан тажабаган болсо, анда сенин кайгың сага кубанычтан кем эместей көрүнмөк; жана талааңардын үстүнөн өтүп жаткан мезгилдердей эле, жүрөгүңдүн мезгилдерин сезмексиң. Ошондо сен кайгыңдын кышын камырабай карап турмаксың.

Силер оорунун көбү өзүңөр табасыңар. Ачуу дары силердин ооруңарга шыпаа болот. Ошондуктан, дарыгерге ишенип, анын берген дарыларын эч ойлонбой ичкиле: анткени анын жеңил жана бекем колдорун, Жараткандын көрүнбөгөн камкор колу жетектейт.

Ал алып келген чыны эриниңизди күйгүзүп жатса да, ал чоподон жасалган, аны карапачы өзүнүн ыйык көз жашы менен нымдап койгон.

ӨЗҮН ӨЗҮ ТААНУУ ЖӨНҮНДӨ

Ошондо дагы бир киши сурады:

 – Өзүн өзү таануу жөнүндө айтып берчи, –деди.

Ал ага мындай деп жооп берди:

– Сенин жүрөгүң унчукпастан күн менен түндүн сырын үйрөнөт. Бирок кулагың жүрөгүңдүн билимин уккусу келет. Сен дайыма өз оюңда жүргөндү кулагың менен уккуң келет. Кыялыңдагы жылаңач денени кармалап көргүң келет. Бул абдан жакшы. Жан дүйнөңдүн сырдуу булагы ачылып, шуулдап деңизге куюлуп турсун. Ошондо өзүңдүн чексиз тереңдигиңдин казынасы көз алдыңа тартылат. Бирок белгисиз кенчиңди таразага салууга умтулба.

Ал эми билимиңдин тереңдигин таяк жана башка нерсе менен өлчөөгө аракет кылба. Анткени ал чексиз жана учу-кыйырсыз деңиз. «Мен бардык чындыкты ачтым» дебе, «Мен бир чындыкты ачтым» деп айт. «Жанга алып барчу жолду ачтым» дебе. "Менин жолумда бара жаткан жанга жолуктум" деп айтканың жакшы. Анткени жан бардык жолдордо жүрөт. Жан бир тарапка гана барбайт, камыш сыяктуу өспөйт. Рух сансыз желекчелери бар лотос сыяктуу ачылат.

ИЛИМ ЖӨНҮНДӨ

Ошондо окутуучу сурады:

 – Илим тууралуу айтып берчи.

Ал айтты:

 – Бир дагы адам сенин илимиңдин таңы жаңы атып, жарым уйкуда жатканынан башка эч нерсе ачып бере албайт. Ибадаткананын көлөкөсүндө, шакирттеринин курчоосунда жүргөн окутуучу өз акылмандыгынан эмес, баарынан мурда ишениминен жана ырайымынан берет. Эгер ал чындап акылман болсо, анда ал сага акылмандыктын үйүнө кирүүнү буйрубайт, тескерисинче, сени акыл-эсиңдин босогосуна жетелейт. Астроном сага космос жөнүндөгү түшүнүгүн айтып бере алат, бирок ал сага бул түшүнүктү бере албайт.

Музыкант сага бүт мейкиндик толуп турган ритмди жеткире алат, бирок ал сага ыргакка уга билген кулакты да, аны жаңырткан үндү да бере албайт. Ал эми сандар илиминин билерманы таразалар жана өлчөөлөр дүйнөсү жөнүндө айтып бере алат, бирок ал сени ал жакка алып бара албайт. Анткени бир адамдын көз карашы башкаларга канат-шык бербейт. Ар бириңер Алланын илиминде жалгыз тургандай, ар бириңер Кудайды таанып-билүүдө жана Жерди түшүнүүдө жалгыз болгула.

ДОСТУК ЖӨНҮНДӨ

Андан соң жаш жигит сурады:

 – Достук жөнүндө айтып берчи.

Ал мындай жооп берди:

 – Досуң – сенин аткарылган тилегиң, ал сенин сүйүүң менен сээп, алкыш айтып түшүмүн алган талааң. Ал сенин дасторконуң, очогуң. Анткени силер ага ачка болуп келесиңер жана андан бейкутчулук издейсиңер. Досуң өз оюн сага ишенип ачканда, "жок" деп айтуудан коркпо жана "ооба" деген сөзүңдү жашырбагын. Ал унчукпай турганда жүрөгүң анын жүрөгүн угууну токтотпойт. Анткени достукта бардык ойлор, бардык каалоолор, бардык үмүттөр сөзсүз үнсүз кубанычта туулуп, бөлүштүрүлөт.

Достон алыс болсоң, кайгырба. Анткени андагы эң жакшы көргөн сапаттар ал жокто айкын болот, анткени чыга турган тоосун адам аны түздүктөн даана көрөт. Ал эми достукта рухтун тереңине кирүүдөн башка максат болбосун. Анткени, өз сырын ачуудан башка нерсени издеген сүйүү – бул сүйүү эмес, ал тартылган тор, ага пайдасыз нерселер гана түшөт. А сендеги жакшылыктын баардыгы досуң үчүн болсун. 

Ага сенин деңизиңдин тартылганын билүүнү тагдыр буйурса, анда анын ашып-ташып толкуп турган учурун да билсин. Эгер сен аны убакытты өлтүрүү үчүн гана издеп жүрсөң, достун сага эмне кереги бар? Ар дайым аны Убакытты чогуу жашаш үчүн изде. Анткени ал сенин боштугуңду толтурууга эмес, каалооңду аткарууга келген. Ал эми достуктун таттуулугун күлкү, өз ара ыракат коштоп жүрсүн. Анткени жүрөк кичинекей нерселердин шүүдүрүмүндө таңды тосуп сергийт.

СӨЗ ЖӨНҮНДӨ

Ошондо окумуштуу сурайт:

 – Сөз жөнүндө айтып берчи.

Ал ага мындай жооп берди:

– Оюңду башкара албай, сөзгө өтөсүң. Ал эми жүрөгүңдүн жалгыздыгында жашай албай калганда, сен оозго жыласың, үн алаксыткан көңүл ачууга айланат. Көптөгөн сөздөрүңдө ойдун жарымы өлүккө айланат. Анткени ой – мейкиндиктеги канаттуу, сөз капаста канат жаят, бирок уча албайт.

 Араңарда жалгыздыктан коркуп көп сүйлөгөндөр бар. Жалгыз калышканда алардын көзүнө өзүнүн жылаңач маңыздары көрүнүп, качарга жер издешет. Ал эми өздөрү түшүнбөгөн чындыкты аңгемелешүүдө байкабай ачыкка чыгарып алгандар да жолугат. А чындыкты ичине сактап, бирок аны айтпай жүргөндөр бар. Аларга окшогондордун жүрөгүндө рух чектелген жымжырттыкта жашайт.

Кайдан болбосун, досуңду жол жээгиндеби же базар аянтында жолуктурасыңбы, – сендеги рух эриндериңди кыймылга келтирип, тилиңе буйрук берсин. Сенин жан дүйнөңдөн чыккан үн анын жан дүйнөсүнүн кулагынын кулагына шыбырасын. Анткени, эчакта ичилген шарап даамы, өңү унутулуп, идиши жок болгондо да эсиңде сакталган сыяктуу, анын жан дүйнөсү сенин жүрөгүңдүн чындыгын сактап калат.

УБАКЫТ ЖӨНҮНДӨ

Ал эми астроном сөз алды:

 – Устаз, Убакыт жөнүндө эмне дейсиз?

Ошондо ал мындай жооп берди:

 – Силер ченемсиз жана өлчөөсүз убакытты өлчөгүңөр келет, сааттарга, мезгилдерге бөлүп жашагыңар бар, жада калса рухуңарды аларга баш ийдирип алгыңар бар. Убакыттан булак жасап, анын жээгинде анын агымын карап олтурсак дейсиңер. Бирок сендеги убакытка баш ийбеген нерсе, жашоонун убакытка баш ийбестигин түшүнөт. Ал кечээки күн бүгүнкүнүн элеси, а эртеңки күн кыял экенин жакшы билет. Ал эми сенин көңүлүңдө ырдаган жана ойлогон нерсе дагы эле космосто жылдыздарды чачыраткан биринчи көз ирмемде.

Анын сүйүү жөндөмү чексиз экенин ким сезбейт? Бирок ошол эле учурда сүйүүнүн өзү чексиз болсо дагы, ал адам табиятынын чордонунда экендигин, анын сүйүү ойлору менен иш-аракеттеринин артынан ээрчип жүрбөгөнүн ким сезбейт? Ал эми убакыт сүйүү сыяктуу эле бөлүнгүс жана ченелгис нерсе эмеспи? Эгер оюңда убакытты мезгилдерге жараша өлчөө керек болсо, анда алардын ар бири бардык башка нерселерди да кучагына камтысын. Ал эми азыркы учур өткөн күндү эстутуму менен, эртеңкини жалындуу тартылуусу менен кучагына алсын!

ЖАКШЫЛЫК-ЖАМАНДЫК ТУУРАЛУУ

Ошондо шаардын бир аксакалы сурады:

 – Жакшылык менен жамандык тууралуу айтып берчи.

Ал мындай жооп берди:

 – Мен силердеги жамандык жөнүндө эмес, жакшылык жөнүндө айта алам. Анткени жамандык ачкачылыкка кабылып, суусап, азап чеккен  жакшылыктын өзү эмей эмне дейсиңер. Чынында эле жакшылык ачка болгондо караңгы үңкүрлөрдөн да тамак издейт, суусаганда чөөттөгү ылай сууну да ичет. Өзүң менен өзүң жалгыз калганда жакшы адамсың. Бирок өзүң менен өзүң калбаган учурда да, жаман адам эмессиң. Анткени кароосуз калган үй уурулардын ордосу эмес, ал жөн эле кароосуз калган үй.

Рулу бузулган кеме кооптуу аралдардын арасында башкаруусуз жүрө алат, бирок сөзсүз эле чөгүп кетпейт. Сен бергенге аракет кылсаң жакшы адамсың. Ошол учурда өзүңө пайда издегенде да жаман эмессиң. Анткени бербей туруп пайданы гана көздөсөң, сен болгону жерге жабышып өсүп, анын эмчегин соргон тамырсың.

Чындыгында, мөмө тамырга: «Мендей бол, бышып, ширелүү болуп, дайыма молчулуктан төгүлүп тур» деп айта албайт. Анткени берип туруу – мөмө үчүн муктаждык, алуу – тамырдын муктаждыгы.

Уйкуң толук ачылып сүйлөп жатканда жакшы адамсың, бирок тилиңди салаңдатып уктап жатканда деле жаман адам эмессиң. Тантык дагы сүйлөй-сүйлөй чечен болот. Максатыңа тайманбай, ишенимдүү бара жатканыңда жакшысың, бирок сен ага бара жатканда аксап калсаң жаман болуп кетпейсиң. Аксактар деле артка чегинбейт.

Ал эми сен, күчтүү болуп туруп, ага жакшы иш кылып жатам деп ойлоп, аксактарды туурап аксап калба. Сенин боорукердигиңдин сансыз мисалдары бар, бирок сен боорукердик көрсөтпөгөн кездерде да жаман эмессиң.

Жөн эле эриккениңден, жалкоо болуп жатасың. Ак маралдын таш бакаларды шамдагайлыкка үйрөтө албаганы өкүнүчтүү. Өзүңдүн умтулууңдун түпкүлүгүндө сенин боорукердигиң жатат: ал ар бириңде бар. Бирок кээсинде бул умтулуу тоонун жүрөк сырын, токойдун ырын алып, деңизди көздөй буркандап аккан дарыя. Ал эми башкаларында тоо ташты аралап, жерге сиңип, жээкке жетпей соолуп калган кичинекей булак. Ал эми көптү эңсегендер азга ыраазы болгондорго: «Эмне тарткынчыктайсың, эмнеден коркосуң?» – деп айтпасын. Анткени, жакшы адам жылаңачтан: «Кийимиң кайда?» деп кызыкпайт жана селсаяктан: «Үйүңө эмне болду?» деп сурабайт.

ДУБА ЖӨНҮНДӨ

Анан дин айымы сурады:

– Дуба тууралуу айтып берчи.

Ал мындай жооп берди:

 – Капаланып, муктаж болуп турганда дуба кыласыңар. Оо, сен кубанычтуу күндөрүңдө жана молчулук күндөрүңдө сыйынсаң кандай жакшы болор эле! Дуба кылуу сенин тирүү эфирге кирүүң болбогондо деген эмне дейсиң? А эгерде рухуң сени намазга чакырганда көз жашыңды тыя албасаң, ал көз жашың аркылуу сени кайра-кайра жүзүңдө жылмаюу пайда болгуча чакыра берет. Намаз окуп жатканда, ушул саатта намаз окуп жаткандарды жана намаз учурунда гана жолукчуулар менен асманда кездешүү үчүн көккө көтөрүлөсүз.

Ошондуктан, ошол көзгө көрүнбөгөн ибадатканага эргүү жана таттуу баарлашуу үчүн гана киргиле. Анткени ибадатканага жөн эле сурануу үчүн кирсеңер, дубаңар кабыл болбойт. Анын ичине кирип жыгылсаң да, сени жөлөп тургузбайт. Жана башкаларга жакшылык тилеп кирсең да, сенин айтканың жетпейт. Ибадатканага унчукпай киргениңиз жетиштүү.

Мен сага сөздөн дуба жасоону үйрөтө албайм. Кудай сенин сөздөрүңдү оозуңа өзү салганда гана угат. Мен сага деңиздердин, токойлордун, тоолордун дубасын да үйрөтө албайм. Бирок сен тоодон, токойдон, деңизден жаралгансың, алардын дубасын жүрөгүңдөн таба аласың.

Түнкү жымжырттыкка кулак салсаң буларды угасың: “Оо, Раббибиз, канаттуу затыбыз, Сенин каалооң бизге буйрук. Биздеги каалоо сенин каалооң. Сенин каалооң менен сага таандык болгон түндөрүң менен күндөрүң биздин түнүбүз менен күнүбүзгө айланат. Биз Сенден эч нерсе сурай албайбыз, анткени сен биздин муктаждыктарыбызды алар бизде төрөлө электе эле билесиң. Сен биздин муктаждыгыбызсың жана бизге өзүңдү көбүрөк берүү менен сен бизге баарын бересиң."

ЫРАКАТ ЖӨНҮНДӨ

Анан шаарда жылына бир жолу болгон думана келип:

— Ыракат тууралуу айтып берчи, – деди.

Ал жооп берди:

– Ыракат – эркиндиктин ыры. Бирок эркиндиктин өзү эмес. Бул сенин каалооңдун түсү. Бирок алардын жемиши эмес. Бул бийиктикке чакырган тереңдик. Бирок терең эмес жана бийик да эмес. Бул канатын жайып, капаска түшкөн туткун. Арийне, жабык мейкиндик эмес. Ооба, чындап ыракаттануу – бул эркиндиктин ыры.

Мен сенин чын жүрөктөн ырдаганыңды уккум келет, бирок бул ырда жүрөгүңдү жоготуп алышыңды каалабайм. Араңарда ыракатты гана көздөгөн жигиттер бар, бирок алар соттолуп, жемеленишет. Мен аларды соттобойт болчумун, жемелемек да эмесмин. Алар издесин. Анткени алар жыргалдан башка да көптү табат. Анын жети карындашы бар, алардын эң кичинеси да эң укмуштуудай ыракат тартуулайт.

Жерден тамыр издеп, бирок байлык таап алган адам жөнүндө уккан жоксуңарбы? Араңарда ыракат маалында мас абалында кылган күнөөлөрүндөй өкүнүч менен эстеген аксакалдар бар. Бирок өкүнүч – бул болгону акылдын тутулушу, ал жаза эмес. Алар алган ыракаттарын жайкы оруп-жыюу сыяктуу ыраазычылык менен эстөөлөрү керек эле. А эгер өкүнүү менен сооронгулары келсе, мейли, соороно беришсин.

Араңарда издейин десе жаш эмес, эстейин десе кары эместер да бар. Алар изденүүдөн да, эскерүүдөн да коркуп, рухка көңүлкош мамиле кылып, аны таарынтып албас үчүн бардык ыракаттан качышат. Бирок алардын кармануусу да аларга ыракат тартуулайт. Ошентип, алар калтыраган колдору менен жерден тамыр издесе да, кенчти да табышат. Бирок мага айткылачы, ким рухту таарынта алат?

Булбул түндүн жымжырттыгын таарынта алабы же жаркырак коңуз – жылдыздардыбы? Жана сенин жалының менен түтүнүң шамалды айдап сала алабы? Же сен рухту таяк менен чалып, тынч турган көлмөнүн суусун чайпай алам деп ойлойсуңбу? Көбүнчө, ыракаттан баш тартуу менен, сен каалооңду жүрөгүңдүн түпкүрүнө жашырган болосуң.

Ким билет, балким, бүгүн колуңдан чыгып кетип жаткандай көрүнгөн нерсе, сени эртең күтүп жаткандыр? Жадагалса денең өзүнө эмне осуят кылынганын билет, ал эмнеге муктаж экенин жакшы билет жана аны алдай албайсың. Ал эми сенин денең – сенин жаныңдын арфасы. Сен андан назик музыканы же эч байланышы жок чалды-куйду үндөрдү чыгара аласың.

Мына сен чын ниетиңден сурап жатасың: "Ыракатта эмне жакшы, эмне жаман экенин кантип ажыратабыз?" Бакчаңарга, талааңарга баргыла, гүлдөн шире чогултуу аарылар үчүн жыргал экенин билесиңер. Бирок гүлдүн аарыга шире бериши да ыракат. Анткени аары үчүн гүл өмүр булагы, а гүлгө аары сүйүүнүн жарчысы. Ал эми экөөнө тең – аары менен гүл үчүн – ыракат алып келүү жана алуу - бул муктаждык дагы, эргүү дагы.

Орфалестиктер, жыргалчылыгыңарда гүл жана аарылардай болгула.

СУЛУУЛУК ТУУРАЛУУ

Ошондо акын алдыга чыкты:

 – Сулуулук жөнүндө айтып берчи.

Ал жооп берди:

– Сулуулукту кайдан издейсиң, кантип табасың, эгер ал өзү сага жол да, жол көрсөтүүчү да болуп бербесе? А эгер ал сенин сөзүңдүн токуучусу болбосо, ал жөнүндө эмнени айта аласың? "Сулуулук мээримдүү, назик, – дейт таарынгандар менен ыза болгондор. – Ал арабызга эмчек эмизген жаш энедей, өз абалынан бир аз оңтойсузданып келет".

“Жок, сулуулук айбаттуу жана күчтүү, – дейт көзүнөн жалын чачышкан кызуу кандуулар. – Ал бороон сыяктуу, Жерди, Асманды титирет."

Сулуулук назик шыбырдай. Ал биздин рухубузда сүйлөйт. Анын үнү биздин жымжырттыктын алдында басаңдайт, кудум көлөкөдөн коркуп титиреген алсыз жарык сыяктуу дешет, чарчап-чаалыккандар. Ал эми ордунда олтура албагандар “Биз анын тоодо кыйкырганын уктук. Анын кыйкырыгы менен кошо туяктардын дүбүртүн, канаттардын кагышын, арстандын арылдаганын уктук” – дешет.

Сулуулук чыгыштан таңга маал чыгат дешет, түнкүсүн шаар сакчылары. “Биз анын жерге ийилгенин күн  батыштагы терезелерден көрдүк”, –дешет түшкө маал жумушчулар менен саякатчылар. Ал адырларды басып, жазында келет дешет, кышында кар кечип жүргөндөр. Биз анын күзгү жалбырактары менен бийлегенин көрдүк, анын чачынан ак карды байкадык дешет, жайдын аптабында орокчулар.

Силер мунун баарын сулуулук жөнүндө айткансыңар. Чынында сен ал жөнүндө эмес, өзүңдүн аткарылбаган каалооң жөнүндө айттың. Ал эми сулуулук каалоо эмес, ал эргүү. Бул суусаган ооз эмес, бош сунулган кол эмес, ал алоолонгон жүрөк жана сыйкырдуу жан-дүйнө. Бул сен көргүң келген элес эмес, уккуң келген ыр эмес. Бирок көзүңдү жумсаң да көргөн элесиң, кулагың жабылса да уккан ырың.

Ал бырыш баскан кабыктагы чайыр же канат менен бирге өскөн тырмак эмес. Бирок дайыма гүлдөп турган бак жана андагы ар дайым учуп жүргөн периштелер.

Орфалестин эли. Сулуулук бул ыйык жүзүндөгү парданы сыйрып салган Жашоо. Бирок Жашоо сенсиң, парда да сенсиң. Сулуулук бул күзгүгө каранган Түбөлүктүүлүк. Бирок Түбөлүктүүк да өзүңсүң, күзгү да өзүңсүң.

ДИН ЖӨНҮНДӨ

 Андан кийин ак сакалдуу дин кызматкери суроо берди:

 –Дин жөнүндө айтып берчи.

Ал мындай жооп берди:

– Мен бүгүн силер менен башка нерселер жөнүндө сүйлөштүмбү? Бардык кылгандарың жана ойлоруң дин эмеспи... Ошондой эле дин бул иш жана ой менен гана эмес, кол менен таш кескенде же токуу станогунда иштегенде да жан дүйнөдө түбөлүк пайда болгон кубаныч жана таң калуу эмеспи?

Ким өз ишенимин кылган ишинен же ишенимин жүрүм-турумунан ажырата алат? «Бул Кудай үчүн, бул өзүм үчүн; бул менин жаным үчүн, бул денем үчүн» деп ким өзүнүн убактысын бөлүштүрүп олтурат? Сенин бардык сааттарың – мейкиндикти жара чапкан канаттар. Өзүнүн адеп-аклагын эң жарашыктуу кийимдей кийген неме, андан көрө жылаңач жүрсө жакшы болмок.

Шамал менен күн анын терисине зыян келтирбейт. Ал эми жүрүм-турумунда этиканы сактаган адам, жан дүйнөсүндөгү сайраган кушун капаска камайт. Эң эркин ыр да темир торлордон жана зымдардан өтпөйт. Ал эми сыйынуу кимдир-бирөөлөргө ачылып-жабылган терезе болсо, анын терезелери ал үчүн таң аткандан кайра таң атканга чейин жабык, анткени ал жан дүйнөсүнүн үйүндө боло элек.

Сенин күнүмдүк жашооң – бул сенин ибадатканаң жана диниң. Сен ага качан кирсең да, өзүңө таандык болгондун баарын аласың. Соко менен сурнайды же балка менен комузду ал, алар өзүңө зарыл жана ыракат тартуулаган буюмдар болсун. Анткени кыялдануу менен сен өз ийгилигиңден өйдө көтөрүлө албайсың жана ийгиликсиз жасаган ишиңден нары ылдыйлай албайсың.

Анан бүт эл менен кошо бол. Анткени сыйынууда алардын үмүттөрүнөн өйдө көтөрүлө албайсың, алардын үмүтсүздүгүнөн төмөн басаңдай албайсың. Эгер сен Кудайды таанысаң, табышмактарды чечпес элең. Айланага карасаң, ал балдарың менен кандай ойноп жатканын көрөсүң.

Космоско карагылачы, анын булут үстүнөн кандай кадам таштаганын, колдорун сунуп-чагылган болуп чартылдап, жамгыр болуп жерге түшкөнүн көрөсүң. Анын гүлгө айланып жылмайганын, өйдө көтөрүлүп дарактын жалбырактары болуп колун булгалаганын байкайсың.

ӨЛҮМ ЖӨНҮНДӨ

Андан кийин аль-Митра сүйлөдү:

– Эми бизге Өлүм жөнүндө айтып бер.

Ошондо ал мындай деди:

– Өлүм сырын билгиң келет экен да. Аны жашоонун жүрөгүнөн таппаганда, кайдан табасың? Түн менен көзү байланган үкү жарык сырынын пардасын чече албайт. Эгерде чындап эле өлүмдүн рухун көргүң келсе, жашоого жүрөгүңдү ач. Анткени өмүр менен өлүм, дарыя менен деңиздей бүтүн нерсе.

Сенин үмүттөрүңдүн жана каалоолоруңдун түпкүрүндө сырткы нерселерди тымызын билүү жатат. Ал эми кардын алдында уктап жаткан уруктардай, жүрөгүң жаз жөнүндө түш көрөт. Түшүңөргө ишенгиле, анткени аларда түбөлүктүүлүктүн дарбазасы катылган. Сенин өлүмдөн коркууң – бул падышанын алдында турган койчунун толкундануусу, ал бир аздан соң ырайымдын белгиси катары колун анын ийинине коёт.

А эмне, койчунун толкундануусунда падышанын алкоосунан алаар кубаныч катылган жок дейсиңби? Бирок коркуунун өзү аны эң көп тынчсыздандырып жаткан жокпу? Анткени, сөөктөн өткөн муздак шамалга жылаңач туруп же куйкалаган күндүн алдында калуу, өлүм эмей эмнени билдирет? Ал эми дем алууну токтотуу, жаның тынчы жок агымынан бошонуп, көтөрүлүп, кеңейип, Кудайды тоскоолдуксуз издегени бара жатканынан башка эмнени түшүндүрөт?

Жымжырттыктын дарыясынан ичкенде гана чындап ырдайсың. Чокуга жеткенде гана өйдө чыгууң башталат. Жер денеңди талап кыла баштаганда гана чындап бийлейсиң.

КОШТОШУУ

Анан кеч кирди, аль-Митра төлгөчү сүйлөдү:

– Сен бизге көп нерселерди айтып берген ушул жер, сенин рухуң жана бүгүнкү күнүбүз баарыбызга кут болсун.

Ал жооп берди:

– Ушунун бардыгын мени айтты дейсиңби? А мен угуучу да болгонумду билбейсиңби?

Анан ал ибадаткананын тепкичтери менен ылдый түшүп, бүт эл аны ээрчип жөнөдү. Ал кемеге жетип, палубада турду. Анан кайра элге кайрылып, үнүн бийик чыгарып мындай деди:

– Орфалес эли, шамал мени кемеге чакырып жатат. Мен кетүүгө шашпасам да кетишим керек. Биз, саякатчылар, түбөлүктүү ээн жолду издеп, эч качан мурунку күндү токтоткон жерден баштабайбыз. Жана күн чыкканда бизди баткан жеринен эч качан таба албайт.

Жер уктап жатканда да биз жолдо болобуз. Биз жашоого жарамдуу өсүмдүктүн уруктарыбыз, биз жетилип, жан дүйнөбүз ташкындай баштаганда шамал бизди көтөрүп учуп, талааларга чачат.

Араңардагы аз күн жүрдүм, айткан сөздөрүм андан да аз болду. Бирок үнүмдү унутуп, сүйүүм эсиңерден чыга баштаса, мен кайрылып дагы келем. Ошондо бүгүнкүгө караганда, жүрөктөн чыккан жалындуу, мааниси да терең сөздөрдү айтып берем.

Ооба, мен деңиз көтөрүлгөндө, анын толкундары менен кошо келем. Өлүм мени өз кучагына жашырып, чоң жымжырттык мени кучагына алышы мүмкүн болсо да, дагы эле болсо мен силерден түшүнүүңөрдү издейм. Мен жөн эле издебейм. Эгерде айткандарымда чындык болсо, анда бул чындык мындан дагы бийик үн менен, сенин оюңа ылайыктуураак сөз менен ачылат.

Мен шамал менен кетип бара жатам, Орфалестин эли, бирок мен ошо бойдон боштукка сиңип кетпейм. Эгерде ушул күнү сенин каалоолоң жана менин сүйүүм орундалбаса, анда ал башка күн келгенге чейин убада бойдон кала берсин.

Адамдын каалоосу өзгөрөт, бирок анын сүйүүсү өчпөйт, ал дайыма сүйүү анын каалоолорун аткаруусун эңсеп келет. Ошондуктан билгиле, мен мындан да чоң жымжырттыктан келем. Таң атканда талаада шүүдүрүмүн гана калтырып өйдө көтөрүлгөн туман, булут болуп чогулуп, кайрадан жамгыр болуп жерге түшөт.

А мен туман сыяктуу болдум. Түнкү жымжырттыкта көчөлөрүңдү кыдырып, үйүңө рухум кирди, жүрөгүңдүн согуусу жүрөгүмдө, демиң жүзүмдө болду, баарыңарды таанып билдим. Ооба, мен сенин кубанычыңды да, кайгыңды да билгем, сен уктаганда көргөн түшүң менин түшүм болчу. Мен силердин араңарда тоо арасындагы көл сыяктуу жүрчүмүн. Мен сенин чокуларыңды, жумшак эңкейиштериңди, ал тургай ой-тилектериңдин өтүп бара жаткан үйүрүн көл бетиндегидей чагылдырып турдум.

Балдарыңдын күлкүсү менин тынч жаткан дүйнөмө булак болуп шылдырап кирип, алардын жаштык кумары дайра болуп агылып кирди. Ал эми тереңдигиме жеткенде, булактар менен дарыялар дагы эле ырын токтотушкан жок. Бирок мага күлкүдөн да таттуу, кумардан да улуу бир нерсе келди. Бул силердеги чексиз нерсе эле.

Ал силер баарыңар бириккенде жаралган Алп – ал Алптын жанында ар бириң болгону клеткалар жана булчуңдарсыңар. Силердин бирөөнү мактап ырдаган ырыңар – жөн гана үнсүз шыбыр.

Дал ушул Алпта сен улуусуң, аны карап туруп, сени көрүп сүйүп калдым. Анткени, бул улуу чөйрөдө болбогон сүйүү канчалык алыска жете алат эле? Бул учуу кандай кыялдарды, үмүттөрдү жана ойлорду жаратышы мүмкүн? Сендеги бул Алп алма гүлдөрү менен жамынган зор эмен сыяктуу. Анын күчү сени Жер менен байланыштырат, анын жыты сени космоско көтөрөт жана ал бузулбас болгондуктан, сен өлбөссүң.

Сен чынжыр болгон күндө, анын эң алсыз шакекчеси катары алсыз экениңди айтышкан. Бирок бул чындыктын жарымы гана. Сен анын эң күчтүү шакекчеси катары күчтүүсүң дагы.

Кичинекей иштериң менен сени баалоо мухиттин күчүн анын туруксуз көбүгү менен өлчөгөнгө барабар. Сенин кырсыктап турган учуруңа карап баа берүү – алардын ыраатсыздыгы үчүн жыл мезгилдерин айыптоо сыяктуу. Ооба, сен мухитке окшошсуң, жээгиндеги тайызда калган кемелер суунун көтөрүлүшүн күтсө да, а сен мухит болсоң да, өзүңдөгү суунун деңгээлинин көтөрүлүшүн тездете албайсың. Сен да мезгилдерге окшошсуң, өзүңдүн кышыңда жазыңды сагынып турсаң да, сендеги жаз уйкуда эс алып, жылмайып, кек сактабай кезегин күтөт.

Мен муну, силерге бири-бириңерге: «Ал бизди мактады, анткени ал бизден жакшылыкты гана көргөн», – дешсин деп айтып жатат деп ойлобогула. Мен силердин оюңарда жүргөн нерселер жөнүндө гана айттым. Сөз менен айтылган билим, үнсүз тамгаларга сырын каткан билимдин көлөкөсү болбогондо эмне дейсиң?

Силердин ойлоруңар жана менин сөздөрүм – бул биздин өткөн күндөрдүн жана Жер бизди да, өзүн да биле элек эзелки күндөрдүн жана жер дүрбөлөңгө түшкөн түндөрдүн изин сактаган мөөр басылган эс тутумдан чачыраган толкундары.

Акылдуу адамдар даанышмандыгынан силерге бергени келишкен. А мен силердин акылыңардан алайын деп келдим. Ошентип, мен акылмандыктан да чоң нерсе таптым.

Ал ичиңде алоолонуп уламдан-улам жалындап бара жаткан рух, а силер анын өсүп баратканын байкабай, күнүм бүтүп бара жатат деп наалыйсыңар. Бул мүрзөлөр корккон денедеги Жашоодон Жашоону издөө. Бул жерде мүрзөлөр жок. Бул тоолор менен түздүктөр – бешиктер жана тепкичтер. Ата-бабаларыңдын сөөктөрү жаткан талаадан өткөн сайын жакшылап карасаңар, ал жерден өзүңдү жана кол кармашып бийлеп жатканын балдарыңды көрөсүң.

Чындыгында, сен көбүнчө эмнеге кубанып жатканыңды билбейсиң. Башкалар да сага келишкен. Анткени, ишенимиңе айланган алтын убадалары үчүн, сен аларга байлык, бийлик жана даңк бердиң. Мен силерге убададан азыраак нерсе бердим, бирок силер мага айкөлдүгүңөрдү көргөздүңөр. Силер мага жашоого болгон күчтүү кумар бердиңер.

Чындыгында, адам үчүн анын бардык максаттарын кургаган оозго, ал эми бүткүл Жашоону булакка айланткандан өткөн белек жок. Мына эми, бул менин сыймыгым жана сыйлыгым, мен качан гана булакка келбейин, тирүү суунун өзү суусап турганын көрөм. А мен аны ичсем, ал мени ичет.

Кээ бирөөңөр мени текебер жана белек алууда тартынчаак деп ойлошкон. Ооба, мен белектерди эмес, төлөмдү кабыл алганга сыймыктанам. Сен мени өзүң менен кошо дасторконго отургузуп сыйлай алаар чамаң болсо да, мен адырлардын арасында токой мөмөлөрү менен тамактанып жүрдүм, мага кубануу менен үйүңдүн төрүнөн орун берүүгө даяр болсоң да, мен ибадаткананын кире беришинде уктадым, баары бир сенин күнү-түнү мен үчүн кам көргөнүң, оозумдагы мөмөлөрдү таттуу тамакка жана уйкумду жакшы түш көрүүлөргө айланткан жокпу?

Бул үчүн мен сага абдан ыраазымын. Сен көп бересиң, бирок аны өзүң такыр билбейсиң. Чындыгында күзгүгө кайра-кайра карана берген жакшылык ташка айланат. Ал эми өзүнүн кылганына маашырланган жакшы иш каргышка себеп болот.

Кээ бирөөңөр мени сынга алып, менин жалгыздыгымды түшүнө албай жаттыңар. Силер айттыңар: «Ал эл менен эмес токойдогу бактар менен кеңешет. Ал дөңсөөлөрдүн башында жалгыз, шаарыбызды карап отурат».

Адырларга чыгып, тээ алыста тентип жүргөнүм чын. Бийиктен жана алыстан карабасам, мен силерди кантип көрмөк элем? Алыс жүрбөсөң жакындыгыңды кантип сезе аласың?

Дагы бирөөлөр мени чакырып, бирок унчукпай: "Кол жетпес бийиктикти сүйгөн бейтааныш, эмне үчүн бүркүттөр уя салган чокулардын арасында жашайсың? Эмне үчүн колуң жетпести издеп жүрөсүң? Кандай бороон-чапкындарды торуңа кармагың келет? Жана эмне үчүн асмандагы жапайы канаттууларга аңчылык кыласың? Кел, биздин бирибиз бол. Түшүп, ачкачылыгыңды биздин наныбыз менен тойгуз, суусунуңду биздин шарап менен кандыр» --дешти.

Алар бул сөздөрдү жан дүйнөсүнүн жалгыздыгынан айтышты. Бирок алар жалгыздыгына тереңирээк үңүлсө, силердин кубанычыңар менен азабыңардын сырын издеп, силердин маңызыңардын асманда тентип жүргөн ошол бөлүгүнө гана аңчылык кылганымды билишмек. Бирок аңчы өзү да олжо болгон. Анткени, көптөгөн жебелер кайрылып көкүрөгүмдү табуу үчүн гана менин жаамды таштап кетишкен. Ким учуп жүрсө, ал сойлоп да жүрдү. Анткени мен күн астында канаттарымды жайганымда, алардын жердеги көлөкөсү ташбака эле.

Анан мен, динчил, момун адам, күмөн санадым. Анткени, сага көбүрөк ишенүү жана сени жакшыраак таанып-билүү үчүн мен көп учурда бармагымды жараатыма салдым. Мына ушул ишеним жана илим менен айта алам: силер өз денеңерде камалып калбайсыңар жана силерди үй-бүлөңөр менен талаалар да кармай албайт. Силердин маңызыңар тоолордун чокуларында жашап, шамал менен бирге жүрөт. Ал жылынуу үчүн күнгө сойлоп чыккан же коркунучтан кутулуу үчүн уясын жер алдынан казган жандык эмес, ал эркин жүргөн, жерди ороп, эфирде кыймылдаган рух.

Бул сөздөр бүдөмүк болуп түшүнө албасаң, аларды тактоого аракет кылба. Анткени бардык нерсенин башталышы будуң-чаң жана күңүрт, бирок аягы жакшы жана мени башталышы катары эстесеңер кубанам. Жашоону жана бардык жандыктарды кристаллдай катып турганда эмес, алар тумандай булоолонуп турганда түшүнөсүң. Ким билет, балким кристалл – бул чар тарапка таркай албай калган тумандыр?

Силердин мен тууралуу эскергенде төмөндөгү нерселерди унутпай жүрүшүңөрдү каалайм: силердеги эң алсыз жана бүдөмүк болуп көрүнгөн – бул эң күчтүү, даана нерселер. Өзүңөрдүн демиңер сөөктөрүңдү өстүрүп, бекемдеген жок беле? Эч кимиңердин эсиңерде сакталып калбаган түш, шаарыңарды куруп, андагы бардык нерселерге форма берген эмеспи?

Эгер силер ошол демдин кубатын көрө алсаңар, башканын баарын көргүңөр келбей калмак. Ошол түштүн шыбырын уга алсаңар, башка үндөрдү уккуңар келбес эле. Бирок силер көрө да, уга да албайсыңар, мейли, ошондой боло берсин.

Көзүңдү жапкан парданы аны токуган кол көтөрүп ачат, кулагыңды жапкан чопону, аны жууруган манжалар алып салат. Ошондо силер көрөсүңөр. Анан угасыңар. Силер сокурдун жашоосун көргөнүңөргө же дүлөй болгонуңарга өкүнбөйсүңөр. Анткени ошол күнү бардык нерсенин жашыруун максаттарын билесиңер. Жана жарыкка бата бергендей, караңгыга да бата бересиңер.

Ал муну айтып болуп, тегерегине көз чаптырып, кемечинин рулду кармап, бирде көтөрүлгөн парустарга, бирде алыскы мейкиндикке көз салып турганын көрдү. Ошондо ал мындай деди:

– Менин кемемдин капитаны сабырлуу. Шамал согуп, парустар тынчыбай жатат. Ал тургай, руль да багытты суроодо. Бирок капитан менин сүйлөп бүтүшүмдү күтүп жатат. Ал эми улуу деңиздин хорун угуп көнгөн матростор мени чыдамкайлык менен угушту. Эми аларга күтүүнүн кереги жок: мен даярмын. Булак деңизге жетти, кайрадан ыйык эне уулун өз кучагына кысат.

Орфалестин эли кош болгула! Бул күн да бүттү. Ал биздин алдыбызда суу лилиясы эртеңки күнүнүн алдында жабылган сыяктуу жабылат. Бул жерде бизге эмне берилген болсо, биз ошону сактайбыз. Бул аздык кылса, биз чогулуп, Берүүчүгө колубузду сунабыз. Силерге кайтып келеримди унутпагыла. Бир аздан кийин менин кумардануум башка денеге кум менен көбүк чогултат. Дагы бир көз ирмем – менин кумардануум кумдан жана көбүктөн чогултуп, башка денени камдайт. Дагы бир көз ирмем – шамал бир мүнөткө тынчып, дагы бир аял мени төрөйт.

Орфалестин эли жана силер менен өткөн жаштык кезим кош болгула. Кечээ эле биз түшүбүздө жолуктук. Силер мага жалгыз калганда ыр арнадыңар. Силердин кумарланууңардан мен асманда мунара курдум. Бирок бул түш жарк этип өтүп уйкудан ойгондук, таң атты. Күн көтөрүлүп, чак түш болду. Чала уйкудан ойгонуп, уйкубуз чайыттай ачылды, коштошууга убакыт келип жетти.

Эгерде биз эстин күүгүмүндө жолугуп калсак, кайрадан сүйлөшөбүз, ошондо сен мага дагы бир жандуу ыр ырдап бересиң. Дагы бир түштө колдорубуз жолукса, асманга дагы бир мунара курабыз.

Ал ушуну айтып, матросторго белги берди; алар дароо якорду көтөрүп, кемени чынжырдан бошотушту да, чыгышты көздөй сүзүп жөнөштү.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Жума, 3-декабрь, 2021-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз