2022-жылы Минск калаасында белорус адабиятынын классигинин 140 жылдыгына карата “Якуб Колас дүйнө элдеринин тилдеринде” аттуу жыйнак чыгат. Аталган китепке анын калемдеш-жердештеринин өтүнүчү боюнча Абибилла Пазылов эне тилибизге жаңы которгон эки ыры кийирилмекчи.
КАЙГЫРБА!
Кыр төбөдөн төмөн карай кыбырап,
Күн акыры батмагына кайгырба.
Күз мезгилдин эн белгиси шыбыргак,
Күр шалбааны жапмагына кайгырба.
Кай тарапка кар тозоңун учурса,
Кыштын эрки, кынжылганың пайдасыз.
Таш капкырың, түн караңгы учурда
Табыш абзел тайгак жолдун айласын.
Саатында кардын башын кар жутат,
Саамыктырбай жаздын алдын утурла.
Жайдар күлөт асмандагы жаргылчак,
Журтубуздун бир ооматы ушул да.
Оор турмуш оңолбосо ай-жылдап,
“О, опасыз дүнүйө” деп кайгырба.
Тизе бүкпө жазмышыңа калчылдап,
Тирүүлүктө жаман ойго алдырба.
Куяш бетин тосор, балким, калкалап,
Каруусуна каар толгон сур булут.
Тушубузда алтүндөгү сарталаа,
Тултук кыздай туураланган туңгуюк.
Ылдамдамак ыктыярга жараша,
Ырыс-куттуу заман түбү бекем го?!
Ишибизге тээ жараткан тараза,
Ишен курбум, ыманы ысык Мекенге!
СҮРТҮМ СҮРӨТТӨР
Өскөн жердин береги сүрөттөрү,
Өрөпкүткөн кубаныч, кайгым менин.
Көңүл кургур кээде өчүп, кээде өртөнүп,
Көп алыстап калгансың кайран элим.
Шор-азабым шоодурайт шүдүгөрдө,
Шоокумунда дайранын, түнт токойдун.
Себептерин билбей же билип эмне,
Сесин алып сенектей бүткөн бойдун?
Көр тирликrе алмашкыс көөнө чөлкөм,
Көздү жумсам көрүнөт атпай баары.
Көнгөн түстөр биринен бири көркөм,
Көөдөнүмө баратат батпай дагы.
Эргий-эргий обонун созот бийик,
Эгин бышкан түздүктөр, эгин бышкан.
Карабактар төбөсүн төмөн ийип,
Кайрымасын кайталайт катар туштан.
Энчим бул, тагдырым шул насип эткен,
Эстедим жыргалымды, кууралымды,
Эскирбес өлөңдөрдү мага жеткен,
Эселек жылдарымды, тууганымды.
Которгон Абибилла ПАЗЫЛОВ