Бектур Иляс: Уктабас түндөр

  • 04.01.2022
  • 3428

АҢГЕМЕ

– Колдой көр, колдой көр!

Колу-бутум калчылдап, тишим тишиме тийип шакылдай баштады. Бир үйлүү жан жабыла боз үйдүн керегесине шамал соккон жакка карама-каршы чирээлешип түртүп турдук. Жиниккен немедей опурулган бороон үзүктөрдү жула качкысы келгендей далпылдата тарткылайт. Уугубу, керегесиби – алда бир жыгач »кыйч« этти.

– Баланы, – деди апам. Өзү босого жакта бир колу менен шамал делпилдетип каңтара учуруп жаткан эшикти ичин көздөй кайрып тартып, дагы бир колу менен керегенин башынан түртүп турду. Кичүү иним бир жашар карындашымды кармап төшөккө ороду.

– Күү, күү...

– Кырч, кырч...

Бороон токтобой үй кычырап жатты. Туурдуктун этегинен кирген шамал ансайын чыйрыктырып калчылдаткандан калчылдап турдум. Түн катып келген ошол бороон эс-акылыбызды эски чүпүрөктөй тарамдап учуруп жатты. Бутумдун учунда эле турган кийимдерди энкейип алганга чамам жетбей, жанагы бороон келгенде ыргып турган бойдон ич кийимчен керегеге асылуумун. Кокус бир колум чыкса эле болгону «карс» этип түндүк ортого түшчүдөй сезилет.

Ошол жамгырлуу бороонду түн чүмкөнүп талаада калсак эмне шумдук?! Күн ачык болсо го талаада жаткан өзүнчө сонун. Сыдырым желдин шоокумуна жаның жыргайт. Жылдыздуу асманды тиктеп жатсаң кандай керемет! Кыялың ошондо жылдыздар менен кошо жылып кең мейкиндикти сызып өтөт ко чиркин!.. Бирок азыр... бороон улам күчөп улугандан улуп турду.

Кекейе төбөмдү карадым. Уук, үзүк, түндүк, түндүк жабуу, каршы-терши алмап чырмалган боолор... Ошончо туюкталганыбызга карабай ансайын минтип тырмышып, мындан да туюкту тилеп, ийилип турганыбызды ойлоп каңырыгым түтөп, дилим жутап, тумчугуп кеттим.

– Шарак, шарак...

Эки-үч ууктун башы түндүктөн суурулуп кетти да, эңкейип келип алаканынан оролгон тизгичке тартылып кезелген найзадай болуп туруп калды.

Атам баш болуп баарыбыздын оозубуз эс албай жабырап келме келтирип, жаратканга жалбардык. Качанкы бир оозуман чыгып кеткен кесир сөзүмө эми опук жеп өзүмдү-өзүм жекирдим.

– Ошончодон так ушул кырдын мизине тигип алып, - деп күңкүлдөдү апам.- «Малга жакшы, малга жакшы» деп. Мына сага малга жакшы!..

– Минтээрин ким билиптир, түгөттүкү! – атам башы чыккан ууктарды оңшоп жүрүп орой корс этти. - Бул жараткандан деле ыракым калбаган бейм? Жазды-жаздай жамгырдан кийим кургабай тамчы өтпөгөн үй калбай, короо-жай бүтүн кулады эле. Эми көрсөң минтип... Мындай шумдукту ким көргөн?..

– Эч болбогондо ууктарды да толуктап койбой, баягы көчкөндө карагайга жөөлөп өгүз сындырган үч-төрт ууктун оордун толуктап кой десе, ана-мына деп мойнуң жар бербей жүрүп...

– Күү-күү-ү.

– Кырч-кырч...

Апам сөзүнүн соңун жутуп алып, кайрадан келме айта баштады. Бороон улам күчөп, бир саамда кайра басаңдады да, дабырап жамгыр жаап кетти.

Көктөмдөгүдөй эмес, күз күнү малдын эттүү-жандуу маалы, тыңыган сайын тынымсыз болот тура. Бөксө жерге кой жатбайт. «Үлп» эткен жел ыргаган чийдин башынан деле «дир» коюп бирөө үрксө жан алгыч келип калгансып «дүр» этип бүт баары жапырылат. Анан тыным алып, тынч жуушап калмай жок. Ачтан өлүп бараткансып жайылып жүрүп үйдөн биротоло узап, караңгы түнгө сиңип жоголот. Пейил куруп, ууру-төгүн деген жеңиңди кармасаң этегиңди, этегиңди кармасаң жеңиңди жула качкысы келип турган учур. Бөлө качып айдап кетеби деп коркосуң. Уйку деген өлүк деп коёт эмеспи. Качан, кайда айдап кеткенин билбей калган учурлар аз эмес. Анан ошондон улам минтип кырдын мизине үй тигип алганбыз. Эми болсо кой деген эстен чыккан. Түндүктүн күлдүрөөчүн тиктеп акыйып, кежиге талып чыдатпай баратты. Качан «жалп» этип басып калар экен деп жүрөк заадабыз. Үйдүн бир жак керегеси кабыша түшүп кайра түзөлөт. «Калдырт» этип бир маалда мештин кернейи кулап, көөсү куюлуп, салынуу төшөктүн үстүнө түштү.

– Кымызды көлдөтүп кетпесе болду го, - деди атам бир кезде.

– Ой, кымызың менен!..- апам жактырбагандай ырай байкатты.

– Таң атса эле түзгө ташынып алалычы,- дедим калчылдап.

– Антпесек өлөт окшойбуз бул жерде,- апам да коштоду. Коркконунан үнү каргылданып бош чыкты. Атам болсо: «Ошентпесек болбойт окшойт» дегенин шыпшынып койгону менен шыбыттаткансыды. Анын көзүн кара чырактын күңүрт жарыгы болор-болбос да жылтырата алган жок. Кабагы ансайын салаңдап кеткен өңдөндү.

– Күү, күү...

Бороон кайра күчөдү.

– Кудай колдо, кудай колдо...

Кайрадан жабырап келме айта баштадык. Иним бышактап ыйлай баштады. Эч нерседен камаарабай бейгам уктап жаткан тек кичинекей карындашым. Мен ага суктана назар салдым. Кайдадыр алыс калган сагынчымдай сезилди. Бүт дүйнөнүн ыракаты да азыр ушул үйгө чогулуп, бирок тек бир кишиге, ошол карындашыма гана багышталып калгандай туюмга келдим. Бүт ынты-зынтым менен теңирден сан кайталап тилеп, анын уйкусунун бузулуп кетпестигин кааладым.

– Кудай сакта, кудай сакта...

... Кайда-а, кыйла убакыттан кийин барып бороон басаңдай калды. Үзүк да суу боло түшкөнгө баштагыдай оңой-олтоң делпилдебей калды. Менден башкалар төшөктөрүнө барып «өк» дешип олтуруп калышты.

– Па, бүтүн баарын ит кылган тура, - деди атам керинейди алып жатып кейип.

– Ит кылса өлүгүн көрөйүн, мейличи! - апам кара жаны кашая күңкүлдөдү. - Тамчы да аябай өткөн го бул жерден, чылап салган тура. Ушул үзүктөрдү да бир оңдоп алууга чолоо жок. Иштеп эле жүргөнсүйүм, бүткөн иштен дайын жок. Тырпылдап эле соолгурдуку десе! - Анан селейип оордумда тик турган мага кайрылды: - Болду эми кудай сактасын, кичине басаңдап калды го, жата бер.

Бирок менин жылгым жок. Дале керегени тиреп, титиреген калыбымда какайып турдум. Кудум керегеден ажыраарым менен эле дагы шамал келип калчудай туюлат. Балтырым менен билектерим муздап, мурдумдун учу да какшап кетти. Бороондун ушуну менен басылып калышын ичимден токтобой тилей бердим. Көзүм дале алактап жатса керек. Атам «бырс» этип мурутунан күлүп койду:

– Ой, болду эми, кудай бир сактады. Эртең көчпөсөк болбойт окшойт.

– Ошентеличи, - деди иним, карындашымды кучактап жуурканга оронуп олтурган боюнча.

Апам анын колунан карындашымды алып ары жакта төшөккө жаткызды. Сыртта койлордун маараганы күчөдү. Мен талаага чыктым. Чыйрыккан койлор эми өрүй баштаган экен. Кол чырак жарык кылып, бир аз айланып тосуп жүрдүм. Бороон тынчып, жамгыр аз-аздап себелеп калган. Улам талыкшып уйкум кыстап келгенин сездим. Эми таң атууга да аз калды. Эртең менен таң куланөөк болору менен орундан турмай. Уйкунун таттуулугун ошондо көр. Эки көзүң ачылбай, жаның жер тарта берет. Дагы... дагы кичине көз илип алсам дегенде суусундан чаңкаган немедей талгагың арта түшөт. Бирок турбаска арга жок. Жан багыш деген ошол экен да, карууңду казык, башыңды токмок кылып жүрүп гана жашайсың...

Эртеси эртең менен турсак асман чайыттай ачык. Тим эле кирпигинде кири жок. Көп-көк тейде мелтирейт. Бир аздан соң чай ичип болор менен кымыз ичкени келген коңшу-колоңдор дуулдап аңгемеге кирди. Асманда сызып ай да, күн да турду. Бири батыштан жымыйып узап, бири чыгышта күлүмсүрөп бийиктеп келе жатты. Үйдө жарыша сүйлөгөн элдин оозунда түндөгү коркунучтуу бороон кызыктуу темага айланып кетти. Алапайын таппай жүрөкзаада болгонун, жел боого кантип асылып турганын, кереге-ууктун кычыраганын, кимдир-бирөөнүн алачыгы кырдан учуп сапырылып сайга түшкөнүн айтышып бака-шака.

Абыл деген бир суусаак коңшубуз бар болчу. Бороон башталганда эле кымыз куйган сабасын көтөрүп талаага чыгып кеткен бойдон бороон басылганча талаада туруптур дейт жамгырга чыланып. «Тамак соо эмесиңби!» деп аны бир топко чейин шакабанын шишине илишти. Тим эле бир чоң маарекеден кайткандай кыраан каткырык! Анан аксакалдар качандыр бир кездеги башынан кечирген коркунучтуу шамалды, анан жамгырды, жамгырдан соң дагы бирдемени кеп салып далайга отурду. Түшкө тайаганда гана «Кой эмесе» дешип көчүк копшоп, көлөчтөрүн күшүлдөтө чала тепсеп талаага жөнөштү. Атам да ошолор менен кошо кетти дагы бир үйдөн кымыз ичкени. Кечээ түнкү бороон коркунучу да ушуну менен унутула баштады. Үй болсо ташылмак түгүл түндүгү тегеренген бойдон оңдолбой эртеңкиге калды. Эртеси да калды. Анда-санда эсибизге келгенде:

– Кап, ушу үйдү шамалдан обочороок жерге оңдоп алсак болот эле, деги кудай сактаса экен,- деп калабыз.

– Эми качан? - дедим бир жолу.

– Болду да эми, - деди атам тоотпой, - күндө эле андай боло бербес, эптеп бир аз күн чыдай турсак анан күздөөгө көчөбүз бир жолу.

Ал жер да жыргап турган жок деп ойлодум мен. Уурусу бул жактан да күч, жылкыны түндө байлап, күндүз агытабыз. Уйку деген жок. Жылына он эки көчүп кайда барсак деле ушул, тыным жок.

Арадан бир жума өтпөй эле алдыңкы бороон дагы келди. Дал ошол мурдагы келген учурда жарымыбыз жатып, жарымыбыз жата элек болчубуз. Керегеге асылып, жаратканга жалбаруу дагы башталды.

– Күү, күү...

Бороон бир күчөп, бир акырындайт. Боз үй ыйына кычырап, чиренет. Шабырап ооздон келмелер төгүлүп турду:

– Кудай колдо, кудай колдо!..

– Кудай сакта, кудай сакта!..

2002-жыл, сентябрь

Көктерек айлы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз