Жаныбек Маданбек: Урпак...

  • 07.01.2022
  • 3538

ПОЭМА 

«Өткөн күндүн баары кетти,
Ушул күндүн кунуна»...
Өз кезинде Чыкем айткан,
Урпак үчүн муну да.
Уждан менен
Ортоктош да,
Энчилеш да...
Тирекпиз,
Улуулардын, бабалардын
рухуна, муңуна.

Мен ушуну айткым келет,
Мен улантып калгым келет,
Мен өтүнүп жаздым кенет,
Мээри ысык,
Зээни бышык муунума.
Ак сөз ушул
Ата тектүү,
Аппак беттүү
Артымдагы карааныма...
уулума.

(1)

Каралдым,
Карааныңа жетине албай кадалдым.
Каз-каз туруп
Тай-тайласаң,
Жымыйсаң,
Карачы дейм
Чыйрактыгын баламдын!?

Кулунум,
Кумар кылат...
Алаксытат кылыгың.
Канбайт сенин мээриңе, жытыңа,
Канча-канча искесе да мурунум.

Атаңмын,
Ал өзүңдү...
Жыттап-өпчүү сакалмын.
Ууртуңан
Ууз жытыңды соргум бар,
Урушуусунан коркпогондо апаңдын.

Кешигим,
Кенч уйкулуу
Болсун жылуу бешигиң.
Тилек кылам...
Тыюу салам өзүмө,
Тийбесин деп сага кийин кесирим.

Чолпонум,
Чочуп калып...
Жүрбөсүн деп коркомун.
Жалгыз калсаң
жаздап коём башыңа
Жүсүп, Чыңгыз...
Пайгамбардын чоң томун.

Жентегим,
Жетине албай
Көңүл күүсүн чертемин.
Жетимдигим,
Кедейлигим унтулат,
Желкелеген ойнун көрүп эркенин.

Күчүгүм,
Күн суукта жабылат сага ичигим.
Күйдүрсөң да...
Кыжырыма тийсең да,
Күлкүсүн чорт келтиресиң кишинин.

Чырагым,
Чолпон көзүм...
Жан жылыткан чубагым.
Былдыраган бал тилиңди,
Дилиңди
бир гана эмес, миң кайталап угамын.

Чечегим,
Чексиз жомок
Тентектигиң... Кечээгиң.
Сен ойногон оюнчукту мен ойноп,
Сени менен кызык күндү кечемин.

Тентегим,
Теги кандай болот сенин эртеңиң?
Тепилдеген
Ынкасы тез түрүңөн
Тетиктигиң байкагансыйм мен сенин.

Каралдым...
Кабагына карайсың ээ адамдын.
Карайлатып... Издетесиң жалынтып,
Катып алып керектүүсүн агаңдын.

Кубатым...
Кубандырат
Сенин кичик кулачың.
Кулагыма калптан келип шыбырап,
Кайра өзүң шыбыратып угасың.

Балам-ай!
Балекетиң көп го сенин аябай.
Катып койгон нерселерди чубайсың,
Каймак берип
Алдаганга карабай.

Ырысым...
Ырдап бүткүс
Ый-күлкүнүн чырысың.
Бербечүүнү конок келсе бердирген,
Белгилүү го «Бекзаадалык кылычың».

Жойпоңум,
Жоктон чыгат
Сенин шылтоо шойконуң.
Болбос иштен та-ак өзүңдү тартпасам,
Бош үйрөнүп, көбөбү деп коркомун!

Бөбөгүм, бөпөлөдүм... эркелеттим...
Жөлөдүм.
Төө тайлагын ээрчиткендей бөйпөңдөп
Төрт жашыңда мектепке алып жөнөдүм...

(2)

Уул-кыз өлөт, урпак өлбөйт, уланат,
Уюл жылдыз жер тамырын кубалап.
Үрөн-бутак тамыр тартса тереңге,
Улут гүлдөп, эл тамыры чыңалат.

Чырпыгыбыз тамыр жайса тереңге,
Чынар шагы кетет алыс  кененге.
Тартак өскөн бутагыңан кам жебей,
Тамырыңа курт түшкөндөн элеңде.

Урпак өспөй аалам шаңсыз, дүйнө тар,
Уул-кыз күтпөй адам ансыз түн катаар.
Ата-бабаң ашып кетсе жүз жашайт,
Артындагы урпак гана миң жашаар.

Урпак болуп бул жарыкка бир келүү,
Улуулуктан, сулуулуктан ийменүү.
Ушул эки касиеттүү мектептен
Улам жаңы сабак алып үйрөнүү.

Өзгө үчүн шам болгонуң ал жарык,
Өзүң үчүн кам көргөнүң  айланып.
Жекелердин ар-бир кылган иш-изи,
Желелешкен «тамыр» менен байланып.

Тамырың ал тагдыр менен Теңириң,
Тартууланган табиятка пейилиң.
Таразасы эртеңкинин  акыйкат,
Танабымды тартабы деп кейидим.

Ошондуктан инсан коркот, ийменет,
Обол буга адал намыс, сый керек.
Кийинкиге калбас үчүн жаман ат,
Кишиликтин жол-жосунун ийгерет.

Урпак үчүн түн ойгонуп таң атат,
Улуу эгем ырыс нурун таратат.
Улуулуктун чубагына чулганса,
Урпагыбыз жылуу күнүн жаратат.

Үрөн-бутак урпак менен ченелет,
Урпак өссө эл-журт сыйга кенелет.
Бүрдөбөсө, гүлдөбөсө  кыйылат
Бүчүрлөрү куурап калган чегедек.

Баары ушул урпак үчүн, бала үчүн,
Баскан-турган баары ишибиз ал үчүн.
Бал жалашкан, уу жутушкан, сыздашкан,
Баатырларда балдарынын камы үчүн.

Балдар үчүн баяндалат тарых кеп,
«Балбал жазуу»... легендалар калыс кеп.
«Эки курал» тең камдаган ошондо
Энесайга хандык курган Барсбек.

Ууз эмип ошол ыйык маралдан,
Урпак улап Манас баатыр жаралган.
Эр Көкчөнү, Алмамбетти дос тутуп,
Элин коргоп өткөн экен ааламдан.

Ботосу үчүн боздогондо Боз Инген,
Боор оорутуп адам уулун эмизген.
Боорукердик, кайрымдуулук, сыйчылдык,
Болгон ошол чыныгы изги сезимден.

Ооба, ошондон чыккан эчен улук жан,
Оору-сыркоо эм-домчусу Улукман.
Асан кайгы элге издеп «Жер уюк»,
Аса жешип, таман тешип буюккан.

Ырчы уулдан эпос тарап ааламга,
Ыр ыроолоп, сый жылоолоп адамга,
Руханий түркүк болуп өтүшкөн,
Ырысы кем кара түркөй заманга.

Булбул болуп кош Токтогул ырчы өткөн,
Дулдул сынап эр Толубай сынчы өткөн.
Сүргүн көрүп, сокур болуп калса да,
Сүрдүгүшпөй ханга калыс сыр төккөн.

Телтай, акыл... Эр Тыныбек, Солтобай,
Тектүү ырчы, манасчынын туну деп.
Алымбектей, Курманжандай даткалар
Ардакташкан кыргызымдын уулу деп.

Саркындысы, уландысы ушунун
Саякбайың, Сагынбайың, Жусубуң.
Туу чокудан Чолпонбайдай, Чыңгыздай,
Турам көрүп кан Манастын тукумун.

«Күүнүн башы Камбаркан» деп комузуң,
Күңгүрөнткөн жер-суу, тирдик добушун.
Тилек ашы  «Нооруз көжө» жасалган,
Тирүүлүктө «Топ болгун деп тогузуң».

Кырк чоросун, жети журтун унутпай,
Кырк, жети, тогуз санын улуктай...
Кыргыз келген табиятка сыйынып,
Кыр-ой кезип көчүп-конгон булуттай.

«Сынган бугу», «Карагул ботом», «Маш ботой»
Сыздап туруп сырын чертет карт Кошой.
Бир жакшылык, бир жамандык эл сынайт,
Биримдиктин уюткусу «аш» же «той».

Коштук, ырыс  бирдик менен сооптон,
Кожожаштын аскасынан кооптон.
Тагдыр жолуң, тарткылыгың, коштугуң
Табиятка өзүң берген жооптон...

Бирдик болсо ач калбайбыз – тоёбуз,
Бир бөксөрсөк бир күн кайра толобуз.
Канаат этип адат кылсак кайрымды,
Калк алдында бети жарык болобуз.

Атантайдын марттыгына жараша,
Аты калды атпай элге даңаза.
Көргөн-кылган, берген-алган баарына
Көктө Теңир, жерде эл-журт тараза.

Адам  жерге, жер  адамга танапташ,
Ага биздин мамилебиз кабатташ.
Урпак үчүн артка мурас калтырып,
Уждан менен арга болдук талапташ.

Калыгул, Барпы, Молдо Кылыч, Жеңижок,
Калык, Коргоол... Осмонкулдар эми жок.
Муратаалы, Ниязаалы, Эшмамбет...
Мейилкандар, Шекербектер гений от.

Карамолдо “Насыйкатын” дуулаткан,
Кайран Мыскал ыр-обонго куунаткан.
Кадырына ошолордун жете албай,
Канча эргул элдин кутун куураткан.

Обон созсо кечээ Атай Огонбай,
«Ой, булбулу» керемет ыр оо кандай!
Добуш, үнүң кете берсин жаңыртып,
Тоо артынан дагы бийик тоо калбай!...

Уландырып кыраан куштун адатын,
Учат бийик таптап талант канатын.
Урпак болом деген ар-бир улан-кыз,
Угуу керек улуулардын санатын.

Урпак ушул улуулуктун кечеги
уландысы, мөмө берер көчөтү.
Урпак үчүн жаңыланган, салынган,
Улуу журттун жаркыраган көчөсү.

Урмат-сыйды күтөлү деп жаштардан,
Ушул эл-журт үрөн сепкен, бак сайган.
Уул эмес!  Үрөй салып кишиге,
Убайымсыз жинди неме саксайган.

Урпак үчүн кимдер отко түшпөгөн,
Убай тартып кимдер ууну ичпеген?
Эл катары чыкпай күткөн жалгызы,
Эчен ата эрдин кырча тиштеген.

Убал тартып, уйку качып кеч менен,
Урпак үчүн канча шейит кетпеген?
Улутуна аты калган уул-кызды
Улутунуп эли дайым эстеген.

Шерменделик! Ал тарыхтын катасы,
Шейит кеткен Чыңгыздын да атасы.
Уландырган ата жолун, эл изин,
Улуу эне  Нагимадай апасы.

Элет жолун улап космос жылдызга,
Эчен журтту жалт каратты Чыңгыз да.
Эне-Жердин тиби болуп Толгонай,
Эге болду жер шарына... кыргызга.

Урпак үчүн тартып далай упурак,
Улуу тоолор жемирилди упурап.
«Ур борошо, сок шамалды» кенебей,
Уйку-Соодо биз жатабыз кушубак.

Алтын деле өтөт дешет агылып,
Аны ар ким кармай бербейт камынып.
Ал ошондо курман берип ким-бирөө,
Алган экен колдон канын тамызып.

Аккан алтын тамган канга токтоптур,
А, табият бергениңе опкоктур.
Алтын үчүн колун кесүү урпак деп,
Азап тартып өткөндөргө окшоштур.

Алуу үчүн  берүү керек курмандык,
Адам үчүн бул бир Кудай ургандык.
Бул мыйзамды табиятка каратпай,
Бок термелеп, бийлик издеп булгандык.

Маң баштарды мезгил кысып шир менен,
Мактап, баптап... макоо жандар бийлеген.
Маданият, руханият жоголот,
Маңкурт чыкса теги-жөнүн билбеген.

Маңкурт жанда маданият, тил болбойт,
Махабат да, эт боорунда дил болбойт.
Ээлеп алса жердин бетин маңкурттар,
Энесин кой, эл-журтун да тим койбойт.

Так ушундай келип тааным, сезимге,
Тамсил кылган Ч.Айтматов кезинде.
Сабитжандай муундар болсо арада,
Сакайталы... сактаналы тезинде.

Маңкурт болуу  чыккынчылык, тек жоктук,
Маселен ал: чектен ашкан бет жоктук.
Маданият кабылданса туура эмес,
Маңкурттукка алып келет эс жоктук.

Адамсыңбы? Улутуң ким? Тегиң ким?
Ата салты, тили кандай элиңдин?
Ар-намыстуу атуул болом десең сен,
Алды менен тузун акта жериңдин!

Теңир гана чындыгыңды айттырат,
Тек-жөнүңдү, эс-учуңду таптырат.
«Эсиңе кел, сен адамсың, анан...» деп
Эне тилдүү Теңир менен калк турат.

Теңир гана калыс, ченем кишиге,
Теңдеп карап жүрүү зарыл кичине.
Теңир ыйлайт, тегиң кыйбайт... эскертет,
Тегиңди унутуп тетир баскан ишиңе.

Теңир менен бизди тагдыр желелеп,
Тектеп турат «ушул кандай неме» деп.
Жашоо чектүү, чексиздикке сынаган
Жаратылыш кандай гана керемет!?

(3)

Урпак  бала... эл көчүнүн карасы,
Улоо үстүндө уктабасын санаасы.
Улуу көчтүн ээси акыр ошолор,
Улан-кыздын болсо эстүү сарасы.

Урпак  силер, сиздер  урпак жарыкка,
Ушул заңыт ченем болгон тарыхка.
Удумуңду, рухуңду ала бар,
Улуу сапар  элди тарткан багытка.

Гүл айдасаң көчөт тигип корукка,
Күткүн аны  отоп, сугар, коруп да.
Ал ошондо эшик алдың гүл жайнап,
Ачып көөндү суктандырат болуп да.

Силердики өмүр, турмуш, жамият,
Сымбат калаа, сырлуу талаа  табият.
Силер үчүн улуулардан калганы
Сынбас рух, майтарылбас ар-уят.

Силерсиңер ата-эненин элеси,
Сиңди-ини, ага-эже... жеңеси.
Билсеңиздер, силер менен алгалайт,
бир үй-бүлө, бир улуттун кемеси.

Булактын да башаты бар, көзү бар,
Бул «кемеде» ата-эненин өзү бар.
Деңиз бойлой жүгүрсө деп күчүгүм
Деген Юхы кайыкчынын сөзү бар.

Кара жердин караанына зар болуп,
Калбай суусу бир топ Юхы дал болуп,
Калган кезде, жутум суусун Хыршыкке
Калтырыптыр «калуу үчүн бар болуп».

Так ушуну тамсил кылып Чыңгыз да,
Тарткан ойду тамыр менен жылдызга.
Тар замандан бизди калган калкалап,
Талкан катып берип бабам уул-кызга.

Азып-тозуп бороон-чапкын күндөрдөн,
Ашуу ашып... ач-ток калып күймөлгөн.
Сыртта жүрүп «сырттан!» делип аталар,
Силер үчүн үйдө туулуп, түздө өлгөн.

Он алтынчы үркүн жылы «мунт» да,
Оор күндөр түшкөн көчмөн улутка.
Ошол кезде артка тукум калтырып,
Орго түшүп өлгөндөрдү унутпа.

Өлүк толгон сайга дагы, ашууга,
Өбөктөшкөн өмүр жолун ачууга.
Барган эмес жанчылса да, кырылса,
Балдарын ал таштап коюп качууга.

Канча баатыр кан майдандан кайтпады,
Канча эне жоого беттеп чаппады?
Кызыл кыргын, кара сүргүн замандан
Кыргыз элим кыз-уулдарын сактады.

«Аман болгун кулунум!» деп ачынып,
Аттап-тондоп, азык байлап баш уруп.
«Качып кет» деп калган экен ашууда,
Кайран жотом ата-энемди ашырып...

Ошондогу урпак бизбиз уланган,
Отту көрбөй, селди кечпей кубанган.
Он доордун алдында өткөн бабага
Оң эле го орун берсек мунардан!

Унутуп калсак ал тарыхты балдары,
Урат анда улуулардын арбагы.
Уландырар, кубандырар, тың кылар,
Улут руху  урпактардын арманы.

Бабаларды элестетүү бир арман,
Балдар менен элге эстетүү миң арман.
Таман тиреп туруу үчүн дүйнөдө
Тарых керек удум-тегин биле алган.

«Тегин билүү тектүүлүк» дейт калкыбыз,
Тээ илгертен тек сурашуу  салтыбыз.
Маалым болгон ак калпакчан ааламга,
Манас, Комуз, Чыңгыз менен даңкыбыз.

Бабалар ай, бабалар ай, бабалар,
Баркыңарга жетер бекен балаңар.
Кечээгисин, бүгүнкүсүн билгендер,
Келечекке жеткен менен барабар.

Баардыгын мурас кылган балага,
Баракелде! айтсак болот бабага.
Барк кетпейт, нарк өлбөйт, калк өсөт,
Бала көөнү болбосо эле талаада...

Бизге калган байыркынын нускасы,
Билгендерге ал тарыхтын туткасы.
Уландырат ата салтын, эл жолун,
Урпактардын азаматы... устасы.

«Уулу бардын мууну бар» дейт ким билип,
Убайымдуу болбосо аның  жиндилик.
Уулуң жакшы болсо анан муунуң да,
Уучуңа толгон ырыс... изгилик.

Атадан уул туулса ийги бул анык,
Ата жолун кууса ийги деп сынадык.
Жээренче  чечен уулун байкап бир кезде,
Жетесизге койгон экен чыгарып.

Кайран чечен арманына жетпеген,
Каралыптыр Төлөмырза жек менен.
Кошкон экен ал жаманды катарга,
Колуктусу Карачач кыз эс менен.

Ага улай Алдаркөсөө чыгыптыр,
Ашынганды айрөк-шылдың кылыптыр.
Айла менен шайтан мойнун сындырып,
Алдап минип алсыратып жыгыптыр!

Калпычылык, куулук-шумдук, түлкүлүк,
Калган окшойт ал ошондон түртүлүп.
Кара өзгөйдү келтирбесек күүгө эптеп,
Калабыз го куру оозду сүртүнүп...

Урпак  силер кандаштыкка көпүрө,
Улаш, учкаш улуу сапар көчүнө.
Жезкемпирди Эр Төштүктөй жеңсеңер,
«Жер уюкка» жетээриң чын көшүлө.

Кыйын күндө «аке» чыгып кыргыздан,
Кыл дүйнөгө кылым сырын сыйгызган.
Кыдыр аке, Садыр аке сыяктуу,
Кызыр болуп журтту ырашкер кылгызган.

Кан Боронбай, Белек, Солто... Калмырза,
Кадыр-барктуу калган аты бар мында.
Элим дешип, жерим дешип күрөшкөн
Эне-атабыз төрөлөрдүн алдында.

Асылыңды урпактарым жибербе,
Ата даңкы, элдин баркы силерде.
Кадырлай бил бабаң берген асылды,
Касиетсиз байманаңа чиренбе.

Силер менен салты уланат элимдин,
Силер менен калкы уланат жеримдин.
Силер барда каны таза улуттун,
Силер  бала, курсагында келиндин.

Силерсиңер  бешиктеги бөбөгүм,
Силер менин үмүт, тилек, жөлөгүм.
Актагыла ата-эненин ак сүтүн,
Алып билим, ээлеп илим, өнөрүн.

Биз урпакка карызбызбы – карызбыз,
Билим берип үйрөтүүгө парызбыз.
Арысак да, карысак да, өлсөк да,
Адамдыктын күзгүсүбүз... жалынбыз.

Урпак үчүн  тирлигибиз, ишибиз,
Урпак үчүн биз адамбыз... кишибиз.
Урпак үчүн уят-намыс, ар билип,
Улууларды урматташат кичибиз.

Урпак үчүн  пейилибиз, дилибиз,
Ужданыбыз, берекебиз, тилибиз.
Өлсө кетет кадыр-кунсуз тарп болуп,
Өздү билбей маңкурт чыкса кимибиз.

Урпак үчүн жыйган-терген дөөлөтүң,
Убай, коштук, сүйүү, достук... мөөнөтүң.
Карабашыл курсак үчүн кам көрсөң,
Карга-кузгун, чаян болот сөөлөтүң.

Урпак үчүн  үйрөнгөн салт-санаалар,
Удум, өнөр... илим-билим салаалар.
Урпак үчүн бир жаңылык жаратуу –
Өлбөй тирүү калган менен барабар.

Өмүрдөгү дуба-тилек, баталар,
Өзүңөргө багышталып  аталаар.
Силер гана болгондуктан, сый менен
Сылык, түптүз, таза-иреттүү жакалар.

Силерсиңер эртеңкинин коногу,
Сызат мезгил сени сынап оболу.
Сыр-сыпатын, сый-урматын сактаган,
Сынга толгон урпак болгун  болобу?

(4)

Багбан  ата чырпык сайып кубанат,
Байтерегиң ал ошондон куралат.
Барчын тамыр көктөгөндөй шак жайып,
Бала менен урпак өсөт... уланат.

Бала деген аруу-агдар периште,
Балаңарды алтынга айыр беришпе.
Бала деген чексиз бүткөн бир дастан,
Баардык акын аны жазып беришсе.

Бала үчүн күрөшүң да, үлүшүң,
Бала үчүн ыйлашың да, күлүшүң.
Бала алдында батек менен барабар,
Байлык, мансап, акча, алтын-күмүшүң.

Бала деген болочогуң, мурасың,
Бала менен ишке ашат муратың.
Балам менин кандай болор эртең деп
Башың сылап саар эрте турасың.

Бала деген эне-атанын эрмеги,
Бала дешет бүт дүйнөнүн элдери.
Бала менен урмат-сыйлар бар болуп,
Баркын сактайт адамдардын эрлери.

Бала деген үзүлбөгөн үмүтүң,
Бала менен кубанычың-күйүтүң.
Бала менен тууган улап тукум таап,
Бал жалашып сыйлашабыз күнү-түн.

Бала үчүн жапа тарттык... там салдык,
Бала үчүн ач да калдык... тамшандык.
Бала үчүн беш-он сомдон үнөмдөп,
Барды чачып бабырашып жаңшандык.

Бала деген, бала деген ушундай,
Бала деген бапкерлердин кушундай.
Бала деген асыранды балапан,
Баптап-таптап барчын кылып учурмай.

Бактылуу үйдө ыңааласа бөбөгүң,
Баладан бүт унутасың бөлөгүн.
Байбичени, абышканы, жаштарды,
Баары-баарын кубанычка бөлөдүң.

Бала туулса ата-эне күлүңдөйт,
Бак-Таалайдан, келечектен түңүлбөйт.
Баласы үчүн, туягы үчүн ким гана
Бата алам деп барбалактап сүйүнбөйт?!

Бала үчүн кечтик далай уйкудан,
Бала үчүн бай-кедейлик бир тууган.
Бала менен базар болуп бул жашоо,
Бакыт, сыймык, ар кетпесин журтумдан!

Мектебинен уулум келсе «күнөөлүү»,
Мен боломун анын сурап-күйөөрү.
Жел сокпосо кыймылдайбы дарак деп,
Жашын сүртүп, түшүндүрөм жүйөөнү.

Уулум эгер уруп келсе бирөөнү,
Өзүмө алам ал өткөргөн күнөөнү.
Өзгөлөрдүн этегине жыгылам,
Өзүм берип балам үчүн күбөнү.

Аңдыганым  аракети баламдын,
Арт жагынан кетпесин дейм жамандын.
Ким экенин досторунун билген соң,
Кичине эсти жыйып калам каран күн!

Кээде өзүм, кээде барып аялым,
Кезигебиз мектебине баланын.
«Жакшы» деген кебин уксак жайраңдап,
«Жаманына» кейип-кепчип каламын.

Бирге үйрөнүп балам менен мен дагы,
Билимдерге ээ болгонсуйм эң жаңы.
Тор көйнөккө жетпесек да өзүбүз,
Толуктанат эркетайдын кем жагы.

Окуусунан убагында келбесе,
Олтура албай болдук андан эндеше.
Оозубузга бышкан тамак салынбай,
Орду-ордунда сууп калат сыр кесе.

Ойнодубу, не болду деп элеңдеп,
Оокат болсо бул убакка келер деп.
Отурабыз телефондун түбүндө,
Он чактыдай номурларды белендеп.

Бала деген ал ушундай балекет,
Баштан өтөт далай-далай алекет.
Бүгүнкүдөн анын келер эртеңи,
Бүтпөй калган акыры жок саресеп.

Ата-эненин баары ушундай ал бүгүн,
Азап менен өткөрүшөт өмүрүн.
Бир туягын кошомун деп катарга,
Билбей калат карыганын өзүнүн.

Бирде жайнайт, бирде кайнайт кыжыры,
Бизге дарт ко баланын көп кылыгы.
Өлгүчөктү бала үчүн санааркап,
Өмүрүңдүн өтүп кетет кызыгы.

Өстүр, окут, мейли алыс жибергин,
Өмүр бою боло албайсың бир эркин...
Сеп алыңыз  десем, атам айтты эле:
«Сен балалуу болгон кезде билээрсиң».

Тукум-туяк чектүү өмүрдүн шааниси,
Турмуш деген ый-күлкүнүн маалиси.
Куу баш жалгыз, маңоо, маңкурт жашоонун
Куну канча?... Эмне болмок мааниси?!

Ал андыктан бала багып, бала күт,
Адам үчүн маанилүүсү санаа-үмүт.
Боор күчүгү өзү колдуу болгондо,
Бостонуңдун сууга кеткен саалы бүт.

Бала деген  өзү ата-эненин,
Баса, ошого «боор этим» дегенмин.
Сабагына, тамагына ар убак,
Сагызгандан сак болуп мен келемин.

Мээси чарчап кетпесин деп баланын,
Мүмкүн болсо каралашам сабагын.
Ар күн сайын жапайы куш күткөндөй,
Алдап-соолап араң берем тамагын.

Алданбаса күч көрсөтүп зордоймун,
Ал ичпесе мен жегендей болбоймун.
Айтып берем мисал кылып коркутуп,
Ачтан өлүп калгандыгын торгойдун.

Калпты-чынды айтып калам көбүндө,
Карапайым, жөнөкөйлүк жөнүндө.
Жеткенбиз дейм үйлөнгөндө араңдан
Жыртык төшөк, тешик табак-чөгүнгө.

Нанды, ашты кылбагын дейм ысырап,
Нактылуу ишти айтсам уулум кысылат.
Начарлыгын түзөтсүн деп баламдын
Наадандыктын тегин кетем чукулап.

Сыноосунан «50» алып калганда,
Сыйрыламын ичим сыздап андан да.
Салып-уруп сый көрсөтүп чакырам,
Сабакташын, мугалимин жардамга.

Үйрөнгүн дейм, тырышкын дейм, изден дейм,
Үңкүйгөн дөт чыккан эмес бизден дейм.
Жашабагыр жакшы болсоң өзүңө,
Жаман кылык жуктургансың кимден дейм.

Кээде мактап, кээде сөгүп ээленем,
Кеп табышуу тозок, татаал не деген!
«Аз ойнойсуң, тапшырмаңды бүтүр» деп,
Айрым үйгө камап коём кээде мен.

Окуусуна көңүл буруп калганда,
Оозуна ашты даяр турам салганга.
Мен уулумду жеткизүүгө ашыгам,
Мээри ысык «80»–«90» сандарга.

«Колу ийри болбосун, – деп – чечектин»,
Коём катып алдына пул төшөктүн.
Жаштайынан жакшы ишке үйрөнүп,
Жагат бизге түз өскөнү көчөттүн.

Алк ачтырып көзүнөн жаш булатпай,
Айт майрамда акча берем суратпай.
Тартуу алат сыйланса эгер мектептен,
Таттуу жемге көнүп калган улактай.

Бала ооруса энеси ооруп, мен ооруп,
«Балекетиң алайын!...» деп тең ооруп.
Диагнозу чыккычакты алдастап,
Дел болобуз доктурларга жалооруп.

Бөрү деле бөлтүрүгүн эмизет,
Бөкөн этин бөлүп берип жегизет.
Чала өлүктү таштап коюп алдына,
Чабуулдатып «мен бөрүмүн!» дегизет.

Мейли тартсын, мейли мага тартпасын,
Мен баламды «киши кылуу»  максатым.
Карызданып калса кокус бирөөнө,
Кан сатсам да кайтарамын акчасын.

Ошондуктан мен баламдан чочулайм,
Орто жолдо айтабы дейм: «окубайм».
Эсиртпегин, «так, тарт» дегин, эскерт деп,
Энесинин мээсин күндө чокулайм.

Бозек болуп ыйлап келсе көчөдөн,
Бороондуунун Бостонундай көшөрөм.
«Олуянын болсо да көз-кареги»,
Октоп алып мылтыгымды көтөрөм.

Балам үчүн жаным ханга тигилүү,
Балам үчүн башым кулга ийилүү.
Деген рух тизелетпей тик кылып,
Дегинкиси, калпагымдай кийилүү.

Эгер балам бир ээр кылмыш өткүзсө,
Эмдеп-домдоп «өкүл» урам көчүккө.
Идеясын моюндатып ал анан,
Ысык-суугун айтып берем өзүнө.

Болсо мындан балабызда жакшыруу,
Бул дегениң бир керемет башталуу.
Абдан назик, абдан татаал, абдан оор,
Айбандан да өз балаңды башкаруу.

(5)

Жетигеним, үркөр, марс, солтонум,
Жерде  кыргыз, көктө  жылдыз чолпонум.
Ыркың болбой кыркың кетип курдумга,
Ырысы жок каламбы деп коркомун.

Корксом эле корком ушул кыркыңан,
Кошулбаган... кооптонткон ыркыңан.
Чочубастан кыяматтан, апааттан,
Чочуп турам урпагыман, рухуман.

Улуу болот канткенде?... деп Чыңгызым,
Убай тартып издеп инсан жылдызын.
Урпак үчүн жазып кеткен зор сабак,
Улуу адам болсо экен деп уул-кызым!

Ушулардын баардыгы бала үчүн,
Урмат сактап, сый күтөбүз ал үчүн.
«Ата» менен «Эне» деген ыйык ат,
Артта туяк  избасарың бар үчүн.

Ушу ырымды эриккенден жазбадым,
Урпак үчүн кышындагым, жаздагым.
Уул-кызыма калбасын деп жаман ат,
Ууртап-татып, чегип-ойноп азбадым.

Обол башта «Адам ата, Обо эне»,
Обоз экен бир-бирине ого эле.
От сүйүүнү, ар-намысты жашыруу,
Ошолордон калган изги жол эле.

Мурал, адеп  айбандыкка чек болуп,
Мурас калган адамдыкка эс болуп.
Мына ошондон маймыл болбой адамдар,
Мында турат аппак, кызыл бет болуп.

Умай эне уландырган сүйүүнү,
Урпагына, тукумуна күйүүнү.
Алаканга чийип берген так кылып,
«Алла» атын эч унутпай жүрүүнү.

Калтырам деп арт жагыма туякты,
Канча үй-бүлө аздектешет уятты.
Ардан безген тексиз пенде карасаң,
Ата-энеси, тукуму жок сыяктуу.

Айбан менен адамды ким билбесин,
Айырмасын ар-ким өзү иргесин.
Аалым, адис... аким болгун а, бирок
Алды менен адам болуу  милдетиң.

Адам деген адам болуп жаралса,
Андан урпак агдар өсүп таралса,
Адал эмгек, аң-сезимдүү, күйүмдүү,
Адам деген өтүү керек адамча.

Силерсиңер «жаңы дүйнө жасоолу»,
Силер гана жалгайсыңар жашоону.
Силер үчүн элибизде аз эмес,
Сырты бүтүн, ичи түтүн баш оору.

Бала  ысык, бала  ыйык медериң,
Багыштаган кылык-жорук... адебин.
Эне-атанын, эли-журттун кадырын
Эске сактайт эс-акылдуу берениң.

Балам үчүн менин терип-жыйганым,
Бала  урпагым, ар-уятым, ыйманым.
Тердеп-тепчип тезек терип от жаксам,
Теңтуштарым күлүп шылдың кылбагын.

Урпак үчүн суу болгонум, күйгөнүм,
Ууртуман жылмайганым  күлгөнүм.
Кибиртиктеп киши алдында «кичирип»,
Ким-бирөөнү сөгүп-тилдеп жүргөнүм.

«Бала болбой  балээ болду» десе ким,
Баш катырат санааркатып чечегим.
Каңкыдыбы? Не кечикти? Тынчпы деп,
Кайдан-жайдан издеп-сурап жетемин.

Урпак үчүн ойлогонум, туйганым,
Уктай албай уйпаланып турганым.
Уулумдун үйрөнүүсү, окуусу,
Ушул менин ар күн көңүл бурганым.

Бала үчүн өтө көптөй карызым,
Баш-от менен өтөп келем парызым.
Калсам дагы өзүм жутап кийимден,
Карызданып алып берем жаңысын.

Мейли өзүмдүн жыртылса да өтүгүм,
Мен баламдын бүтүндөйүн көчүгүн.
Шагы сынып, шаабайы сууп калбасын,
Шарты менен болсун бийлик-өкүмүм.

Тарыксам мен тарыгайын, ардагым,
Тарыкпасын ийин кысып балдарым.
Тыйын тапсам тыгып сактап ал үчүн,
Тыйып келем кекиртекти, ар жагын.

Урпак ушул убай тура бүтпөгөн,
Уруп-тилдеп кайра ага түтпөгөм.
Бала тапкан күндөн баштап жараткан,
Башыбызга бар салмагын жүктөгөн.

Бала үчүн сөзүм калбай укпаган,
Балээсин бүт мойнума алып бук табам.
Балам кыйын кандай адам болор деп,
Башым катып бакырайып уктагам.

Бактыбызды балабызга ыйгарып,
Бак түбүндө ал өзүбүз ыйладык.
Балабыздын кубанчына мас болуп,
Башкаларды бал жалатып сыйладык.

Мен, бала деп бул өмүрдү сүрбөсөм,
Мээнет тартып не кыламын сүйбөсөм?
Мектебинен келсе уулум  каралдым,
Мекиренип ооруп жатып сүйлөшөм.

Күйүнүп да, сүйүнүп да эс кылам,
Күчүгүмдү эркелетип бет бурам.
Кыйын ушул күткөнүмө жараша,
Кишиликтүү жан болсо экен деп турам.

Жашырганды урпактарым көрбөсүн,
Жаштайынан жамандыкка көнбөсүн.
Жийиркеничтүү арам, сасык наам менен,
Чымын-чиркей... доңуз болуп өлбөсүн!

Баатыр өткөн башын тосуп кылычка,
Барган эмес элге саткын кылышка.
Ырасында, ыйык эрдик эмеспи,
Ыйлап келип күлүп жанын кыйышса?!

Бармагынан айрылса да согушта,
Балбай жотом баш ийбеген оруска.
Көзү ачык кетти бизди ээ кылып,
Көл-Текестей көркөм кенен конушка.

Урпак келет ыңаалаган ый менен,
Ушул өзү улуу жышаан, сыр белем?
Киндик кесип, май оозантып, бешикке
Кездик жаздап бөлөйт анан ыр менен.

Эгер бүгүн, эртең бала төрөлсө,
Эсте болсун элдик ыйык жөрөлгө.
Бозо, кымыз, жармаң ачыйт буркурап,
Болсо чиркин божуп турган көрөңгө.

Уюткубуз, көрөңгөбүз үзүлбөй,
Улап жаңы ууз ичели түңүлбөй.
Улуулардын алдын кесип өтпөсүн,
Уулубуздун келинчеги жүгүнбөй.

Мерт кылбасын урпак өтчү көпүрөм,
Мерездиктен мен чочулайм... өкүнөм.
Келиндердин курсагында туйлаган
Келечектин ээлеринен өтүнөм:

Элдин баары эртеңкиге талпынат,
Элге келдиң сен ыңаалап-баркырап.
Эрдей жаша, элден кеткен чагыңда,
Эл ыйласын, сен күлүп кайт жаркырап!
2014-жыл

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз