Бектур Иляс: Сүйкүм

  • 18.01.2022
  • 3559

АҢГЕМЕ

Акыркы коңгуроо кагылаарга аз калды. Кээбир балдар партанын үстүндөгү жалгыз дептеринен башка дүйнөлөрүн жыйыштырып, сумкесин асынууга ыңгайлап, соңгу секонталарды күтө башташты. Коңгуроо «чыр» этери менен мугалимден мурда талаага атып чыкчудай шай. Бирок мен антпейм. Качан мугалим дайындык дептеринин бетин жаап, эшикке беттегенде гана калем-кагазымды жыйыштыра баштайым. Класстан эң артта чыгам. Андан соң мектептин коругун айланып жүрө берип, дарбазадан да эң кеч чыккым келет. Дем алыш күндөрүн жек көрөм. Жети күн тең эс албай окуй берсек, эс алуу күнү болбосо дейм. Сабакты деле кыйратып окубайм, ошентсе да ушинтип ойлой берем. Мектепте жүрө бергим келет...

Кечки тароодон кийин эр мугалимдер жаратылыш жана коомдук илимдер боюнча эки топко бөлүнүп алып волейбол ойношот. Мен ичтей коомдук илимдер группасындагыларга жан тартып турам. Негедир ошентем. Математыканы жек көргөнүмдөн ошентет болсом керек. Саламат агайдын топ урганы жагат. Анын тор алдында түйүнчөктөй түйүлүп, пружинадай жазыла тик көтөрүлүп, шаадылуу колдору менен топтун өпкөсүн үзө муштагандагы зыңылдаган үнү жагат. Жээктей карап тургандар «чур» дей түшөбүз. Каршы жактын оюнчулары жазганып жата калган кездер болот...

Үйгө кеч келем. Атам дагы уршат. «Итейип жүрө бересиңби? Элдин балдары келгени кайсы убак?!» – дейт устаканасынан чыга калып. Кемпир ооз аттиш кармаган колунун жеңи менен маңдайынын терин сүрүп, жерге түкүрүп кирип кетет. Мен үйдүн босогосунан баш багып сумкемди төр жакка ыргытып, кийимимди алмаштырбай эле устакананы көздөй басам. «Курсагың ачтыбы, өзөк жалгап алсаңчы» дейт апам арт жактан. «Ачкан жок» деп күңк этем.

Атамдын жумушу бүтпөйт. Куттумуштуу күнү устаканасында узанганы узанган. Кызыл от менен кызыл отто коргошундай эриген кызыл темир менен кармашканы кармашкан. Эски чалгыдан шамшар, баки жасайт. Атка така-мык жасайт. Балта-керки жасайт. Темирди ийлеп, темирден бүтчү куралдарды жасайт. Күнү кечке от менен, күнү кечке балка-дөшүсү менен кармашат. Мен келерим менен көөрүк басам. Күжүнүн оозунан күүлдөп чыккан желге боору какталып, кызыл бөйрөк болуп жаны чыгып бараткан чокторго карайм. Кызыл чоктун ичинде балкылдап темир эрийт. Атам аттиши менен аны кыпчып алып кара дөшүсүнүн үстүнө коёт. Мен барскан урам. Зилдей оор басканды жаза чаап алып атамдан тил укпайын деп колумдан келгенче этият болом. Адамдын амалы шумдук экен дейм. Темирди темир менен жанчыйт. Эки темирдин ортосунда бир темир ийленет. Кандай ийлесең ошондой ийленет. Бычак бол десең бычак болот, бычакка сап бол десең бычакка сап болот. Бирок ийлеген менен эле иш бүтпөйт...

«Эң негизгиси сугаты» дейт атам. Согулуп бүткөн ысык темирди шырылдатып сууга салат. «Шар» эткизип малып албай акырын-акырын салат. Көөрүктүн күлү сапырылган устаканага эми көк буу толот. Темирдин курч болгону жакшы дейт атам. Сугаты бабын таппаса темир жашык болуп, мизи оңой майтарылат дейт. Адам да курч болуш керек дейт. Ылжырабай курч бол деп мени уршат. Бирок мен курч боло албай койдум. Бир күнү ачуусу келгенде мени да отко салып, оттон алып сууга салабы деп корком...

Атамдын жумушу бүтпөйт. Темирин токтотсо кайышын көтөрүп чыгат. Согумга жылда эле уй соёт. Териси жакшы деп уй соёт. Жылкынын териси сабадан башкага жарабайт деп уй соёт. Терисин кыйга көмүп жүнүн жыдытат. Аязга жаят. Анан талкууга салат. Талкуусунун да түрү көп. Кайыш ийлешем. Качан кеч кирет деп кагажыйым. Ийленип бүткөн терини канжыгалап тилебиз. Атам андан жүгөн, куюшкан өрөт. Өзөгүнө өлөрчө бышык кайыш коюп камчы өрөт. Түкүрүктөп түшкүнүн түйөт. Эр жигиттин колунда камчы ойноп туруш керек дейт атам. Колунда камчысы жоктун төбөсүндө камчы ойнойт дейт. Чылбырдын учу менен камчыланган кишини ит жининдей көрөт. А мен камчысына деле кызыкпайм... Күн кечкирсе эле дейм...

Башкалар жумушун бүттүм десе да атам бүттүм дебейт. Кайышын жыйыштырса жыгачы бар. Кучак жеткис теректерди чөлкөлөп кесип келип алып ээр чабат. Ээрдин түрлөрүн чабат. Мага жаңы ат жалын тартып мингенимде кип-кичинекей, тап-татынакай кылып чаап берген ээри бар. Азыр ал ээрге көчүгүм батпай калды. Ошонтсе да ошол ээрди жакшы көрөм. Ошондон башка ээр жактыра элекмин. Бирок эл көп келет. Ээр чаап бер деп келишет. Атамдын чапкан ээрлерин макташат. Кайыш менен каптап, майда мык менен гүл салып кагып, кооздоп сырдап берет. Чагарактарын салып, канжыга, куткун-куюшкандарына чейин бир эле колдон чыгарат.

Жумуш тирүүлүктүн белгиси дейт атам. Жумуш өлгөндө эле бүтөт дейт. Жаның барда жамбаштап жатканың курусун дейт.

Башканын жумушу бүтсө да атамдын жумушу бүтчү эмес... Бир күнү бүттү... Атамды боз топуракка жашырып коюп жетинчи күнү мектепке бардым. Сабакташтарымдын аёо сезим менен караган көз караштарынан жетим болгонумду сездим. Сабак бүтөрү менен кечикпей үйгө келдим. Үйгө кирбей устаканага кирдим. Атамдын дөшүсүн кучактап алып аябай ыйладым. Көөрүктүн оту күйбөй устакананын ичи үңүрөйүп суук. Муздай жалтыраган кара дөшүгө көкүрөгүмдү басып, ичимди өрттөп бараткан жалынды өчүргүм келип, өпкөм оозума каптала өксүп ыйладым. Эртеси мектепке баргым келбеди. Барган жокмун. Издеп келген мугалимдерге ал шылтоо, бул шылтоону айтып качкалактап жүрдүм. Ошол бойдон мектептен кол үздүм. Убакыт өтө келе атамды да жоктобой калдым. Устакана дайым бек турат. Бирин-экин малга карап, эл катары эгин салып жашоо жай өтүп баратты.

Апам келин жумшагысы келерин айтып, мага ал кыз, бул кыздын атын айтып, сүйлөшүүгө кыстай баштады. Бирок мен негедир үйлөнгүм келбейт. Кыздарга сүйлөгөндөн тартынам.

Жайдын орто чени. Бегалы жездемдин уулу үйлөнмөй болуп, үлпөт тоюнун чакырууларын таратууга мен да жардамдашмай болдум. Өзүмө бөлүнгөн баракчаларды көтөрүп, улам бир дарбазаны кагып, дарегине жеткирип жүрдүм. Кээси актилекке сүйүнүп ыракматын айтып, кээси тойдон жадагансып чакыруу кагазын жийиркене кармайт.

Мураталы абанын үйүнө бардым. Менден бир класс өөдө окуган кызы ийнине апкеч илип, эки чакасын көтөрүп суу алганы бараткан экен, мени көрүп токтоду.

– Сиздердин чакыруу бар эле, – дедим саал тартыныңкырап.

Ал баракчаны колуман алды да, ошол эле жерде туруп ыр менен жазылган чакырууну үн чыгарып окуй баштады. Үнү коңгуроодой тунук экен. Чачтарын жаңы эле жуугандай. Чекесин жука шарпа менен таңып алыптыр. Чачтарынын учу тармалданып, кандайдыр бир жагымдуу жыт таноомду кытыгылап жиберди. Окууга кеткенден бери көрбөгөнүм көп болуптур. Бою өсүп, моюну андан өсүп, койкоюп сулуу кыз болуптур. Мен анын жанында кетип калбай эмнеге карап турганымды өзүм да түшүнгөн жокмун.

- Жездеңердин уулунун тою тура, - деди окуп бүтүп.

- Ооба,- деп баш ийкедим.

- Мен да барсам болобу? - деди ал жайдары.

- Болот, – деп шашкалактап кеттим. Анын да аты жазылбаганына өзүмдү күнөөлүүдөй сездим.

- Макул анда, тойдо көрүшөлү! - кирпиктери шоолаланып, акак тиши жарк этти.

Кыз бир колу менен чакырууну бооруна басып, бир колун апкечине арта салып суу жакка жөнөдү. Анын басканы камгактай жеңил эле.

Өз жолумда келатып жүрөгүмдүн белгисиз бир нерсе болуп жатканын сездим. Артыма кылчактадым. Чала кургаган чачтарынын учундагы аппак моюнуна үзүлүп түшкүсү келген жарым тамчы тунук сууну эстедим. А ырас, ал кыздын атынын Сүйкүм экенин да ушу жолдо келатканда эсиме түшүрдүм. Балким, атам кайтыш болбогондо бу кезге чейин мен да жогору окуу жайына барып, окуумду аяктап калмак экем дегенди кыялдадым. Мүмкүн ал кезде Сүйкүмдүн алдында жанагынтип титиребей бир-эки ооз кеп кайрышканга жарайт белем. Атамдын курч темириндей болуп курчуп калат белем...

Той күнү аябай карбалас болдум. Колуман келгенче жардамдашып жүрдүм. Келген коноктордун арасынан Сүйкүмдүн караанын издедим. Бирок таптакыр көзгө илиндире албадым. Той башталгандан аяктаганча, ал тургай тойдон тарап бараткан жолдо да аны тымызын издеп бараттым. Неге келбеди экен? Же мага жөн гана тамашалап койдубу? А болбосо түзүктөп чакыра албаганым өөн болдубу?

Ап-апакай койкойгон моюну, чач учунда үзүлгүсү келип турган жарым тамчы суу... Мен аны тап-такыр унута алаар эмесмин.

Жоктон өзгөнү шылтоолоп кыздын үйү жакка көп барчу болдум. Жай басып нары өтөм, жай басып бери өтөм. Үй чоң жолдун боюнда. Кан жолдо карбаластаган киши көп. Мени менен эчкимдин деле иши жок.

Күз соңуна чыгып калган бир күнү көчө бойлоп баратсам, Сүйкүмдүн атасы Мураталы аба көмүр түшүрүп жатыптыр. «Баасы канча экен?» демиш болуп жанына барайын деген ой менен жакындадым. Бирок батылым барбай удул өтө бердим. Ошол маалда Мураталы аба мени көрүп калды окшойт.

- Ой, Шайыр. Кандайсың? - деп кыйкырып калды.

Жүрөгүм болк эте түштү. Болду-болбоду ал менин бул жерде неге айланчыктап жүргөнүмдү сезген экен дедим. Уялганымдан эки бетим дуулдап ысып чыкты.

- Жакшы, - дегенге тилим араң күрмөлдү.

- Көмүр киргизишкидей колу бош балдардан болсо таап берсеңчи. Мунун баарын кечке жалгыз бүтөр эмесмин, - деди Мураталы аба күрөгүнүн сабын таянып.

«Ө-ө-өк» деп эс ала түштүм.

- Макул, карайын, - дедим.

- Өзүңдүн колуң тийбейби? Каякка бараттың эле? - деди Мураталы аба.

Кайда баратканымды таппай калдым. Карбаластап бери бурулуп келип Мураталы абага кол берип учураштым.

- Мейли,- дедим,- мен деле киргизише салайын.

Сүйкүм үйдө экен. Атасынын эмгекке кийген артык кийимдеринен алып чыгып берди. Чапан-шымымды алмаштырып ала коюп ишке кириштим. Көчө боюна түшүрүлгөн көмүрдү кол арабага салып, көмүрканасына ташыдык. Колдон келишинче жумуштун көбүн өзүм иштеп, Мураталы абаны кыймылдаткым келбейт. Кайыптан күч бүткөнсүп чоң-чоң көмүрлөрдү жеңил көтөрүп, жеңил таштайм. Мураталы абанын «белиңди оорутуп алба, экөөлөп көтөрөлү» дегенине да болбойм. Башым булоолонуп, көл-шал түшүп тердедим. Аралыкта Сүйкүмдүн апасы шыркырап ачыган жарма алып чыгып берди. Бир колум менен күрөктү таянган боюнча алып чыккан жармасын калтырбай жутуп жибердим. Суусунум канып, жумурум жыргай түштү.

Буга чейин качан бүгүнкүдөй берилип жумуш иштегенимди билбейм. Кыйладан бери майрамдарда деле мынчалык көңүлдүү болбосом керек. Жандүйнөм шаңдуу музыкага тунгандай жүрөгүмдү эргүү көтөрөт. Кеч кирбесе, жумуш бүтпөсө дейм. Өчөшкөнсүп үйүлгөн көмүрдүн капталы эңшерилип, жумушум аягына чыгып баратты.

Көмүрдүн жумушу тып-тыйнактай бүттү. Бошогон оордун суу сээп шыпырып жибергенге да жетиштим. Үйдөн бир да жолу минтип иштеген эмесмин. Аны Мураталы аба билген жок. Менин эпчилдигиме, шайдооттугума баа берди. «Атаңды тартып эмгекчи болгон турбайсыңбы» - деп мактады.

Кийимдерибизди алмаштырып, кол-аягыбызды чайкап, тамакка отурдук. Мураталы аба жакшы сүйлөгөн киши экен. Өткөн-кеткенди, атамдын усталыгын кеп салып отурду. «Сенин атаң өргөн камчы эле» деп төрдө илинип турган камчыны көргөздү. Атамдын колун жазбай тааныдым...

Тамактан кийин Сүйкүм терезеде турган комузду алып кичине кыңгыратып чертип берди. «Жаңыдан үйрөнүп жатам. Комузум да жакшы эмес» деп кайра жөлөп койду.

Үйгө кеч кайттым. Жылдыз толгон маал. Менде жок камчы Сүйкүмдүн төрүндө илинип, баркталып турганына таң калып эстеп келаттым...

Эртең менен эрте туруп апамдан устакананын ачкычын сурадым. Качантан бери ичине киши кирбей желе баскан устакананы тазалоого кириштим. Комуз чабат деген кишилерден барып комуз чабуунун сырын сураштырдым. Жазга тарта карагай менен өрүктөн комуз чабууну баштадым.

Алгачкы эмгектерим анчейин окшошподу. Кийиндеп акырын-акырын сырын алып калдым.

- Бали! - деди бир күнү комузчу Асан аба комузумду чертип көрүп,- Атаңдын усталыгы сага оогон экен.

Атамдын комуз чапканын көргөн эмесмин. Баликим чапкандыр же чапкан болсо менден да мыкты чапмактыр. А менин максатым Сүйкүм үчүн өз колум менен жакшы комуз чабуу. Мен чапкан комуздун шаңдуу үнүн Сүйкүмдүн колунан угуу! Ошого дараметим жетер бекен, мен чапкан комузду Сүйкүм иликке алаар бекен дегенди ойлогондо апкаарый түшөм.

Ар бир жаңы чапкан комузумду Сүйкүм үчүн деп баштачу болдум. Бирок бүткөн соң негедир жакпай калат. Чабылып, кылы тагылып даяр болуп бүткөн комуздарым колдон колго өтүп тарай баштады. Кай бирде сырттан келген коноктордон да атайын издеп келип алып кетип жүрүштү. Бир жолу бир бейтааныш жигит келди. «Сүйгөн кызыма тартуу кылат элем. Акчасы канча болсо мейли. Эң жакшы комузуңузду берсеңиз!» деп өтүндү. Өзүм чапканды билген менен черткенди билбейм. Тиги да билбейт экен. Катар тизилген комуздарымды кыңгыратып олтуруп үнү эң тунук, бийик чыккан бирөөнү анын колуна айлыбызга конок экенсиң деп бекер эле карматтым.

Жыл айланып дагы бир жаз келди. Сүйкүм жөнүндөгү ойлорум бийик болгону менен жан-дүйнөмдүн шыбырын ага жеткизүүгө кудиретим жетпеди. Ал бир мектепке мугалим болуп жумушка киргенин уктум. Күнү кечке жыгач менен кармашып, кырынды-жышынды болуп отурган өзүмдү ага тең коё албадым. Көчөдөн бет орой кездеше калсак ал жаркылдап учурашып өтөт. Мен бүжүрөп үнүм ичиме түшөт. Не анча сүрдөөрүмдү билбейм. «Сага арнап комуз чаап жатам» дегим келет. Ага арнап комуз чаап жатканымды билсе дейм.

Мураталы аба болсо баягы боюнча көргөн жерден жаны калбай учурашат. «Үй жакка барып тур» дейт. «Макул» деп баш ийкеп коём. Баргым эле келет. Бирок шылтоо таппай кыйналам.

Бир жолу кеч кыстатып ошол жакка бардым. Баягы эски комуз көчө жак терезеде жөлөнүп турган экен. Нарыда башка комуздун төгүлгөн керемет үнү жаңырып жатыптыр. Кулак төшөп тура калдым. Сүйкүмдүн ырдаганын да уктум. Суктандым, элжиредим. Өмүр бою тыңшап олтурсам тажабачудаймын. Сүйкүмдүн эки жылга жетпей эле комузду ушунча өздөштүрүп алганына таң калдым. Таң калган сайын өзүмдү андан ошончолук ыраак сездим. Анын комузун бир кармап көргүм келди. Кандай устанын колунан чыкканын билгим келди. Мен да ушундай керемет комуз чаба алсам, менин чапкан комузум да ушинтип Сүйкүмдүн колунда тилин безеп сайрап турса кандай керемет болор эле дейм. Мен эми өмүр бою далалат кылсам да мындай комуз чаба албасмын дегенди эстегенде ичим туз куйгандай ачышты. Сүйкүмдү биротоло унутууга бекидим. Кайткан жолдо бир бөтөлкө арак алдым да, оозунан ууртап бастым.

Эртесинен баштап устакананын жумушун токтоттум. Комуз чапканды койдум. Чала бүткөн комузум чала бүткөн боюнча калды.

Бир күнү айылдын базарынан Мураталы аба жолугуп калды. Аябай шашылып алыптыр. Мени көрүп эле сүйүнүп кетти.

- Кандайсың, иним? Ырас болбодубу жоолукканың. Сенин телефон номуруңду сураштырып жаттым элем. Жакында Сүйкүмдү куттуу оордуна узаталы деп жатканбыз. Тойдун камы менен карбаласпыз. Эшик алдында жасалчу бир топ жумуш бар. Иниңди билесиң, окууда жүрөт. Жалгыз бойлугуң курусун, жетишпей өлө турган болдум. Кызмат иши бир жагынан. Өзүңдөй бир айттырбай билип иштээр, кол-аягы жеңил киши керек болуп турганы. Бүгүндөн баштап той бүткөнчө алтындай убактыңды чыгарып кол-кабыш кылып жиберсең айланайын. Кылган жакшылыгың, жардамың болсун. Бир күн, бир саатыңды кетирбей төлөп берет элем...

Эмне дээримди билбей ден дароо боло түштүм. Дароо айтаар шылтоо таппай макул болдум.

- Азыр эле жүрсөң, - деп шаштырды Мураталы аба. - Акылдаша турган иштер бар. Бир сыйра план түзүп алалы.

Эртесинен баштап ошол жерде жумуш кыла баштадым. Тойдун камы. Кыргызда той берерде короо-жайы бир иретке түшүп калмайы бар. Тойго чейинки бүткөн иш бүтөт. Бүтпөгөнү ошол бойдон оңдолбойт. Мураталы абада канча жылдан бери жасалбаган жумуштарынын баарын эми эстеп, эми пландап, ошону шашылыш бүтүрүүнү мага тапшырды. Макул деп алган соң баш тарта албай ишке кириштим.

Сүйкүм негедир көңүлү суз. Комузун да көп чертпейт. Мен анын жаркылдап жүргөнүн гана каалайм.

Мураталы абанын үйүндө иштеп жатканымды апама айттым.

- Кызы алыска кеткени жаткан тура. Жакшы кыз эле. Сен ынжыйып жүрүп албадыңбы. Ошол кызга деле сөз салсаң болмок. Жок дебейт эле. Ата-энеси да жакшы кишилер, - деп мени жемеледи.

- Ал кыз мени карамак беле? - деп күңк эттим. Апама жиним келди.

- Карайт эле. Карабайт деп жер тиктеп жүрө берсең ким карамак эле. Далалат кыл да. Же мен тапкан кызга көнбөйсүң. Мен да элчилеп той берсем болбойт беле. Атаң ыраматылык тирүү болсочу же бир. Ден-соолугум болсо бул. Эки күндүн биринде башым ооруп бүк түшөм. Жаман айтпай жакшы жок. Бир күнү атаң окшоп тырп этип өлө калсам сенин күнүң не болот?..

- Дагы баштадыңбы?.. - апам бырпылдап көзүнүн жашын сыга баштаганда тамагымды таштап дастаркондон туруп кеттим.

Жатып алып ойлондум. Апамдын айтканынын да жөнү бардыр. Эмнеге эртерек бир камынып көрбөдүм экем...

Кыз узатылаардын мурунку күнү үйдө байыркынын салтын улап кыз ойнотор өттү. Көптөн бери мындай оюндардын учугу үзүлө түшүп, эми кайра жаңыдан жандана баштаганынан улам жаштарга табышмактуу да, кызыктуу. Жол жосунун улуулар айтып, көөнө ырчылар токмок салды оюндарын баштап берди окшойт. Боз үйдүн ичи бат эле дыры-дуу, күлкүгө толду. Жаштарга арнап союлган мал этин бышырып мен казан башында жүрдүм. Бир маалда Мураталы аба жаныма басып келди. Колунда эки бөтөлкө пийвасы бар.

- Кел, кичине чүңкүлдөшөлү, - деп бир бөтөлкөнүн оозун ачып мага сунду. Мен аны сорпо куюп ичкен чоң чыныга эле мелт-калт куюп тартып жибердим.

- Сага ыракмат! - деди Мураталы аба. Аз кызуу экен, кубанычы да, жүрөк сыздаган өкүтү да бар сыяктуу. - Алпештеп баккан кызың башка бирөөнүн бүлөөсү болуп кетип баратса... Тунум эмеспи. Кыйбай да калат экенсиң. Жакын жер болсо да бир жөн. Айылдан эле өзүңдөй бир жигит күйөө балам болсо дечүмүн. Эми буйрук ошо экен. Бактылуу болушса болду...

Мен адатымча дымым ичиме түшүп, эмне дээримди билбей, казандын отун көсөп мелтийдим. Эмне деп көңүл жалгаарды билбедим. Бүлбүлдөгөн жарыкта ал кишинин көзүнүн кычыгында жылтылдаган жашты көрдүм. Менин көзүмдүн кычыгындагы жашты ал киши байкабады...

- Сага ыракмат! - деди Мураталы аба дагы кайталап,- жалгыз бойлугумду билдирбей колдон-буттан алып, жакшылыкта кол-канат болдуң. Мындан кийин да бир туугандай өтөлү. Камчы саптай өмүрдө ушинтип эле ымалалашып өткөнгө не жетсин. Буйруса, сенин жакшылыгыңда мен да тикемен тик туруп берем.

Мен дагы эле үндөбөдүм. Ал киши аза кайгымды тең бөлүшүп жаткансып, жүрөгүм сыздап баш ийкеп, отту чукуп отура бердим. Атам одүйнөгө узаганда эл келип көңүл айтып, «кайрат кыл, арты кайрылуу болсун!» дешип колумду сыга кармашканда да ушинтип эмне дээримди билбей жүрөгүм күйүп, таяктын учу менен жер чукуп мелтийип үнсүз каткам.

- Сен эми болду, - деди бир маалда акыркы пыйвасын жутуп. - тамагың деле бышып болду окшойт. Эмкисин башка балдар карасын, мен айтып коёюн, сен боз үйгө кирип, жаштардын тамашасын көр.

Оюнга кызыгып деле кетпедим. «Кандай немеге кетип жатты экен» деген ой менен боз үйдүн ачык турган оозунан батпай жардагандардын артынан бутумдун учуна тура калып ич жакка көз салдым. Кооз кийинип, кымбат-баалуу алка-мончок салынган Сүйкүмдү көрдүм. Күлүмүш болуп, өзүн бактылуу көрсөткүсү келип, жылмайып отургансыйт. Бирок анын да жүрөгү эзилип тургандай. Баягы чака көтөрүп бараткандагы кабагынан ай көрүнгөн маанайы тап-такыр жок. Андагы жаркылдаган карегичи, чиркин!.. Чач учунда аппак моюнуна үзүлгүсү келген жарым тамчы тунук суучу!.. Ал мени ойлойт бекен? Ушинтип сыздап турганымды билсе кантет эле? Кокус бараткан жерине көңүлү жок болсочу...

Мен кыялга баттым...

Сүйкүмдүн жанында олтурган жигитти качандыр бир кезде көргөндөй болдум. Бирок ким экенин так эстей албадым. Сүйкүмдү тиктеп тура бердим. Бир маалда Сүйкүм да мени көрдү. Көздөрү жанды, өңүнө ыраң кирди, күлүмсүрөдү. «Мени сүйөсүңбү?» деп шыбырады. Анын шыбырын мен эле уктум. «Ооба» дедим. Ал оордунан ыргып туруп мени көздөй чуркады...

- Эми оюнуңарды кичине токтоткула, тамак даяр болду. Тамакка киргиле! - деп кыйкырды желке тушумдан бирөө боз үйдүн ичиндегилерге. Кыялым кылыч чапкандай кесилди...

Эртеси кызды узатып чыгышты. Эшик алдында ата-энеси, тууган-туушкандары менен бирден кучакташтырып коштоштуруп атты, анан эле алардын арасында селейип турган менин да мойнума асылып буркурап, ансайын ыйлап ийсе болобу!.. Эмне кыларымды билбей ары түртүп «ыйлаба, ыйлаба» дей берипмин. Колу-бутумдан жан кетип, жыгылып түшө жаздадым. Кудалар жак мени кыздын бир туугандарынын бири деп түшүнсө керек. Балким Сүйкүм да бир тууганындай көрүп ошенткендир...

Кыз кетти. Артынан Мураталы абалар да кетти. Илгерки биздин салтта кыз менен кошо эрлер жеткизип барбайт. Аялдар эле барат. А азыркы шарт башка. Кечкисин жигиттер тарапта той болот. Кыздын ата-энеси да ошого катышат. Жер алыс. Эрте чыкпаса болбойт.

Машинеге чыгып жатып Мураталы аба мага кайрылды:

- Эми үй-жай биз келгиче сага аманат! Калган-катканды өзүң жыйнаштырып коёрсуң, келген соң дагы сүйлөшөбүз. Ашкана үйдө кечтегиден калгандары турат, чарчадың, кичине суусундап алып кайт.

Унчуккан жокмун. Эч нерсе айткым келбеди, алар кетти.

Эчен күндөн бери опур-топур болгон эшик алды эл көчкөн эски журттай тым-тырс. Дарбазаны жаап ичинен илдим. Чачылган нерселерди жыйыштырдым. Кылар ишимди кылып бүткөн соң ашкана үйдөгү пыйвалардын оозун ачып, үч-төрт бөтөлкөнү бат эле жутуп алдым. Ичимдин тызылдап ачышканы, капшытым эңшерилгенсип, жарым ааламым бош калгансып, каңырыгым түтөгөнү басылар эмес. Сүйкүмдүн кетип жатып мени кучактап ыйлаганын эстедим. Аны нары түрткөндүн ордуна бекем кучактап, боорума басып албаганыма өкүндүм. Бу жолу анын чач учундагы мөлтүлдөгөн жарым тамчы тунук сууну эмес, жүзүн жууп төгүлгөн жашын эстедим.

Бир кезде акмалап сыртынан карап, алыстан айланып өтчү, ичи сырдуу сезилген бул үйдө эми менден башка эчким жок.

Бошогон шишелерди тиктеп отуруп кокус сүйкүмдүн бөлмөсү эсиме түштү. Терезесинде комуз жөлөнүп турчу, ичинде шаңдуу күү жаңырып турчу бөлмө...

Уурулук кылып жаткансып калтаарый баштадым, ошентсе да бар кайратымды жыйып Сүйкүмдүн бөлмөсүнүн эшигин ачтым. Чакан бөлмөдө артык баш деле эч нерсе жок экен. Тек төр жагында илинип жалгыз комуз туруптур. Көмөкөйүнөн миң кубулган добуш чыгарып, Сүйкүмдүн сырдашы болгон укмуштуу комузду колума алып көргүм келди.

Комузду колума алып, көргөн көзүмө ишене албадым. Бул баягы эле мен чапкан комуз экен. Мен өз колум менен чаап, өз колум менен кылын таккан комуз! Күйөө жигитти эми эстедим. Дал ушул комузду өз колум менен ага белекке бергем...

Комуздун капталына «эң мыкты устанын колунан жаралган комуз» деп жазып коюптур. Сыягы муну Сүйкүм жазгандай. Көзүмө кылгырып келген жашты тыя алсамчы. Комузду кучактап бүк түштүм. Баягы атамды жоготуп, анын муздак калган устаканасында кара дөшүсүн кучактап ыйлагандай дагы бир жолу көпкө басыла албай букулдадым, өзүмдү өзүм тытып жегим келет...

2021-жыл, 3-айдын 21-күнү

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз