Мухаммад Юсуф: Асмандын аягы

  • 09.02.2022
  • 3078

Мухаммад ЮСУФ – 1954-жылы 26-апрелде Андижан облусунун Мархамат районунда төрөлгөн. Орус тили жана адабияты институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн (1978). Республикалык китеп сүйүүчүлөр коомунда (1978-80), «Ташкент кечи» гезитинде (1980-86), Гафур Гулам атындагы адабият жана искусство басмасында (1986-95) түрдүү кызматтарда иштеген. 1995-97-жылдары "Тафаккур" журналынын бөлүм башчысы, 1997–2001-жылдары Өзбекстан Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары болгон. Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин 2-чакырылышынын депутаты. Өзбекстандын эл акыны (1998).

Алгачкы ырлары “Өзбекстан адабияты жана искусствосу” гезитинде (1976) жарыяланган. Биринчи ырлар жыйнагы «Таниш тераклар» (1985). "Булбулга бир гапим бор" (1987), "Илтижо" (1988), "Уйкудаги киз", "Халима энам аллалари" (1989), "Ишк кемаси" (1990), "Кунглимда бир ёр" (1991), "Бевафо куп экан", "Ёлгончи ёр" (1993), "Эрка кийик" (1995) жана "Осмонимга олиб кетаман" (1998), "Улугимсан, Ватаним" (2004), "Сайланма" (2007), «Халк бул элим» (2009).

1989-жылы «Уйкудагы кыз» ырлар жыйнагы үчүн республикалык Жаштар уюмунун сыйлыгын алган. Мухаммад Юсуф 2001-жылы Каракалпакстандын Элликкала районунда дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Анжиянда коюлган.

ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭССЕ

Асмандын аягы кайда дедим акылманга. Ал унчуккан жок.

Мага бул жооп аябай жакты. Асмандын аягы жок, ырас эле!

Куйманын акыры дарыя. Дарыянын аягы – деңиз.

Aсмандын болсо аягы жок. Жол четинде тоголонуп жаткан ташты тээп жибердим. Таштан үн чыккан жок. Бул сени Кудайга тапшырдым дегенди билдирет.

Мен алманын бутагына асылып, дубалга чыктым. Төгүлгөн жемиштер кумурскаларга эрмек болду. Дубалдан төгүлгөн топурак менин күнөөмө күнөө катары кошулду. Түн ичинде бир кыш кыноочу карыя түшүмө кирди. Менин таттуу уйкум бузулду. Эски дубал талкаланган сыяктуу...

Уйкунун аягы – өлүм. Өлүмдүн аягы жок. Болсо да ага эч ким жеткен жок. Чын эле өлүм баардык нерсенин акыры.

Адам жашоосу кээде жерде жаткан кагазга да окшобойт.

Эртең менен жумушка баратканда көргөн кагазды кечинде кайтып келатып да көрүүгө болот. Эртең менен көргөн адамды дайым эле кечинде көрө бербейсиң.

Кумурска кумурсканын өлгөнүн ташыйт.

Бээ кулунунан көзүн албай оттоп жүрөт. 

Акыбет адамдар да гана жетишпейт.

Жер адамды азыктандырат. Кийиндирет.

Адам болсо бир күнү аны чөлгө айландырат.

Суу адамзатка кызмат кылат: түшүм берет, тегирмен жүргүзөт.

Адам аны ойлобойт.

Дүйнөдөгү бардык нерселер адамга жакындаганда өзгөчөлүгүн жоготот.

Адам адамга жакындаганда, бардык тапканынан жоготкону көбүрөк болот...

Күн кайда батат дейм чоң атама. Асмандын акырына дейт ал. Күн асмандын аягына чейин батпайт, балким ыйлайт.

Дүйнөдөгү бардык жолдордун акыры – ый.

Дүйнөнүн акыры – кыямат да ый.

Адам ыйдын эмне экендигин түшүнө электе эле жакындары дүйнө салган болушат.

*     *     *

Төшөгүңө карап бутуңду сун дедим бир күнү өзүмө өзүм. Анан ойлондум. Бул сөздү биринчи жолу ким айткан экен. Балким, Адам ата Обо энеге айткандыр. Жок, бири-бирине жакын адамдар мындай деп айтпайт. Бул сөз төшөгү бир адамдардын сөзү эмес.

Ошондуктан, Адам ата менен Обо эне төшөктү эмне кылсын? Алгачкы адамдар терини жамынып жатышкан. Кулдардын төшөгү топурак болчу. Феодалдар төшөк талашкан эмес. Демек, бул дагы капитализмдин кемчилиги!

*     *     *

Ымыркай үчүн баардык нерсенин башы-аягы эненин көкүрөгү. Эгер күндү ымыркайга окшоштурууга мүмкүн болсо, анын башы асмандын көкүрөгүндө. Анда асмандын башы кимдин көкүрөгүндө? Тоолордун башы Жердин көкүрөгүндө. Жердин башычы? Билбейм. Мен билбегенден уялган да жокмун. Бул жарык дүйнө чындыгында "билбейм" деген сөздөн турат. Менин качан төрөлгөнүмдү айтышкан. Басканды качан үйрөнгөнүмдү жалгыз апам гана билет. Тилимдин качан чыкканын да.  

Мен биринчи ырымды качан жазганымды өзүм билбейм. Ырас эле, кана ким айтат, акыркысын качан жазам?..

Билип туруп бирөөгө азап берүүдөн өткөн жаман нерсе жок. Өзүң да билбеген абалда бирөөгө жакшылык кылуудан өткөн жакшы нерсе жок.

Ыр жазуу да өзүң билбей бирөөгө жакшылык кылган сыяктуу. Чыныгы поэзия ар дайым таман алдында. Ыр саптары кулундарга окшоп топуракка оонап жатат. Тур, тулпар, чуркай берели деп айтсаң болду. Биз кээде бир буттун астына карап ырды табабыз. Кийин анын чаңын кагабыз жана канчалык көп каксак, ошончолук көп ырларды жоготуп алабыз ...

Момундук – бардык улуу инсандардын улуулугун билдирет!

*     *     *

Мен азыр Жерди кармап токтотом. Эмне үчүн ал токтобостон айлана берет?

Кантип эле зерикпейт?

Жердин акыры кайда? Элестетүүнүн-чү?..

Так сандарды жактырбайм. Үч бурчтуктар – элестетүүнүн капастары.

Терең ой-жүгүртө албагандардын өмүрү да кыска.

Кыйынчылыктын аягы ыракат. Ыракаттын аягы да кыйынчылык. Күндүн аягы түн. Түндүн болсо аягы жок. Бир ооз суук сөз менен көңүлүң караңгы болот.

Жок дегенде бир күн кечке чейин бактылуу болгон адамды таап берчи мага!

Сен миң кыйынчылык менен көтөрүлгөн тоонун чокусунда көпөлөк да бар. Кумурска да жашайт. Сенин бул ийгилигиң - алар үчүн жашоонун жөнөкөй бир түйшүгү. Аларда ар күнү ушундай.

Мен жыттап тойбогон бедени жылкы кычыратып чайнайт.

Жалбызды суу агызып кетет. Мен көзүмө сүрткөн сууда бака жуунат.

Күркүрөө дүйнөнү башына көтөрүп кыйкырат.

Жылдыздар коркуп качып кетишет. Булуттар ыйлап баштайт. Жер бетинде козу карындар пайда болот. Ар кандай кыйкырыктын аягында бир нерсе пайда болот.

Дүйнөдөн бир нерсе кетет.

Күлүп – гүл ачылат, ыйлап – шүүдүрүм төгүлөт.

Дарыя ташкындайт – тоо кулайт. Келин үшкүрүнөт – жеңе тамаша кылат...

*     *     *

Адам бул дүйнөгө бир жолу келет. Ушул бир ооз сөз менен канча сооп иштерди жасаоо мүмкүн. Бир эле сөз менен канча күнөөгө батуу мүмкүн.

Эгер ушул сөздү карадалы айтса ыйлагың келет. Сатаңдар  айтса, кишинин жини келет.

Бай эне ошол сүйүү-пүйүүңдү кой, ажырашкыла дейт кызына. Адам бул дүйнөгө бир жолу келет! "Ажыраш. Сени энеси өппөгөн кызга бир жумада үйлөнтөм" дейт текебер атасы уулуна.

Адам бул дүйнөгө бир жолу келет!

... Алыскы маршруттагы автобустун айдоочусу менин ойлонуп келатканымды көрүп, сөз катты:

– Э, жигит. Мынча ойлоносуң, сүйүп калдыңбы?

Мен унчукпадым.

- Сүйүү жок, - дейт ал менин ачууланганыман кубангандай болуп.

Сүйүү сууга чөгүп кеткен. Тахырдын сандыгында...

"Кандай, жайладымбы?" Бул – анын кабак жүзүндөгү жарым жылмаюу.

Мен андан кутулуу үчүн жылмайгандай болом. Ал муну өзүнчө түшүнөт.

Эми насаат берүүгө өттү:

– Капа болбо, сен бош жигит экенсиң, иним. Эгер ушинтип ойлонуп жүрө берсең, анда аялсыз каласың. Сүйүү – аракеттин туткуну болот дейт.

- Өзүңүз сүйүп үйлөнгөнсүзбү?

Менин суроом ага жакпайт. Күмөнсүрөп бир карап коёт да, сүйгөн кызына үйлөнгөнүн айтат.

- Сүйүү Тахырдын сандыгында чөгүп кеткен го дейм.

Эми ал өзүн укпай:

– Мен азыр рулду шеригиме бердим, эс алам, – дейт. Кийин дагы кулагыма шыбырады: – Капа болбо, студент, мен тамашалап жатам.

– Асмандын акыры кайда, – дейм ага олуттуу түрдө. Ал эчтеке түшүнбөдүм дегенсип, ийин куушурат.

Мына, ал менин жүрөгүмдүн жанында ушинтип коңурук тартып жатат. Мен анын ойгонуп калуусунан корком!

Үргүлөгөн дилим,
Айтамын бир сыр,
Кудай уйкуну да
Жартысын тартат.
Уйку да
Насыя берилген жашоо,
Уйкуң арткан сайын
Карызың да артат...

*     *     *

Менин таланттуу акын досум акыры бир кызды сүйүп калды. Биз бүгүн чогуу киного барабыз. Мен болочок колуктунун курбусун зериктирбешим керек эле. Саламдашабыз. Башкача айтканда, мына мындай: алар менин кургай элек жылтырак галстугума карап жылмайып коюшту. Бул кандайсың дегенди билдирет. Мен алардын белинен жогору турган жарашыктуу көйнөктөрүнө көз чаптыра албай үшкүрүнөм. Кыздар акын досумдун арык мойнуна карай, кыткылыктап күлүшөт. Аларды эптеп, араңдан зорго Эскижувага жеткирип, тыйындарыбызды шагыраткан бойдон метрого чуркайт элек. Досум жакама жабышып:

– Кандай биздин сулуу? – дейт.

– Жарабайт дейм. Ал сени каалаган күнү таштап кетиши мүмкүн! Айылыңа кет, – дедим.

Ал кетти. Үйүнө эмес, Ыраакы Чыгышка. Кийин ал жактан мага каттар келе баштады. Оо, досум, мен асмандын акырын таптым. Асмандын аягы Ыраакы Чыгышта – деңиз жээгинде экен!..

Жарым жылдан кийин, түн жарымында акын досум үйүмө бастырып келди. Өлө мас, үстүндө булгаары куртка. Чөнтөгү толо акча. Үйдө балыктын жыты тарап кетти.

- Билесиңби, Нилу (Нилуфар) күйөөгө чыгып жатат.

Ал мага чакыруу кагаз жөнөткөн...

Мен аны тойго барбоого көндүрдүм. Анын түнү менен уктабай жазган ырын конвертке салып, сөзүндө турбаган опаасыз жарына жибердик.

Акын Ыраакы Чыгыштан балыктын жытын гана эмес, жаңы макал да алып келген эле. Ал дээрлик күн сайын менден сурайт: “Эмне үчүн сени дос кылганымды билесиңби? Бирөө үчүн жанымды да берүүгө мүмкүн болгондугу үчүн!..”

Адам бул бир жолу келет, досум...

*     *     *

Эгерде кенен бир жайыт болсо. Айланаңды жап-жашыл көк чөп каптап турса... Асман ачык. Чөп үстүндө асманга карап созула жатсаң да... өлүп калсаң!

Бедезарда ойлонуп жатсам, ак канаттуу көпөлөк келип, ийниме мандаш токунуп отурду.

– Салам, досум. Эмнеге маанайың начар? Мен чарчадым, – дедим ага. – Жашоодон чарчадым.

Көпөлөк үшкүрүнүп кетип калды. Кызык, анын да бала-чакасы бар бекен? Көпөлөктүн алачыгы кайда? Эмне үчүн мынчалык алсыз жана назик жандык адамдан өйдө учуп жүрөт. Күчтүү жана салмактуу нерселер ар дайым бут астында болобу? Демек, адам оор басырыктыгы үчүн кор болуп жүрөбү? Ошондуктан учкаяк жана кошоматчы адамдардын иши алга карай жылат экен да...

"Ойлоруңду тый, алар баардык нерсенин башталышы".

Бул баягы көпөлөктүн канатындагы жазуу. Көпөлөк менен таанышканыма кубанычта элем. Эртең менен аны бакчада көрдүм. Розанын бутагында. Кечээги кейиштүү абалымдан уялдым. Мен андан кечирим сурамакчы болдум.

Бирок мен кечиктим.
Розагүлдөн томолонду көпөлөк,
Бир силкинип койбоду да гүл шагы.
Жан талашып, кум жалады көпөлөк,
Өттү менин денеме да титирөөсү.
Мен андан Асмандын акыры кайда деп сурамакчы элем.
Кантсе да аны канаты алсыз куш гана билиши мүмкүн...

*     *     *

Асман  эч кимге тиешелүү эмес.

Булуттардын да ээси жок.

Күн меники деп да эч ким айта албайт. Эгерде мындай доочу табылса, анда аны келесоо дешет. Анда эмне үчүн адамдар жерге ээлик кылышат? Тегерегин айлантырып, бул жер меники дешет. Жер талашып, бири-бирин өлтүрүшөт.

Айтыңызчы, жаз кимге таандык?   

Байчечекейдин кожоюну, бинапшанын ээси ким?..

Эмне сепсең, ошону оросуң. Сеппегениңди көрөсүң.

Мен балалыгым өткөн жерлердин өзгөрүшүн каалабайм. Кимдир-бирөө отун үчүн чамалаган кара тытты атамды сагынгандай сагынам. Талдар менен кучакташып учурашкым келет. Куду, кыздарды кучактаган сыяктуу. Эгер ушул сөздөрдү беде кароолчусу укса, ал кыткылыктап күлөт. Кел, мына, кара талга толгон талаа, каалаганыңды кучакта, каалаганыңча өп: Горко!

Асмандын аягы жалбыздын ийнинде. Бир ийнинде. Экинчи ийни эңсөөгө, боорукерликке, сүйүүгө толгон.

Эгер беде кароолчусу бул сөздөрдү укса...

*     *     *

– Асмандын аягы кайда, - дедим сүйгөн кызыма. Ал менин маңдайыма колун коюп:

– Температураң жокпу иши кылып...

Мен суроомду кайталадым.

- Асмандын акыры кайда экенин билбейм го, бирок дүкөнгө сары май келди деп уктум. Мүмкүн болсо, алып келгенге аракет кылсаң...

– Анын мүмкүнчүлүгү жок, – дедим. – Мен чоң иштер менен алекмин.

Үйлөнө электе ал мени ишке жумшайт. Эгер аял сенин сүйүп калганыңды сезсе, мурдуңду жерге сүртөт. Бул сөздү кайсы даанышман ата-бабабыз айткан экен? Бирок бирөөнү сүйбөй жашоого да болбойт. Асмандын болсо аягы жок. Болсо да мага эмнеге керек?

"Эмне үчүн кайсы бир түркмөндү мактайсың? Менин алардан эмнем кем?.."

Көйнөктөрү менен көчөнү шыпырып жүргөндүгү үчүн алар мага аябай жагат, билдиңби?

Асмандын аягы түркмөн кыздарынын узун жеңдеринде.

Алар колдорун көтөргөн жерде асман аяктайт.

Колдору күндү тосуп турат...

Кызыгы, мен өмүрүмдө түркмөн кызын кезиктире элекмин. Мен тилин деле түшүнбөйм. Бирок жакшы көрөм.

Чын эле, Кудайдын кулдары да анын жүзүн көрбөй сүйүшөт ко.

Мухаммед да анын кулу.

Анын жана махабаттын кулу.

*     *     *

Базар кайдан башталат?..

Вокзал – кассадан.

Аэропорт – паспортту издөөдөн башталат.

Анда, базар кайдан башталат, базар?

Тамашакөй адам чөнтөктү аңтаруудан деп айтуусу мүмкүн.

Олуттуу адам чамалоодон дейт.

Баары туура. Анткени, базарга ар ким ар кандай ой менен барат.

Кимдир-бирөө жөн гана зериккенинен.

Кимдир-бирөө эс алуу үчүн.

Кимдир-бирөө тойго даярдык көрүү үчүн.

Кыскасы, базарга ар кимдин өз жолу бар.

Менин оюмча, базар дарбазадан башталат.

Өз дарбазаңдан чыгып, сатып алам деп көздөгөнүң базар дарбазасынан киришиң менен өзгөрүп калат. Базарда, айрыкча чыгыш базарында, өзүңө кошулуп дагы бир жуп кол чөнтөгүңгө кирип чыккандай болот.

Заматта колуң нан күкүмдөрүнө тиет.

Кореец кемпирдин жыпар жыттуу капустасынан даам таткың келет.

Араб кыздарынын жүзүнө окшош борсойгон курмалардын жанынан көздү жумуп өтүүгө болбойт.

Дарбыздар өздөрү тоголонуп, бутуңдун астында ойношот.

Кезекке туруп, такыр сөөктүү эт аласың. Ичиңде "мени тааныды, сөөктү кошкон жок" деген жалган сооротуу болот.

Ыңыранып автобус бекетке келесиң. Ошондо гана үйдөн алып чыккан маянаң эсиңе түшөт.

Кантип эле, акчамдын баарын короттум?..

Эмне үчүн курма алдым?

Дарбыз үйдө бар болчу!

Дал ушуну айтсаң.

Ошентип базар кайдан башталат экен? Билбедим, билбедим.

Базардын аягы эмне менен бүтөрүн билем.

Аялың менен урушуп бүтөт.

... Алты-арыктык түрп сатуучу карыядан сурадым.

- Ата, асмандын аягы кайда билбейсиңби?

Карыя мени жаңсап жанына чакырып, кулагыма шыбырады:

– Тараазыканада, балам! ..

Өзбек тилинен которгон Хумоюнбек КУШНАЗАРОВ, Өзбекстан мамлекеттик көркөм өнөр жана маданият институтунун 2-курс студенти

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз