Зордун Сабир: Айлакер ажы

  • 14.02.2022
  • 3458

(1937–1998) 1937-жылы Кулжа ооданынын Жаңы-Там айылында туулган. Башталгыч мектепти ошол айылда аяктап, 1957-жылы Кулжа педогогикалык окуу жайын бүтүргөн. 1957-жылы түндүк-батыш улуттар институтунда билимин өркүндөткөн. Кулжа шаарындагы № 2 орто мектепте, Шинжаң Эл басмасында, Шинжаң Жазуучулар коомунда иштеген. Бейжин Люшун адабият институтунда билимин өркүндөткөн. Кытай Жазуучулар союзунун мүчөсү. Уйгур элинин атактуу жазуучусу жүрөк оорусунан 1998-жылы Үрүмчү шаарында каза болгон. «Абрал шамалдары», «Изденүү», «Жерге махабат», «Ата» сыяктуу романдардын, ондогон повесть, аңгемелер жыйнагынын автору.

АҢГЕМЕ

...Макул балам, айтканыңа көнөйүн: насир ажынын үстүнөн жазган арызымды кайтарып алайын. Бирок мен өмүрүмдө эч кимден укпаган сөздү ажыдан уктум. Эч кимден көрбөгөн кордукту ажыдан көрдүм. Мен деле законду билем, өмүрүмдүн көпчүлүгүн мугалимдик менен өткөргөмүн. Ошондуктан законду түшүнөмүн: Бир адамдын үстүнөн ушак чыгарууга, бир кишиге тил тийгизүүгө закон жол бербейт. Ажы мени жүздөгөн адамдын алдында: «Тахирдин алдамчы» – деп айтты. Ал жамандап койгондуктан тиешелүү жактан киши келип: «Законсуз алтын соодалаптырсың» – деп мени жоопко тартты.

Мен алардан катуу иренжидим. Аларды: «Таштан май чыгара турган мытаамдар» – деп сөктүм. Алар: «Оодандык саясый кеңеш төрагасынын орун басары, атактуу дин адамы Насир ажы да калпычыбы?» – деп, ажынын мени ашкерелеген материалдарын алдыма койду. Окуп көрсөм, карандай эле жалаа! Кыжырым келип ошол эле күнү ашта ажы менен кармаша кеттим да, галошум менен башына уруп жибердим. Дагы кудай оңдой берип, галош селдесине тийди, болбогондо көрүп турган жамаат мени таш бараңга алмак. Жамаат ал күнү кежигемден түрткүлөп, аштан кууп чыгарганы аз келгенсип оодандык коопсуздукту сактоо мекемесинин бир кижаңы[1] ажынын айдактоосу менен мени үч күн камап салды... Буга кантип арданбай койбойсуң?

Менин да балдарым, неберелерим, журт-жамаатым бар да! Ажы мени кадырлабаган соң, мен да карап турбаймын да. Ажынын үстүнөн сотко арыздандым, закондун алдында бардык адам тең. Закон ишмерлерге да, зөөкүргө да тең колдонулушу керек да. Арыздангандыгымды угуп, ажы күн сайын арага киши салып, анын жиберген кишилери улагамдан кетпей койду. Бүгүн сен келиптирсиң, эмне десем болот? Макул, арызданбай эле коёюн, мейли, ажы менен саясый кеңештин өкүлдүгүн да талашпайын. Бирок сен угуп кой, дагы бир жолу кайталайын: ажы мени ушак таратты деп жүрөт. Ал айткандай мен ушакчымынбы же болбосо өзү ушактын үрөнүн сээп жүрөбү? Бул жагын өзүң ойлонуп жыйынтык чыгарарсың. Мен ажы менен бирге ажыга барганымдагы көргөн билген жана уккандарымды сага башынан айтып берейин: ажыга баруу – ислам дининдеги беш парздын бири. Мен тун уулум менен ажыга бардым, балам. Үчүнчү уулум Афирдин мындан он жыл мурда таарынып үйдөн кетип калган. Гваңжу деген шаарга барып беш жылдан кийин чоң соодагер болуп келиптир.

Жети баламдын өзүнчө өнөрү бар. Бирок эң жаман жери тиги Афирдин шайтанды мурдунан жетелеп, алдар көсөнү жолго салат. Ээ, тобо, менин тукумуман Афирдиндей алдамчынын чыгары беш уктасам түшүмө кирбеген. Азыр анын үч шаарда дүкөнү бар. Канча миллион дасмаясы бар. Азыр ал аябагандай бай, бирок анын байлыгы шумпайлык, алдамчылык менен келген, мен анын акчасы менен ажыга барууну эп көрбөдүм. Калган алты уулум менен эки кызым ак эмгеги менен тапкан акчаларын чогултушуп мени ажыга аттандырмакчы болушту. Эки миң Америка доллары болбосо паспорт бербейт экен.

Балдарым эбин кантип табышты экен билбейм, эптеп-септеп сегиз жүз Америка долларын камдап коюшуптур. Афирдин мени менен чогуу барайын деген эле мен, соодагерчилик менен тапкан акчага ажыга баруу - соопту күнөөгө алмаштырган менен тең деп ага макул болбодум. Ошентип, балдарым Насир ажы экөөбүздү узатып коюшту. Насир ажы ким дебейсиңби? Билбейсиңби, жанакы мазардын кароолчусу ошол. Ал азыр саясый кеңештин мүчөсү да болуп алды.

Бейжин менен Үрүмчүгө депутат болуп бир канча жолу барды. Мен ал киши жөнүндө айтып берейин. Өзүң да билесиң. Эл-журттун чоңу, өкүмөттүн тизмесиндеги кадыр-барктуу адам. Мурдагы жылы бир топ адамдарга кошулуп ажыга барып келген. Бул, анын экинчи жолку сапары. Алгачкы ирет ажыдан кайтканда райондогу эл аксакалдары чогулуп, төрт автобус менен шаарга келишип, ажыны тосуп алышкан. Ал биздин алгачкы ажыбыз болгондуктан, анын этегинен өпкүлөдүк. Анын үйүнөн бир ууртам зам-зам суусун ичкендигибиз үчүн өз колу менен бирден теспе белек бергендиктен өзүбүздү бактылуу, жолдуу болдук деп эсептеген элек. Ажы ат минип жаки эшек менен көчөлөрдөн өтүп калса баарыбыз башыбыз жерге тийгенче ага ийилип салам бердик. Анын артынан намаз окуганды сооп эсептеп алыс дебестен Насир ажы бир кезде кароолчулук эткен, азыр өзү имам болуп жума мечитине барып беш убак намазыбызды окудук.

Аш-паш, өлүм-житим учурларында ага беш-он сом берүүнүн ордуна жүз сомду кош колдоп сундук. Анын батасы, салган деми кырк жылдык эски дартка, отуз жыл төрөбөгөн аялга да даваа-шыпаа болот экен десе, ага ишендик. Ал, биздин бул айыл-апаларыбыздагы тил тийгизүүгө, шек келтирүүгө болбой турган бир «пайгамбарга» айланып калды. Мына, анын кадыр-баркы жогорудагыдай. Кирешеси көбөйүп, ооматы келип турган күндөрдүн биринде Насир ажы өзүнүн ким экендигин көрсөтүп койду. Эмне болду дебейсиңби? Бир бечара жесир аял кызына дем салдырганы келген экен, ажы эл-журттан уялбай жетимиш жаштан ашса да кадыр-баркын унутуп коюп, он жети жашар бечара кызды токолдукка нике кыйдырып алыптыр.

Ажыны эл-журт, жамаат закондуу жазалоодон сактап калышты. Бирок анын беделин сактап кала алышпады. Мына ушул Насир ажы мага жолдош болду. Ажы мага:

– Экинчи ирет ажыга барып тазарып келемин, кудай пендесин кечирет, мен арафатта бардык күнөөм үчүн кудайдан кечирим сураймын! – деди. Биз, Насир ажы экөөбүз быйыл июлда эл-журтка чоң түлөө өткөрүп элден бата алдык. Ошондой эле белек-бечкек беришти. Айылдан шаарга келдик. Областтык милиция менен ислам коому бизди чогултуп ажыга баруу тобун уюштурду. Тууган көрүүгө чакыруу кагаздары барлар менен бара тургандар отуз төрт киши экенбиз. Көпчүлүк мени ушул топтун жетекчилигине шайлап коюшту. Мен жетекчи болууга Насир ажыны сунуш эткен элем, өзүмөн бөлөк эки гана киши добуш бериптир. Өмүрүмдө төрт адамга башчы болуп көрбөгөн мен сыяктуу бир элеттик кишиге жетекчи болуп шайланса өтө эле өөн сезилет экен. Өзгөнү билбеймин өзүмө дал ошондой сезилди. Сакал койгонум жакшы болгон экен. Неберелүү болгондугум үчүн айыл шартына жараша сакал койгон элем. Сакал менен сый көрөм деп эч качан ойлогон эмесмин. Бул ирет сакалдын сыйын көрүп «жетекчи» болуп калдым деп ойлондум өз ичимден.

– Жок, сакалдууну сыйлашса мени шайламак, – деди шаардан Кашкарга карай жолго чыккан күнү Насир ажы, тегерек сакалын колу менен сылап, пас маанай менен, – сиздин бул сөзүңүз туура эмес, көпчүлүк сиздин мугалим болгондугуңузду сыйлашты. Бардыгын билдим афендим, ажыга бара жаткан отуз төрт кишинин ичинен жыйырма канчасы сиздин окуучуңуз турбайбы. Алар ажы болуу үчүн эмес, соода кылуу үчүн, акча табуу үчүн бара жаткан соодагерлер экен. Сиз жалаң эле соодагерлерди тарбыялаган турбайсызбы. Соодагер деген дин иманы тайкы болот. Мындай тайкы имандуу ажыга баруучулар менен чогуу сапарда болуу күнөө эмеспи. Афендим, сиз балдарга жетекчи болдум деп сүйүнүп жатасыз. Билесизби, сиз күнөөлүүлөргө жетекчи болдуңуз. Хи, хи, хи... хи...

– Ажы аке, ажыга бара жаткан сапарда бирөөнүн көңүлүн оорутуп орой сүйлөө, ал тургай эхрамга караганда киргенден кийин гүл чөптөрдү үзүү, курт-кумурскаларды өлтүрүү да күнөө болот. Ошондойбу? Биз автобустун алдыңкы жагында олтурганбыз. Арт жакта биздин тобубуз. Биз түшкөн кырк нече орундуу чет өлкөдө чыгарылган автобустун бош отургучтары менен үстүңкү текчелерине жүргүнчүлөрдүн чемодандары менен ныктала буюм салынган капбаштыктары коюлган эле. Ажынын айтып жаткандары ошолор болду. Ал менин тил кайырганымды угуп артына кылчайды да, көпчүлүккө угуза: –Көңүл оорутуп орой сүйлөө күнөө, бирок парызды аткаруу үчүн эмес, бай болуу максатында ажыга баруу үчүн жолго чыгуу чоң күнөө: кудайды алдагандык, иманды саткандык деген мына ушул!

– Анда сиздин ыйманыңызчы, таксыр? – деди узун бойлуу, чаар жигит ордунан тура калып, – Чын, мен өзүм соодагермин. Белек-бечкек үчүн эки жүз, үч жүз метр шайы жана имбус алдым, өзүңүзчү? Автобустагы жүктүн теңи сиздики, таксыр. Канча көйнөк, кездеме, бермет алдыңыз? Жол алыс, дагы көрө жатарбыз. Ким соода кылууга, кимдин ажыга бара жатканын жараткан кудурет бардыгын көрүп турат!

– Эй, иним, Касым, жетишет, – дедим мен чыдамым кетип, – ажы жөндүү айтып жатат, анын айтканы туура, ажыга бара жатканда ниетти түз кармоо керек, сапар татаал, автобустагылар тез эле бир жамаат болуп калдык. Суу бар жерлерге токтойбуз. Беш убак намазды калтырбайбыз.

Мен азан чакырам, такбир айтам, бирок имамдыкты ажыга ыйгардык. Ар убак намаздан соң, «ажынын сабактары» ислам дининин артыкчылыктары тууралуу көпкө дейре түшүндүрөт. Намаздан соң автобуста кетип бара жатканда соопчулук менен күнөө жөнүндө үнү бүтүп калганга дейре сүйлөйт. Мен таң бердим, Насир ажы шарият илимин терең билген адам экендигине. Караңыз, ал «куран карим» калималары жөнүндө ушунчалык чечмелеп берет дейсиң, курандагы алты миң алты жүз алтымыш алты аятты түрлөргө бөлүүнү мен биринчи жолу ажыдан угуп отурам. Эмне, кандай түрлөргө бөлүнөт дейсиңби? Мунун сага эмне зарылдыгы бар, балам? мейли, бул да бир имам деп тааныган болсоң дептериңе жазып ал, айтмакчы, тигил радиа деген немең бардыгын сага жазып берет эмеспи, андан билип алгын. Курандагы алты миң алты жүз алтымыш алты аят төмөндөгүдөй тогуз түргө бөлүнөт экен:
миң аят ванда (же жаратканды даңктоо)
миң аят ваид (же коркутуу, опузалоо)
миң аят амири (же буйрук, тыюу салуу, чектөө)
миң аят факия (тыюу салуу, чектөө)
миң аят кысса (же окуялар)
миң аят мисал (мисалды өзүң билесиң)
беш жүз аят (адал – арам)
жүз аят дууат (же тилек)
алтымыш алты аят насух-мансух (тилөө кылынат, ишке ашпайт деген сөз).

Насыр ажынын көп айта турганы адал жана арам жөнүндөгү беш жүз аят. Мына балам, ажы адал менен арамдын түрлөрүн ушунчалык санайт дейсиң, уккан адамдын оозу ачылып калат. Ал дүйнөдөгү арам нерселердин санын бир нече жүзгө, ал тургай бир канча миңге жеткирет. Анын айтышынча: адам пилсираттын үстүнөн басар имиш, кичине эле кылт дей түшсө арамдыктын ылайын басып алат экен. Мусулмандардын көңүлү жумшак, курсагы кең болот окшойт. Көпчүлүк учурларда сапарда жүргөндөр ажы жөнүндөгү жаңкыдай сөздөрдү унутуп аны урматтоо, ага ыклас эте баштады. Ошентип биздин ажы топтун ичиндеги биринчи адамга айланып калды. Өзүм ушул топтун жетекчиси болгонум менен эч бир ишти Насыр ажысыз чече албай турган болуп калдым. Ал арабыздагы адамдардын акылманы, жетекчи, ыйык кишиси болуп калды.

– Ал өзү дубалаган кызды алгандыгы ушак экен.

– Ошондой болмок, биз уйгурлар, ушак-айыңга ошончолук жакын турсак...

– Ушак айтчу болсок барбы... аңгини ургаачы эшекке айландырып жиберебиз.

– Наристени өлтүргөнгө айландырып коёбуз.

– Өзүбүз ойлоп чыгарган ушакка өзүбүз ишенебиз.

Түндө чөлдөгү кенен жеке менчик сарайда жатып болгон бу маекке өзүм чек койдум:

– Койгулачы, ушак-айың кылуу күнөө!

– Биз бирөөлөрдү айтпадык да.

– Уйгурлар жөнүндө айтып жатпайсыңарбы, бул күнөө эмес бекен ия?

– Биз деле уйгурбуз да. Өзүбүздү өзүбүз айтсак күнөө эместир, афендим? Мен дайыма ушундай суроолорго жооп кайтара албайм. Эмне үчүн дейсиңби? Фактылар менин оозумду капкактап коёт, балам. Чын эле биз ушак-айыңсыз жашай албайбыз. Мен өз элимди жакшы көрөм, балам. Уйгур дегенде тикемен турам. Бирок мурда өз элимди жакшы көргөн менен жакшы билбейт экенмин. Мени карагын, бул жолу элимдин молдолору, интеллигенттери, соодагерлери, акмактары, көктөрү... түркүн кесип, түркүн мүнөздөгүлөр менен чогуу сапарда болуп, пайда-зыян, жыргал-куурал менен чогуу бирде жол берип бирде талашып-тартышып жүрүп элимди эми тереңирээк түшүндүм, балам. Кээ бир адамдарга таң калдым: кудай аларга ошондой көз берген, ал көз башкалардын айыбын гана көрөт, аларга ошондой бир тил берген, бул тил башкалардын жаман жагын эле сүйлөйт, аларга бир ушундай мээ берген, бул мээ башкаларды ойрондотууну гана ойлойт!

Чайдан ич, ичсең бул сүйлөгөндөрүмдү үналгыдан өчүрүп койгун, башкалар угуп иренжип жүрбөсүн дагы!

Мен башка сөзгө түшүп кеттим көрүнөт, кайсы жерге келдим эле? Ооба, ошондой, жаңкы чөлдөгү кербен сарайда жолдун босолору[2]  менен мантусун жана шорполоруна жакшы тоюп алган соң куптанды окуп, дарбыздан бир жеп алган соң зым керебетке таза жуулуп салынган шейшептин үстүнө жатып, сапарлаштарымдын маегине келип токтогонмун.

Биз он орундуу кең бөлмөдө маектешип жатабыз. Ажы коңшу бөлмөдө коңурук тартып уктап жатат. Анын коңурук тартканын эске алып өзүн жалгыз бир бөлмөгө жаткырган элек.

– Ажынын коңурук тартканы ушул үйгө да угулуп, уктай албай жатам.

– Ажынын коңурук тартканы машинанын күрүлдөгөнүн да басып кетет!

– Кудай уйкуну ажыга аябай эле берген.

– Бүгүнкү жеген тамактын акчасын төлөгөнүңө ичиң күйүп ажыны жамандап кирдиңби?

– Ажынын тамак жана жатакана акчасын төлөгөнүбүз сооп иш, туугандар!

– Канча мал-мүлкү менен берметтерин чек арадан өткөрүшүп берсең түптүз эле бейишке киресиң, Амет ажы!

– Касым, чаар мекеге жүзүм алып баралбадым деп уйкуң келбей жатабы. Кашкардан шишкебек бышыргыч алып алгын, Бейжин, Гуанжуларда кебепчилик кылган уйгурга Ислам-Абад, Карачи, Жидда, мекелер эмне дейсиң?

– Чалап сатууга кетип бара жатасыңбы? Амет чалап саткычтын бир заматта эле Амет ажы болуп алганын көр!

– Койгула, ажы ойгонуп калбасын жигиттер, – деди арабыздагы картаң жумушчу өз керебетинде теспесин тартып жатып, оозун кыймылдатып, өзүнчө көтөрүлө, билесиңерби, Насир ажы тегин адам эмес, силердин ушул тамашаңарды түшүнөн укту. Ажыга бара жаткан сапарда тамашалашуу арам болот, эсиңерден чыгарбагыла!

– Ушак арам, тамаша арам, ач көздүк кыянат, боюн таза кармабоо күпүрдүк, шерик болуу... дагы кандай эле? Касым чаар, сен жакшылап жаттап алгын макулбу?

– Амет чалапчы, сен мойнуңа тумар кылып асып ал, арам менен адалдын айырмасын билбеген арабызда бир гана сен экенсиң.

Биз ушундай тамашалар менен уктап калдык. Жарык түшүп калган кезде автобуска олтурдук. Эшиктин алдына кербен сарайдын ээси пайда болду.

– Кайсы арам неме одеялды алып кетти? – деп кыйкырды ал, сөөмөйүн кезеп, үч көйчөндүк[3] жатак акысын төлөп, отуз көйчөндүк одеялды алып кеткен ынсабы жок нерсени таап бербесеңер автобусуңарды кетирбеймин!

Мен төш чөнтөгүмөн отуз иванды[4] сууруп аялга жалындым:

– Карындаш алыңыз, жаңысын сатып аларсыз, ажыга кетип бара жаткан адамдарга кара чаптабаңыз!

– Ой, азезил тозоку, – деди Насир ажы аялга алайып, – акча бербегин, бул тойбос канчыкка!

Уруш чыгып кетмек эле, бирок шофёр менин ишаратым менен автобусту айдады, биз сапар үстүндөгү акыркы бамдат намазын коон айдалган жерде окудук. Мен ажынын бир жаңы одеялды жайнамаз кылып бизге имамдык кылып жатканын көрдүм да, жаңкы кербен сарайдын ээси эсиме кылт эте түшүп, дене боюм шуу дей түштү.

– Кашкарга жетип калдык жамаат! – деди ажы ордунан туруп.

Көпчүлүккө карап, улук аппак кожом мазары бар, ыйык шаарга таза иман, таза ниет жана таза боюбуз менен кирели, анда даарат алып автобуска олтуралы. Биз анын айтканын жасадык, ал селдесин кайрадан чалынып селденин уч жагын алдыга самсаалатып коюп, узун каштардын астындагы чоң көзүн жарым жумуп бизди баштап сүрөө окуду:

– Лаббек, аллахумма лаппек!..

– Кашкар шаарынын Мата базарындагы Абдыкадыр Дамдылда медресесине (ал жер азыр саясый мектеп экен) сүрөө окуп, айбаттуу кирип келдик!.. Анда эмесе үй ысып кетти, калган сөздү бак жакка чыгып сүйлөшөлү. Кана уулум, эмесе мархамат, балдар огород жакка төшөк салып коюптур. Төшөккө көчүк бас, тигил мамык жаздыкка чыканактап жамбаштагын, анда балдар чайды тез-тез алып келип тургула, сөз аябай узак, эми эле башталды, балам. Үналгыңдын запас лентасы бар болсо керек я? Андай болсо жакшы, кайсы жерге келдим эле? Ооба, чын эле Мата базарындагы Абдыкадыр Дамбылданын медресесине келбедик беле. Биз, ошентип медресенин бөлмөлөрүнөн орун алдык. Короонун ичи адамдарга толгон, быкылдайт, мен ал күнү ушунчалык чарчаган экенмин; жөн эле ойду омкоруп, тоону томкоргондой жанчылып калыптырмын. Эмнеге дебейсиңби? Мен топтун жетекчисимин да, бул жерде топ жетекчисинин жумушу аябай көп, аны атабай эле кой. Отуз төрт адамды жатаканаларга бөлүштүрүү, анкеталарды толтуруу, милицияга кезек күтүп паспорт алуу, ал жерде почтаканага келип почта акысын төлөө, банкка барып кысылып-кымтынып жүрүп ар бир адамга эки миң Америка долларын көрсөтүп бербесең саган акча айырбаштап бербейт. Насир ажы ошол жерде да бир жасалмалык жасады. Менден миң доллар алып өзүндөгү сегиз жүз долларга кошуп көрсөтүп, өткөөлдөн өтүп алды. Мага кайтарып берген миң доллардан эки кагаз кемип калса болобу, муну ажыга кантип айтмак элем, мүмкүн, кары киши түшүрүп алгандыр, жаки бирөө алып алгандыр. Бирок эмнеси болсо да жумуштун бүткөнүнө кубандым. Кечинде чарчап, жатаканага келсем дагы эле ажынын чыры, киши жатчу үч керебетке ажы өзүнүн жүк тактарын коюп алган экен. Үч киши эшикте калыптыр, ажынын жүгүнүн көптүгүн айтпаган экенмин дагы. Менин чарчап, баспай калгандыгымдын себеби, анын жүгүн ташышканымдан болсо керек, топтун жетекчиси болгондугум үчүн бир да кишинин жүгүн талаага таштабашым керек да, мен ташыбаганда ким ташымак эле. Кара терге түшкөнгө дейре ташыштым. Ушул кезде курандагы жаңкы беш жүз адал – арам, Насир ажынын арамдар тизмесиндеги бардык адамдар эсинен чыгып кеткен эле. Түндө жатак чырын Касым чаар дагы козгоду:

– Ажы, кожонун эшеги төшөктө жатып, малайы топуракта жатса бул эшек кожого адал болсо керек ээ? – деди ажыны маскаралап.

Ошентип жаштардын ооздору ачылды.

– Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба!

– Бардыгын молдо билет!..

– Ажы аны-муну түзүк эле алган экенсиз, таможныйдан дагы куткарып коёлубу?

Ажынын ушул учурда кебетеси бузулуп кетти. Өзүнүн кадыр-баркын, абырой жана боорукердикти, жол үстүндө жасаган насыяттарын жуундудай төгүп таштап арсыз, бечара, дүлөйгө айланып калды. Ал алды жагы ачык кара чапанын көк кур менен курчанып, ак топусун көзүнө түшүрө кийип, керебетте сүйлөбөй олтурду да бардык сокку жана наалаттарга туруштук берди. Бирок мен чыдай албадым.

– Болду, жүргүлө, керебет жетишпегендерди мен мейманканага жайгаштырайын, – дедим акыры ордуман туруп.

Ажынын ошол күндөрдөгү бечара, байкуш болуп калганын ойлосом күлкүм келет, азыраак пайда үчүн өзүн кордоо, башкаларга жалбаруу, бутуна жыгылуу, биз – уйгурларда гана бар айыппы жакий башка улуттарда да барбы? Муну билбеймин, сен жакшы билесиң. Түн ортосунда бирөө мени ойготту:

– Бул мен, Насир ажы, – деди ал, мен чала ойгонгондон кийин шыбырап, – жүрүңүз, эшикке чыгыңыз, сиз мага кеңеш бербесеңиз болбой калды.

Биз короого чыккандан кийин ал шыбырап:

– Сиз чын эле эч кандай аны-муну, белек-бечек албай эле жолго чыктыңызбы? – деп сурады.

– Ошондой таксыр, ажыга баруу үчүн чыктым.

– Тайфда туугандарым бар дебедиңиз беле?

– Ошондой, алысыраак тууган.

– Андай болсо бул төрт кофтаны алып алыңыз, кур кол баргандан көрө дурусураак болор. Сиз эң эле өлжүрөк адам экенсиз.

Мен кофталарды кабыл алдым жана эки жүз сом акча сундум.

– Жок, бул менин сизге кылган жардамым. Сиз мага көп жардам бердиңиз. Топтун жетекчисинин абалын билип туруу ар бир мүчөнүн милдети. Муну отуз төрт, жок отуз үч мүчөнүн ичинде жалгыз гана өзүм түшүнө турган сыяктуумун!

– Эсиме салып койгонуңуз дагы чоң жардам таксыр, ошентсе да бекерге ала албаймын!

– Макул анда, даанасын элүү көйдөн эмес, кырк беш көйдөн өз баасында болсун, акчасын элге баргандан кийин деле берерсиз. – Бир аздан кийин ал: – Менин эки таңгак жүгүм сиздин паспортуңуз менен таможныйдан өтсө кандай дейсиз, танжаң[5]! Ал заматта эле кытайчалап «танжаң» деген сөздү колдонду. Мен анын талабына макул болдум, эртеси товарлар өткөрүлүп, биз Кашкардан Пакистанга карай жолго чыктык. Бардык адам толкундануу менен короолордо, көчөлөрдө коштошуп жаткандардын ый-чуусу, ошондой эле жолго берилген баталар, машиналарга жер-жер боюнча жайгашкан ажыга баруучулар, урук-тууган, жоро-жолдоштору, журт-жамааты менен дал ушундай кош айтышып жатканда биздин Насир ажы кайрадан жандана түштү. Ал кара чапан, ак көйнөк, татынакай оролгон селдесине тегерек сакалы жарашып, бардык адамдардын көңүлүн өзүнө тартууда. Ал сүйлөп жана аят окуп, арты-артынан дуба кылып жатты. Бүтүн эл анын уваз сөзүн кунт коюп угууда:

– Ажыга сапар чеккен ар бир мусулман кудайдан башканы ойлобостугу, парызды аткаруу үчүн жолго чыккан ар бир үмөт кудайдын бир атынан башка атты тилге албастыгы, дилине бүтпөстүгү керек. Кимде ким товар, дүнүйө, алтын-күмүштүн артынан түшчү болсо андай адамдын кылган ажысы кабыл болбойт... Увалнима тахва каллал мүллик, лашаре каллек.

Мына ушундай, балам айсарам, биздин эл пайда үчүн бардыгын жасашат, бечара боло турган, көк бет болуп ала турган жерде аны да келиштире алат экенбиз, мартаба, аброй талаша турган учур табылса башкаларга эч качан үлүш калтырбайт экенбиз. Ополдон өтүп такыр тоого кыялагандан кийин, ажы башын ийниме коюп алып ушунчалык коңурук тартты дейсиң, бул коңурук түн киргенден тартып Таш-Коргонго келгенге дейре автобустагы эч адамга тынчтык бербеди. Жаштарыбыздын оозу ачылды:

– Он таңгак товардын алтоо таможныйдан эптеп өттү. Төрт таңгак товар олтургучтун асты, машиненин үстүндө, санаасы тынган ажы коңурукту кош тартпай эмне кылмак эле!

– Ажыдан сурап албаптырбыз да, көл букасынын өкүргөндөй кулак тундурган коңурук тартуусу адалбы же арамбы?

– Ой, жигиттер, жакшы сөздөрдү сүйлөгүлөчү, көңүл иренжите турган сөздөрдү таштагыла, мен качан да болсо жаштарга насыят айтып, алдын тосомун.

Ажы бул иштерди кайдан билмек. Ал үчүн мен куурап жүрөм, кысылып кымтынам, бул азап, кыжалатчылык мен үчүн анын жүктөрүн ташышкандан да, таможныйдан анын жүгүн өткөрөмүн деп таможный кызматкерлерине жалынганымдан да оорураак сезилди. Тердеп-тепчип, чарчап-чаалыгып, абасы шалаң тоо үстү «Миң Теке» (Хунжурап) оозуна да келдик. Мен бул жерди Миң-Теке дегенди ылайык көрүп жатамын. Арабызда билимдүү адамдар да бар экен. «Хунжурап» деген парсча «кан агар дарыя» деген сөз экен. Бул жердин уйгурча Миң-Теке деген аты да бар эмеспи. Биз неликтен уйгурча Яркен дарыясы, Миң-Теке деген сөздөрдү колдонбой «Зарапшан», «Хунжурап» деген сыяктуу парсча сөздөрдү кабыл алабыз!

Макул, сөздү арбытпай ошол «Миң-Текенин» оозуна келейин, бул жерде бизди Кашкардан алып келген машиналар жерге түшүрдү да, чек арада текшерүүдөн өтүп кайрадан машиналарга олтуруп Пакистанга карай жөнөдүк. Мына ушул жерде бардык адамдын быкый-чыкыйы ачылат экен. Үстү тунуке менен жабылган текшерүү үйлөрүнө бардык жүктү көтөрүп кирет экен. Бул жерде эч ким эч кимге жардам кылбайт экен. Адамдар ак ниеттик, чынчыл дегендерди ушул жерден таптакыр унутушат экен. Мен араңдан зорго дем алып, капталдагы ашкананын көлөкөсүндө олтуруп, текшерүүдөн өтүп жаткан Хотан ажыга барчулар тобундагылардын тамашасын көрүп жатамын. Бул жерде баштыктарды өлчөйт, талондор текшерилет, өлчөмдөн артык жүк кармалып, мал эсинин колдоруна талон берилет. Ал талон менен ажыга барып кайтканда кармалып калынган жүктөрүн кайта алып кетет. Биздин ажыга барчуларыбыздын акыл-эсине айран-таң калдым. Бир баштыкты тарткызып бир нече баштыкты өткөрүп жаткан кемпирлердин моюндарына, билектерине кабат-кабат бермет байлап, ал тургай текшерүүдөн өтүп болгондорго эптүүлүк менен буюмдарын жылдырып берүү аркылуу жүгүн өткөрүп алгандардын өнөрлөрү ачык көрүнүп жатты. Таможный кызматкерлеринин кыраакы көздөрү, тажрыйбалары биздин ажыга баруучуларыбыздын алдында түккө арзыбай калды.

Мен өзүм менен бирге бир канча күн сапар жүргөн, адатта өз сөзүн да оңдоп айта албай турган, жупуну кийинген дыйкандардын ушунчалык шылуундукту үйрөнүп алгандыгында таңым бар. Менден бөлөк бардык эле адам куру кол эмес экен. Баары тең таможныйдан ашыгы менен өткөрүүнүн аракетинде.

– Ажынын дүйнөсү арам болмой болду, – деди Касым чаар сүйүнө, – карагыла, боз жерге жашынган тоодактын кудум эле өзү, анын жүктөрү...

Мен ошол кезде жолдо жанымда олтурган, болумсуз аракеттер менен кыжырымды келтирген жердешим Насир ажынын арабызда жок экенин байкадым. Ал жолдун ортосуна ташталган кап, баштык, чемодандардын арасында ак топусун көзүнө баса кийип бүкчүңдөп жүрөт. Жаштардын оозу ачылды.

– Берметтерин мойнуна тагынып албаса экен, бал ажы!

– Малдарын тартып алса эсинен танып калар бекен?!

– Эй, Аматжан, эч болбоду дегенде жүгүн таразанын жанына алып келишип берсең болбойбу, эсиңен чыгарба, карыяларга жардам берүү адал.

– Арамды көтөрүү адал дечи!

– Кап десе, ажы жаңкы арамдардын тизмесине өлчөмдөн артык жүк алууну арам дегенди киргизбеген экен да!

– Ой, жигиттер, жүргүлө жардам берели бечара чалга!

Мен дагы эки-үч жигит менен ажыга жардамдашууга бардым.

– Ээ... мүчөлөрүнө көз салбаган топтун кандай жетекчиси элең, афенди! – ажы бир канча минуттун ичинде эле карып, бүкүрөйүп, карала-торала болуп кетиптир. Ал кудум эле безгектей калчылдайт. Менин көңүлүм өтө жумшак адам экенмин да, ага боорум ооруду:

– Тиги эки таңгакты мен өткөрүп берейин, дагы эмнеңиз бар, таксыр? – Ал, койнунан кирдеген бир баштыкты сууруп чыкты, баштык оор эле.

– Бермет, – деди жашыган көзү менен, мага жалынычтуу карап, – бирөөнүн аманаты эле. Болгону беш эле кило...

– Бериңиз, мен аны өткөрүшүп берейин, – менин жетекчи экендигим ушул жерде баарынын эсине келди. Мен да өзүмдү ушул жерде чыныгы жетекчи экенимди эстедим: аба жетишпей чарчаган карыларга суусундук таап берүү, эмеректерин иретке келтирүү, мүчөлөрдүн паспорт-анкеталарын иреттеп берүү, жогорку басымдагы казанда бышкан жашылчасыз кесмеге адамдарды адеп менен кезек күтүүгө үндөө, баарына жетип бир кишиге жетпей калса, ошол кесме жетпеген киши өзүм болуп калууга, кесме талашып, аягында жакалаша түшкөн уйгурларыбызды ажыратып казы болуп сурак сурап, аларды тартипке салуу жетекчинин иши, мына бул иштерде ким да болсо мени эстейт да, балам. Жетекчи болгондугум үчүн башкалардын законго каршы кылмыштарына да чыдадым. Мунун азабы аз дейсиңби. Биз айылда кудум эле койдой жоош, суудай таза өскөн адамдарбыз. Чынды чын, калпты калп дегенди адат кылганбыз. Өкүмөт бир нерсени билбесе чек арадан өткөрүлө турган малга чек коймок беле? Бирок биздин кишилердин бардыгы эле ошол чекти бузду. Бузганда да таш-талкан кылды дебейсиңби, ушулардын азабын бир гана мен тарттым. Неге мугалим болуп калдым экен деп ойлодум. Тапандык, калпычылык, алдамчылык тарабында туруу канчалык азап ээ? Бирок чек арадан өтүп болгондон кийин азапка азап кошулду. Мен ажынын жүктөрүн сак-саламат өткөзүшүп берүүнү мүчөлөрүмө насаат кылдым. Алар да колдошуп, буюмдарын өткөрүп беришти. Анын бардык берметтерин группабыздагы аялдар моюндарына тагышып, өткөрүп беришти. Бирок мен санап, өлчөп, өткөрүп албаган берметти ажы менден санап, өткөрүп алып, көзүн жарым жумуп наалый баштады.

– Кишинин акысы арам, менин беш кур берметим кемип калыптыр. Ким алган болсо ажысы кабыл болбосун! – деди ал, машинеде тикесинен туруп алып кыйкырып. Мен анын этегинен тарттым:

– Аялдарга катуу тиет ажы, тарткан зыяндарыңызды мен төлөп берейин, кыйкырбаңыз!

Ажынын айтканындай акча төлөдүм. Эчтеке эмес. Баары бир, сенин чөнтөгүңдөгү акча да башкалардыкы. Бирок ак көңүл адамдарды, айрыкча боорукер аялдарды ак жеринен каралоо мен сыяктуу «ынсап далалатчыларына» өзгөчө оор тиет экен. Калган сапар бою ажыга унчукпадым. Ага таарынып, намаз да окубадым, ал «Миң Теке» оозунан өткөндөн кийин эле кайрадан жанданды: насаат, сүрөө, адал-арам жөнүндөгү сөздөрү жолду катар бүткөн жок. Ошентип, бийик тоолордон, тик кыялардан, коркунучтуу суу жээктеринен аман-соо өтүп, Койилон – Гималай тоолорунун туташкан жериндеги Отен-Соз шаарына жетип келдик. Бул жерде биз Кашкардан алып келген шофёрлор менен кош айтышып, Пакистан машиналарына олтурдук. Мен башкалардын иши менен алек болуп жатып орун ээлебей калган экенмин, алдыңкы катардан мага алып койгон орунга ажы өз чемоданын коюп алыптыр. Мен үн-сөз жок эң артына барып олтурдум.

– Пахридин афендим, чемоданды алып таштап алдыдагы катарга отуруңуз, – деди Касым ордунан туруп, – чемодан арт жакта турса да боло берет.

– Жок, жок, Касым иним, машинанын арт жагы ээн экен, буту-колумду сунуп олтурайын! – ажы мени бир олурая карап койду.

Пакистандык күтүп алуучу – чокчо сакалдуу адам бизди шаардын сыртындагы дөңсөгө жайгашкан мечитке алып келди. Ушул учурда Насир ажы анча-мынча урду тилин билгендиги үчүн дароо алдыга чыкты. Мечиттин алдында ошол жердин акими, шаар башчылары бизди тосуп турушкан экен. Ар бир ажыга баруучу топтун жетекчилери мурда түшүп, аларды тосуп алуу жана жетекчилеринин мойнуна аса турган атайы чемберекти кабыл кыла турган сөзү бар экен. Мына ушул учурда Насир ажыга таң калдым. Мен арт жактан ордуман козголгончо ал жаш жигиттердей шыпылдап, кайдандыр чапанын, кооз селдесин чалынып, мартабалуу кебетеге келип, тосуп алуучулардын алдында пайда боло калды. Жана алар менен учурашты да чемберекти кабыл алып, мойнуна кийип алды. Бизге кенен залда бир идиштен ачык чүчүк жасалган кесме берди. Ажы төрдө, биз ылдыйда олтурдук.

– Пахридин афендим, биз сизди группанын жетекчиси кылып шайлаган элек, эмне үчүн ордуңузду тарттырып коёсуз?

– Сыйды ажыга өткөргөнүм туура, пейилди кенен кармайлы! – дедим мен чын ниетим менен ажыга кайыл болуп.

Жаштардын арасында уу-дуу боло түштү:

– Азабын сиз тартыңыз, жыргалын ал көрсүн!

– Жазасын сиз тартыңыз, ал барктуу болсун!

– Адалга сиз, арамга ал, ой, ажы болбой куруп кал!

– Койгула эми, кишинин көңүлүн оорута турган сөздөрдү сүйлөбөйлү!

Ажайып, бийик тоолорду ушул жерден көрдүм. Булуттардын үстүндө, асмандын астында турчу мындай карлуу, бийик чокуларды көргөн эмесмин. Ал жердин жолдоручу? Үстү жагың тик кыя, асты жагың күрпүлдөп аккан дарыя, көккө карасаң да, жерге карасаң да башың айланат. Пакистан шоферлоруна баракелде! Ушундай коркунучтуу, ийри-буйру жолдордон машинени түз жерде айдагандай айдайт экен. Алгач чочулап, анан акырын-акырын көндүм. Бирок ажы шоферлорду бирде уйгурча, бирде урдуча, бирде арабча, ал тургай кытайчалап сөгүп жатты. Ушунчалык каргады дейсиң, ажынын каргышы тийген болсо шоферлор небак күм-жам болор эле. Акыры арт жактан ажынын жанына келдим. Бул жолу ачуумду жашыра албадым:

– Ал сиздин жамаатыңыз эмес, чет элдик, тилиңизди бир аз тыйыңыз таксыр!

– Сен Пахридин, бизге өлүм тилейсиң, жаман ниет менен ушул сапарга чыккансың! – ал мени жеп жиберчүдөй олурайып карады. Мен анын эки жолу «сен» дегенине капа эмесмин. «Жаман ниеттүү» десе да мейли, бирок бизди тезирээк барар жерибизге жеткизиш үчүн кыйналып бара жаткан меймандос пакистандык шоферду «акырын жүрбөдүң» деп сөккөндүгү мага өтө оор сезилди. Чет элдик жакшы адамдын жакшы ниетине кара ниеттик менен оройлук кылган менин жердешим, менин уйгурум эмеспи? Буга адамдын кыжыры келбей коймок беле.

Сапар аяктады, биз түн ортосунда Равалыпынды менен Исламаваддын аралыгындагы жапжашыл, кунарлуу кара топуракка салынган «ажыканага» келип жайгаштык. Машиналардагы жүктөрдү экинчи кабаттагы жатаканаларга ташымак бир топ оор жумуш. Ажынын жүгүнүн канчалык көп экендигин мына ушул жерде билдим. Анын бардык жүгү беш-алты жүз килограмм болот. Эмнеге дегенде анын бирден бир жардамчысы болгон Пахридин афенди тердеп-кургап, чарчап-чаалыкканына карабастан анын бардык жүгүн ташып бербедиби.

Эмнеге ташыйсыз дейсизби? Унутуп калдыңбы, ал менин жердешим, уйгурум, мен анын жетекчисимин. Ажыкананын бөлмөсүндө эки желдеткич күркүрөп туруучу, шыпта болсо алты желдеткич шамалдатып, айланып тура турган жатаканалары, кара ундан жасалган челпеги, сүзмөсү, темир идиштерге куюп иче турган муздак суусу тез эле жолдогу бардык көңүлсүздүктөрдү унуттуруп жиберди. Менин жумушум жок, беш убак намазымды окуймун, Равалип пенденин Ражи базарына же болбосо Ислам-Абаддагы «Фаял» жамаасына барамын дагы пакистандык кирекечтердин коңуз кебетеленген, катуу отургучтуу, сырлары учкан машинелерине олтуруп алып рахаттанып сейил курамын. Ажыны дейсиңби? Ал киши беш убак намазын да ажыкана мечитине барбай эле жатаканада окуй салат да, ажыкананын сыртындагы «ажылар базарында» өзүнүн жибек буюмдары менен берметтерин жайып алып эртеден-кечке дейре соода кылат, куптандан кийин эле мага электрондук эсептөө машинасын карматат да бир күндүк сооданы эсептетет... Анын акчасы күндөн күнгө көбөйүүдө. Алып келген дүйнөсү бирге эки, ал тургай үч эсе менен сатылууда. Бирок ал баягысындай эле кардарларды сөгөт:

– Ой, пакистандык бит көздөр... – ажыга унаа, жатак тамакты да бекерге берген, анын үстүнө соодасына пайда келтирип жаткан пакистандарды сөккөндүгү үчүн өзүмчө кысылып-кымтына берем. Жемишке карагыла, эй, чайды жаңылагыла! Тамак даяр болгучакты сөзүмдү аяктайын, кандай дейсиңер эң сонун дейсиңби? Насир ажынын үстүнөн айтылган ушак болбосун, ооба. Үналгыны ажы угуп калса менин да, сенин да түбүңө жетет, билдиңби. Эмне закон, саясат дейсиңби? Билип койгун, ажы биз билбеген закон-саясаттарды биле турган киши. Ар аптада бир жолу ажыга жогору тараптан пикап келип турат, уксак, ал пикап ажыны закон үйрөнүү, мажилистерге апарат имиш. Азыр ажы ким? Ал – биздин журттун «пайгамбары».

Анын разылыгысыз кызды күйөөгө бералбайбыз, анын дубасы болбой туруп боюнда бар аялдар да төрөй албайт. Анын атына бир чоң мечит салынды. «Насир ажы мечити» деген, Пакистандагы файсал жамааты, Кашкардагы хетга жамааты, Үрүмчүдөгү Хантемири жамааты, Кулжадагы Байтулладай бардык адам билет. Бул мечиттин акчасын ажы чыгарган дейсиңби? Ошентип айтса да болот. Ажынын бир жумада китеп окугандыгы үчүн, бир дубасы менен биздин жерден Гуванжу, Бейжин, Шаңхайларга барып бай болуп кайткан соодагер дыйкандар менен айылыбызда завод курган, ар түркүн жумуштар менен байыган дыйкандар акча дегенди чачып ташташты. Бир эле соодагер эки жүз килем белек кылды дебейсиңби! Ушундай, акча соодагерден болгон менен, бата-сата Насир ажыдан болот да, андай болгон соң мечиттин аты да «Насир ажы мечити» болот да! Эмне, аңгеменин аягын угууга шашылып жатам дейсиңби? Макул анда, кай жерге келген элем, чын эле ажынын пакистандык кардарларды сөккөн жерине келбедим беле.

Ошол бир күнкү эсептен эле ажы отуз сегиз миң урупийге буюм сатып, жыйырма миң урупий пайда тапкан. Ажы ошол күндөн тартып акчасын мага эсептетпес болуп калды. Түн ичинде тердеп-тепчип келет да, куптанды шашып окуйт, желдеткичти коюп алып коңурукту кош тартып кирет. Ислам-Абад аэропортуна бара турган күнү эле ажынын мага сүйлөгөнүн уктум. Ал кубанган түрдө, татынакай кийинип алып ажы тууралуу сабак өтө баштады.

– Мекеде окуган бир ирекет намаз башка жерде окуган жетимиш миң ирекет намазга тете. Ажы болуу деген сөз кудайдын жолунда дербиш болуу деген сөз. Көрдүңүзбү, биздин напсиси араандай ачылган ажыларыбыз чемодан-сумкаларына эмнелерди толтуруп алган. Сиздин да сумкаңыз томпоёт да, хи, хи... минтип напсиңизди бузсаңыз ажыңыз кабыл болбойт, афендим. Мына, мен кичинекей сумка менен...

Мен анын канчалык буюмду Америка долларына айландырып болгондугун билбеген болсом, анын буюмунун баарынан көп экендигине күбө болбогонумда, балким, ага анча деле капаланбас элем, бирок айтпай коюуга болбоду. Кимдин туура, кимдин туура эместигине өкүм чыгаруучу бенде эмес алла тааланын өзү, таксыр! Лашаракалак! Мына ушул бир ооз сөз менен ажыны иренжитип койдум. Биз аябагандай чоң самолёт менен Ислам-Абаддан Карачига бардык. Карачида эс алып, дагы ошондой самолёт менен кызыл деңиздин үстүнөн учуп өтүп, арап жарым аралы үстүнөн туура кесип арап колтугунун боюна жайгашкан Жидде шаарына келдик. Бул сапарда ажы экөөбүз жанаша отурдук. Бирок ажы мага сөз айтмак тургай карап да койбоду. Жидди аэропортунун текшерүү бөлмөсүндө арап кызматкерлери менин чемоданымды ачып, аябай катуу текшерди. Жанымда турган ажы уйгурча «турки тилде диванины» «лугат» деп которуп берүүгө да макул болбоду... Биз мекке шаарына түштөн мурда жетип келдик. Мен «Мусфила» көчөсүнөн өтө кыйынчылык менен бир бөлмөлүү үйдү ижарага алдым. Ажыны ошондон тартып жоготуп койдум. Кучар-Абад, Кашкар-Абад, Котан-Рабадга да ажыны издеп бардым. Бирок ажынын дарегин биле албадым. Тек гана арафат күнү эле биз минадагы чатырлардан орун алган түнү ажыны тоок эти менен басылган палоону жеп жатканда көрүп калдым.

– Ассалом алейкум, ажым.

– Валлейкум атсалам, атсаллому алейкум!

– Кайда жүрөсүз, ажым?

– Келген күндөн тартып күнү-түнү дебей меккеде болдум...

– Афендим, мен да келген күнү эле меккеге барып эки ирекет намаз окуп, кабаны жети айландым. Сафа марваны жети жолу чуркап айланып табап эттим. Чачымды алдырып, жуунуп, ихрамдан чыгып кийимимди кийип алдым. Бирок ажы сиз кабанын жумшак килем салынган муздак суусу өксүбөгөн койнунда күнү-түнү жатып-туруп кургак нан менен суу ичип ибадат кылган экенсиз да.

– Жатактын акысын төлөгөндөн качканда! – деди Касым кулагыма шыбырап, – жыйырма миң Америка доллары менен келген адам бир бөлмөнү ижарага алса болбойт беле. Көрчү, кары текедей коңурсуп жыттанып келиптир кырс ажы десе.

– Антип жаман айтпагын Касым, сен парызды аткаруу үчүн арафатка бет алган ажысың.

Арафат күнү миллиондогон адамдар өз өлкөлөрү боюнча топтошуп, колтукташа кол кармашып, өз өлкөсүнүн желегинин астында арафат майданына басышат экен. Машина, жөө адамдар тобу быкылдайт, мен өмүрүмдө мынча көп адамдардын кайнарын көрбөгөнмүн. Күн ушунчалык ысык дейсиң, элүү градустан жогору. Бирок суу менен муз кеңири. Менин көздөрүм ушунчалык көп адамдардын арасынан ажыны издейт. Ажы эч жерден көрүнбөдү. Биз, бир күн ушул таштуу сайда сыйынып олтурдук. Көңүлүм бир кудайдан башка эч нерсеге сыйынбады. Мен күнөөлөрүм үчүн кечирим сурадым, өзүмдүн тилектеримди баян эттим. Күнөөлөрүм үчүн кудайдан кечирим сурап жатып ажыны эстедим. Эмне үчүн ал киши эсиме түшкөндүгү өзүмө дагы белгисиз, иши кылып ал эсиме келди. Дал ошол кезде нечен миңдеген бата тилек кылган адамдардын арасынан ажынын үнүн угуп калдым. Кандайча таанып калгандыгымды да айта албайм. Ажы таштакка тизелей олтуруп алып эки алаканын башынан бийик көтөрүп алып ыйлап, бата кылып жаткан экен, ал үнүнүн баарынча кыйкырып:

– Ээ, кудай, куда-ай! – деп кыйкырганы, озондоп өкүргөнү, ошол кездеги көздөрүнүн жумулуп, сакалынын титирегени ихрамдын ичинен жарым жылаңач көрүнүп турган терилери бошогон, ылай, топурак болгон денеси алиге дейре көз алдымда. Ошондо ажыга ачбай боорум ооруду. Мен анын бардык жагымсыз аракеттерин унутуп, ажы үчүн кудайдан кечирим, кайрымдуулук сурадым. Ошондон кийин ажыны көргөнүм жок. Биз, Саудия арапстандагы ажылык парзын аткарып ишибизди аяктап, топ-топко бөлүнүп, келген жолубуз менен Пакистанга кайттык. Жолдо келе жатып жанымда олтурган Аматжан менен Касымжан:

– Насир ажы дагы меккеде калса керек, угушума караганда Кейибиге кириптир го? – деп сурадым. Аматжан Касымга карап:

– Айта бергин, Касым ажы эмнелерди жасаганын, – деди күлүп.

– Сен айтпайсыңбы, шериктеши, оокат жасаган соодагер болгон соң...

– Афендим, ажы Кейибиде калган жок, ал азыр Пакистанда, – деди Аматжан какшык аралаш күлүп коюп, – ал жыйырма таңгак буюм, он таңгак бөртмө жоолук менен кешмир жоолукту почтага салып, өзү менен бир топ жүк ала кетти.

– Мындан бөлөк оокаттарды да алганын өзүм көрдүм, – деп кошумчалады касым. Мен Мусифла көчөсүндөгү Сауди арапстан букаралыгына өткөн уйгур дүкөнчүлөрдөн ошондой топ-топ буюмдарды алып жаткан соодагерлерди көп эле көрдүм, бирок ажыдай алган эч кимди көрбөдүм.

– Эмне, ишенбейсиңби агай? – деди Касым күлүп, – Ал бардык буюмун меккеден эмес Мадина шаарынан алды. Ошол жерден почтага салды. Эмне үчүн бизден мурда кетти дейсизби? Агай, сиз өтө эле көңүлүңүз түз адамсыз да, ал калган жүгүн Пакистандан алат. Ал, азыркы кезде сөзсүз Равалпиндеги Кашкар Ховузда жатып-туруп, Ражи базардан арзан товарларды алып почта аркылуу жөнөтүү менен алек болуп жүрсө керек. Ал ажы эмес эле соодагер!

– Касым, ажыны көп эле жамандай бербечи, ал экинчи жолу ажыга барып келе жатат, биринчи жолу ажыга барып ажылык атына так түшүрүп алгандыктан, бул жолу кудайдан күнөөлөрүн кечирүү үчүн кечирим сурап, экинчи жолу ажыга келген адам. Анын анча-мынча акча табууга аракет жасаганына келсек, ал, акчаны соопчулук ишке жумшамакчы, өзү ушинтип айтты, – деди.

Биздин маегибиз тез эле бүтүп калды. Бирок менин ажы жөнүндөгү ой-кыялдарым бүткөнү жок, жолдо катар ажы жөнүндө ойлондум: Биздин кадыр-барктуу адамдарыбыздын бардыгы тең ажы сыяктуу элди да, кудайды да алдай турган суу жукпастарга айлана турган болсо, биз сыяктууларды, айрыкча ак көңүл, кой оозунан чөп албаган момундарды ким коргойт? Момундар дайыма каккы-соккудан алыс боло албайт, аларды коргоо нандай зарыл. Беш парздай өтө керек! Пакистандагы ажыкана ажылар менен толду. Бирок азыр бул жерде жаагын жанган радио, ары-бери чуркап турган узун кийимчен кызматчылар, дарбазанын эки тарабындагы ажылардын базарлары да жок. Бул жер ээнсиреп калган. Биздин ажыларыбыздын арты үзүлбөй, кирип-чыгып жаткан жүгүн ташый турган кире машиналарынан башка машиналар да жок. Мен бул шаардан да Насир ажыны таба албадым. Ээ кудурет, адам баласы, далай кызыктарды көрөт тура!

Биз Пакистандан машиналар менен жолго чыктык. Почтадан ала турган жүгү жок ажы болгондуктан мен мурда кетчүлөрдүн катарына кошулдум. Калгандары жүгүн сактап ажыканада калышты. Биз күн батар маалда Миң-Текенин оозуна жетип келдик. Бизди бул жерден бир-бирден текшерет, баарыбыз буюмдарыбыз менен короого чогулдук, ал жерде аттарыбызды окуп, текшерүү залына бирден киребиз. Мен ушул текшерүү залында ажыны көрүп калдым. Ажы Пакистандан арзан баада (кытай акчасына 10–15 иван) сатып алган чет элдик пальтосу менен келбеттүү көрүндү, сакалын кыска кырктырып, башына шляпа кийип, чыныгы «дипломат» кебетесине кирип алыптыр. Ал бир жигиттин кулагына шыбырап коюп, мага олурая карап олтурган эле:

– Бар болгону ушул эле бир чемодан, бир эле сумкабы? – таможный кызматкери менден сыпаа сурады.

– Жүгү аз болгону менен алтыны көп да! – деди ажы, мени кудум алгач ирет көрүп жаткансып үнүн буза сүйлөп, – менин болжолумча бул адамдын акчасы, көп балдары бар. Бул киши сегиз миң Америка доллары менен чет элге барган, эки миң доллар ажылык ыгымчыгымга кеткен болсо да алты миң долларлык буюм алып кайтты.

– Кана афендим, алган саат жана шуруларды столго өзүңүз коюңуз!

Мен чемодан менен сумкамды ачтым да бардык буюмумду үстөлдүн үстүнө жайдым. Балдарыма алган майда-чүйдө белектерден башка эч нерсе чыкпаган соң таможный кызматкери – жаш сулуу сымак жигит ажыга жаман көзү менен карап койду.

– Сиз бизге жардам беремин деп убара болбосоңуз да болмок ажы, биз кимди кандай текшерүү өзүбүз билет элек!

– Андай дебегин, уулум! – деди ажы оор басырыктуулук менен, – мен өкүмөттүн пайдасы үчүн иш жасаймын, силерде да антип-минтип жүктү өткөрүп жиберчүлөр бар, ажылардын арасында да билгизбей, алаксытып иш жасай тургандары да толуп жатат. Сиз менин ким экендигимди билесиз, мен өкүмөттүн да, элдин да өкүлүмүн!

Анын «өкүл» болуп алып ажылардын арасындагы соодагерлерди таможный кызматкерлерине бир-бирден «тааныштырып», эселеп баш төлөткөндүгү үчүн мындай кордуктан ыйлап, эси ооп калгандарды көрүп кубангандыгы менин жинимди келтирбеди, мени кыжырландырганы саламымды алик албай мени «алтын соодагери» деп таможный кызматкерлерине тааныштыргандыгы болду. Демек, ал мага жалаа жапкан экен, башкаларды да жалаа менен зыянга учуратышы айдан ачык эмеспи. Өзүмдүн жердешим, өзүмдүн уйгурум боло туруп бирөөлөргө зыян келтиргендиги мени айрыкча кейишке алды. Айрымдар аба жетишпестиктен, суусагандыктан, налогдун оорлугунан ооруп кыйналышты. Ал тургай эсинен танышты. Мен болсом ажынын кара ниеттигинен санаам санга бөлүнүп ооруп, төшөккө жатып калдым.

Биздин элибиз, өзгөчө журт аксакалдары бир канча күндөн кийин ажынын этегине көздөрүн сүртүп, сөздөрүн тумар кылып моюндарына тагып алышат. Ажы болсо бирде керсейип, бирде бечара болуп, бирде каада күтүп, бирде өрмөлөп, бирде кең пейил мээримдүү, а бирде болсо залим, жалакор, кара ниет, кара мүртөс, кудайга шек келтире турган адам пенделерге жакшылык жасачу беле? – деп ойлой кетсем жүрөгүм сыздай түшөт. Бүткөн денем жалбырттап, чыдабай кетем. Бүгүн менин ойлогондорумдай болуп жатат. Биздин жамаат азыр Насир ажыны башына көтөрүп алышты. Ажыга баруу, ажылык тилекке жетишүү, азыр элим үчүн улуу иш. Мен мына ошол үчүн элибиздин эч нерсени билбей эле бир адамдын ажы деген наамы менен селдесине чокунуп жаткандыгы үчүн кейий берем.

Миң-Текеде же жатак, же ашкана, же суу жок. Айланасындагы дөбөлөр аппак кар-муз тоңгон тоонун суусунан аргасыздан даарат алып, эшикте 5 убакыт намаз окуп, суук чатырларда кысталышып жатабыз. Ажылардын көпчүлүгү көп жүк менен чек арадан өткөндүгү үчүн алар арбын налог төлөшкөн. Мен алардын налогго чыдабастан ажылыкты каргагандыгын угуп чыдап олтурам. Айрыкча жаш ажылар менен ата-эне, урук-туугандары алдыларынан тосуп чыккан жаштардын оозу ачылды.

Налог кызматкери беш миң көй налог төлөйсүң десе, Насир ажы налог алуучу кызматкерге:

– Сен эмне үчүн булардын буюмдарын санап-өлчөп көрбөйсүң? Сени жогору тарапка чагым салам, – деп коркутуп, бардык каптарымды чечкизди. Жок жеринен карап туруп эле жыйырма үч миң көй төлөттүрдү. Ууру ажы он жети миң көй мага зыян келтирди!

– Мага он эки миң көй!

– Мага отуз беш миң көй.

– Мага он эки миң көй!

– Өзү канча налог төлөдү болду экен, ууру?

– Анын кызматын сыйлап налогду албастыр!
– Таможныйдагылар да андан аша кечиптир.

– Кутулуу үчүн андан налог албаса албай коёт!

– Тообасы да бар, айбаты да бар, дооматы да бар.

– Ыйы да бар, чыры да бар!

– Кантип, үйүнө баргандачы?

– Башында селде, колунда теспе, оозунда иман, койнунда котур таш, оозунда келме. Касым менен Аматжан заматтын ортосунда Насир ажы тууралуу бир саптан ыр чыгарышыптыр. Мен унчукпадым, ошондон кийин Насир ажыны көрбөдүм. Эртең менен биз Кашкарды карап жолго чыктык, ажыга жолугуп калбайын деп Кашкарда да көпкө турбадым. Ачуум кичине тараганда, ажы менден бир ай кийин кайтып келди. Аны эл-журт төрт машине менен шаарга барып, салтанаттуу тосуп алып, махалага алып келишти. Касымдын айтышынча ал бул жолу эң эле көп акча, жүк менен келиптир. Уулуна, келинине шаарга, ооданга дүкөн ачып бериптир. Алардын дүкөндөрү буюмдарынын көптүгү жана ар түрдүүлүгү менен башка дүкөндөрдөн өзгөчөлөнүп турат имиш.

Эмне, ал эми чыныгы ажы болду дейсиңби? Шылдыңдап жатасың ээ? Рас, мен азыр «алтын соодагери» деген атка кондум. Мени «соодагер ажым», «зергер ажым» деп атагандар да көбөйүүдө. Насир ажынын биринчи жакшылыгы мына ушул, балам! Бул жалаа, бирок чынга айланган жалаа. Эмне үчүн дейсиңби? «Уулу» адамдардын жалаалары оңой эле чынга айланып кетет. Биздин чын сөздөрүбүзчү? Тескерисинче, тез эле ушакка айланат. «Жеңиштүү» ажы жөнүндөгү «ушактарды» бүтүрөйүн, анын этегин өбүш үчүн үймөлөктөшүп жүрүшкөн көпчүлүк бул ушактарды угушса, мени жаңкы «алтын соодасын» жасаган «кылмышым» менен кошо жазалап коюшат. Мен кудайдан коркомун, элден, закондон коркомун. Мен Насир «ажы» сыяктуу экинчи ирет ажыга барып күнөөдөн кутула албаймын.

1988-жыл 31-декабрь, Үрүмчү

Которгон Абдылда КАРАСАРТОВ

[1] Кижаң – бөлүм башчысы.

[2] Босо - тамактын түрү.

[3] Көй – акча бирдиги.

[4] Иван – бул да акча бирдиги.

[5] Танжаң – (туванжаң) топтун жетекчиси.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз