Жеякантан Дандапани: Бөтөн кайгы

  • 21.02.2022
  • 3439

АҢГЕМЕ

Бул полицей бир эле суроо үчүн үймө үй кыдырып жүрдү.

– Кара шым, ак көйнөкчөн он жаштардагы уулуңуз жок беле?

Баардык кирген үйлөрдөн «жок» деген жооптуу укса да тажабай кыдыра берди. Кезектеги үй ээси дароо айтты:

– Бар, бар! Эмне болду? Кайда экен?

Короого он жаштардагы бала жүгүрүп келип, полицейди көргөндө арсарсып токтоп калды.

– Бери жакынырак кел, – деди энеси.

– Барбайм! – деп кыйкырган бала качып жөнөдү.

– Сени жеп жибермек беле, кел дейм!

Полицей жеңилденгенсип улутунду.

– Жөн коюңуз. Ойной берсин. Көпүрөнүн жанында бир бала машине алдында калыптыр. Мен ошол баланын үйүн издеп жүрөм.

– О жараткан! Деги аман бекен?

– Сиз өз балаңыздын амандыгына шүгүр деңиз. Мындан ары да жакшылап көз салыңыз.

Полицей эмнегедир нааразы болгондой колун шилтеп басып кетти.

Дагы бир үйгө барды.

– Он жаш чамасындагы балаңыз жокпу?

– Дегеле эркек балабыз жок, – деди үй ээси.

«Бактыңар бар экен» деп койду ичинен. Кийинки үйгө келгенде тепкичке бираз тыныгып, чеке терин сүрүндү. «Баланын энеси ушул үйдө болбосо экен» деп тиледи. Анан издөөнү токтотуп, жумушуна кетип калгысы келди. Бирок канга боёлгон баланын денеси көзүнө тартылганда, бул оюнан дароо баш тартты. «Болуптур, – деп ойлоду ал, – мен издебей эле кетип калайын, а байкуш энеси кантет? Жок дегенде чүрпөсүн акыркы ирет бир жолу бооруна кучактап алсын. Тогуз ай көтөрүп, ак сүтүн эмизип, эми минтип заматта ажырап калганын көрчү. Теңирим адам баласына өмүр берип, аны кайра алганы кандай? Баарынан да балдарга таш боордук жасаганын карачы. Кой, теңирим жөнүндө мындай ойлогон болбойт, күнөөгө батам. А тиги бала чымчыктай учуп келатпады беле. Колунда балмуздак бар болчу. Анын кыйкырыгы чыкканда көзүмдү чылк жумуп жибердим. Тоңширесин жегенге да үлгүрбөптүр, байкуш десе».

Жакында полициянын аянтына эки чымчык учуп кириптир. Эркеги ургаачысын эркелетип, өтө эле назик көңүл бөлдү. Анан ургаачысы бир нерседен чочудубу, «пырр» этип учуп кетти. Эркеги артынан учам деп, желдеткичтин калагына урунуп, жерге топ дей түштү. Инспектор чымчыкты көтөргөндө, эчак жаны үзүлүп кетиптир. «Адамдар да ушундай, алды-артын карабай, урунуп-беринип жүрүп, бир күнү кете берет» деди ал.

Полицей көпкө дейре ойлонуп отурду. Ойдон арылып, башын көтөргөндө гана жанында бала эмизип отурган жаш келин көрүндү.

– Суу берип койчу, – деди келинге.

Келин ордунан туруп, үйдөн суу алып чыкты. Наристе көзүн жумуп алып, рахаттана эмип жатты. «Кокус жанагы баланын энеси ушул болуп жүрбөсүн?» деп ойлоп алып, өзү коркуп кетти. Бирок келин өтө жаш көрүндү ага.

– Биринчи балаңарбы?

– Жок, дагы үчөө бар, бул төртүнчүсү.

– А улуусу кайда?

– Мектепке кеткен.

– Көйнөгү кандай эле?

– Ак көйнөк, кара шымчан… Мектеби ушундай талап кылып атпайбы.

– Мектепке көпүрө аркылуу барабы?

– Жок, анын мектеби башка тарапта. Бирок ал көп жерге барганды жакшы көрөт. Канча урушсам да болбойт. Анан кудайдын куттуу күнү «балмуздак жейм, балмуздак жейм» дегенин койбойт. Бүгүн да кыңкылдаганынан акча бербей койдум эле, баарыбир алып кетиптир. Артынан «бүгүн үйгө келбе!» деп кыйкырып кала бердим.

– Балдарга анчалык катуу болуштун кереги жок, – деди полицей. Ал башын ылдый салып, көз жашын жашырды. «Тагдырдан качып кутула албайсың, баарыбир ачыгын айтышым керек» деп ойлоду.

– Көпүрөнүн жанында бир бала машине алдында калып өлүптүр. Барып көр, мүмкүн сенин балаңдыр.

– О кокуй! Раджа! Ошол, ошол…

Анын ачуу чаңырганы айлананы жаңыртты. Наристесин бооруна бекем кысып, акылдан адашкансып, көпүрөнү көздөй жүгүрүп жөнөдү.

Кырсык болгон жерге эл чогулуп калыптыр. Көпчүлүгү окуя кандай болгонун айтып түгөтө албай атышты.

– Эмне болду? – дейт бирөө.

– Бир кичинекей бала машиненин алдында калыптыр, – дейт экинчиси.

– Кандай экен?

– Кандай, кандай болмок эле?.. Эми доктурдун кереги жок болуп калды.

– Шоопурдун көзү жок немеби? Өзүн тепсетиш керек эле, – деп бирөө кыйкырат.

Аял топтошкон элдин ичине жулунуп киргенин полицей алыстан көрүп, өзү да тезирек жетип келди. Аял өлгөн баланы көпкө чейин тиктеди да, кыйладан кийин сүйүнүчтөн чыккан көз жашын жашыра албай күбүрөп атты:

– Ал эмес, ал эмес. Менин Раджам эмес.

Көтөрүп жүргөн баласын сооротуп, үйү тарапка бет алды. Ангыча алдынан полицейди көрө койду:

– Менин балам эмес, менин балам эмес… – деди да, кудайга жалынып жөнөй берди.

Таңгалган полицейдин көздөрү чанагынан чыкты. «Бул өзү деле эне эмес! Ушундай жерде, ушунчалык да кубанабы?! Өлгөн баланын энесинин  акыбалын ойлогон жок такыр. Бөтөн кайгы эчкимди ойлонтпойбу? Энелик боорукерлик кайда? Ооба, бөтөн кайгы, бөтөн кайгы болот тура».

Которгон Эркин БАЙБОСУН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз