Өзбек жазуучусу Холиёр Сафаровдун чакан аңгемелери

  • 10.11.2023
  • 2724

ЭНЕ

Мектептен келе жатып тайгалак жерге жыгылган мугалим эжеке көп убактан бери үйдө эки буту гипсте жатат. Турайын десе туралбайт, отурайын десе отуралбайт - жөн эле жатып калган. Эшикке чыгам десе күйөөсү же улуу балдарынын жардамы менен ордунан турат.

Кийинки күндөрү тажадым, эрмек болсун деп эки жашар баласын бала бакчага да берген эмес. Бардыгы жумушка, окууга кетет. Үйдө жалгыз бейтап эне жана жаш бала. Бала апасы үчүн эрмек да, тестиер да. Тигини алып бер, муну ордуна жеткир деп жумшап отурат. Түшкө чейин абал ушундай. Эне менен бала бири-бирин жубатып күн өткөрүшөт. Баласынын имерчиктеп жумушту аткарганына шыктанганынан ал денесиндеги ооруну унуткандай болот.

– Садагам менин! Ананайын! – баласын жанына жаткырып коюп апасы аны эркелейт. Бетинен өөп, чачтарын сылайт. – Жаным менин...

Көп кабаттуу үйлөрдүн бөлмөлөрү тар. Бетон үйдөгү бул тар бөлмөнү жылытуу да кыйын. Гипсте жаткан адам ысык күндө да үшүйт. Эне бөлмөнүн бир жагына спираль плитаны розеткага сайып койгон. Болбогондо сууктун заарын алат.

Баласы оюнчуктары менен ойноп жаткан эле, телевизордон спорттук оюндар көрсөтүлө баштады. Оюндан алаксып, экранды тиктеп калды, бир маалда секирип ордунан тура калып, спортчуларды туурадыбы же буга чейин бир-эки жолу жасаган көнүгүүсүн кайталамакчы болдубу, айтор, башын жерге салып, тоңкочук атты. Бирок анын чаңырган ачуу үнүнөн апасы эсин жоготту, баласынын буту плитанын үстүнө тийип, күйгөн эле.

Апасы ордунан кантип турганын, үйдүн бурчундагы плитанын жанына кантип барганын, уулунун күйүп жаткан байпагын кантип чечкенин билбейт. Билгени – уулун кучактап, чекесинен өпкүлөп, сооротту, өзүнүн болсо эки буту мурункудай зыркырап ооруп жатат... Гипс жылып кетти окшойт... Эми күйөөсү келип ордуна өткөрүп коймоюнча ушул абалда онтолоп отурат...

ЭРДИН УРМАТЫ

Аял түнү бою ыйлаган небереси менен келинин ээрчитип, ооруканага барууну чечти. Бактына, кайниси үйдө экен, аларды машинеде заматта шаарга жеткирди, бирок эми  чилдеси чыккан наристе чырылдап апасына да, чоң энесине да көнбөй, өзүн артка таштап ыйлап жатты. Өчөшкөндөй, дарыгердин кабыл алуусунда да адамдар көп экен. Келин эмне кыларын билбей, баланы бооруна басып, назик үн менен эркелетип сооротууга, эмизүүгө да аракет кылды, бирок наристенин ыйы токтогон жок.

– Мага бер, келин, – кайненеси ымыркайды колуна алды.

– Ой, садагам менин. Кел, жаным. Ой, ой, сен балага эмне болду? Сенин жаның ооруганча, менин жаным ооруса болбойт беле? Сени ушинтип кыйнаган мендей энеге наалат, балам. Атаңа эмне дейм эми?

Кайнене сооротуу үчүн өзү менен өзү сүйлөшүп, небересин кучактап, коридордун бир четинен экинчи четине чейин баса баштады. Аял шашканынан, жоолугун да жакшы орогон эмес экен. Башында бир тарапка кыйшайып калыптыр. Көңүл бурган жок. Карап турган келинине: «Бир аз отура тур. Сени да кыйнады бул бала», – деди. Анан кезек күтүп тургандардын алдына барды.

– Садага болоюндар, уруксат бергиле, биз кирели. Балам түнү менен ыйлады, эч көндүрө албай жатабыз.

— Мен да эрте менен кезекте турам, эжеке, — деп жооп берди бир аял.

Анын артында өзүнө тең курактагы аял да небересин көтөрүп турган эле, анын ичи ачыды.

— Мейли, биздин ордубузга кириңиз. Байкуш наристе кыйналып кетти.

Артында турган аялдын сөзүнөн уялган жаш келин кечирим сурап, кезегин берди.

— Макул. Кириңиз, — деди акыры.

— Ыракмат, карындашым. Өмүрүңө береке берсин. Ылайым, балдарыңдын ыракатын көр.

Кайнене ага ыраазычылык билдирип, келини менен ичкериге кирди. Аларды карап турган кайнисин да чакырды.

— Сиз да кириңиз. Биз врачтын сөзүнө түшүнбөйбүз.

Алар бири-бирин ээрчишип врачтын алдына киришти. Дарыгер баланын жүрөгүнүн согушун жана дем алуусун текшерди. Курсагын сылап, басып көрдү.

— Курсагында жел бар, ашказаны бузулган, – деди – Эмчек эмеби?

— Ооба, эмет, – келиндин ордуна кайненеси жооп берди. — Бирок сүтү аз болгону үчүн күнүнө эки-үч маал кошумча сүт беребиз.

— Кандай сүт бересиз?

— Дүкөндүн сүтүнөн, – ал пакеттеги сүттүн атын эстей албады. — Аз-аздан беребиз.

– Ошол сүттү бербеңиз. Келиндин өзү көбүрөк эмизсин. Азыр деле эмизсин. Жакшылап тамактансын. Мен дары жазып берем. Аны аласыз, ашказаны айыгып кеткенден кийин, дагы кайра алып келиңиздер.

Врач алакандай кагазга бир нерселерди жаза баштады.

— Ымыркайдын аты ким?

— Аты Дилшод.

— Фамилиясы ким?

— Фамилиясы... – аял кайнисине карап — Сиз айтыңыз.

Таң калып турган кайниси окшош болсо керек деп өзүнүн фамилиясын айтты.

– Жок, бул киши чоң атаңыздын атына коюлган. Мен ар дайым фамилияны жаздыруу учурунда өтө кыжалат болом да.

– Ой... – кайниси эми түшүндү. – Рустамов.

Аларды карап турган дарыгердин денеси чымырап кетти. Кыска кыркылган чачынын ортосунан башталган калтырагы анын таманына чейин барды. Кайтып, найза сыяктуу жүрөгүнө сайылды. Анын күйөөсүнүн аты да Рустам.

Курбуларына окшоп ал да күйөөсүнүн атын толук айтат, эч кыжалат болбойт, буга тили да, дили да үйрөнгөн, азырак сеп этип келсе же эртең менен берген тапшырмасын аткарбаса, эч жерде иштебеген бошоң күйөөсүн жемелеп койбойт. Ачууланганда көз кызарат, ачуу басылганда жүз кызарат. Ачуусу келгенде ал «Сага тийип эмне көрдүм?» деп тилине эрк берет. «Сени мен багып отурам, тапканымды заарыңа жеп жүрөсүң го», – деп бетине айткан учурлары да көп болгон, бирок күйөөсү унчукпайт. Аны сүйүп алган. Өзү бышырган аш.

Дарыгер наристенин атын жазып жатып, ушулар жөнүндө ойго батты, анан аялдан сурады:

– Эже, күйөөңүз эмне кылат?

– Кожоюнумбу? – аял назик жылмайды. — Ал киши чабан. Күнү-түнү ээн талаада жүрөт.

Дарыгер аял денесиндеги титирөөнү сездирбөө үчүн ак кагазды кычыратып, баланын сакайып кетиши үчүн керектүү дарылардын атын жаза баштады.

Өзбекчеден которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

Холиёр САФАРОВ – 1983-жылы 21-февралда Кашкадарыя облусунун Чыракчы районундагы Айритом айылында туулган. 2005-жылы Самарканд мамлекеттик университетинин өзбек филологиясы факультетин бүтүргөн. 2003-жылдан “Эрудит” чыгармачылык борборунда, 2008–2019-жылдары “Бекажон” гезитинде жооптуу катчы, редактордун орун басары жана редактору болуп иштеген. Өзбекстандын эл жазуучусу – Өткүр Хашимов менен Тахир Маликтин батасын алган жазуучу. Учурда “Узбекистон тарихи” (“Өзбекстан тарыхы”) телеканалында улук редактор болуп иштейт.

Анын “Ай батпаган түндөр” (2010), “Канатсыз куштар” (2015), “Намыс жана жашоо” (2019) аттуу китептери жарык көргөн.

Өзбекстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз