Атахан Кожогулов: Кош көзүмдүн карегиндей көрүндүң

  • 26.02.2022
  • 3416

*     *     *

Ырларымда буурулдай туяк кагам,
Болуп агып мөпмөлтүр булак тарам.
Асман-Жердей ааламды ырга салган,
Жеңижоктун жүрөгү сыяктанам!

Көзүм жумсам, көпкөк бир көл көрөмүн,
Көпкөк көлдө балыктар өрдөгөнүн.
Ак канаттуу ыр издеп бара жаткан,
Алыкулдун баласы өңдөнөмүн!

ӨСКӨН АЙЫЛ

Сабын бузбай учуп барат куштарың,
Сезимимде келет жүзүң ай-чырай.
Тиктеп турам Кара-Тоонун учтарын,
Төрөгелди баатыр түшө калчудай!

Сол жагыңда, сайың агып шылдырап,
Оң тарабың тоо этектеп суналат.
Тал-терегиң бир жагымдуу ыр курап,
Тамырың бүт улуу тоодон куралат.

Тоо, сууларга балалык ыр жазылып,
Таңдан кечке биз чаң болуп ойнодук.
Асыл айлым көчөңдө мен шашылып,
Деле жүрөм Турат досум ойготуп.

Токойуңда толгон куштар безенеп,
Таңда дайым турган өңдү чакырып.
Сен жөнүндө түштөрүмдү жетелеп
Сага жөнөйм, асыл айлым ашыгып.

Айлым десем өчкөн шамым жандырам,
Ак-тилектен коломтомо ой калайм.
Молдо Кылыч тосуп чыгып алдымдан,
мага калем берүүчүдөй жол карайм.

Аппак таңда жол бетинде жаңырып,
Айлым көздөй тарта берет бир агым.
Күмбөзүндө кырк чоро да зарыгып,
Кан-жолумду карагандай туямын!

Бар катарын бузбай учат куштарың,
Бир канаты жараланып айыккан.
Караан кылып Кара-Тоонун учтарын,
Карааныңды сагындым мен алыстан.

КЕЧТЕГИ ОЙ

Бүтүн дүйнөм бүлүнүп ээндегенде,
Ыйлап турсам келбедиң термегенге.
Өзөгүмдү өкүттү өрт аралап,
өзүмдү өзүм өлтүргүм келген эле.

Көчкөн журттай көбүнөн көңүл калып,
Кетти жылдар үлүшүн бөлүп алып.
Санаам калды коштогон үйүр болуп,
Сыр дайрадай мелтирейт өмүр агып.

Жоболоңдуу жазмыш да, куланганмын
Жарык дүйнө күнүңдү кыялбадым.
Жашым аарчып сапарда кубат болор,
Жаным сезди жаркыган кыраң барын.

Жерден боорум көтөрүп куланганмын,
Жашыл аалам тоо-сууңду кыялбадым.
Алыстардан тигилип тургандайсың,
Алоолонуп, эстетип кумар барын.

Көңүл чөгүп көз жашым көлдөгөндө,
Караан калгыр сарсанаа эрмек эле.
Өкүт өмүр, жарыгың жалгандыр деп,
өзүмдү өзүм өлтүргүм келген эле.

*     *     *

Оомал-төкмөл караңгысың, жарыксың
Оо, улуу күн жүрөгүмдү талыттың.
Өз энемди жаштайында алсаң да,
Чоң-Энемди алжыганча карыттың!

Аппак тоонун нары жагында баш багып,
Айтылбаган бир чындыктай кашкайып,
Бир касиет нур таратып жолума,
баратасың улуулука башталып!

Сени көргөн ушул дүйнө жолум нур,
Сүйүү берген, күйүү берген колуң нур.
Мекенимден алоолонуп чыккан күн,
Менин басып ага барар жолумдур.

Оомал-төкмөл караңгысың, жарыксың,
Ооруп туруп, сени көрүп айыктым.
Өз энеме кырктай кырчын жаш берип,
Чоң-Энеме жүз жаш берип карыттың!

ОРУСТУН АТАКТУУ АКЫНЫ
Сергей Есенинге

Көпөлөктүн канатындай кагылып,
кереметин бул жарыктын көргөнгө,
бастың беле, бул жолдорду жаңылып
бул өмүрдүн ак, карасын бөлгөнгө.

Кайталангыс келдиң жолдо көшөрүп,
карегиң да, кайгы, муңдуу, армандуу.
Ырларыңда бир чындыкты көтөрүп,
ырларыңда жазалапсың жалганды!

Көрдүм сенден, бир чындыкты көрбөгөн,
кан-жолумдан ыр жетелеп жолуктуң.
Аруу таңда алаканың жел менен,
ак кайыңын сылап жатат орустун.

Куш сайраса кулагыңды түрөсүң,
куштай мукам, ырың окуп төгүлдүм.
Таңда туруп, токой, сууңду сүйөсүң,
тармал чачтуу буудайындай жериңдин.

Бар тапканын элге берген, колу кең
бийик болдуң, жапыстадың, чачылдың.
Талантыңа таазим этип орус эл,
тагдырың да, тармалындай чачыңдын.

Сырың айтып Шаганеңе берилип,
сүйүп коюп, Шахрезада перини,
Ырың жазып, шарап ичпей зеригип
сагындыңбы, токой сууңу, жериңи?!

Айылчылап келгендейсиң, ыр жазып
Ала-Тоодон шуудур этсе ак-кайың.
Сени менен улуу акын муңдашып
шарап ичтим, жакшы чыкпай жазганым!

Кулагымда. "Кошкун досум"- кебиң да...
көз алдыма күндөй чыгып келесиң.
Сезимиме бүлүк түшүп менин да,
сени эстедим, акын Сергей Есенин!

Омал-төкмөл, өмүрдүн жок жаңысы,
өлүм дагы келбейт экен жаңылып.
Акын боло албагандай баарысы,
ыр жазуу да, эмес экен жаңылык!

*     *     *

Жакын көрөм башынан Күндү өзүмө,
жүрөк недир тартылат бир кечине.
Кайрылбаган күздөгү куштай учуп,
кетет өмүр, жылт этип келбесине!

Жерди карайм кар жаткан, көктү карайм,
жылдар чубап жылгадан, оттү санаам.
Буурул тарткан, түпөйүл түнгө ээрчитип,
бир көрүнүп, көзүмдөн кетти караан.

Эңсөө келет өмүргө, танбай турган
элесиң бар тигилген, талдай кырдан.
Эссиз эркте, өнтөлөп келе берип
эртеңдерге тилегим шамдай сунгам.

Наристедей бөпөлөп турган ырым,
назын арнап, бергендей нур жалынын.
Аксаткандай кыялдын чалпоолугу,
азгыргандай, жолумдан бир жарыгың.

Келем чарчап, кусадан буюккандай,
карегимде күн-жолум унуткарбай.
Көкөлөтүп көктөмдү жаныма алып,
көчүп жүргүм бар менин булуттардай!

Көөлгүп тыптынч жаткандай көл өңүңдө,
кеткен күндө, калаарсың өнөрүмдө!
Тамчы суудай таңдайга тамаарың чын,
тирүүлүктүн соңуна келээримде!

Мезгил, мээриң мертинип кумарымда,
мен келгенсийм, буйруктун сынагында.
Сайрап куштай, багымда каларың чын
сапарымдын соңуна чыгарымда!

Карегимде үзүлүп үмүттөрүм,
кайчы тагдыр, касымдай бүлүккөнүм.
Канатына ырымды жазып алып,
кала берер күндөрүм, күлүктөрүм!

Ишенчи элем, энемдин төлгөсүнө,
ишенимдер, алыста келди эсиме.
Кайып куштай караанын үзүп бизден,
кетет өмүр бир күнү келбесине!

*     *     *

Сапардамын, канча көз карап турат,
сагынычымды ырларым кылат санат.
Буйга түшкөн бурганак жолдорумда,
белгисиз бир бакыт бар сыяктанат!

Алган батам ак-тилек жолдоп келет,
аян түшүм алдыны болжоп көрөт.
Карааны ыр, кайыптан бүткөн окшоп
каяктандыр касиет, колдоп келет.

Эзелтеден чубаган көчтү карап.
эрким эрксиз, жакынды, өздү танат.
Көкөлөтөм көңүлдү ак-шумкардай,
көргөндөймүн көзүңдү көктү карап.

Чыйралтыптыр, чымкый ак көңүлүң гүл,
чындыгымды ээрчиди төгүнүм бир!
Сүйгөндөймүн сүйүүнү, өмүр жетпес
билгендеймин өмүрдүн өңүрүн бир.

Качанкы ал, түшүрдүң кечти эсиме,
келе жатты жакындап, өрт көзүмө.
Кошкондоймун ырыма муңдун, муңун,
созгондоймун колумду жетпесиме!

Канжолдомун, канчалар турат карап,
кырды көздөй бет алып курак барат.
Биз кечирген тагдырдын маңызында,
белгисиз бир бакыт бар сыяктанат!

*     *     *

Шамал, шамал биздин жердин шамалы
Качанкы өткөн бабалардын аяны.
Шашып келип, сылап турчу саамайым
Шаабайым сууп, көздөн учту карааны!

Шамал, шамал ырың канча тыңдадым,
Шаң жолуңда бар эле го, бир жалын.
Улутунтуп эстетет да, сагынтат
Учурчудай болуп мени турганың.

Шамал, шамал жаралыпсың бир кенен
Шашып келем, айым, күнүм дүрбөлөң.
Караан болуп, бала күндөн ээрчитип,
Кайгымды да, кубанычымды билчи элең.

Алыс жерден демиң сезип токтодум,
Сапарымды коштоп жүргөн окшодуң.
Айланчыктап, кыш түнүндө боройлоп
Апам өлгөн күнү сен да боздодуң!

Апам жерге берген күнү буулуктум,
Айла таппай өзүмдү, өзүм унуттум.
Тууган-Жердин арка, белин аралап
Тулку боюм муздатпадың, жылыттың.

Жашым аарчып, жалынганың укпадым,
Жандап турган денең эле бүт жалын.
Кабышкан бул кабыргамды аймалап,
Кайгы, арманым бөлүшүп сен сыздадың.

Күн-өмүрдө эмнелерди көрбөдүм,
Күтүүсүз жол буруп кетсең көнбөдүм.
Шамшар бычак шарт кескендей тилиңди,
Шамалга окшош шашмалыгым бар менин!

Чаалыгып бир көздөн жашым төккөндө,
Чакырасың шамал соккон кечтерге.
Шарданыңда бир кылымды арытып,
Шамал болуп, ал дүйнөгө кетсем не!

КАРКЫРА САП

Бул өмүрдө бир чачылып, төгүлдүм
Көз жумулса көккө сызган жан тура.
Как жүрөктүн толтосундай көрүндүң,
Карааныңдан кагылайын Каркыра.

Өзөн жарган сууларыңды жандадык,
Алты кылым нары барып келгендей.
Ала-Тоонун атын угуп арбалып,
Алтай жүрүп, атам Манас көргөн жер.

Кайыл болуп бул өмүрдүн азына,
Муундан-муунга улуу жолду уладык.
Булуттарың Көкөтөйдүн ашына,
Келишкендей өргүп турат чубалып.

Тоолор барат кыргыз журттун көчүндөй.
Карт тарыхты айтып мага Ай барат.
Касиеттүү айкөл Манас көзүндөй,
Көктө кушуң акшумкардай айланат.

Асманыңда, жылдыздарың жымыңдап,
Учуп турду түндүн чертип каалгасын.
Өзөн сууң күңгүрөнүп ыр ырдап,
Өткөн доор сездиргенсийт, калбаатын.

Кыргыз болуп кырдан ылдый төгүлдүң,
Карап турам даба издеп дартыма.
Кош көзүмдүн карегиндей көрүндүң,
Карааныңдан кагылайын Каркыра!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз