Орозали Сайдилкановдун акыл казынасынан – IV

  • 28.02.2022
  • 3096

*     *     *

Адамдын жаман жагын айтуудан мурун өзүңдө ошол сапат жокпу – бир карап ал. Эгер мугалим болсоң “жамансың” деген сөздү колдонбогонуң оң.

*     *     *

Адилетсиздик, көрө албастык өкүм сүргөн өлкөдө калыстык, адилеттик, чындык чыркырап тепсөөрдө калат.

*     *     *

Ар бир адамдын өмүр жолу, анын ким экендигин чагылдыруучу күзгү. Адамга туура баа бергиң келсе, өмүр таржымалын үйрөн.

*     *     *

Чоң кишилерге караганда чындык, акыйкаттык, адилеттикти балдарга оңой жеткиресиң.

*     *     *

Гумандуу педагогиканын үч мыйзамы бар: баланы сүйүү, ишенүү жана түшүнүү. Бул мыйзамдар баарыбыздын өз ара мамилебизде өтө зарыл баалуулук.

*     *     *

Баланын жан дүйнөсүнө кире албаган, жүрөгүнөн түнөк таба албаган, акыл-эсин бийлей албаган, дилин укпаган мугалим, чыныгы мугалим боло албайт.

*     *     *

Өзүнө ишенбеген адам, эч качан чындыкты тааныбайт. Баарын өз деңгээлинде баалайт.

*     *     *

Демократия баалуулуктарынын бири – бардык мамлекеттик кызматкерлерди альтернативдик негизде жазган эссесине жана прогрммасын жасоосуна карап дайындоо. Жаңы бийлик бул баалуулукту колдонууга тийиш. Тикелей дайындоо күмөн жарата берет.

*     *     *

Жан дүйнөсү жарды адамдар эч качан чындыкты көрбөйт.

*     *     *

Өсөр элдин башчысы апаат күндө эл таянар туу болот. Өспөс элдин башчысы апаат күндө элди алдаган куу болот.

*     *     *

Укуктук маданият калыптанбаган, мыйзам үстөмдүгү орнобогон өлкөдө жалганды чын, күнөөсүздү күнөөлүү кылуу оңой.

*     *     *

Улуттун улуулугу – аялзатына, энеге жасаган мамиледен көрүнөт.

*     *     *

Гумандуу, боорукер, мээримдүү мугалим баланын уйкуда жаткан уникалдуу сезимдерин жана күчтөрүн ойготуп, өстүрүүгө жөндөмдүү.

*     *     *

Чоң атам: “Сакасын таанып билбеген эл – шорлуу, карып эл. Балдарым, улуу-кичүү дебей ичиңерден сака болор бириңерди тандап, анын айланасына биригип, арка-бел, жөлөк кылып алгыла. Көрө албастыктан алыс болгула” – деп көп айтар эле.

*     *     *

Атам: “Уулум, эч качан сөзүң сөлтүк, кебиң кемтик болбосун. Аны адеп-ахлагың жана ишиң менен далилде. Далилденбеген сөз чалчыкка окшош” – дээр эле.

*     *     *

Чыныгы мугалимдин өзгөчөлүгү – мугалимдин айткан сөзүн, жасаган ишин окуучунун кадырлоосунда. Ата-эненин ишенүүсүндө жана колдоосунда.

*     *     *

Авторитардык педагогика - бул балдарды кордоонун, кемсинтүүнүн, мажбурлоонун жана инсан катары баалабагандыктын педагогикасы. Азыр да ушул педагогиканы айрым мугалимдердин пайдаланып жатканы өкүнүчтүү.

*     *     *

Жан дүйнөсү сокур адам эч качан адилеттүүлүктү көрбөйт. Ошондуктан баланын жан дүйнөсүнө жашынан көсөмдүктүн үрөнүн себүү керек.

*     *     *

Жашоонун маңызы - жан үрөп байлык топтоодо эмес, келечек муундарга бактылуу жашоо тартуулоодо.

*     *     *

Маселе баланын билүүсүндө эмес, билгенин колдоно алуусунда.

*     *     *

Ийгиликтин оттугу - ар бир баланын өзүнө ишеними жана каалоосу.

*     *     *

Журт башындагылар жети өлчөп, бир кесип сүйлөөсү абзел. Жалтактоого, кетенчиктөөгө, ооз көптүрүп сүйлөөгө барбаш керек. Азыр абдан жагымдуу, эл эңсеп жүргөн убадалар берилип жатат. Эми негизгиси сөз менен иштин биримдигинде, сөздүн өлбөстүгүндө калды.

*     *     *

Тез арада мамлекеттик системаны адам, адамдын кадыры, бедели, коопсуздугу, эркиндиги жана укугу эң баалуу ыйыктык катары урмат алгыдай мамлекеттик системаны түзүү керек. Анткени системага карай адамдар калыптанат, балдар торолуп өсөт. Мына, 5-октябрдагы (2020-ж.) элдин толкундоосунда каза болгон, колунан ажыраган, 500дөн ашык жарадар балдар, алардын ата-энесинин кайгы-муңу жөнүндө сөз жок. Бул таш боордуктун, зөөкүрлүктүн, кошоматчылыктын, жасакерликтин жана мерездиктин жеткен чеги. Бул чириген системанын бейнеси. Ушул чырпыктай баланын өлүмүнө, жаш жигиттин майып болуп калганына, 500дөн ашык жарадар болгондордун азабына, жалгыз чырактай баласынан ажыраган ата-эненин кайгысына биз себепчи, биз жоопкерчилик тарталы, жок дегенде ошолордун үмүт-тилегин аткарып коёлу деген бир кишинин жоктугу жүрөк канатат. Өлкөнүн адамга мамилеси өзгөрүлбөсө, өлкөдө өнүгүү болбойт.

*     *     *

Педагогикадагы эң өксүктүк тарбиялоонун экинчи планга коюлгандыгы экендиги даана көрүнүүдө. Биз педагогдор Жусуп Баласагындын "Кут белгиси билик" - деген сөзүнүн тереңинде зор маани жатканын билбеппиз. Биликти – миңди билген, тарыха ой жүгүртүп, бай, мазмуну терең окуяларга талдоо жүргүзүп, турмуштук бай тажрыйба топтоп, даанышман сөзмөрлөрдүн айткандарын, көрөгөч көсөмдөрдүн билгилигин, өтөгөн жакшы иштерин, эр жүрөк уул-кыздардын мекенчилдик сапаттарын калыптандырбаппыз.

*     *     *

Бүгүнкү күнү баарынан өкүнүчтүүсү, кооз жан эргиткен сөздөрдү сүйлөп же жазып коюу жана билмексен болуу экен. Ата-бабабыз бир сөз үчүн жан берген. Сөзүм өлгөнчө, өзүм өлөйүн деп, сөз өтөөсүнө жеткен. Ошон үчүн мурда сөз кудурети күчтүү болгон.

*     *     *

Канчалаган балдарыбыздын жөндөм, шык, таланттары өз мезгилинде таанылбай, кесип тандоодо туура багыт берилбей, колдоого алынбай, тиешелүү билимдин жетишсиздигинен ачылбай үй-бүлөнүн, айылдын, ашып барса райондун чегинде калып кетип жатат. Натыйжада, өлкөбүз көптөгөн уникалдуу өзгөчөлүккө ээ музыкант, актёр, инженер, дизайнер, архитектор, врачтардан ж.б. өксүк болуп калуудабыз.

Шыктуу, таланттуу, жөндөмдүү, зээндүү балдар жараткандын элге берген белеги экенин унутпайлы! Колдоо көрсөтөлү!

*     *     *

Баласы сүйгүдөй мекенди белек кылуу ата-эненин ыйык парзы. Мекенди баланын сүйүүсү гана сактайт!

*     *     *

Мамлекетте бардык чечимдер гумандуулуктун алкагында ар бир атуулга жакшылык жана бакыт алып келгендей кабыл алынууга тийиш!

*     *     *

Демократия - бул адам жана адам кадырын, беделин, эркиндигин, укугун, милдетин, жоопкерчилигин, ой-пикирин, сөзүнүн жана өмүрүнүн эң ыйык аздектелиши болуп саналат. Мунун аткарылышын мамлекет кепилге алууга милдеттүү.

*     *     *

Ар бир адамдын өмүрү ыйык жана баа жеткис. "Ажалы жетти, өлдү" деген таш боордук, кайдыгерлик жана сандырак түшүнүк. Өлгөндөрдүн алдындагы жоопкерчиликти ала билүү жана көйгөйлөрдү, анын себептерин четтетүү зарыл. Жараткан да сактанганды сактайым деген. Өзүбүз сактаналы жана башкаларды сактайлы! Өлүмгө кош көңүл карабайлы!

*     *     *

Адилеттүү шайлоо – эл башчысын мыйзамдуу башкарууга, элди баш ийүү маданиятын сактоого мажбурлайт. Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн шарттайт.

*     *     *

Аргасыздык - мааниси, маңызы, мазмуну терең философиялык түшүнүк. Аны политология илиминде революциялык жагдай деп да атап жүрүшөт. Аргасыздыкка таш боордук, мыкаачылык, коррупция, кош көңүлдүүлүк, адилетсиздик, сүткордук, теңсиздик, кайдыгерлик, жалганчылык, жүзү жоктук жана анткорлук себеп. Аргасыздыктын алдын алуу мамлекет коопсуздугун сактоодо негизги маселе. Кокустуктун алдын алууда зарылдык кандай мааниге ээ болсо, аргасыздыктын алдын алууда көсөмдүк ошондой мааниге ээ. Аргасыздан эл ар кандай айла-амалдарды ойлоп табышат. Эптеп өздөрүнүн үнүн уктурууга аракеттерди жасайт.

*     *     *

Чоң атам: "Уулум, жакшынын шарапаты, жамандын кесепети тиет. Жакшы бол. Элге жакшылыгың нур болуп төгүлсүн, караңгыны жарык кылган шам болсун, балдай таттуу болсун, суудай чаңкаганын кандырып, күч-кубат, медер болсун, жакшы сөздөй жан эргитсин. Кесепет өзүмчүлдүктөн жаралат. Өзүңө жакшы деген ишти жасаардан мурун жети өлчөп, бир кес. Элиңди, башкаларды ойло" – деп көп айтар эле.

*     *     *

Педагогдун ийгилиги баланын өнүгүүгө, жакшылыкка жана эркиндикке умтулуусунан башталат.

*     *     *

Жаңыны жаратуу үчүн жаңыча ой жүгүртүү керек.

*     *     *

Мектептин кандайлыгы бүтүрүүчүлөрүнүн турмушта ийгиликтүү жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу менен аныкталат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз