Мифтер менен жомоктор

  • 03.03.2022
  • 2836

Оожиоозонун жаралышы

Котормочунун түшүндүрмөсүнөн...

Мифтер менен жомоктор, XVIII кылымда өткөн немис философу Гердер Готфирд айткандай, дүйнөнүн жана тирүү жандардын жаралышы тууралуу адамдардын балалык кездеги дүйнө таанымын чагылдырат.

Ошого жомоктор илимий-техникалык өнүгүүнүн, диндин таасиринен эми туулган наристедей таза жана ушунусу менен баалуу. Түндүк Американын түпкүлүктүү элдеринин бири абенакилердин жомокторунда дүйнөнү, тирүүлүктү жаратуучунун аты. Эге болсо, амалкөй баатырын алар Глускаби же “жомокчу” аташат. Глускабы Теңир сыяктуу эле жаратуучу болгондуктан, Жараткан адамды ылайдан жасагандан кийин колуна жабышкан ылайдын чаңынан өзүн жасап алат.

Абенакилер ошентип жомокчуну же оозунда кудуреттүү сөзү бар адамдарды Жаратканга теңешет. Акын, жазуучу жана жомокчу Жозеф Бручек түпкүлүктүү Түндүк америкалык индеецтердин турмушу жөнүндө ондогон китептердин автору. Жазуучун эмгегин Американын түпкү жазуучулар чөйрөсү (Native Writers' Circle of the Americas) уюму жогору баалап, ага 1999-жылы Жашоодогу ийгиликтери сыйлыгын (Lifetime Achievement Award) ыйгарган. Бул уюмга Канада, АКШ, Мексика жана Борбордук Американын түпкү калктарынын жазуучулары кирет. Жозеф Бручектин “Түпкү америкалыктардын жомокторунан” АКШнын түндүк чыгышындагы Вудленд маданий чөлкөмүндө жашаган абенакилердин “Оожиоозонун жаралышы” жомогун сунуш этебиз.

Табалдак1 кишини жасап болуп, колунун кирин тазалаганда, анын чаңы Жерге себилди. Мына ушул чаңдан Глускаби өзүн жасап алды. Ал Жерден өйдө туруп: “Бул менмин,”- деди. Ошон үчүн абенаки элиндеги кээ бир адамдар Глускабини “Оожиоозо” атап алышкан. Бул сөз “өзүн бир нерседен жасап алган адам” дегенди билдирет. Ал өз эгеси Табалдактай кубатуу эмес. Бирок ал неберелери - кишилер сыяктуу көп нерселерди өзгөртө алат, айрым учурда жаман да кылып салат.

Гласкэби Жерден өйдө турганда Жараткан аны көрүп таң калды жана андан сурады:

- Сен кайдан келип калдың?

- Мен өзүмдү сен биринчи кишини жасаганда артып калган чаңдан жасап алдым, - деп жооп берди Глускаби.

- Сен аябай сымбаттуу экенсиң,- деди ага Жараткан.

- Мен сенин өз колуңдан күбүлүп түшкөнүм үчүн сымбаттуу жаралганмын,- деп айтты Глускаби.

- Жүр, чогуу сейилдеп келели,- деди Жараткан ага кайрылып. Экөө ээрчишип тоонун чокусуна чыгышты. Алар чокудан айланага таң калып карашты жана көлдөрдү, дарыяларды, дарактарды, бар жаратылыштын түзүлүшүн, Жерди көрүштү.

Андан соң Жараткан айтты:

- Кандай керемет нерселерди жаратыптырмын. Бул тирүү дүйнөнүн баарын, океандарды, дарыяларды, көлдөрдү ойлонуп, кыялымдагыдай кылып жасаганмын. 

Анан Жараткан менен Глускаби айланага суктанып карап турушту.

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу

1Табалдак. Абенаки тилинде Жараткандын аты, мааниси Эге, Теңир, Кудай дегенди билдирет.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз