Динара Бейшеналиева: Халат

  • 28.03.2022
  • 2636

АҢГЕМЕ

Бир канча күндөн бери башым эле ооруйт.  Доктурга барайын десем, дарыларга аллергиям бар.  Анальгин ичем.  Жолдошум: “Доктурга алып барайын”,- дейт.  Сырт суук, барбайм эч жакка дейм.  Чекем, эки көзүм лукулдатып ооруйт. Түндө да дене табым түшпөй, чабалактап чыктым.  Таңга маал гана көзүм илинип кеткен экен, түш көрүп атам.  Түшүмдө башымды колума кармап отурам.  Адамдын баш сөөгү саргыч болчу эле го, бул эмнеге аппак дейм.  Дейм да колум менен сүртүп-сүртүп тазалап кирдим.  Заматта тазарды.  Ии, энди өз өңүнө келди деп сүйүнүп атам.  Машинанын пипилдегенинен ойгонуп кеттим. Таң агарып, жарык түшүп калыптыр.  Кана энди, баш тазалаш ошондой эле оңой болсо.  Түш да бул.  Башым дале ооруп турат.  Оронуп, сыртка чыктым.

- Айланайын, айланайындар, жакшысыңарбы? Барсыңарбы? - деген кайненемдин үнү угулду. 

- Силерди кандай жатат деп, ар кайсыны ойлоп, эне курусун. Түндөп келе бербедимби,- жалынып атты адатынча. 

Ал кишини көрүп сүйүнүп кеттим.  Апам ушундай, мен кыйналып жатканда келет дайыма.  Чай үстүндө сүйлөшүп отурдук. Карасам, ынтыгып, жакшы дем алалбайт.  Өңү да керсары.  Өт менен боордо мандем бар окшойт.  Болгондо да оор го. 

- Ооруп жатасызбы? - деп сурадым.

- Бир аз.  Мени тек эле койгула, өзүңөр тынч болсоңор болду, - дейт.

Чыдамкайлыгынын, сабырдуулугунун чеги жок апам ай!  Башыңыздан нелер өткөн жок, көтөрүптүрсүз.  Азыр да балдарын аяп жатканын кара. 

Апам мындай эмес эле. Күчтүү киши эле.  Мен Бишкектен барган сайын айылдайбыз.  Бала көтөрүп артта калып кетсем, “келе  балаңды” деп колуман алып алдыга түшүп кетчү. 

- Коюңуз, апа, өзүм эле көтөрөм, - дегенди деле билчү эмесмин. Белим талыбай калганга сүйүнүп, ээрчип баса берем. Даанышман киши да, түз мүнөзүмдү түз эле кабылдачу экен.  Конокко барганда ар бири менен бирден учурашып, отурганда кайрадан амандашкыча ар биринен тууган-уругун сурап чыкканды да билбейм.

Бул жерде адамдар башкача экен. Сылык, жумшак, жарык. Ошондой сезилди мага. Андай адамдарды бир көрүп эле жактырат экенсиң...

 Таң азан базарлары, чоң көчөлөрү суу себилип шыпырылганы да бир сонун.  Мындай базарларды мурда эч жерден көргөн эмесмин. Ушул кыжы-кыйма  адамдардын үстүндө, мен мурда укпаган мукам аваз жаңырат. Радиодон чыгып жаткан музыканы айтам. Кулак төшөйм... Бул бир башкача дүйнө көрүндү.  Айтор, эмнени көрүп, эмнени уксам баардыгын сүйүү менен кабыл алдым...   

*     *     *

 Апамдын “кой” дегенине болбой доктурга алып келдим. Түшүнүп туруп, көрүп туруп ушу боюнча таштап койсом адам болбой калам го.  Анда эле өзүмдү эч кечире албайм. Ал убакта жолдошумдун ишине байланыштуу спецооруканага жаңы катталганбыз.  Жаңы конуштан шаар тарапка көчүп келген, кыйын кезең күндөр эле.

- Доктурга жаткыргыла.  Апаңардын акыбалы оор, бирөө карап жатсын, - деди врач.

- Мен карап жатам, - дедим. – Ушунча келгенден кийин карайын, дарыланып алсын.

- Бизде карап жаткандарга тамак-аш берилбейт.  Балким, өзүңө да “история болезни” ачтырып келерсиң.  Ме, бул кагаз менен барып, рентгенге түшүп келе кал, - деп атпайбы тиги врач мени билип тургандай.  Доктурдан качып аттым эле, болбой эле Кудай айдап келди.  Рентген снимокту алып келип, врачка карматтым.  Көрүп эле чалкасынан кетти.

- Кыргыздар, эмнеге ушундайсыңар? Өлгөндө келесиңерби, ыя?! Бул эмне деген ахыбал? - колундагы снимокту ачуусу менен үстөлгө бир салды.  Бир тууганына күйгөндөй күйдү.

- Азыр дарылаш керек. Жат тигил аппаратка, - деди наркы жалтыр-жултуру бар бөлмөнү көрсөтүп.  Шагыратып дарыларды көтөрүп келди.  Анысы да муздак болсо керек деп көз кыйыгым менен карап коём.  Жок, аппаратка куюлчу бөтөлкөлөрдү ысык сууга салып жылытты.  Айтор, жарым саатча мени менен алышты. Жууду.  Катар-катар уколдорду салды.  Аллергияга каршы уколдорду кошо салды.  Ордуман турсам, эки көзүм чайыттай ачылып калыптыр. Ооруну бирөө колу менен алып салгандай.  Мындай оорукананы биринчи көрүшүм. Эртең кел, бүрсүгүнү кел, тиякка бар, биякка бар дечү эле мен барган жерлер...   

Эми гана үстөл үстүндө турган өзүмдүн баш снимогума көзүм түштү.  Кайдан көрдү элем муну? Ии, түндө түшүмдө көрбөдү белем.

- Ириң өөдө жылып баратыптыр.  Дарыларды жазып койдум.  Эртең жакшы болбосоң консилиум өткөрүп, анан ары да карайбыз, - деди.  Бирок мен жакшы болорумду сезип калдым.

Врачтар 24 саат көзөмөлгө муктаж  “тяжелый больной” деген тизмесине апамдын эмес, менин фамилиямды жазып, түнү менен карап чыгышты.

Башымдын ооруганынан эки жоолук салынгам. Үстүмө болсо жолдошумдун чоң, жылуу күрмөсүн кийип алган элем. Оор кийимдерди таштап, душка кирип чыктым.  Бул жерде бүт ыңгай-шарт бар экен.  Врач керек болсо дубал боорундагы кнопканы басып койсоң, шып кирип келет.  Аппак төшөк.  Кымбат диван-керебет.  Муздаткычы, душ бөлмөсү өзүнчө. 

Бир палатада экиден эле киши.  Чачымды кургатып өрүп, өзүмдү тимеле каакымдын үлбүрөгүндөй жеңил сезип калдым.  Эми палатага киргенимде, артымдан эле карпа-күрпө кечээ күнкү  врач кошо кирди.

- Мен сени тааныбай да калыптырмын, кандайсың? Жакшы болуп калгансың го.  Түнү менен сарсанаа болуп, уктабай  чыктым. Кечээ күнкү абалың жаман эле. Ошого поликлиникага барбай, шыр эле бул жакка келдим.  Жакшы болду, - деди кубанып.  Мен болсо ыраазылыгымды кантип билгизеримди билбей турам. Жөн эле тиктейм. Ооба, менден кайтпаса Кудайдан кайтсын.  Кайтар дүйнө бу...   

*     *     *

Карасам, бул жерде  көбүнчөсү ооруп жатышпайт экен.  Каалаган учурда витамин, массаж алып, профилактика үчүн бир текшерилип алышат окшойт.  Тиги жакта болсо кезек күтүшүп, ооруканага жата албай жүргөндөр канча.  Жатса да канча акчасын сорот.  Бул жерде баары бекер.  Ушуга да макул болушпай  Египет, Турция, Германия деп кетишет тура кээ бири...   

 Экинчи кабаттагы ресторандай болгон чоң ашканага түшүшөт экен беш кабаттын ооруулары. Кыз-келиндер кийимдерин алмаштырып кийишип, сөйкө-шакек тагынышып, боёнуп түшүшөт.  Депутат, министри, эл ырчылары, акын-жазуучусу, сүрөтчү, актёру жүрөт.  Атак-даңктуунун баары ушул жерде.

 Турмушуң түшкүр, кечээ эле жан айласы кылып, жашоого кол шилтеп аткан мен, бүгүн тигилерге көз кырымды таштап отурам.  Жөн таштабай окшошкум келип атпайбы.  Кучакташып-көрүшүп, бакылдашып, жаркылдашып, кылакташып аткандардын дүйнөлөрүн аңтара карап, бир бурчта билинбей чайымды ичем.  Адам катары эле алдыларынан чыгып салам айткым келет.  Бирок булар ичти эмес, сыртты бааларын аңдап турам...   

*     *     *

Палатага келсем апам уктап жатыптыр.  Тамакты “лежачийлерге” биринчи алып келип беришет. “Халат алып келип бериңизчи.  Ары-бери баскандан уялып атам”- деп СМС жөнөттүм күйөөмө.  Ушул убакка чейин кийим дебептирмин.  Башында жетишпей жашадык. Кийин, ошого көнүп да калдым көрүнөт, көп унчукпайм.  Бу жолу айласыз айттым.  Кийип жүргөн жемпиримдин өңү да өчө түшүптүр.  Буйруса, алып келсе катып коюп, көпкө кием.  Шымы, сыдырмасы менен, спорт кийимге окшошунан алат болуш керек.  Өзү деле көрдү го бул жердегилерди.  Көгүнөн же агынан алат ко дейм.  Мага ак жагат...   

 Кечинде жолдошум келди.

- Апа, кандайсыз? - деп апам менен учурашты.  Анан мага карап: - Ме, кийип көрчү, - деп колундагы халатты сунду.  Менин жакшы болуп калганымды көрүп, сүйүнүп турганын көзүнөн көрдүм.  Бирок жакшысыңбы деп сураган жок.  “Халатты кийип көрсөң”, – деп дагы айтты. Апамдын астында таза ыңгайсыз абалда калдым.  Бул жагын эч ойлонбоптурмун го.  Халатты колума алып эле катып калдым.  Кара чаар кап өңдөнгөн, сүйрөлгөн,  арзан халат экен.  Ыйлагым келди.  Курун да жолдон түшүрүп келиптир. 

- Жумуштан келатып алдым.  Караңгыда шашып албадымбы.  Бирок калыңынан алдым, - дейт.

 Унчукпай чечип, ары жылдырып койдум. 

Эртеси массаждан кечирек келдим.  Массажист жигит бир жакка чыгып кеткен экен, күттүм.  Палатага жакындаганда эле бир башкача үндөр чыгып калды.  Тык токтодум.  Студент кайынсиңдим бар эле, ошол келиптир.  Апам ыйлагансып сүйлөп жатат.  Жүрөгүм “зырп” этти.  Халат.  Апамдын ыйлап жатканына мен күнөөлүмүн.  Курган жаным а-ай, каяктан да халат дей салдым эле. Кийбей эле жашап атты элем, кийбей эле жашай берет элем го... Кайыңсиңдимен ийменип, үстүлөрүнө кире албай турдум.  Негизи, жолдошум апама жакшы карайт.  Келген сайын көйнөк-көнчөк алып беребиз.  Бу сапар, ал деле мен сыяктуу халат жөнүндө ойлонбоду окшойт...   

Бир убакта тиги тараптан идиштердин калдыраганы угулуп калбаспы.  Сүйүнүп кеттим.  Шып эле кирип, пияла-чайнекти кармалай калдым...   

 Эртеси процедурныйдан  укол алып келсем дагы кобур-собур үн.  Тыңшасам, апамдын үнү өтө көңүлдүү.  Кирсем, кайынсиңдим келиптир.  Апам жашыл, кымбат халат кийип отуруптур керебетинде.

- Оо, апа,  кут болсун! Сонун жарашыптыр го? - дедим кубанып.

- Өңү ям мага бап экен, аа? - деди апам жүзү жаркырай.

- Ооба, апа.  Айылга барсаңыз кемпирлер карашат ко сизди.

Тамашалайын дедимби же сөз жөнөтөйүн дедимби, айтор, ушинттим.

- Ооба, карашат.  Баардыгы кийишкен.  Мен да кийдим минтип.  Өмүрлүү болгула! Муну мен оо канчага чейин кийем...   

Терезе тарапка бурулуп кеттим.  Жанааракта врач келип: “Апаңардын алты айлык эле өмүрү калыптыр...” – деп айтып кеткен.  Көзүмө келген жашты акырын аарчыдым.  Апамдын жашоого үмүт артып атканы дүнүйөмдү төңкөрүп таштады...

 Терезе тиктейм.  Уюлгуган кар борошо менен кошо ак кардын ыйлап жатканы угулду... Ичим уйгу-туйгу.  Кечир, апа, мен билген эмесмин кемпирлер да халат кийгиси келерин.  Мен жалган дүйнөнүн чын эле жалган экенин билген эмесмин.  Онду төрөп, бешөөн жерге берип, бешөөн окутуп-чокутуп, үйлөнтүп, жайланттыңыз. Пенсияңызды жыйып, малыңызды сатып, уулдарыңыздан бери килем-килче, төшөк  жасап бердиңиз.  Көкүрөгүңүздөгү халат кийсем деген аялдык кичинекей көксөөңүздү да өчүрүп, өмүр өтөлгөсүнө чыгып коюптурсуз да. Өзгөлөр үчүн жашаган Күндүн жашоосу – жалган.  Өзгөлөр үчүн  чыккан Айдын жашоосу – жалган.  Өзгөлөр үчүн жашаган аялдын жашоосу – жалган.  Жалганда бакыт жашырылган болсо, ал сиздики.  Эки дүйнөлүк бакыт сиздики, апа...   Жакшы адамсыз...   

*     *     *

Апам экөөбүз ооруканадан сыртка чыктык.  Мен такси кармаганы чоң көчөнү көздөй бастым.  Суукта баласынын астына картон төшөп отургузуп коюп, өзү тикесинен тик турган келин көзүмө урунду.  Мен ага колумдагы чаар халатты кармата берип, ары бастым.  Машине ордунан жылганда артка кылчайсам, келин дале  баякыл ордунда катып туруптур.  Кулагыма борошо аралаш ак кардын ыйлап жатканы угулду... 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз