Уйгур жазуучусу Абдулжан Азнибакиевдин кыска аңгемелери

  • 29.03.2022
  • 2647

ЫЗЫ-ЧУУ

Роза гүлү:

– Адамдар, үнүңөрдү бир аз басаңдаткыла, бул дүйнөдө бир гана силер бар бекенсиңер!

Эл аны адатынча шылдыңдагансып көңүл бурбай басып жүрүштү.

Анан роза дагы сөзүн улады:

– Биз ызы-чуудан тажадык. Бакчалардагы булбулдардын үнү, деңиздеги толкундардын үнү угулбай калды...

БАКТЫЛУУЛАР...

Небереси чоң атасынан кызыгып сурады:

– Чоң ата, дүйнөдөгү эң бактылуу адам ким?

Көптү көргөн даанышман айтты:

– Сокур, дүлөй жана дудук болуп төрөлгөндөр эң бактылуу адамдар. Алар кыйноого кабылган элди көрбөйт, жетимдердин ыйын укпайт, өз эне тилин жек көрбөйт.

ЖҮРӨКТҮН КӨЗҮ

Жигит кыз менен телефон аркылуу таанышкысы келип сурады:

– Атың ким, жакшы кыз?

Ал жооп берүүнүн ордуна колуна гүл кармап, сылап турган сүрөтүн ватсап аркылуу жөнөттү.

– «...Таанышканыма абдан кубанычтамын» деп жигит сүйгөнүнүн сөзүн жана оюн жүрөктүн көзү менен сезе баштады.

Кыздын аты ким болду экен?

САГЫНУУ

Алымжан тандыр менен очоктун башынан улуу затты издеп убара...

МУСАПЫРЧЫЛЫК

Жылуу мекенине учуп келген канаттууларды дагы суук урган жаз тосуп алды.

ЖОК ЖАНДЫ ИЗДӨӨ

Мурдагы күнү кыялдарыма саякаттап, акыры мен сени таптым...

КОРОНАВИРУС

Бакыт куштары жерге конгондо, адамдар периштеге айланып, асманга учат.

АДИЛЕТ ЖАНА КЫЖАЛАТТЫК

– Адилет, сенин жоголуп калганыңа көп болду, кайда жүрдүң? – ал-абалын сурады.

Адилет болсо көпчүлүк адамдардын чөнтөктөрүнөн чындыкты алып көрсөтүп, оор үшкүрүнүп:

– Мен бармын, бирок мени көп адамдар көзгө илбес болду, – деп жооп берди.

ЭҢ КАРАҢГЫ, ЭҢ ЖАРЫК

Эң караңгы жарыкта айласы жок адам күлүп, ыйлап жиберди. Ал көп адамдардын арасында жалгыз жашады. Калптан чындыкты айтып, кээ бир адамдардын таттуу азыгы болду.

... Убакыт төлгөчү жана дабагер. Азыр ал алсыз эң жарык караңгыда жашайт.

Уйгурчадан которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

Абдулжан АЗНИБАКИЕВ – 1986-жылы Казакстан Республикасы, Алматы облусу, Эмгекчиказак районунун Гайрат айылында туулган. Айылдагы Исмайыл Саттаров атындагы орто мектепте билим алган. Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин филология факультетинде окуган. 2006–2007-жылдары Алматы шаарындагы Уйгур маданий борборунун «Азия бүгүн» гезитинде кабарчы болуп иштеген. 2008–2014-жылдары "МИР" басмасында адабий ишмер болуп иштеген. 2015-жылдан бери өзү билим алган мектепте мугалим.

Абдулжандын биринчи ырлар жыйнагы “Жүрөгүмдүн жазы” 2008-жылы жарык көргөн. Андан кийин «Түбөлүк аңгемелер» даректүү повести (2008), «Жаштык лирикасы» ырлар жыйнагы (2017), «Жүрөк альбому» (2019) поэтикалык жана прозалык китептеринин автору. Уйгур жаш художниктеринин ырлары камтылган «Кыял булактары» аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Ошондой эле республикалык «Уйгур авази» («Уйгур үнү») гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы, балдарга арналган «Гунча» журналынын редактору. «Мурас» адабий чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү. Анын адабий чыгармалары «Ижаткар», «Уйгур ПЕН», «Интизар» сыяктуу башка журналдарда басылып чыккан.

Абдулжан Казакстан Республикасынын уйгур маданий борбору тарабынан Илья Бахтия медалы менен сыйланган. Альмута «Жүрөк альбому» китеби үчүн Алматы шаардык уйгур маданий борборунун «Юсуф Хас Хажип» атындагы Гран-присин жеңип алган. Андан тышкары «Бейбiтшiлк алемi» казак чыгармачылык бирикмеси уюштурган конкурстун жеңүүчүсү, «Уйгур авазы» редакциясы уюштурган «Турган Тохтамов», «Абдумежит Долатов» атындагы конкурстар, Алматы облустук ассамблеясы уюштурган Мукагали Макатаев атындагы ыр сынагынын лауреаты. Украин адабияты менен адабий достукту орноткондугу үчүн Украинадагы Эл аралык адабият жана искусство академиясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Белгилей кетсек, Абдулжан 2017-жылы Стамбулда өткөн түрк тилдүү жаш акын-жазуучулар форумунун катышуучусу, Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин жаңы түзүлгөн жаш акын-жазуучулар бирикмесинин мүчөсү. Ал казак, орус, украин, кыргыз, өзбек, кумык, хакас акындарынын чыгармаларын уйгур тилине которгон.

Жаш акындын ырлары казак, орус, татар, түрк, украин, кыргыз, өзбек тилдерине которулуп, Казакстандын жана чет мамлекеттердин массалык маалымат каражаттары жана адабий порталдарында жарыяланып келет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз