Түрк акыны Ахмет Ялчинкаянын поэзиясы

  • 04.03.2024
  • 4925

Ахмет Ялчинкая - акын, инженер, илимпоз жана котормочу. 1963-жылдын декабрь айында Түркиянын Гиресун шаарында туулган. Инженердик, робот техникасы, менеджмент, бизнес, физика жана дин илими боюнча Түркия, АКШ, Швециянын жогорку окуу жайынан тартып докторантурасына чейинки жолду басып өткөн. Азыркы убакытка чейинки түрдүү географиялык региондордо жашап, иштеп жана окуусун улантып, Швецияда изилдөө алып баруу менен бирге, сабак да берет.

Ырлар жыйнагын, ошондой эле түрдүү техникалык, методикалык окуу китептерин жарыялаган. Анын ырлары, эссе, аңгемелери, маектери, поэтикалык котормолору жергиликтүү жана эл аралык гезит, журналдарда жарык көргөн. Айрым ырлары англис, өзбек, араб, тамил, түркмөн, румын, азербайжан, немис тилдеринде жарыяланган.

АЯЛ

Кудайым,
албетте, не деген даанышмандык бар,
бул назик гүлдүн жаралуусунда.
Акыл күчүн бергин бул алсыз жыныстын
бейпилдигин сактоо,
өз агымында эркин сүзүүсүнө мүмкүнчүлүк жаратуу үчүн.

Кана эми ал сүйүүдөн соолбой ар дайым гүл сыяктуу ачылып турса.
Ал кээде ак, кээде кара, кээде сары
эгерде жамалына күн же ай көз салып турбаса.

Ал канаты жок учуунун,
булуттарга шатысыз чыгуунун формуласына ээ.
Жерге жалбырак сыяктуу катуу кулоонун коркунучу болсо дагы.
Анын башка чарасы жок, ылдыйга баркыт сыяктуу төшөлүүдөн бөлөк.
Толкуну катуу болот арзуулар агымынан...

ИКАЯ

Жалбырактай сары эле ал күнү доор,
аял кыянат төрөйт эле седептен,
жети жолку жүзүм жыйноо өмүрүн жашап,
жети жолу кыйкырык бакырыгына
түшкөнчө жан талашып...

Заман аксайт эле ал күнү,
кан кызыл экендигин билсе да,
жылан төрөлдү күтпөгөндө.

Суулар тескери акты, жок, куруп калды,
ал күн жашырын алоого таштанды,
алоону муунтту
жана токтоп калды.
Тим болуп калды кудум чыбыктарды
күтүп жаткандай жети күн уктабаган тегирмен...

Түркчөдөн которгон Рахим КАРИМ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз