Валентина Осеевадан өспүрүмдөр үчүн аңгеме

  • 17.04.2022
  • 2235

Жаман жорук

Балдар кээде эч нерсе кылбай жөн карап турганыңар да жаман жорук болуп калышы мүмкүн. Мисалы, ал төмөндөгүдөй учурда байкалышы мүмкүн.

Жүнүн үрпөйтүп, тишин арсайткан дөбөт алдын карап айбаттана катуу үрүп жатты. Анын каршысында кичинекей мыймый бүрүшө отуруп, мыялаган үнүн алсыз чыгарууда. Анча алыс эмес жерде эки бала эмне болорун күтүп, унчукпай карап турушту.

Аңгыча үйдүн терезесинен баш багып караган аял бир заматта сыртка чуркап чыгып, итти кубалап, мыймыйды колго алып, балдарды урушту:

— Бул эмнеңер, уялсаңар болбойбу!

— Биз эч кандай жаман жорук жасабасак эмнеге уялмак элек?! — таң калышты балдар.

— Мындайда эч нерсе кылбаганыңар да жаман жорукка жатат! — ачуулуу жооп берди аял.

Уулдар

Балдар, чыныгы уул энесин аяп, ага дайыма жардам бериши керек. Анда эмесе төмөндөгү окуяга көз салып, андан сабак алалы.

Эки аял кудуктан суу алып жатканда үчүнчүсү келип кошулду. Жолдон өтүп бараткан абышка чоң ташка эс алганы отурду.

Аңгыча бир аял экинчисине карап мактана кетти:

— Менин уулум күчтүү, шамдагай, ага эч кимдин алы жетпейт.

— А менин балам абдан жакшы ырдайт. Аныкындай үн эч кимде жок, - деди экинчи аял.  Үчүнчү аял унчуккан жок.

— Эмне үчүн сен балаң жөнүндө айтып бербейсиң бизге? — дешти андан аялдар.

— Эмнесин айтмак элем, — деди үчүнчү аял. — Анын эч кандай деле өзгөчөлүгү жок.

Ошентип аялдар чакаларына суу толтуруп үйлөрүнө жөнөштү. Абышка да алардын артынан басты. Аялдар колдору ооруп, ийиндери талыгандыктан улам тынып барат. Анткени толтура суу куюлган чакалар абдан оор болчу.

Аңгыча алардын алдынан үч бала чуркап чыгышты. Алардын алдыңкысы өзүнүн башынан алыс секирип келип, бутунун учу менен жерге тиери менен кайра оңко баш атып, айтор аялдардын жанынан дөңгөлөк сыяктанып тегеренип өттү. Экинчи бала булбулдай кубулжуган үнү менен созолонто ырдап, уккандын көңүлүн дароо өзүнө буруп баратты. Ал эми үчүнчү бала чуркап келип апасынын колундагы чакаларды алып үйдү карай жөнөдү.

Балдар кеткенден кийин аялдар абышкадан сурашты:

— Аке, айтыңызчы, биздин уулдарыбыз кандай азаматтар экен?

— Кайсы азаматтарды айтасыңар? — деди абышка. — Мен бир гана уулду көрө алдым!

Биринчи жамгырга чейин

Балдар, достук кыйынчылыкта сыналат. Чыныгы достор бири-бирине кам көрөт. Ал эми дос болумуш этип жүргөндөр уятка калышат. Анда эмесе төмөндөгү окуяны карап көрөлүчү.

Таня менен Маша абдан ынтымактуу эле. Бала бакчага чогуу барышчу, кайра бирге келишчү. Аларды айланадагылар жакшы достордон деп билишчү. Бир жолу алар бакчага баратып катуу жааган жамгырда калышты. Маша плащчан болчу, ал эми Таня бир гана көйнөкчөн эле. Кыздар жүгүрүп жөнөштү.

– Плащыңды чеччи, жамгыр өткөнчө жамынып отура туралы! – деп кыйкырды Таня чуркап баратып.

– Чече албайм, суу болуп калам! – деди Маша башын капюшон менен жаап.

Бала бакчадан таң калган тарбиячы Танядан сурады:

– Таня, экөөңөр чогуу келсеңер да Машанын көйнөгү купкургак экен. Сен эмнеге мынча суу болгонсуң?

– Машанын плащы бар болчу, мен ушул эле көйнөгүм менен чыккам, – деди Таня.

– Силер бир плащты экөөңөр жамынсаңар болмок да, - деп тарбиячы Машаны карап башын чайкап кошумчалады. – Көрсө силердин достугуңар биринчи жамгырга чейин эле турбайбы!

Эки кыз тең уялгандан кулагына чейин кызарышты: Маша өзү үчүн уялды, Таня болсо Маша үчүн кызарды.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз