Элчин Хүсейинбейли: Көздөрүнө күн тийип турду

  • 19.04.2022
  • 3274

АҢГЕМЕ

Көздөрүнө күн тийип турду…

Жазылган каттын алгачкы сүйлөмүн күбүрөп окуй баштады: «Бир күнү сөзсүз ушундай болмок, албетте, сен муну билчүсүӊ…»

Ушул биринчи сүйлөмдү жактырып, ичинен бир нече жолу кайталады. Бирок экинчиси купулуна толгон жок. Анткени аялы анын өлөрүнө ишенчү эмес…

Эртеӊ менен ойгонгон кезде, бул катты үстөл үстүнөн тапты. Күйөөсүнүн кол жазмасын дароо тааныды. Жолдошу таӊ эрте өзүн ойготпостон, коштошпостон акырын үйдөн чыгып кеткен эле.

Анткени ал айыккыс илдетке кабылгандыктан, өз өлүмүн душмандар басып алган айылына барып тосмой болгон. Муну элдин баары билчү. Жубайы да анын өз ажалы менен жолугушууга кеткенин түшүндү. Ал өлүм менен кара күүгүмдө эмес, таӊ эрте, күн нуру көк жүзүн кызыл канга боёгон маалда кездешүүнү эӊсеген.

«… Бул жазгандарымды бир канча тилге которуп, маалымат агенттиктери менен телеканалдарга жибер. Армяндар муну мен өлө элек кезде билишсин»…

Кабардын төркүнү мындай: «Бардык адамдарга кайрылып жатам. Мен элүү үч жаштагы белгилүү дарыгермин. Алты айдан бери жаман илдет менен алпурушуп, акыры айыкпасыма көзүм жетти. Ошондуктан баскынчылардын колуна өткөн туулган айылыма барып, үйүмдүн короосуна көчөт тигип, андан соӊ ошол жерде жарык дүйнө менен кош айтышкым келди. Короого отургуза турган көчөт ааламдагы бардык согушка каршы чыккан тынчтыктын символу болсун…»

Каттын аягына туулган айылынын атын жазып, колун койду. Каттагы жазууларды окуган аял күйөөсүнүн кантип дем чыгарып, кантип бышактап ыйлаганын кадимкидей сезип турду. Катты акырын өптү. Кантсе да жолдошун акыркы жолу ушул кат көрбөдү беле. Аял эмне кыларын билбей, туӊгуюкка кептелди. Оболу милицияга кайрылып, күйөөсүнүн бара турган дарегин аларга билдиргиси келди. Албетте, милиционерлер аны дароо таап, заматта артка кайтармак. Аял телефонго колун сунуп, бирок дароо кайра тартып алды. Күйөөсүнө кыянаттык кылгысы келбеди. Анын осуятын аткарууну эп көрдү…

Дарыгер ал аймакты коён жатагына чейин билчү. Жол картасын чийип, даярдаган планы жөнүндө колуктусуна далай ирет айткан жайы бар. «Жетишет, мындан ары чыдай албайм»,-деп күндө таӊ эрте түндө көргөн түштөрүн аялына баяндачу. Ал түшүндө такай туулган кыштагына барып, үйүнүн жанындагы дарыядан балык кармачу. Албетте, күйөөсүнүн буга окшогон түштөрүн аялы алда качан жаттап бүткөн.

*   *   *

Элүү үч жаштагы дарыгер болжол менен алты сааттай жол жүрүп, акыры поездден түштү. Чакан шаардан эки чакырым ыраактагы чек арага жакын жерде аскер горнизону бар болчу. Андан ары өтүүгө катуу тыюу салынган.

Күүгүм кирип келатты. Бир-эки сааттан кийин айлананы караӊгы түн каптайт.

Дарыгер кофеканага барып, эки-үч саат отуруп убакыт өткөрдү.

Ал үчүн бул аймак чоочун эмес. Ушул жерде атасынын карындашы жашачу. Жайкы каникулда тыт жеш үчүн аныкына көп келчү. Тыттын айынан көйнөгүнө кызыл так түшүрүп, апасынан далай ирет тил уккан ошондо.

Бул чакан шаардан анын айылына чейинки аралык 14-15 чакырым. Күүгүм киргенде кыштакты көздөй дарыяны бойлоп жүрүү керек. Антпесе жолдон адашып кетүү опоӊой. Анан да кандайдыр бир кооптуу жагдай жаралса, дароо дарыяга секирип, суу алдына жашынып калса болот. Сумкесинде кошумча көйнөк, шым жана 24 саатка жете турган ооруну басаӊдатчу дары куюлган уколдору бар. Андан ашык мөөнөткө жарамдуусун алган эмес. Анткени өлүмдүн тезирээк келүүсүн эӊсеп, морфин деген дарыны колдонуудан баш тарткан. Аны пайдаланган пациенттерди далай жолу көргөн. Анын адамдардын сезимин өлтүрүп, денесин чала жан кылып, роботко айлантчу касиети бар экенин жакшы билчү. Ошондуктан ал өлүмдү табигый түрдө жон териси менен сезгиси келген.

Күн баткан кезде кофеканага кирген кишилердин саны арта баштады. Келгендердин кийиминен, кофекананын ээсине жасаган мамилесинен алардын жумушу жок, бекерпоз экендиги байкалып турду. Бул жердеги жаштар негизинен, өкмөттүн көмөгү жана ата-энелеринин пенсиясы менен жан багышчу. Кары-картаӊдар болсо жаштардан бир нерсе артса, ошонун эсебинен эптеп күн көрүшчү.

Кардарлардын карызы жазылган калыӊ дептер такай үстөл үстүндө жатчу. Сыягы, кожоюн дептерди көргөн сайын бересеси барлардын бети кызарсын деп таштап койгон шекилдүү. Чынында ал жердегилердин көпчүлүгү эбак карызга белчесинен баткан болчу.

Дарыгер ичкен чайынын акчасын төлөгөн соӊ, дептерге колун жаӊсап:

– Мобул жердеги карыздардын баарын өчүр, – деди.

Кожоюндун асмандан издегени жерден табылгансып көздөрү жайнай түштү:

– Кудай тилегиӊизди орундатсын! Бирок мен сизди тааный албай турам. Менимче, бул жерлик эмессиз го.

– Кайдан билдиӊиз? Сүйлөгөн сөзүмөнбү?

– Жок, сөздөрүӊүз биздикинен эч айырмаланбайт. Бирок адамдарга башкача көз менен карайт экенсиз. Менимче, бир жакка шашып жаткандайсыз.

– Ооба, абдан шашып жатам, - деп дарыгер имараттан сыртка чыкты.

Кофеканадагылар дарыгердин аркасынан таӊ кала карап калышты. Улгайган бир киши:

– Бул жерлик эмес, бирок Кудайдын сүйгөн пендесине окшошуп турат, - деди.

Жаш жигиттердин бири кепке аралашты:

– Мен бул адамды бир жерден көргөндөймүн.

Улгайган киши:

– Жараткандын сүйгөн пенделери бардык жерде болот, -деп кошумчалады.

Дарыгер кеткенден кийин кардарлар анын жоомарттыгы жөнүндө уу-дуу кеп кылышып, бирок нарда оюнуна кирген соӊ аны бат эле унутуп коюшту.

Дарыгер суу жээгине келди. Кадимки мурда-кийин көрүп, билип жүргөн дарыянын дал өзү. Апрель айы болгондуктан, суусу көбөйүп калыптыр. Тоодогу карлар эрип, жылгаларга суу батпай турган кез болчу. «Бул чөлкөмдүн климаты жылуу болгондуктан, табият эрте ойгонот», - деп өзүнчө сүйлөндү дарыгер. Китептен алынган сүйлөм болчу бул. Университетте окуган жылдары география сабагынан сынакка даярданган учурда эсинде калыптыр.

Ийнине асынган сумкесин жерге коюп, жээкке олтурган соӊ шар аккан дарыяга көз жүгүрттү. Бир чоӊ мажүрүм талдын ийилген шактары суу ичкенсип дарыяга малынып турганын көрдү. Суунун агымы менен узак жол басып келатып, капилет мажүрүм талдын чачтарына илинген кургак бутактарды байкады. Алардын арасында кызыл жана көк түстөгү кичинекей топ да жүрөт.

«Балык кармаганды жана футбол ойногонду абдан жакшы көрчү…»

Курбу-достору ал кеткен соӊ дал ушундай жазууларды жазышмак, албетте. Анан калса, ал өзү да артыман ушундай мазмундагы сүйлөмдөр жазылса деп аябай эӊсеп жүргөн.

Сумкесинен Тынчтык дарагынын көчөтүн чыгарды. Бул көчөттү базардан сатып алган эле. Сатуучуга: «Мага бардык климатка ылайыкташкан, бардык мезгилде жашыл өӊүн өзгөртпөгөн дарак керек», - деп кайрылганда, тажрыйбалуу кексе багбан ушул кичинекей көчөттү сунуштаган. Тек гана дүкөндөрдүн айланасынан көрүп жүргөн бул дарактын аты эсинде жок азыр. Башкалардан айырмаланып, май айында гүл ачкан бул дарактын көчөтүн сөзсүз өз топурагы менен кошо отургузуп, андан соӊ суу куюш керек. Картаӊ багбан: «Адатта көчөттөр март айынын орто ченинде отургузулат. Бирок бул беркилердей эмес, муну каалаган учурда тиксеӊ боло берет», - деп айткан.

Ошентип дарыянын өӊү карарган кезде дарыгер ордунан туруп, суу жээгин бойлоп басты. Бир канча убакыттан кийин баткактуу тар жол башталды. Бул жер Армения менен чектешкен чек аранын дал өзү. Эки тарабын ылай каптаган, ар дайым мөӊкүп аккан дарыя жайгашкан бул аймакты дарыгер мурдатан биле турган. Ошол себептүү ал базардан көчөт менен бирге дарак бутаган шайманды да кошо сатып алды. Кезинде ушундай шайман менен ал тыттарды бутачу. Орокко окшогон ийри баштуу бул шайман кайра-кайра колун кескенден кийин аны кантип колдонгонду мыктылап өздөштүргөн жайы бар.

Караӊгыда жол жүрүү азап болду. Кутурган итке талангансып, колдорун тикенге тилдирип, бүлдүркөн аӊызды аралап баратты. Бир канча жолу токтоп, канаган жерлерин бинт менен таӊды. Мунусу аз келгенсип, оорусу козголду. Анткени төрт саат мурда өзүнө сайган уколдун таасири тарай баштаган. Ооруну басаӊдатчу дары куюлган щприцтин ийнесин жамбашына матырып, өзүн-өзү эмдеген соӊ, кайра алган багытына түштү.

Жолдун үстү жагындагы айылдарды да беш колундай билчү. Жыл сайын жайкы каникулга тараганда ушул айылдарга келип пахтачыларга кол кабыш кылчу. Кыздар күнгө тотугуп, колдорун тикенге тилдирип, пахта терген учурда жигиттер дарыяны көздөй чу коюшчу. Каалашынча сууга түшүп, балык кармап жыргалга баткан соӊ, коӊшу короодогу бактарга кирип мөмө-жемиш терип жешчү. Анан таӊдан кечке тынбай иштеп, бели ооруп, колу жооруган кыздарга мөмө-жемиш апкелип берип алардын көӊүлүн алышчу. Албетте, мунун акысына күн сайын кечинде жигиттердин эсебине 2-3 килограммдан пахта жазылчу. Натыйжада буга кыздар да, жигиттер да, атүгүл алардын мугалимдери да ыраазы болушчу. Окутуучулар жакшыбы, жаманбы, айтор, коомдук иштерге катышкан окуучулары менен сыймыктынышчу. Албетте, алар да бир учурда окуучу болгону жалганбы. Ошондуктан окуучуларына окуучудай мамиле жасашчу. А кыздар коӊшу короодон келген мөмө-жемиштерди жеп кадыресе эс алышчу.

Эки кыштак артта калды. Кийинки бара турган айылдын аралыгы алардан бир топ алыс. Ошол ээн жаткан коркунучтуу мейкин талаада тыт жана мажүрүм талдар өсчү. Кызыгы, караӊгы түндө айдын шооласы жол көрсөткөндөй дарыгер айлананы даана көрүп баратты. Бирок асманда ай көрүнбөйт.

А чынында эч кандай айыл жок бул жерде. Ал кыялда гана жашачу. Үйлөрдүн чатырлары сыйрылып, дубалдары талкаланып, болушунча таланып, тонолгону көрүнүп турат. Жарактан чыккан кыштын сыныктары, камыштан жасалган короо жана тоокканалар калыптыр. Ал буларды көрбөсө деле мурдатан билчү. Үйлөрдүн дубалына коюлган таштарды Арастын түштүк тарабында жашаган ирандык улутташтары менен армяндар эбак ташып кетишиптир…

Дарыгер катуу чарчады. Жолун тороп, тоскоолдук жараткан бадалдарды бутап атып колунда дарман, бутунда күч калбады. Дарыя жээгинен төмөн түшүп, тытка жөлөнүп олтурду. Айланадагы тынчтыкка кулак төшөдү. Бир кезде жакын жерден шырп эткен дабыш угулду. Чөө же коён болсо керек. Карышкырдын келери күмөн эле. Балким көптөн бери эч ким жашабаган бул ээн жерди жолбун иттер ээлеп алгандыр деп түкшүмөлдөп койду. Анан калса кожоюндары таштап кеткен иттер ызага муунуп, кутуруп, кадимкидей жырткычка айланышчу. Таштаган кожоюндарына өмүр бою кек сактап, туура эмес мамиле жасаган адамдарга такай тиш кайрап жүрүшчү. Мына ушундай коркунучтуу ойлорго кабылган дарыгер ордунан туруп, дарыянын жээгине кайра келди. Суу бойлоп баспаса, барчу багытынан адашып кетиши толук мүмкүн эле. Ошондуктан бир аз чымырканып, кайратын топтоп, алдыга кадам таштады.

Артына кылчайып караса, жолду жакшы эле арбытып коюптур. Алдыда дагы эки айыл бар. Аларды аралап өтсө, туулган кыштагына жетет. Өз айылын көзгө сайса көрүнгүс караӊгыда да таап аларынан шек жок. Керек болсо аны түн ичинде ойготуп, көздөрүн таӊып, туулган жерине алып барышса, топурактын жытынан дароо таанымак. Мекен эне сыяктуу. Анткени топурактан дагы эненикиндей тааныш, жагымдуу жыт келет…

Алдыдагы айылдар да артта калды. Бул жердеги дарыянын жээги түз жана жайык. Бадалдар да сейрек кездешет. Дарыянын аркы өйүзүндө жайгашкан темир жол да көрүнбөйт. Рельстерди эбак чыгарып кетишиптир. Азыр алардын ордун ээлеген кенен жол пайда болуптур.

Эски көпүрөгө жетти. Көпүрө талкаланыптыр. Бир кезде бул көпүрөнүн алдында генератор бар эле. Свет өчкөн учурда, ал генератор дароо ишке кирчү. Натыйжада, нан бышырган очоктор менен имараттардын жарыгы такай күйүп турчу.

Дарыгер өрөпкүп, сүйүнө баштады. Далай жылдан бери көрө элек туулган айылына жетерине аз калган. Алдыда Маралиян багы, андан ары сууну соруп кеткен бункер-туннел. Дарыгер бала чагында ал жерден аябай коркчу. Себеби туннелдин оозунан кирген суу эки жүз метр агып барып ары жактан кайра атылып чыкчу. Ал жерге түшкөн киши соо чыкпайт деп айтышар эле. Качан гана суу тартылып, дарыянын нугу бошогон кезде ошол коркунучтуу туннелдин ичине кирген балдар, ал жакта акыр-чикирден башка эч нерсе жок экен деп жар салышчу. Айрымдары адамдардын үрөйүн учуруш үчүн ажыдаар, дөө көрдүк деп атайын апыртышчу.

Чайагзы багы чытырман токойго айланыптыр. Дарыгер өзүн айтылуу Амазонканын жээгинде жүргөндөй сезип, бир аздан кийин жейрен жана жапайы аттардын үйүрүнө жолукчудай кыялданып баратты. Тилекке каршы, бул чөлкөмдө жейрен түгүл кыбыр эткен жан жок. Жадагалса жапайы камандардын да тукуму соолгон өӊдүү. Кезинде бул аймакта жапайы доӊуздар топ-топ, үйүр-үйүрү менен күтүрөп жүрүшчү. Кечинде ууга чыккан аӊчылар олжого маарып, эч качан куру кол кайтышчу эмес.

Курдагзы деген өзөн жээгине келгенде бир аз эс алды. Эми мындан ары суу бойлоп басыштын кажети жок. Анткени бул жердин ар бир ташы менен ар бир дарагын таанычу. Анын балалыгы ушул аймакта өткөн. Дарыя жээгинен ылдый түшкөн жол боюнда каз катар тизилген кичинекей дөбөчөлөр боло турган. Азыр аерде бир түп дарак, бир тутам чөп жок, таздын башындай жыдып, тасырайып жатат. Таӊ калды. Бирок мунун себебин биртике жол жүргөн соӊ түшүндү. Көрсө, өткөн жылы жайында бул жерди өрт чалган экен. Жалын жалмаган өсүмдүктөрдүн жагымсыз жыты муну айгиленеп турду.

Күдрү чокусуна чыгып, тээ алыска көз жүгүрттү. Көктө жымыӊдаган жылдыздардын жарыгында кучак жеткис кара жыгач даана көрүндү. Адамдар бул эбегейсиз зор дарактын түбүнө келип эс алышчу. Көлөмүнө жараша көлөкөсү да кеӊири аймакты ээлегендиктен, айыл эли толук бата тургандай туюлчу. Кара жыгач ордунда болсо, демек кыштак да өз ордунда. Анда эч ойлонбой жашай бериш керек.

Ал балдарга окшоп жетине албай сүйүндү. Оӊ бутунун сайгылашып ооруганына карабастан төмөндөгү айылын көздөй жүгүрдү. Бирок коолап өскөн куурайга чалынып, оӊкосунан түштү. Башта бул жерде борпоӊ топурактуу жол бар эле. Азыр анын изи да жок. Эптеп калыӊ куурай менен майда бадалдардын арасынан өзүнө жол ачып кара жыгачка жетти. Даракты кучактап, көзүнө жаш алды. Кайратымдан танбайын деп ыйлабаганга тырышты. Бышактаган үнүмдү караӊгы түн укпасын деп кооптонду. Бирок чыдамы жетпей, көптөн бери чогулган ичиндеги бугу сыртка атылып чыгып, катуу өксүп ыйлады.

Кара жыгач жашарып, бариктерге чулганып турган экен. Жалбырактарынын кычкыл, нымдуу жытын искеп, бардык азап-тозогун, жан чыдатпай ооруткан илдетин заматта унутту. Коркунуч сезимдеринен арылып, даракты кучактаган калыбында солуктап ыйлап жатты. Кимдир бирөөлөр кара жыгачтын түбүнө очок жасап, от жаккан окшойт. Армян аскерлери болуп жүрбөсүн… Эсине бир ой кылт эте түштү: балким айрым айылдаштарым ушул жерде жашап аткандыр. А балким аларга жолугуп калармын… Очоктун ичиндеги күлү жапжаӊы. Кыязы, бир-эки күн мурда от жагып, бир нерсе бышырып жешсе керек. Жүрөксүндү. Ордунан туруп, теребелге көз чаптырды. Алгач акырын, анан үнүн бийик көтөрүп: «Ээ-эй! Бирөө-жарым барбы? Мен келдим! Мени угуп атасыӊарбы?», - деп кыйкырды. Эч ким үн каткан жок. Жымжырттык өкүм сүрдү. Аӊгыча бир ит авалап үрүп, аянычтуу добуш менен улуп кирди. Бирок бир аздан кийин үнү өчүп, такыр дымы чыкпай калды. Дарыгер өӊүндө эмес, түшүндө көргөнсүп, дендароо болуп турду.

Кырга чыкты. Абалкы жолдун дайыны жок, изи да калбаптыр. Махмудлу багы чычкан мурду өрдөгүс чытырман токойго айланыптыр. Бадал каптап, куурай баскан Келесерлик деген жер таанылгыс болуп өзгөрүптүр.

… Айыл! Дарыгер чоӊойгон талаа! Кара чегиртке, үлүлдөрдү көрүп, курбакалардын чардаганын угуп, чарбакты суу каптаган экен деп ойлоду. Болбосо ушундай суук түшкөн кезде бул аймактан кара чегиртке менен курбакалардын доошу эгерим эшитилчү эмес. Жүрөгү сыздап, көзүнүн жашы мөлт эте түштү. Мейкин түз жердеги тыттардын ордун ээн-эркин соккон ээнбаш шамал ээлептир. Сыягы, ал дарактар же куурап калган, же кимдир бирөөлөр кыйып, өз керегине жараткан шекилдүү.

Коӊшу үйдүн короосундагы чырмооктор гана өз ордунда эч козголбой турушат. Өлүмүнө өкүм чыккан соӊ капюшон кийген баштарын жерге салып, Жаратканга жалбарып, жаннаттан жай сураган кадимки католиктердин кечилдерине окшоп калыптыр.

Шамал ал ансайын катуулап, муздак аба денени чыйрыктыра баштады. Бул, албетте, таӊ атарына аз калгандыгын эске салган белги. Дарыгер ыкчам кыймылдап, айыл ортосундагы дөбөчөдөн ылдый түштү. Дарыя жээгине жакын келип, өз үйүн көздөй кадам шилтеди. Жүрөгү дүк-дүк согуп, тааныш короого кирди. Бала чагындагы, жаш кезиндеги бардык кайгы-кубанычын, бактылуу-бактысыз күндөрүн көз алдынан өткөрдү. Толкунданды. Ышпалдасы чыгып, урандыга айланган байыркы имараттар менен алардын короосун аралап бараткандай бир башкача сезимдерге кабылды. Коркунуч эмес, сүйүнүч сезими үстөмдүк кылып, жүрөгү көөдөнүн жарып чыкчудай лакылдап катуу сокту.

Үйүнө жетип, короодон ичкери баш бакты. Ат сарайдан келген күйүк жыт мурунду өрдөп өттү. Сарайдын тосмолору өрттөнүптүр, тагыраагы, өрттөшүптүр. Дубалды шөкөттөгөн кара таштарды түгөл чыгарып кетишиптир. Сарайдын кара таш менен кооздолгон дубалын Лал Балоглан курган болчу…

Таӊ агарып келатты. Камыштан токулган короону өрт жалмап, күлгө айлантыптыр. Музейге коё тургансып, айрым үйлөрдүн ак таш чөгөрүлгөн дубалдары урабай өз ордунда турат. Бир кезде ал таштарды үй ээлери аска, тоонун беттерин оюп чогултушкан. Бакчада өскөн кээ бир дарактар кыйылса, айрымдары куурап калган. Анар менен тыттын дарактарына гана эч ким тийбептир. Короону тегерете курчаган бетон тосмолор түп орду менен жок. Айтор, айыл баштан аяк таланып-тонолгон.

Дарыгер көз жарадай каканактап, көкүрөгүн тээп чыккан күйүтүн басуу үчүн өксүп-өксүп ыйлады… Короо жай, там-ташты талкалаган баскынчылар жертөлөгө чейин жойлошуптур. Сумкесин жерге коюп, чалдыбарга айланган үйдүн ичине кирди. Бир учурда эмгектеп, бир туугандары менен кубалашмак ойногон полдун тактайлары чирип, жарактан чыгыптыр. Жертөлөдөгү буюм-тайымдардын орду жылан сыйпагандай боппош.

Көчөт тигүү үчүн чуӊкур казыш керектигин эстеп, коӊшу үйдүн короосун аттады. Алардыкы да эбак талкаланып, тамтыгы чыгыптыр. Үйдүн баштапкы абалы, анда өткөн окуялар тасмадай чууруп көз алдына тартылды. Кооз таштардан дубал соккон усталар маӊдайынан тер агызып, тыт дарагынын түбүндө чай ичип олтурушуптур…

Теребел кулак-мурун кескендей жымжырт. Дарыгер тереӊ ойго батты: «Бир нече жылдан кийин бул жер түп орду менен жок болот. Бул айылдын мени менен жашташ тургундары өлгөн кезде бардык нерсе унутулат. Айылдаштарымдын балдары, атүгүл менин небере-чеберелерим да акырындап бири-бирин, кошуна-колоӊдорун тааныбай турган даражага жетишет. Эскергенге эч нерсе калбайт. Өтмүшүбүздүн өӊү өчөт».

Кунары кеткен айылды жарык нурлары менен алаканга салгандай даана көрсөтүп күн чыкты. Табият инсандардан өч алып, миӊ жыл мурунку тарыхына кайткан сыяктуу.

Дарыгер акыры сырткы дарбазанын кош каалгасын бекиткен узун темирди тапты. Душмандын огу буга да таамай тийиптир. Мына ошол эшик бекиткен темир менен короонун так ортосуна чуӊкур казам деп бир топ машакат тартты. Буттары катуу ооругандыктан, тизе бүгүп олтуралбай кыйналды. Эӊкейген сайын бели чыдатпай сайгылашып, кайра түздөнүүгө мажбур болот. Оорууну басаӊдатыш үчүн ийнесин жаӊыртып сайды. Айтор, аӊ-чуӊкур казылып бүттү. Анан калса, ушул кенедей чуӊкур кыйла убактысын алды. Бүтүндөй бир үйдүн пайдубалын казгансыды. Короо четинде үйүлүп жаткан кыктан биртике алып келип, чуӊкурга таштады. Сумкасындагы көчөттү өтө кылдаттык менен сыртка чыгарып, оролгон клёнкасынан бошотту. Көчөттү тамырына жабышкан топурагынан ажарытпай чуӊкурга жайгаштырды. Анан боштукту толтурган соӊ, буту менен тебелеп тегиздеди. Жумуш аяктады, болгону бир чака суу керек. Бирок аны эмнеге куюп келерин билбей башы катты. Жолдо ичем деп, өзү менен кошо ала чыккан сууну пайдаланганга колу барбады. Бир топко чейин көчөттөн көзүн албай, телмире тиктеп турду. Аӊгыча арт жактан адамдардын дүбүртү менен бакылдаган үндөрү угулду. Акырын кылчайып караса, эки армян аскери мылтыктарын кезеп жакын келип калыптыр. Кыязы, кырга чыккан кезде алардын көзүнө чалдыккан окшойт. Дөбөнүн аркы бетинен орун алган байкоочу аскерлердин назарына илинем деп түк ойлогон эмес.

Ийнинде сержант экендигин тастыктаган пагону бар армян аскери өз тилинде бир нерлерди айтып, өктөм сүйлөдү. Дарыгер анын тилин түшүнбөсө да, буйрук иретинде оозунан чыккан сөзү менен ызырынган көзүнөн «колуӊду көтөр» деп айтып жатса керек деп ойлоду. Колдорун өйдө көтөрүп:

– Орусча билесиӊби? - деди.

Экинчи аскер дарыгердин сумкасын аӊтарып, ичиндеги буюм-теримдерин сыртка төккөн соӊ ар бирин кармалап текшерип чыкты. Эч кандай курал-жарак, бычак өӊдүү кооптуу нерсе табылган жок.

Аскердик чини боюнча беркиден жогору турган жанагы сержант мылтыгын кезей: «Алдыма түш!» - армянча буйрук берди. Башка арга жок болчу. Аскерлердин айтканын аткарды. Бир аз жол жүргөн соӊ дарыгер акырын колдорун төмөн көздөй түшүрдү. Арттагы аскер дароо мылтыктын кундагы менен жон талаштыра катуу уруп жиберди. Бул, албетте, колуӊду көтөр деген белги болчу. Бирок дарыгер чымын чаккандай көргөн жок. Анткени бул учурда ал эч кандай ооруну сезбей келаткан. Өзүлөрүнүн эркине көнбөй, моюн толгогон дарыгерге тигилердин ачуусу аябай келди…

Аны кыштактан эки миӊ чакырымдай ары жайгашкан аскер горнизонуна алып барышты. Бул жер бир кезде Кеӊеш өкмөтүнө таандык чек ара тосоту болчу. Кийин СССР ыдыраганда азербайжандардын колуна өткөн бул аймакты армяндар Карабах согушунда басып алышкан.

Эскилиги жеткен горнизонду армяндар оӊдоп-түздөп, эшик-терезелерин сырдап, дубалдарын акташыптыр.

Үстү жагына армян тилинде жазуу илинген бөлмөнүн каалгасын ачып, ичкери киришти. Командирдин кабинети экендиги бештен белгилүү. Чынында дарыгер кайда баратканын жарым жолдон эле боолгологон.

Жаш офицердин пагонундагы үч жылдыз жаркырайт. Аскерлер эбак рация аркылуу кабар берген шекилдүү. Анткени ал бөлмөгө бейтааныш адам киргенде таӊ калган жок. Ал тургай дарыгерге бош орундукту көрсөтүп, олтуруӊуз дегендей ишара кылды. Негизи офицер дурус киши өӊдөнөт. Кыязы, армян эмес го. Оор басырыктуу, токтоо мүнөзү бардай. Дарыгерге кайрылып, орусча оркойгон акцент менен:

– Сиз кимсиз? - деди. Адатта армяндардын өз диалектисине салып, орусча сүйлөшкөнүн кыртышы сүйчү эмес. Тек гана эл аралык конференцияларда алар менен маданияттуу түрдө ооз учунан учурашчу. А калган учурда көбүнесе армяндардан оолак жүрүүгө аракет кылчу.

Дарыгер орус тилинде өзүн тааныштырган соӊ, офицердин экинчи суроосун күтпөстөн дароо айылга кандай максатта келгендигин түшүндүрдү. Айткан кептерине командирдин анчейин ынанбай турганын сезген дарыгер минтип кошумчалады:

– Ишенбесеӊиз, интернетке кирип, текшериӊиз!

Офицер:

– Бул жерде кайдагы интернет! Интернет түгүл свет да жок, - деп кабак чытты. – Мазут жетиштүү болсо гана генераторду колдонобуз.

– Анда жогору жактагыларга телефон чалып билдириӊиз, алар карашсын. Жалган айтпаганыма күбө болосуз.

Командир:

– Менин жетекчилер менен байланышканга азыр убактым жок. Сизди аларга жиберем. Барганда өзүӊүз түшүндүрүп бересиз.

Дарыгер атырылды:

– Менин да убактым жок! Бир күндүк өмүрүм калды. – Шымынын багалегин өйдө түрүп, шишиген бутун көрсөттү. Чындыгында соӊку эки күн аралыгында буттары демейдегиден көбүрөк шишип, кызарып кеткен эле. Узак жолду жөө басып өткөн кайран буттар иштен чыгып, шилтегенге жарабай калган.

– Оорумдун башталганына алты ай болду, - деди дарыгер бир аз күлүмсүрөп. – Балким бүгүн, балким эртеӊ бул жарык дүйнө менен кош айтышам.

Армян офицер анын кызарып, шишип чыккан буттарын карап, айткан сөздөрүнө ишенгендей болду. Дарыгер кебин улады:

– Ойлоп көрсөӊүз, эгер деним сак болсо, ушунча азап тартып, өз өлүмүмдү издейт белем? Армян калкы ушул согуштан пайда тапты деп айта аласызбы? Согуш эч кимге жакшылык алып келбейт. Мен ал көчөттү баардык согуштарга каршы чыккан бунттун белгиси катары тиктим. Аны коргоого алууӊуздарды каалайм. Сизби же башкасыбы, мен үчүн айырмасы жок…

“Биздикилер кайтканга чейин коргоӊуз” дегиси келди, бирок батынбады. Себеби офицердин ачуусуна тийип, иштин баарын бүлдүрүп алмак.

Командир бир аз ойлонуп туруп:

– Ооба, телефон чалсам, жакшы болот, - деди.

Дарыгердин аты-жөнүн кайталап сураган соӊ коӊшу бөлмөгө кирип, иш телефону аркылуу кимдир бирөө менен көпкө сүйлөштү. Анан өз кабинетине келип дарыгерге:

– Сүйлөштүм… - деди токтоо калыбынан жазбай. – Алар сиз айткан нерселердин баары туура экендигин тастыкташты. Чындап эле интернет сайттар сиздин кайрылуу катыңызды жарыялашыптыр.

Дарыгер:

– Мына көрдүӊүзбү, - кадыресе жандана түштү. – Менин келүүмдүн ушундай жүйөөлүү себеби бар. Анан калса, бул иш тек гана көчөт отургузуу менен бүтпөйт. Мен бу жерге биресе дарак эгип, бир эсе өлүш үчүн келдим! Эгер бүгүн, эртеӊ өлбөй калсам, араӊыздардан бирөө мени өлтүрсүн. Болгону таӊ супа салып, күн жарык нурларын жаӊыдан жер бетине чачырата баштаган учурда жан таслим кылсаӊар.

Офицер шылдыӊдагансып жылмайып койду. Бирок дарыгер буга көӊүл бурбастан, кеп учугун андан ары улады:

– Адегенде мүрзөмдү казам. Ал жер өтө алыс эмес, балким көргөндүрсүз. Бир аз арыраакта, дөбөдө жайгашкан. Аталарым ошол көрүстөнгө коюлган.

Командир каршы чыкты:

– Буга уруксат бере албайбыз. Эгер башчыларыбыз укса, терибизди тескери сыйрыйт.

Дарыгер таӊ калды:

– Эмнеге?

– Эки себеби бар. Биринчиден, сиз душман болсоӊуз да эч кандай куралыӊыз жок. Ошондуктан туткун катары эсептелесиз. Экинчиден, сизди өлтүрүүгө эмес, коргогонго буйрук беришти. Бул нерсени кайра-кайра баса белгилеп айтышты.

Сөзүн аяктаган офицер эшикти көздөй басып, сыртта турган жоокерлерди кабинетине чакырды. Аларга армянча бир нерселерди түшүндүргөн соӊ дарыгерге карап мындай деди:

– Сизди бүгүн убактылуу бул жерде кармап, эртеӊ Ереванга жөнөтөбүз. Сиз менен ошол жактагы тиешелүү адамдар алектенишет.

– Бирок мен сизге айтпадымбы! Менин бир эле күндүк өмүрүм калды. Ереванга жетпейм. А балким өзүмдү өзүм өлтүрүшүм да мүмкүн. Мен үчүн бул кыйын деле эмес. Анткени мен доктурмун, жан кыюунун түрдүү жолдорун билем. Бирок менин максатым такыр башка. Мүдөөмдү сөзсүз жүзөгө ашырышым керек. Жоокерлерди сыртка чыгарсаӊыз, сизге өтө маанилүү бир нерсе айтам. Абдан маанилүү.

– Ал эмне экен өтө маанилүү болгон?

– Сизге гана айтам.

Офицер жоокерлерди колу менен көрсөтүп:

– Булар кабинетте калса деле эч нерсени түшүнүшпөйт, айылдан кечээ жакында эле келишкен. Орусча такыр билишпейт.

– Макул, сиз айткандай болсун. Эгер менин максатымды ишке ашырсаӊыз, сизге көп суммада акча берем.

Офицер «акча» деген сөздү эшитери менен дароо жоокерлерди сыртка чыгууга буйрук берип, дарыгерге суроо узатты:

– Кайдагы акча?

– Өз өлүмүм менен бетме-бет кездешүүмө шарт түзсөӊүз же өзүӊүз мени өлтүрсөӊүз, сизге он миӊ доллар берем.

Офицер таӊ калды. Жаагын таянып, тереӊ ойго батты. Мындай сунушту күткөн эмес эле. Акырын шыбырап сурады:

– Акча сиздеби?

– Акча жанымда эмес, катып койгом. Каалоомду аткарсаӊыз, бекиткен жеримди айтам.

– Сизге ишенейинби?

– Ырас, ушунча жол басып, ашуу ашып келген бир инсан өз максатына жетүү үчүн ар кандай ыкманы колдонушу мүмкүн, жалган айтышы ыктымал. Бирок мен сизге чындыкты айтып жатам. Сизге берер он миӊ доллар бул менин кепиниме гана сарпталчу каражат. Сиз болгону ылайыктуу учурду күтүшүӊүз керек. Эгер убагында өлбөсөм, мылтыкты акырын «тырс» эттирип коёсуз, бүттү. Кааласаӊыз, бул ишти жоокерлериӊиздин бирөөсүнө тапшырыӊыз.

Армян офицер:

– Ойлонуп көрөйүн, - төш чөнтөгүнөн чыгарган чылымын жандырып, ыкшып жөтөлгөнүнө карабай үстөккө-босток сорду. – Бу кашайгырды үч күндөн бери чекпей, таштап койгом.

Бир аз убакытка экөө тең үн катпады. Анан армян офицер собол узатты:

– Канча калды?

Дарыгер түшүнгөн жок. Офицер суроосун конкреттештирди:

– Башкача айтканда, качан өлөсүз?

– Болжол менен жыйырма төрт сааттан кийин… Бир аптадан бери дары иче элекмин. Дарылар оорумду күчөтпөй кармап турчу. Аларды үйгө таштап келгем.

– Мен сизди курал аркылуу өлтүрө албайм. Эң жакшысы, өз ажалыңыз менен өлүшүңүздү күтөлү.

– Ооруну басаңдатчу дарыларым түгөндү. Чыдай албай калдым. Жаным көзүмө көрүнүүдө.

– Күткөндөн башка арга жок. Офицер бөлмөнүн ичинде ары-бери басып, колдорун алдыга-артка керди. Коңшу бөлмөгө кирип, кайрадан көпкө чейин телефондо сүйлөштү. Анан өз кабинетине келип, жагдайды түшүндүрдү.

– Жетекчилерге билдириңиз, туткундун соңку каалоосун аткарышпаса, бүт дүйнөгө уят болушат. Бир мусулмандын өзүнүн туулган жеринде өлүүсүнө уруксат бербептир деп элдин баары кеп кылат. Шерменде болосуңар. Анын үстүнө мен өлүмдү акчага сатып алуудамын, өз акчама өз өлүмүмдү…

Офицер дарыгер айткан маселе боюнча аз убакытка ойлонуп туруп, кайрадан телефон жайгашкан кабинетке кирди. Көп өтпөй дарыгердин жанына келди:

– Мен аларга жалган айтканга мажбур болдум. Сизди өлдү дедим. Тагыраагы, абдан кыйналып, өлүм алдында жатканыңызды… Айтор, алар сизге ушул жерге көмүлүүгө уруксат беришти. Бирок бүт дүйнөгө жарыялаш үчүн сиздин сөөгүңүз менен мүрзөңүздүн сүрөтүн тартып, Ереванга жиберишибиз керек. Кана, эми акчаны кайда катканыңызды айтыңыз.

– Мен акчанын каерде экендигин соңку мүнөттөрдө гана айтам.

Чындыгында акча колго тийгенден кийин офицер убадасын аткарбай коюшу мүмкүн деп дарыгер кадыресе чочулап турган.

– Мага ишенбей атасызбы? - деди офицер.

– Кеп ишенбегендикте эмес. Балким жетекчилериңиз сизге басым жасашы ыктымал. Кеп ошондо. Мен качан өз мүрзөмө барып, атамдын жанына жатканда гана жаным жай алып, өлгөнүмө ынанам.

Офицер чаңга жуурулуп, какырап турган дөбөгө колун жаңсай суроо узатты:

– Макул, сизди ал жерге качан алып барайын?

– Бүгүн кечинде.

– Жыйырма төрт саат калды дебедиңиз беле?

– Дартым ырбагандан ырбап барат. Кадимкидей сезип атам. Мурдараак ичкен дарылардын таасири толугу менен тарады. Оорум ушунчалык күчөдү. Баарын жакшылап эсептеп чыктым. Эртең таң заардан жарык дүйнө менен кош айтышам. Ошол аралыкка чейин мүрзөмдү казууга тийишмин.

– Болбойт! Сиз бул жерде калыңыз. Жаныңыз үзүлгөндө өзүбүз көмөбүз. Ал ортодо сүрөтүңүздү да тартабыз. Ушинткенибиз оң.

– Бирок мен мүрзөмдү өз колум менен казгым келет. Тек гана тынчтык дарагын олтургузуу менен иш бүтпөйт. Ушул жексур согуштар токтобой, улам кайталанган сайын өзүн-өзү тирүүлөй көмүүгө даяр инсандардын арбын экендигин далилдейин. Негизи ар бир адам өз жүрөгүндө өлөт. Маселен мекенге болгон сүйүүнү ичинде өлтүргөндөр бар. Мындан өткөн трагедия болушу мүмкүнбү? Мен күн жаңыдан кылайып чыккан кезде өлүшүм керек. Күндү суктана караган бойдон… Ушундай өлүм гана мен үчүн ыңгайлуу. Таң аткыча бейитимди казам. Эгер күн чыкканда өлбөсөм, атып салгыла.

Офицер лам деп ооз ачпады. Колдорун керип, ары-бери чойгулады. Чылымын күйгүздү.

– Бу кашайгырды жаңы эле таштаган болчумун, - деди ал күрс-күрс жөтөлүп. – Азыр жоокерлер сизди убактылуу кармоочу жайга киргизишет. А кечинде аларды башка жакка жиберем. Көрүстөнгө барганыбызды көрүшпөсүн. Көз байланганда жолго чыгабыз.

Офицер жоокерлерди чакырып, буйрук берди:

– Туткунду убактылуу кармоочу жайга алып баргыла!

*   *   *

Ным жыттанган бөлмөдө эски керебет, ышпалдасы чыккан бир үстөл, бир олтургуч бар эле.

Керебетке олтурду. Сыздап ооруган бутун колу менен эптеп өйдө чыгарып, анан узатасынан жатты.

Кечке чейин наар алган жок. Табити эч нерсеге тартпайт. Оорусу ал ансайын күчөп барат. Оорусу чыдатпай, сыздаган бутун улам ушалайт. Эгер буттары айткан сөздү түшүнсө, жалынып-жалбарууга даяр болчу. Айласы кеткенде эки тизесин курсагын көздөй бүгүп, ооруну басаңдаткысы келди. Бирок майнап чыкпады.

Ал ортодо өтмүш тагдырын, жубайын, балдарын жана кичинекей неберелерин ойлоду. Азыр алар санаага батып, тынчсызданып жаткандыр. Балким алар жаназага келген адамдар үчүн ижарага алынган чатырдын жанында ботодой боздоп турушкандыр. Дарыгер өзүнүн кара ашына келип, жакындарына көңүл айтып, көзүнүн жашын агызган адамдардын баарын кадимкидей көрүп турду. Алардын арасында албетте, жакын достору, кесиптештери, атүгүл Саламаттыкты сактоо министрлигинен келген бир өкүл да бар болчу.

Ордунда моло таштай каткан колуктусун эже-сиңдилери айланчыктап жүрүшөт. Жубайы ыйлабастан, тескерисинче, сыймыктануу менен көңүл айткан адамдардын сөздөрүн кунт коюп угууда. Эч нерсе болбогондой, токтоо, зыңкыйган калыбынан жазбайт. Атүгүл күйөөсүнүн өлүм издеп кетишин эрдик катары баалаган түрү бар.

Убакыт өтпөй, кеч кирбей, көз байланбай, айтор, күндүн батмагы тозок болду. Күн кадимки алдан-күчтөн тайып, картайган жылан өңдүү уясын көздөй араң жылат, алсыз сойлойт.

Чарчап-чаалыккан неме көздөрүн жумуп, уктоого аракет кылды. Бирок жаңы эле көзү илинип баратып кайра ойгонду. Жасай турган өтө маанилүү бир жумуш оюнун баарын ээлеп, уктаганга жолтоо болду. Эмнелерди гана ойлогон жок… Ал бул аймактан биротоло кетип жатат. Мындан кийин ал туулуп-өскөн жерин эч качан көрбөйт. «Бул өтө чоң мүшкүл, оор трагедия! Жада калса мунун айынан дени-карды соо, алты саны аман киши да акылынан айнышы мүмкүн. А мен ким болуп калыптырмын! Мен деген ансыз да оорулуумун»,- деп өзүн-өзү шылдыңдап, каткырып күлдү.

Көздөрүн ачып, бөлмөнүн ичин айландыра карады. Терезедеги жарык байкалбайт. Кеч кирген болчу. Ордунан козголуп, сыздаган оорулуу бутун колу менен жерге түшүргөн соң керебеттин кырына көчүк басты. Оорусу күчөгөндөн күчөп барат. Оболу өзүнүн кайда экенин эстей албай башын мыкчып отурду. Эстутумундагы маалыматтарды кимдир бирөө өчүрүп салгандай туюлду… Бир аздан кийин өзүнө келди.

Ал арада бөлмөгө баш баккан офицер:

– Сен айткан көрүстөнгө жөө барабыз. Анткени ал жакка унаа каттабайт. Андан сырткары эч кимдин көзүнө да чалдыкпайбыз.

Дарыгер:

– Кайра жакшы болот, - деди. – Көптөн бери жете албай сагынып жүргөн жерлерди көрөм.

Болжол менен бир сааттан кийин асфальт төшөлгөн жол аркылуу мүрзөнү көздөй жөнөштү. Аскер унаалары дамамат ушул аймак аркылуу каттагандыктан, алардын дөңгөлөктөрү жол четиндеги бадал, тикендерди тебелеп-тепсеп майкандаганы билинип турат.

Дарыгер кадам шилтеген сайын оорусу күчөп, жаны көзүнө көрүнүп баратты. Кимдир бирөө бутуна оор таштарды байлагандай денеси салмактанып, жүрөгү сыздап, деми кысылат. Баспай эле боортоктоп, сойлогондой араң жылат. Арга жок, көрүстөнгө жетиш керек. Бир чакырымга жетип-жетпеген жолдун аягына чыгыш тозок болду. Чыдамы кетип, жаны кашайган офицер дарыгерди артына көтөрүп алгысы келди. Бирок ал буга көнбөдү:

– Мен өзүм басып барам. Ошентсем, өлүмүм менен батыраак жолугушам.

Кийинки кырды ашуу баарынан кыйын болду. Дарыгер эки кадам шилтеп, тык токтойт. Сол бутун сунуп, улам жерге жата калат. Биртике эс алган соӊ кайра офицерге таканчыктап өйдө турат. Кадимкидей ал-күчтөн тайгандыктан, офицердин көмөгү менен гана аяк шилтейт.

Армян офицер өӊү кубарган калыбында собол узатты:

– Дагы көп барбы?

– Тигил дөбөдөн ашсак, жеткенибиз ошол.

Өрдү көздөй жүрүп олтуруп, дөбөгө чыкканда тыным алышты. Дарыгер жерге жатты. Жаны ачыган калыбында:

– Мен мындан ары жолумду уланталбайм. Сен артка кайт, баары убадалашкандай болот… Акчанын кайда катылгандыгы бул жерге жазылган, – деп көйнөгүнүн жакасын жыртып, төрт чарчы кагазды сууруп чыкты. – Акчаны үйүбүздүн кооросуна бекиткем. Сарайдын жанындагы инжир дарагынын түбүндө. Мени колго түшүргөн жоокерлер ал жерди жакшы билишет. Айтмакчы, мен тиккен даракка суу куйганды унутпаӊыз. Бир чака суу жетет. Жоокерлериӊиз өзүм олтургузган көчөттү сугарганга уруксат беришкен жок.

Офицер кагазды колуна алды. Дарыгер айткан сөздөрдүн чын-төгүнүн аныктагысы келди. Караӊгы кирип калган. Эӊкейип, ширеӊкесин жандырды. Дарыгердин жүзүнө тигилди. Азап тартып, жаны кашайып турган өӊдү көрдү.

Офицер кимдир бирөө угуп калбасын деген таризде саксактап, акырын шыбырап сурады:

– Акча табылбаса, айткандарыӊдын баары жалган болсо, анда эмне кылабыз?

– Мен Гиппократтын антын бердим!

Армян офицер бир аз убакытка дарыгерди эркине коюп күтүп калды. Бир кезде караса, дарыгер эстен танып баратат:

– Мен сизди таштап кете албайм. Сизди каалаган жериӊизге алып барышым керек. Анткени мага ушундай буйрук берилген. Мен да аскердик антымды аткарууга тийишмин, - дарыгерди артына арта салып көтөрдү. Дөбөдөн көрүстөнгө чейин созулган жол борпоӊ топурактуу болгондуктан, кадам шилтеген сайын офицердин тизелери титиреп, кадыресе кыйналды. Атүгүл дарыгер экөө жүзтүмөнүнөн жерге тумшугу менен сайылганга да үлгүрдү. Айтор, өз тилинде сөгүнүп, сүйлөнүп баратты.

Жолду катар бирде эстен танып, бирде эсине келген дарыгер бир кезде:

– Мени жерге түшүр, өзүм басам,- деди.

Офицер аны жерге түшүргөн соӊ, колтугунан сүйөп, экөө жанаша баса башташты.

Көрүстөн таанылбай калыптыр: таланып, тонолуп, өрттөлүптүр. Кээ бир эстеликтердин негизги таштары омкорулуп, олжолонуп кетиптир.

Дарыгердин атасынын кабыры көрүстөндүн ортосундагы кичинекей дөбөчөдө болчу. Атасы да ал өӊдүү бийиктикти жактырчу.

Дарыгер:

– Мени ушул жерге ташта. Мындан ары өзүм кетем, - деди.

Дарыгер аксап-тексеп, жаны көзүнө көрүнүп атып акыры атасынын мүрзөсүнө келди. Бейиттин дөмпөйгөн топурагы чачылып, жер менен жексен болуптур. «Уул-кыздарыӊдан эстелик» деген жазуусу бар жалпак, сыйда таш ордунда жок.

Дарыгер:

– Көр казуунун кажети жок экен, -деп ичинен күбүрөнгөн соӊ, атасынын мүрзөсүнүн жанындагы аӊ-чуӊкурга боортоктоп сойлоп кирди.

Армян офицер бейиттин жанына келип, бир аз убакытка дарыгерди тигиле карап турду. Таӊ атайын деп калган. Офицер айланага көз чаптырды. Талкаланып, ышпалдасы чыккан көрүстөндүн урандыларын көрүп, жүрөгү шуу дей түштү. Коркунучтуу сезимдерге кабылды. Дароо артына бурулуп, келген жагын көздөй багыт алды: алгач ылдам басып, андан соӊ чуркап жөнөдү. Анан калса, күбүрөнүп, сүйлөнүп баратты.

Мүрзөнүн ичи жылуу экен. Дарыгер эч кандай ооруну, эч кандай кыйынчылыкты сезбей жатты. Денеси өлүп, бирок акыл-эс, аӊ-сезими, эстутуму жашап аткандай сезилди. Эстутумундагы көрүнүштөрдү акыркы жолу көз алдынан өткөрүүгө далалат жасады. Бала чагын, жаштык кезин эстеди. Апасынын колун кармап, көрүстөнгө келген күндөрү тасмадай тартыла түштү. Апасынын кайгылуу обонго салган кошоктору менен жакындарынын рухуна багыштаган сөздөрү кулагына жаӊырып жатты.

Көз алдынан ар түрдүү гүлгө оронгон тоолор, мектепте өткөргөн жылдар, козу кайтарган жайлоолор, дарыядан балык кармаган күндөр чууруп өттү. А кезде баары укмуш эле. Баарынан да тийип турган күн… Бирок булардын баары качан болгонун эстей албады. Эми минтип ошол жоголгон кооздук менен сулуулуктун ордун кайгылуу, армандуу боштук толтурууда…

Таӊ агарып келатты. Жарык нурларын чар тарапка чачыратып күн чыкты. Дарыгердин жүрөгү дале согуп, эстутум, аӊ-сезими демейдегидей…

Бир чоӊ аӊга кулагандай болду. Жаны үзүлүп баратканын туйду. Көздөрүнө күн нуру тийгенин сезди…

Көзү жумулду…

15-18-февраль, 2010-жыл

Азербайжан тилинен которгон Алтынбек ИСМАИЛОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз