Имдат Авшар: Карабак качкындары

  • 26.04.2022
  • 2511

АҢГЕМЕ

Мугалимдер үйүнүн ачык терезесинен дыңгырай чертилген тардын[1] үнү угулуп жатты. Чуркаган бойдон барып жакын жерден уккум келди, бирок чоң көчөгө чыксам ал жердеги ызы-чуудан улам бул үн жоголуп кетчүдөй сезилип, бутактары көчөнү карап ийилген мажүрүм талдын алдында тыңшап турдум. Бир кезде бул күүнү коштогон обон өзгөчө өктөм түрдө катуулай чыга баштап, аздан соң айланадагы бардык үндөрдү басып кетти. Көз алдымда туман баскан уч-кыйырсыз түздүк тартылып, анын агыш мунарык көшөгөсү айланадагы ызы-чуулуу шаарды акырындан барып көрүнтпөй салгансыды.

Кайсы акын жүрөк өрттөгөн арманын обонго салып бул керемет аспаптын мукам добушу менен берип жатат, мындай терме кайсы жүрөктө жаралды экен? Бир жүрөктүн сыздашы миңдеген жан дүйнөнүн кыйкырыгы тура. Ушунчалык кайгылуу, кусалуу, ушунчалык өлөсөлүү бирок кудуреттүү, азгын болгону менен кубаттуу...

Бул үн уккан сайын өзүнө тартып баратты. Улам бир албуут толкун сымал каптап келип, тереңине тартып, кайра жээкке сүрүп таштагансыйт. Бул ташбоор жана муңдуу дүйнөнү бир эле тардын үнү өзү жалгыз ээлеп жана бийлеп алгандай...

Бул мукам үн кыштагы жылуу шамал сымал бүт денемди назик аймап, ички дүйнөмдү магдыратып өттү. Бараткан багытымдан бурулуп, ал тарапка тартыла баштадым. Күн аймаган карга айланып, балкылдап эридим. Ичимде от алоолоп, жүрөгүмө чок түшкөндөй болду. Мукам добуш чыккан тарапка өмүр бою жоготкон нерсемди көргөн өңдүү ашыгып бараттым. Азга эле кечиксем жан дүйнөмдө жаңырган бул обонду жоготуп алчудай, капысынан бүтүп калчудай сезилди. Туман тараса бири-бирине уланышкан иретсиз имараттар, ийри-буйру жолдор көз алдымда кулап түшчүдөй болду.

Тепкичти экиден аттап-буттап жогору чыктым да музыка жаңырган эшиктин тышында турдум. Анын ары жагында дирилдеген, сыбызгыган муза укканды кайталангыс бир муңга батырып жатты. Бийик да, сезимтал да, мукам да! Жүрөктүн зарын козгоп, жан дүйнөнү сыздаткан аваз коштоп, бир туруп бул үн керемет жайлоодон аптаптуу жакага күтүүсүз агып түшкөн муздак таза суу сыяктуу жагымдуулук жаратты. Андан ары тардын мукамдуу кайрыгын коштогон илбериңки бир үн колумдан тартып, ичкери жетеледи. Эшикти акырын түртсөм жеңил ачылды, бирок босогону аттасам ажайып дүйнөгө кирип, экинчи  чыга албай калчудай болуп, ичкери киргенден тартындым.

Тар добушу оор бир армандын кайрыгын асталатып барып, обондуу ырга кезек ыйгарды. Ичке кылдары акырын терилген тар үнүнө жанашкан назик добуш терең арманды эми сөз менен туюндура баштады. Тар обондуу сөздөрдүн ар муунун көркөмдөп турду. “Дос ба-гын-да-а ачы-лып-тыр гү-үл, гүл-гө-ө ко-нуп-ту-у-у-ур бул-бу-у-ул....”

Кылдары акырын дирилдеп барып тар токтоду. Аңгыча ыргактуу кагыла, добушу ашып-таша добулбас үнү кыяктын кыңылдаган үнүнө аралашты. Армандуу добуш толкундаган ашыктык ырына, улуу сүйүү чакырыгына айланды: “Михриба-аны-ым, Михриба-ан кел-чи бийле-е, жүр-үчү бий-ге-е. Ашык жигит, сулуу кыз жыргап бийле-е...”

Бардык аваздар өчтү. Бир тынымга бөлмөгө тынчтык өз өкүмүн жүргүздү. Аңгыча бул тынчтыкты жемелүү, жактырбаңкы бир үн жарып өттү:

- Болбой калды, мунуңар окшошпой калды! Ай Өзге! Сен эмне кылып атасың? Ыргакка туура эмес учурда кошулдуң? Тамер! Дайыма сага айтам го! Неге кыздын маңдайына барганда эле колдоруң ылдый түшүп кетет?.. Мына, мына! Так ушундай кылышың керек!

Жарым ачылган эшикти дагы ача түшүп, босогону бутумдун учу менен аттап, ичкери кирдим. Кеңири бөлмөдөгү жаштар өзгөчө көңүл коюп, сахнадагы жемелеген үндүн ээсин угуп отурушуптур. Бул кодо бойлуу жашамал кишинин үнү ушунчалык өктөм чыгып жатты дейсиң, сүрдөй түштүм. “Сага эмне керек?” десе эле “Чык эшикке!” деген кагууну уккансып эч сөз айта албай качып жөнөчүдөй болуп турдум. Жанагы сырттан укканда сезим дүргүткөн, арман козгогон, көңүлдү толкунданткан чакырык кайда кетти? Сыйкырдуу парданын артында калдыбы? Мындагылардын баары жакшы маанайды сууткан адамды тиктеп селейишти. Бардыгынын көңүлү ушул кишиге бурулгандыктан менин киргенимди эч ким байкабады.

Уурдана басып, беритедеги аспапчыларга жанаштым. Кыякчы боорундагы оор аспабын сезбегендей тике турат. Добулбасчы аспабын кучактай шалдаят. Тар алардын жанындагы отургучта жатыптыр. Боорунда кооз оюулары бар бул тар мени мукам үнү менен азгырып келип, эми бул ыңгайсыздыкка атайылап кабылткандай сезимде турдум. Бир карасаң бул жөнөкөй аспап мекени алыс калып жатыркагандарды соороторуна деле ишенбейсиң. Кыязы тиги киши чертет окшойт бул тарды. Сыртка чейин муңдуу жаңырган үндү ушул киши жаратып жатабы? Кыякчы дагы, добулбасчы дагы кунт коюп, бул жапалдаш адамдын айткандарын сая кетирбегенге аракет кылып жатышкандай. Ал бирде кыздарга миң түрдүү наз менен жасакерленгендей кайрылып, бирде эркектерге орой сүйлөп, өз оюн алгыр куш сыяктуу шукшурула калып  айтып жатты. Жашы өтүп калганына карабай жигердүүлүгү, өз ишин жакшы билери, аны берилүү менен аткарары жакты.

Башына кара калпак кийген, булгаары чокойлорунун кончу тизеге чейин чыккан, белге канжар байланган мындагы бир нече жигит менен түстүү шайы жолуктарды салынган, көзү-каштарын капкара кыла боёгон, маралдай керилген кыздар бүт бул кишини айланта курчап, оозун тиктеп, ар бир айткан сөзүн кунт коё угуп турушту.

Мындагы көрүнүшкө көнө түшүп, бул жердин башкаруучусуна кунт коё карадым. Үстүндө узунунан келген кемсели ага модалуу пальто сыяктуу жарашыктуу отуруптур. Бирок жеңдерин түргөнүнө карабай узун көрүндү. Анткени колдорун төмөн түшүргөнүндө жең учу манжаларын жаба түшүп атты. Оң бетинен айыккан жаранын терең изи көзгө чалдыкты. Бул тырыгын көрсөтпөй калсын деген ойдо ак чалган сакалын атайылап кырган эмес окшойт. Оң көзү сол көзүнөн чоң көрүнүп, тим эле сыртка чыгып кетчүдөй сезилет. Артка таралган, ак баскан чачын улам-улам артты көздөй серпип, кээде сылап койгон адаты бардай. Катуу сүйлөп, иш жагдайын тууралаганга аракет кылган сайын сол ууртунан алтын тиши жылтылдап, тийсең эле түшүп калчудай болгон наркы-берки саргайыңкы сейрек тиштеринин жанында бир башкача көрүнөт. Бети менен чекесиндеги тырыктар жашоонун көп кыйынчылыктарын көргөнүнөн кабар берип турду.

Ал жаштардын ар бирине эскертүү берип, эмне кылышы керектигин бир-бирден түшүндүрдү:

– Жакшы? Эми баштагыла, - деди күрүлдөгөн үнү менен. Мен арттагы орундукка лып этип отура калдым. Ичимден эч ким байкабаса экен деп тиледим. Ошол эле учурда бул жердин башкаруучусу мындагыларга буйрук бергендей мага кайрылчу болсо буйдалбастан аткарып баштачудай болуп отурдум.

Кыздар менен жигиттерди кайрадан сахнага тизди. Аларды дагы бир жолу имериле карап алып, анан бурулуп бүт бөлмө ичине көз жүгүртүп келип, мени көрүп бир саамга көз ирмебей тиктеп туруп калды. Денемди калтырак басты. Айтмак тургай чанагынан сыртка чыкчудай түшүнүксүз бир балакеттүү көз карашы бар көзү менен ишарат кылса эле чыга каччудай болуп турдум.  Жок, антпеди Кудай жалгап, бат-баттан басып келип тарды алды да, ордуна олтурду. Бурулуп добулбасчыга башы менен белги берди да тарды колуна алды. Аны бооруна кучактаганында бул экөөнүн ортосунда бөлүнбөгөн улуу достук, жакындык, сүйүү бар экени дароо байкалды.

Баары даяр турду, мен дагы улуу күүнү укчудай белендендим. Добулбас “даң-дуң-даң” деген үн чыгарары менен анын кыска колдору тардын кылдарын  терип кирди. Акырындан барып кыяктын да добушу кошулду. Кайрадан баягы көңүлдү сыздаткан муңдуу обонду ойноп башташты.

Тар черткен кишини дагы жакынырактан карадым. Чанагынан сыртка чыгайын деп турган бир көзү негедир жансыз экенин, башка жакты карап турганынан, таптакыр ирмелбегенинен улам анын көрбөстүгүн байкадым. Жакындан караганда бетиндеги тырыктары өтө терең экени билинди.

Сахнада жибек кийимчен кыздар топтошуп турушту. Жигиттер алардын сыртынан тегеректешти. Музыка башталар замат көгүлтүр көлдөн үркүп учкан ак куулар сымал  баары кайкып четке чыгышты. Ортодо гүлдөй назик, арыкчырайынан келген чарчы бойлуу жалгыз кыз кылды. Аңгыча өтө ыкчам жана кооз кыймылдаган бир жигит кызды айланып чуркай баштады. Жалынып-жалбаргансыган кыймылды чагылдырган ал шумкардай канаттарын керип кызды төрт тегеренди. Кыз болсо көк шайы жибектин ичинде кадимки торго түшкөн көгүчкөндөй алсыз көрүндү. Ал жигиттин чакырыгына макул болбогондой назданды. Шумкар жигит кучагын жая айланып, ага жагынуунун айласын таппай жаткансыды, айласы кеткенде колдорун өйдө көтөрүп жаратканына жалынгансыды. Кыз башындагы шайы жолуктун учу менен жүзүн жаап, колу серпип “Кет!” дегендей ишарат кылды. Улан кыздан алыстады. Көрүнбөгөн кандайдыр күзгүгө барып каранып, чачы-башын түздөп, кылдаттык менен кадам таштап кайра кыздын жанына келди. Кыз фатасын ачып жарк этти. Ушул учурда тардын үнү бастады, добулбас үнү катуулап, кыяк боздоп-боздоп алды. Топ жетекчиси жапалдаш бойлуу адам зал жаңырта үн салып, чакырык таштады: “Михрибаным, Михрибаа-а-ан кел бийле-е, жүр бийге-е. Ашык жигит, сулуу кыз жыргап бийле-е!..”

Сахнада өзүнчө эле бир той башталды. Карылуу жигит наздуу кыздын билегинен кармап, калган катышуучулардын шатыраган кол чабуусунун коштоосунда сахнаны тегеренип басышты. Тойго келген конокторго салам айтып жаткандай ийилип таазим этишти. Кызыл-тазыл кийинген сулуу селкилер, сымбаттуу бозойлор аларды төрт тарабынан курчап, эки-экиден колтукташа айлана-тегерене шаңдуу бийлешти.

Кодо бойлуу киши тарды өзү отурган орундукка коюп сахнага чыкты.

– Болду, жакшы!- деди ыраазы боло. – Жакшы, мына дайыма дал ушундай аткарышыңар керек!

Жаштар тышка чыгып кеткенде сырттан узун бойлуу, жарашыктуу кийинген жигит келди. Ал чөнтөгүнөн үч даана ондук акча алып чыгып, бир-бирден аспапчыларга таратты. Тарчы башын ийип:

– Балам ооруп атты эле, үйгө дары ала барышым керек, эки лира ашыкча бер. Кийинки жумада кармап каласың, - деди өтүнгөн үндө.

– Мага берилгени ушул. Ашыкча акча берилген жок,- деди жигит кайдыгер түрдө...

  •  

Таң эрте үйүмдүн коңгуроосу шыңгырады. Ашканада тамак жасап аткан жубайым кыйкырды:

– Эшикти аччы?!

Шашылыш ордуман туруп эшикти ачтым. Маңдайымда катуу каржалып, өтө жүдөгөн аял турду. Жанындагы он жаштардагы кызы аялдын этегине жабышып алыптыр. Эшикти ачканымда ал ого бетер чочуркап апасынын этегине бекинди. Эки бөлүп өргөн узун чачынын учуна өңү өчкөн кир тасманы качандыр бир кооздук үчүн байлап коюшкандай. Аял жашылданган көздөрүн менден ала качты. Анын көздөрүндө түшүнүксүз бир жатыркоо бар эле. Жоолугунун учу менен жаш айлана түшкөн көз кычыгын сүрүп алды. Карала болуп кирдеген арык колун сунуп, каргылданган үндө кайрылды:

– Балам, биз Карабак качкыныбыз, бир жардам кыл!

Бул сөздөр жүрөгүмө канжардай эле сайылды. Каным дүргүдү. Тез басып, үстөл үстүндө жаткан майда акчаларды алып келип, колуна карматтым.

– Эже, үйгө кириңиз! Келиңиз тартынбай, күн суукта кызыңыз бир аз жылынып алсын, - дедим мен боор ооруй.

– Жок, балам! Чоң рахмат, кетели! –деди жалооруп.

Аял ичке, арык, карала колдорун үшүгөн түрдө колтугуна каткыча, чакан терезеден подъездге түшкөн ала жарыктагы көлөкө сыяктанып артка басты. Кыз дагы эле анын этегине байланып калган сыяктана эрмешип кошо жөнөдү. Канча карасам да бул кыздын жүзүн эч көрө албадым. Анан саамга туруп, эмнегедир кыздын көздөрүн абдан көргүм келди да,  үч-төрт тепкич түшүп эшикке чыккана калган алардын артынан үн салып, өзүм да ылдыйладым:

– Эй эже, токтосоңуз! Бул кичинекей кыз небереңизби? - Аял токтоп артына кайрылды. Мен эми суроомду кызга узаттым: - Кызым, атың ким сенин? – ушул шылтоо менен анын жүзүн көргүм келди.

Кыз бурулуп караган да жок, ал кайра эле аялдын этегине кирип кеткендей болду. Кыздын ордуна аял кыйкыра жооп бергенде, анын үнү муздак дубалдарга тийип туш-тарапка чачырагансып келип, мага чейин араң жеткенсиди:

– Балам, кызымдын аты Пүнхане!

Алар узап кетишти. Бирок кичинекей кыз көңүлүмдөн кетпей койду. Көп күн, көп түн ал жөнүндө ойлодум. Ал тургай бир жолу түшүмдө ал кыз менен сүйлөштүм:

– Пүнхане! Сенин көздөрүңдүн өңү кандай? А колдоруңчу, колдоруң?

Октор менен бомбалардан ушул кичинекей буттарың менен качтыңбы? Ошол кичинекей кадамдарың менен тоолорду аштыңбы? Үшүгөн жоксуңбу Пүнхане? Үшүбөдүңбү? Жүзүң неге баланын жүзүнө окшобойт? Неге мынча күйүп калган? Бомбалардын, октордун үнүн уктубу кулактарың? Көздөрүңчү, көздөрүңдүн өңү кандай Пүнхане? Балалык көздөрүң аккан канды көрдүбү? Үйүңөрдүн дубалына кан чачырадыбы? Ооба, кан... Дубал түбүндө ыйлап отурдуңбу? Жейрендикиндей бакырайган көздөрүң менен кан ичкичтерди көрдүңбү? Ошол учурда канча жашта элең Пүнхане? Сабакка барчу белең? Калемдериң, дептериң, боёкторуңчу? Сүрөт тартып жатканда түштүбү бомбалар же бир бутуңа туруп секирип ойноп жатканда жарылыштыбы? Досторуңчу, досторуңдун арасында эч ким каза болбодубу Пүнхане? Оюнчуктарың канга боёлбодубу?

Бирок кыз эч бир суроомо жооп берген жок. Жүзүмө да такыр карабады. Андыктан анын көздөрүн эч көрө алган жокмун.

Кеч курун суу кар жаап жатты. Терезеден сыртты карадым. Асман күркүрөп, чагылган катар-катары менен чартылдаган сыяктанды. Кар жааганда качан чагылган чартылдачу эле? Бул чагылган эмес эле алыстагы шаарларга, айылдарга түшкөн бомбалардын жарыгы окшойт. Айланага дагы бир ирет жарыктана түштү да, кайрадан караңгыга бөлөндү. Ошол бир көз ирмемдик жарык менен кошо баягы кыз келип маңдайымда турду. Узун чачынын учунда баягы эле киргилт тасма. Айнекке жакындаган сайын жүзү тунарып бүдөмүктөндү. Бомбаланган алыскы шаарлардан качып келген анын жүзү кайгылуу, чарчаңкы, көзү корккондой алайыңкы болсо керек. Колумду сунсам балким колунан кармай алат белем? Ушул ой менен колумду сундум, бирок эч нерсеге урунбады. Колумду кармагыдай анын колдору жок эле. Каштары, көздөрү, оозу, мурду, беттери да жок болчу. Ал жөн гана элес эле.

Эки бөлө өрүлгөн чачынын учунда бир тутам гана тасмасы бар эле бул кыздын. Азыр ал тасмасы канга боёлуп, кыпкызыл экен. Аңгыча жүзүнөн аппак нур жанып кайра өчөрү менен кыз көздөн кайым жок болду. Караңгылыктан эми ичке, карала кол бөлүнүп, айнекке жабышты. Ал тургай ал терезени тешип өтүп, көздөрүмдүн ичине чейин кирип кетчүдөй болуп сунулуп келатты. Бул баягы аялдын колу болчу. Өтө ичке, карала бул колдон өзүнөн-өзү эле кан ага баштады. Анан бүдөмүктөнгөн терезеге аялдын арбайган сөлөкөтү чийилди. Караңгылыктагы көлөкө сымал бөлүнгөн аялдын жүзү көрүнбөдү, бирок үнүн уктум. Үнү ачуу болчу:

– Уулум, уулум! Биз Карабак качкыныбыз, бир жардам кылчы!

*     *     *

Түнү бою уктай албагандыгымдан улам эртелеп турдум. Ишке баратканымда биздин подъезддин аксакалы Келбайы алдымдан чыкты.

– Подъезддин кароолчусу кетип калды, кайра кайтпайт. Башка бир бала таптым, азыр бул жерге келет. Сен аны менен сүйлөшүп жумушка ал, анткени подъезддин жетекчиси сенсиң. Кечээ отту мен жаккан болчумун. Бул боюнча кабарың бар да.

– Макул, келсин, көрөлү Келбайы, - дедим. 

Подъездди Келбайы экөөбүз көзөмөлдөйбүз. Мен эсеп иштерин жүргүзөм, ал болсо отун, көмүр, тазалык, оңдоп-түзөө иштерине жоопкер. Ар айда бирден маселе чыгат. Лифт бузулат, суу токтойт, электр чордону күйүп кетет, солярка тоңот, канализация толот, кароолчунун акчасы төлөнбөй калат.

– Пайдубалы жакшы түптөлгөн эмес бул имараттын. Өйдөлөп калган жашымдан уялам, болбосо булардын баарын ыргытып салып басып кеткиң келет,-деди Келбайы айта жүргөн сөзүн кайталап.

– Аз калды, бул кышты эптеп өткөрүп жиберсек жаздагы биринчи ишим, башка бир жерге көчүп кетүү болот, - дедим мен да бул үйдөн өтө тажаганымды билдирип.

Келбайы экөөбүз ушинтип сүйлөшүп турганда, арыгынан келген кара тору жигит жаныбызга жакындады.

– Кутман таң,- деди ал салам айтып.

– Жигит келдиңби? Агай, жанагы иштейм деген ушул жигит, - деди Келбайы.

Жигит дегени 15-16 жаштардагы бала экен. Таң атып-ата электе тура калып эле бул жакка жүгүргөн окшойт. Уйкусу канбаганын киртийген көздөрү айтып турду. Оозун чоң ачып эстеп алып, мени карап турду. Мен да таңыркап баланын иштеп кетерине ишенбей турдум. Жумуш абдан оор эле. Таш көмүр салынган каптарды жертөлөгө ташып кириш керек. Чоң чакалар менен күл чыгарып, сыртка ташыш керек. Караңгы жертөлөдө ис уруп жыгылып калса эмне болот. От жагам деп атып түтүнгө ууланса, мен күнөөлүү болом.

Ал тургай жашоонун бардык кыйынчылыктарын көргөн Салман ага да бул подъезддин азаптарына чыдай албады. Ал бизден бошору менен Шерулга кеткен болуш керек.  Дайыма Шерулдан кеп кылчу эле. Анын үстүнө Салман аганын колунан баары келчү. Токту оңдочу, сууну кошчу, от казанды өзү эле оңдоп койчу. Бул бала жаңы жетилип келаткан темир канат экен. Эне сүтү оозунан кете элек неме таң эрте мененки суукта кантип ойгонот, от казанды кантип жагат, оор чакаларды кантип ташыйт? Кантип?

Ындыным өчүп сурадым:

– Сен... Сен жумушту кыла аласыңбы? Оор эмеспи?

Баладан мурда Келбайы жооп берди:

– Туура, жашы жаш, бирок неге жасай албайт? Мен ушул жигит сыяктуу жаш болсом, ташты талкалап ун кылмакмын, чиркин!

– Абдан эле жаш Келбайы, абдан жаш, - деп мен кесе айттым.

Сөзүм бүтө электе бала шукшурулду:

– Мен тапшыргандарыңыздын баарын аткара алам, байке. Мындан оор иште, башка имараттарда да иштегем!

Иштейм деген жигитти артка кайтара албадым. Жертөлөгө түштүк. Айлана бүт кир, ыш, ным жыттанат. Бурчта кароолчулар жашаганга ылайыкталган эптеген бир күркө турат. Кыйма-чийме суу өткөрүлгөн түтүктөр, бири-бирине түйүн-түйүн боло уланып, кайдан келип кайда кеткени белгисиз ток зымдары, шыпка жете жыйылган көмүр каптары, отундун килейген дүмүрлөрү.

Келбайы мактап, ташты талкалайт деген жаш баладан сурадым:

– Атың ким сенин бозулан?

– Сейфеттин...

– Эртең менен саат 6 да от казанды жагасың! Отун менен көмүр бул жерде.

– Макул.

– Саат 7де ысык сууну бересиң, суунун ачмалары тигил жерде.

– Жарайт, байке!

– Бирок абайла! Колуңдан келбеген иш болсо калп эле асыла бербе! Макулбу?- деп Сейфеттинге аткара турган жумуштарын көпкө чейин түшүндүрүп: – Кыласың, аткарасың, барасың, келесиң, аласың, ыргытасың, жатасың, турасың! –деген сыяктуу көптөгөн тапшырмаларды бердим.

– Макул, байке, макул!

Акырында Сейфеттин жашай турган күркөнү көргөздүм. Анда Салман агадан калган эски бир жууркан, такта керебет, кичинекей чөмүч, эки стакан, ыш баскан мискей бар болчу. Бир бурчта жумушта колдоно турган шаймандар: кол фонары, отвертка, күйүп кеткен электр автоматтары, кыпчуур, кычкач үйүлүп жатат.

Сейфеттин жашай турган ордун иреттегенге киришти. Мен адамды көңүлүн айнытып ыштын жыты буруксуган жертөлөдөн чыгып, таза абадан терең бир дем алдым.

– Экөөң тең Кудайга аманатсыңар, балага жардам бер! - деп Келбайыга баланы тапшырып, жумушума шашылдым.

*     *     *

Кечке жуук үйдөн чалышты:

– Үйлөр абдан суук, батареялар эптеп эле жылымтык, свет дагы жок, качан келесиң?

Аба ырайы бузулары менен батарея күйгүзүлүшү керек болчу. Кашайгырдыкы, Сейфеттин бир күнгө да чыдай албай качып кеттиби же?.. Кызык неме го... Көңүлүмдөгү көп санаалуу суроолордун бирине да оңчулукту жооп таба албай унаамды кубалай айдап үйгө шашылдым. Подъезддин алдынан ажы Севим эже тосуп алды. Эми арызданганын айтпай эле кой:

– Ай балам, тоңуп өлгөнү калдык. Неге жылыбай жатат бул балакет баскан жылыткычың?

– Азыр карайбыз Севим эже, иштетебиз азыр, кароолчуну жаңы ишке алдык эле, жаштык кылып күйгүзө албай койгондур. Сиз көп кабатырлана бербеңиз, жылытабыз. Мен төмөн түшүп карайынчы.

Жертөлөнүн бир нече тепкичи аркылуу ылдыйлаарым менен коюу түтүндүн жыты мурдума бир тийди. Эшикти түрттүм, кыйчылдап барып араң ачылды. Ичкери жак көзгө сайса көрүнгүс караңгы экен. От жаккычтын эки тепкичин катар аттап түшүп кыйкырдым:

– Сейфеттин! Сейфеттин!

Жооп угулбады. Эч кандай үн чыкпайт. Ичтен бир нерсенин иштегени байкалбайт. Демейдеги насостун дыңылдаган үнү, суунун шылдыры такыр эле угулбайт. “Сейфеттин качып кеткен тура, туура эле кылды бала”,- дедим ичимден. Мындай жерге ким тура алат? Итти байласаң да токтобос. Үйгө чыгып кол чырагымы алып, кайра жертөлөгө түштүм.

– Сейфеттин! Сейфеттин!

От казанына карай кадам таштадым. От күйбөптүр. Казандын алдында көмүр менен отун жыйылып турат. “Жагайын деп анан кайра айнып, качып кеткен тура”,- дедим ичимден туталанып. Күркөгө бардым, чырактын жарыгын ичине багыттадым. Жан жок. Жарыкты оңго-солго берип айлананы карай баштаганымда эшиктин каптал жагынан акырын кыңылдаган үн угулду. Чочуп кетип, тез басып артка кайттым.

– Байке-е!

Үн чыккан тарапка кол чыракты жарыгын бурдум. Караңгылыктан эки көз жылтылдады. Узунунан жыгылыптыр бала. Сол колун сунуп жардам сурап жатыптыр. Болгон үнү менен “байке” деди. Көмкөрөсүнөн жатыптыр Сейфеттин. Сойлоп эшикке жеткенге далалат кылып, күчү түгөнгөндө жер кучактаган бойдон калыптыр. Бир аз мурда ушул жерден өтүп баратып кандайча байкабадым? Сейфеттиндин бир аз нары жагында жылан сыяктуу оролгон токтун зымы жатты. Сейфеттинди так кучактай көтөрүп жонума салып, оңго-солго урунуп сыртка алып жөнөдүм. Байкуштун жарым жан алсыз денеси эки бүктөлүп ийинимде салаңдап баратты. Колу, бети, үстү-башы бүт көө. Түшүп кетпесин деп бекем кучактадым. Оң колу бир башкача муздап, бетинин оң тарабы тырышып калыптыр. Бирдеме айткысы келип бирок айта албай кыңылдады:

– Байке-е!..

- Ой ботом, буга эмне болуптур ыя?- деп Севим эже жетип келди. Машинанын эшигин ачып олтургузмакчы болгонумда башын кармай албай шылкылдаган Сейфеттин отургучка жансыз кап сыяктуу күп эле деп кулап түштү.

– Бул жаш баланы Аллахым өзүңө аманат кылам,- деп Севим эже артыбыздан тилектерин жаадырды. Севим таеженин кыйкырыгынан улам үйлөрүнөн чыга калган кошуналарды аралата машинамды айдап жөнөдүм. 

Каяктык эле бул бала? Бул жакка ким алып келди эле? Кайдан келип, кайда кетип баратты эле? Кимдин тууганы? Ата-энеси ким эле? Жаштайынан мындай түйшүккө кайдан чалынды?

Эртең менен туйлап турган бул жигиттин азыр жарым жаны, шалдыраган денеси жана Сейфеттин деген аты гана бар эле. Унаанын аркасында жашоо үчүн күрөшүп келаткан бул жанды ала көрбө Аллахым! Жашап кетер бекен? Ушундай ойлорго чарпылып, улам-улам артыма бурулуп карап коюп, унаамды катуу айдап бараттым. Мындайда эки чакырымдык жол дагы арбыбай калат. Туура эмес баратамбы? Бейтапкана кай тарапта эле? Бул шаар неге мынчалык өзгөрүп кеткен?

Бейтапканага качан жеттим? Сейфеттинди кантип кучактап сүйрөмө керебетке жаткырдым? Плазманы ким такты? Оорукананын ичи неге мынча караңгы, дале жертөлөдөмүнбү?

Иске мен да уулана түшсөм керек. Бир саамга эмне болуп жатканын биле албай турдум.

Балага дем жетпей баратты, аны оозу-мурдун аздан соң кислород берчү аппаратка туташтырышты. Көздөрүн ачып алыстарды бир карагандай болду, анан кайра жумду. Уктап кеттиби?

Бут кийимдеринин бири кара, бири күрөң экенин бейтапканадан байкадым. Мойнунда кара жип менен байланган тумар бар экен. Колдору, жүзү, үстү-башы бүт көмүрдүн көөсү менен шыбалгандай. Ай Кудайым ай, бир бети неге мынча кичирейип кеткен? Оң бети негедир кургап бараткандай сезилди. “Костюмун чечкиле!”, - деди доктур. Медайымдар костюмун чечишти. Костюмдун ички чөнтөгүнөн бөз капчык чыкты, аны ачканымда бир нече кагаз менен бир сүрөт жерге түштү. Сейфеттинге окшош адамдын күлүмсүрөгөн ак-кара түстөгү сүрөтү экен.

Алыстарга көз чаптырып турду сүрөттөгү жаш адам. Алыстарга, өтө эле алыстарга...

Капчыкты, сүрөттү, бетинде даректер, номерлер жазылган кагаздарды топтодум.

– Оң ыптасы шал болуп калыптыр, -деди дарыгер. Азыр шоктон чыга албай атат, өзүнө келиши мүмкүн, бирок жашашы кыйын...

Көп өтпөй Сейфеттин кыймылдады, көздөрүн ачты. Оң колун карады, оң бутун... Көздөрү жашылданып үнсүз ыйлады. Оң тарабы жансыз калганын баамдады.

– Жакшы болуп кетет экенсиң, доктур айтты, коркпо! - дедим.

– Байке-е-е! деди. Атам... Атама кабар бер!

– Атаң бул жактабы? Кай жерде турат? Үйүңөр каякта?

– Акимияттын жолунда... Мектептин маңдайында... Жашыл имарат, подвал...

– Сейфеттин, Сейфеттин...

Уккан жок. Болгону бир-эки сөз айтты, деми кысылды, көздөрү кайрадан жумулду. Бөлмөдөн чыктым. Айткан дарегин эстей баштадым. Ал жерде чын эле бир мектеп бар эмеспи. Чоң эле имарат болсо керек эле. Машинамды көздөй бастым. Артымдан үн угулду:

– Мырза мунун чыгымдарын ким төлөйт? Каттоого алышыбыз керек, аты-жөнү ким?

Бул баланын атын эле билем да, атынан башка эч нерсесин билбейм. Өз атымды айттым. Куюлган кан плазмасынын баасы менен барабар эле жашоосунун баркы. Медайымга паспортумду берип:

– Сен каттай бер, мен кайтып келем, - дедим.

Суук кабардын тонналаган жүгүн жүрөгүмө көтөрүп алып Сейфеттин айткан жерге жете келдим. Маңдайымдан чыккан адамга эмне дейм эми? Сейфеттинди ток урду. Шал болуп калды. Абалы оор деп эми атасына кантип айтам? Мен бул адамдарга ким элем? Өзүм бир аздан кийин эшигин такылдата тургандар мага ким?

Имаратка кирдим, жарыкты күйгүздүм, подвалдын эшигин таап акырындан тепкич менен түшө баштадым. Үстүдөн сарыгып түшкөн суулар жууган бетон дубалдар акшыйган түрү суук кебете кийиптир. Ылдый жакта эски-уску буюмдар, картон кутулар, сынык креслолор, олтургучтар чачылып жатты. Жертөлөгө жарык түшпөйт экен, караңгылыкта дубалды сыйпалай алгаладым, буттарымды абайлай шилтеп, бир нерсеге такалганда гана кадам таштап жаттым. Алды тараптагы такта эшиктин жылчыгынан үлбүрөк жарык жылтырап турду. Эшиктин алдына келип не кыларды билбей турдум. Эшикти такылдатканга батынбадым. Бир канча жолу колумду узатып кайра тартып алдым. Кайра артка кетип калсамбы дедим. А кокус, бала ойгонбой калсачы? Ошентип акыры бар күчүмдү жыйнап туруп эшикти кактым.

Ичкериден бирөөнүн басып келатканы угулду, бир саамдан соң эшик ачылды. Кичинекей кыз экен эшикти ачкан. Кийинки бөлмөнүн эшиги да ачык экен, төркү бөлмөнүн дубалы көзгө урунду. Кыз чочуркоо менен көзүмө карады. Анан кыздын көздөрү жок болуп кетти. Тактап айтканда ал терс бурулганда колу, буту, жүзү, бүт денеси көрүнбөй калды. Көз алдымда кыздын эки өрүм чачы, ага таккан кирдүү тасмасы калды. Ушул учурда наркы бөлмөдөн бир аял чыгып келди. Кара тору, арык аял экен. Негедир илмейген арык колдору тааныш сезилди. Жүзү чарчаңкы, бою ыркыйып арык экен аялдын. Мени көргөндө карала боло кирдеген ичке колдору эки тарапка шалдая түштү. Кичине кыз артка кылчайып аялдын этегине жүзүн жашырды. Өз ара күнөөлүү эки адам сыяктанып тиктешип турдук. Аял дагы сүйлөгөн жок, мен дагы үн катпадым. Маңдайындагы дубалга назарым түштү. Дубалда бооруна оюу түшүрүлгөн тар илинип туруптур. Тардын жанында ортосунда ай менен жылдыз айкалышкан, көк, жашыл, кызыл өңдөгү байрак жана ак кара түстөгү сүрөт. Сейфеттиндин капчыгындагы сүрөт! Бир аздан кийин маңдайкы бөлмөдөн кимдир бирөөнүн үнү чыкты. Кодо бойлуу, бир жак бетинде тырыгы бар, бир көзү көр, тарда жакшы ойногон баягы киши чыкты. Ал бөлмөдөн чыкканда аркасынан кичинекей баланын ыйлаганы угулду.

Айтар кебим кокомо тыгылды. Кекечтендим, шилекейимди жуттум, тыңдап сүйлөй албай булдуруктагансыдым:

– Сейф... Сейфеттин... Сейфеттин жыгылып кеттип... Жараланды...  Коркпогула, ал бейтапканада.

Сөзүм менен жүзүмдөгү апкаруудан бир балакетти сезген аял колдорун асманга көтөрүп жалынып кирди:

– Сейфеттин! Сейфеттин! Түз жүргөн кулунум ай! Эмне болду сага?

Жапалдаш киши сөздөрүмө ишенген түр менен аялга карап:

– Жакшы эле деп атпайбы, уккан жоксуңбу? Корко бербе, бейтапканада экен. Бол тез, кызга кабар бер, келип балдардын жанында турсун,- деп кайраттуу сүйлөдү.

– Бирин Карабакка алдырдым эле, эй Аллахым! Бул жолкуда мага ырайым кыл, - деп аял көкүрөгүн кош колдой басып, күбүрөп Кудайга жалынып жатты.

Ичке кирдик. Ал жердеги бөбөк тынбай ыйлап жатты. Кыязы, тиги тар черткен адам бул наристеге дары алмак окшойт. Тасмалуу кыз чырылдаган бир тууганын алаксытканга аракет кылып жатты. Эми араң көрдүм кыздын жүзүн. Байкуш наристе от жалынын аралап өткөндөй болчу. Кандайдыр кырсыктан жүзү күйүптүр, тимеле тамтык жок.

Айласы кеткен үй ээси бөлмөнү үч айланып, төрт тегеренип баса берди.

– Эженин барар жери алыс беле? Андай болсо машина менен алып барып келе калсам болмок экен,- дедим.

– Алыс деле эмес, жакын эле. Кызымды бул эле жерге турмушка узаткам азыр келет...

Ары суук, ары күңүрт үйдүн дубалдары үстүмө кулачудай сыяктанды. Бөлмө көз көрүнөө чөгүп баратты. Дубалда илинип турган жаш жигиттин сүрөтү көздөрүн өтө эле тереңдерге, алыстарга жиберип туруптур. Бир маалда сүрөттөгү каарман жанданып алкактан колдорун чыгарып, жанында илинип турган тарды алды. Тар боздоп-сыздап баштады. Тардын үнү, ыйлаган баланын үнү, кулап жаткан дубалдардын добушу. Дубалдагы байрактын өңү өчтү, эриди, саргайды, соолуду. Бул байрак туткундалгандай эле. Ээн-эркин желбирей  албай жатты, шамал күтүп жатты. Тардын үнүндө бактысы аябай алыстардан калган Карабак качкындарынын кайгысы бар эле, кулак төшөдүм.

Бул жапалдаш бойлуу жашамал киши менден эч нерсе сурабады, мен ага эч нерсе дебедим. Убакыт токтоду, саат жебеси ордунда катты, ар бир мүнөттүн мөөнөтү бир жылга тете создукту.

Далистен ашыга баскандардын шарпасы угулду, эшик чыйкылдап ачылды. Бөлмөгө биринчи үй ээсинин аялы кирди, аркасынан  көздөрү чолпондой жайнаган сулуу кыз жана кең далылуу кырк-кырк беш жаштардагы адам баш бакты. Бул  жашамал киши тиги кыздын күйөөсү болсо керек. Заматта эсине баягы кабыландардан качып баратып жейренге айланган сулуу кыз түштү.

...Жейрен аскадан аскага секирип жан алакетке түшүп чуркады. Кабыландардын азуусунан эптеп кутулду. Кадам таштаганга шайы калбай калганда так алдынан азуусу аркайган карышкыр чыкты. Бул ирет ал кача алган жок, мүрдүгүп барып жыгылып, бөрүнүн азуусуна айласыздан илинди...

Жаш кыз ыйлаган инисин бооруна кысты. Кичинекей кыз болсо эжесинин этегине бекинди. Дубалдар дале чартылдап, тар дале ойноп жатты. Байрак болсо желбиреген мүнөтүн күтүп шалбырап турду.

Бөлмөдөн чыктык.

Унаада баратканыбызда аял тынбай ыйлады, күйөөсү үн каткан жок. Мен тигил жаш кыз жөнүндө ойлонуп бараттым. Ким билет, балким тынчтык кездеги Карабакта ага ашык болгон бир бозой бар беле? Ким билет, балким ал бозой да баскынчылардын огуна учкандыр? Бул кыздын үмүттөрү, сүйүүсү, бүт жан дүйнөсү канга булгангандыр. Ким билет, балким бул сулуунун маралдай көздөрүн муңга батырып, сүйгөнү келбес жакка сапар алгандыр...

Бейтапканага келдик. Сейфеттин дале көзүн ачпаптыр. Кычкылтек берчү аппаратты чыгарып салышыптыр. Мен кетип баратканда сүйлөп аткан болчу, анда-санда көздөрүн ачып жаткан эле, азыр болсо дем ала да албай калыптыр.

Медайым менин алдыма бир кагазды жайып эч нерсе болбогондой түр менен үн катты:

– Өлдү. Кол койгула!.

Курган ата-эне уулунун алсыз денесине үйрүлүп түшүштү. Оорукананын дары жыттанган дализинде уккандын жүрөгүн титиреткен муңдуу үн жаңырды:

– Сейфеттин! Сейфетти-ин!

Бул үн күчөдү, ачуу күйүткө айланды, бейтапканадан ашып-ташып сыртка чыкты. Ал ачуу кыйкырыкка айланып алгач шаарга тарады, шаардагы бардык айнектерге урунду, анан бүтүндөй мейкиндикке чыкты, анан барып бүт дүйнөгө жайылды:

- Карабак качкыныбыз, жардам кылгыла!..

Азербайжанчадан которгон Жылдызбек ТУРСУНБАЕВ

 

[1] Тар – алты кылдуу музыкалык чертме аспабы. Азербайжанда жана Түркиянын айрым аймактарында кеңири колдонулат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз