Төлен Эбдикулы: Кара жума

  • 25.04.2022
  • 2332

АҢГЕМЕ

Алдындагы кайсыл бир кагазга ойдолоктото кол койду да, ушунум сулуу чыкты көрүнөт деген тейде Абен Ильясович ага маашырлана көз жүгүртүп алып, аны жардамчысына сунду.

– Күтүп тургандар барбы? – деди эшик тарапка көз жаңдай.

– Бар, – деди сылана кийинген сулуучумак, жетекчисинин ар кыймылын көз жаздымдан кетирбегенге маш болуп бүткөн жигит.

Абен жардамчысынан бөлөк эч ким аңдай албас ишарат менен билинер-билинбес башын жаңсап койду. Көп өтпөй бөлмөгө кырктар чамасындагы кара тору, толук киши кирип келди.

– Кечирип коюңуз деген ал эшик алдында далдырап саалга буйдала түштү да, калдалактап келип министр менен олдоксон кол алыша кетти.

– Олтуруңуз, – деди Абен ага жумшак.

– Кечиресиз, – келген адам артка чегинип, окчундай олтурду. Ал каршыдагы орундукка жайгашкан менен мен олтурчу орун ушул болду бекен дегенсип ичинен күдүктөнүп, анысын билдирбеске чөнтөгүнөн бет аарчысын алып чыгып, терин сүртүнө кетти.

– Маселеңизди айтыңыз, – деди Абен жайдары.

– Мен силерге караштуу Ашысайдагы комбинатта иштеймин. Сизге кирүүгө жазылганыма бир нече ай болуп кетти. Бүгүн эптеп шарты келди көрүнөт…

Абен «сизди кунт коюп угуп жатамын» деген таризде башын саал ийкегилеп олтурду. Тигинин андан наркы кеби түшүнүксүз боло баштады. Өзүнүн кайсыл жерден экенин, жетим өскөнүн, башынан эле адал эмгеги менен күн көрүп келе жатканын, дагы ушул өңдүү өзүнө кажет сыяктуу, бирок Абенге эч керексиз маңыз сөзгө өтүп кетти. Акыры комбинатта он жылдан ашык иштеп келатканын, ошентсе да деректири күн көрсөтпөй, куугунтуктап жатканын айта баштаганда гана Абен кептин өзөгүн боолголой тигиге жүз буруп, чындыкты билүүгө дит койгонсуду.

Суюк чачын алда кынаптап, бир жагына кыйшайта тараган, эки кат богогу салаңдап турганынан башы кысылгансып, кичине көрүнөт экен. Чолок мурун, кой көз – көчөдө көп эле кездеше турган, эсте калгыс кадыресе семиздин бири. Адамга тике карабас, жалтак болгону менен анын көзгө илешкис кыймыл-үнүнөн министрден башка, айрыкча карамагындагы кишилерге кыр көрсөтүп коюуга маашырлыгы байкалып турду.

– Канчалык өлүп-тирилип иштесең да баштыкка эч жакпайсың, – деди ал арызынын ток этер жерине жакындап, – жогорулоо үчүн ага пара бериш керек. Кошомат жасоо керек. Же тууганы болушуң керек. Антпесең көрөр күнүң ушул…

– Анын пара аларын далилдей аласызбы? – деди Абен жанатан берки үнүн саал өктөмдөнтүп.

– Далилдебегенде эмнеси бар, элдин баары эле билет.

– «Элдин баары билгени» далил эмес.

– Анда кантип далилдөөгө болот? Ал параны мага көрсөтүп албасы белгилүү да…

– Пара алуу – кылмыш. Кылмышкерди соттоо керек. Кишилердин баары билет деген айып менен адамды соттоо мыйзамга туура келбейт, – деди Абен көнүмүш болуп бүткөн сөздөрүн кайталай.

Анткени мындай арыз менен келгендер көп, жадатып бүткөн.

Арызчы бет аарчысы менен дагы бетин сүртүндү.

– Мен эми чынымды айтсам, – деди жалтактап, – мен анын пара алганын, албаганын далилдейин деп келгеним жок. Соттотоюн деген оюм да жок. Тек, элдин баары билген чындык болгон соң, журт башкаруучусу катары сизге айтып жатканым да. Болгону, мени ал кишинин куугунтугунан коргоп койсоңуз экен… Цехтин башчысы болуп жапжакшы эле иштеп жүргөмүн. Менин ордумду өзүнүн жакынына берди да, мени болсо мастерликке которуп салды…

– Эмне, айлыгыңыз азайып калдыбы?

– Азайган жок, – деди ал «кеп анда эмес» дегендей чекесин тырыштыра башын чайкап. – Кайта мурункудан көбүрөөк аламын. Кеп моралдык жагында болуп жатат. Эч кандай жазыгым жок. Тапканы: ишиңде кемчилик бар дейт. Кемчилик кимде болбойт? Өзүндө да бар.

«Түшүнүктүү, – деди ичинен Абен, – кичине болсо да жетекчи болсом дейсиң го. Ошентсе да орун басарыма тапшырайын, кандайдыр маселе болуп калышы да ажеп эмес». Абен колуна калемин алып, ачылуу жаткан блокнотун алдына жылдырды.

– Фамилияңыз?

– Койбагаров… Койбагаров Аман Койбагарович.

– Жакшы, жазып алдым.

Абен Койбагаровдун дагы узун сабак сөзгө түшүп баратканын токтотуп, «аман барыңыз» деген казак сөзүнүн сыпайчасы кандай болчу эле деп саалга ойлоно калып, таба албай:

– Абаке, –деди үнүн саал көтөрө, – мен жазып алдым. Ишиңизди тапшырамын. Тек, азыр убактым аз. Бөлөк адамдар да күтүп олтурушат.

Койбагаров жагдайын толук айтып бүтө албаганына ичи чыкпай, сөздөрүн жута үндөбөй калды да, келген ишинин оң чечилеринен күмөн санагандай көңүлү пас коштошуп, бөлмөдөн маанайы чөгүңкү чыкты.

Аңгычакты жардамчысы лып эте баш багып, босогодон үн катты:

– Борбордук комитеттен телефон чалышты. Сизди ордунда олтурабы, – деп сурашты.

– Кимиси?

– Катчынын жардамчысы.

– Мага эмне өзү телефон чалбайт? – деди Абен «же ушундан мандем болуп жатабы» дегенсип жанындагы кызыл телефонго шектүү карады.

– Билбеймин, – деди жардамчысы, – ушуну менен экинчи ирет чалып жатат. Бир жакка чыга турган болсо бизге айткын деп тапшырды.

Абен саатына карады. Жети жарым. Бүгүн кыска күн – жума экени эсине түштү. Бирок ишке берилген адам үчүн үйүнө караганда кеңсеси жакын эмеспи. Үйүнө барганда телевизордон башка эрмеги жок, эки колун кайда катаарын билбей сандалып, үйгө батпай калары турулуу. Кеңсесинде болсо сууда жүргөн балыктай сезет.

Абен дагы да бир сааттай олтура турайын деген ой менен:

– Кирсин, – деди эшикке жаңсай…

Саат сегизде «кремлевка» чырылдап калды. Качан экинчи ирет чырылдаганда трубканы алды.

– Алло.

– Абен Ильясович?..

– Угуп жатамын, – деди Абен катчыны үнүнөн таанып.

– Мага келип кетиңизчи?

– Жарайт.

Катчы башка сөз айтпастан трубканы коюп койду. Абен кнопканы басып, жардамчысын чакырды:

– Машина турабы? – деди андан кагаздарын жыйыштырып жатып.

– Турат.

Абен кабылдамага киргенде катчынын жардамчысы ага шектүү карап:

– Олтура туруңуз, – деди орундукка кол жаңсай, – азыр чакырат.

Абен катчынын кылыгына иренжий түштү. «Азыр ичинде эч ким деле жок ко. Эки мүнөт болсо да күттүргөндөн эмне, лаззат алабы?» Бирок ал жаңылган экен, ичкериден экинчи катчынын жардамчысы чыга келди да тим эле чечекейи чеч боло кубангансып:

– Оо, Абен Ильясович, ал-жайыңыз кандай? – деп колун кайтакайта кысып жиберди.

– «Артист».

– Кириңиз.

Абен дубалы чааралакей жыгач менен капталган, залга окшош чоң кабинетке кирди. Үңкүйүп, бир нерсе жазып отурган катчы ал киргенде да жазганын уланта берди. Аздан соң калемин коюп, креслосунда артка чалкалай:

– Ахыбал кандай? – деди, ою башка жакта жүргөн түр менен ага ай-талааны карагансып бош карап.

– Жагдай бир ооз сөзгө батпай турат ко, – деди Абен күлүп.

Катчы сөзгө бир азга такала калды.

– Ден соолук кандай? – деди анан, «жөн олтургуча сөз болуп турсун» деген жүрнары үн менен.

– Жакшы, – деди Абен ага таңыркай карап.

– Быйыл отпускага чыктыңыз беле?

– Жок.

– М… м. Анда мындай болсун, – деди катчы үстөлүнө өбөктөй түшүп. Дагы бир азга үндөбөй турду да: – Министр болуп иштегениңизге канча жыл болду? – деп сурады.

– Алты жыл…

– М… м. Алты жыл – аз эмес. Көп эмгек кылдыңыз. Аны эч ким танбайт. Ие, убакыт, заман болсо өтүп жатат. Кечээки иш, кечээки акыл бүгүн эскирип барат…

Жанатан эчтемеге түшүнбөй олтурган Абендин жүрөгү кооптуу шуу этти.

– Өткөндө өзүңүзгө да көрсөттүм эле, – катчы сөзүн улантты, – үстүңүздөн арыз көп… Сизге мындан мурда да эскертүү бергенбиз. Андан натыйжа чыкпады. Балким, чарчаган чыгарсыз. Адам темир эмес го. Эч кимдин маңдайына түбөлүк жазып койгон кызмат болбойт. Эртең кезеги келгенде баарыбыз кетебиз. Ошондуктан оор болсо да сизге айтууга туура келет… – «эмки айтаар сөзүмө кайраты жетээр бекен» деген тейде Абенге астыртадан сынай карап алды.

– Сиз бул жумушту өткөрүп беришиңиз керек. Алдыда дагы жашоо бар. Кийинчерээк бир кызмат таап берербиз.

Мындай болот деп эч күтпөгөн Абен селейип олтурду да калды. Бирдеме демекчи болду эле тамагы кургап, үнү чыкпады.

– Өзүңүз билесиз, иштен аянганым жок, – деди ал аздан соң, – кемчилик кетсе, кеткендир. Ал кимде гана жок. – Абен жанагы, алдына келген кишинин сөздөрүн өзү кайталап жатканына таң калды. – Анчалык аксап кеткен деле эчтеме жоктой. Аны өзүңүз деле жакшы билесиз. – Үнү аянычтуу чыгып, жаны кыйналып, айтып жаткан сөздөрүнө катчы түгүл өзү да ишенбей турганын туйду. Бирок ал сөздөрүнүн жалгандыгынан эмес, өзүнүн куту учуп тургандыгынан эле. – Башка жумуш дейсиз… Аныгы жок, ал кандай иш болор экен? Эгерде ишеним көрсөтсөңөр дагы да иштей берер элем… – Абен кан буугандай кебин токтотту. Анткени өзүнүн такыр эле дабдырап, сөздөрүнүн куту качканын анык сезди.

Катчы:

– Тажрыйбалуу адамсыз, жагдайды түшүнүүңүз керек, – деди эми катаалыраак. Абен болсо жеңилгенин билбей турган акылсыз баладай жагдайды түшүнгүсү келбей жатты.

– Не айыбым бар, айтыңызчы?! – деди чый-пыйы чыга күчтөнүп, – кимдин жолуна бөгөт болдум? Кимге керек болуп калды менин орунум?

Катчынын жүрөгү болк этип алды, анткени Абендин соңку сөзү торой чалып тургандай чыкты. Өткөндө чоң бир мекеменин башчысы: «Мени ишимден түшүрмөк болуп, материал топтолуп жатыптыр, артыман аңдып жүрүшөт дейт, чынбы?» – деп дал бюро өтүп жатканда экинчи катчыга баш баккан. Экинчи катчы: «Андай материал чогултулган эмес» – деп жооп берүүгө мажбур болгон эле. Ошондо чынында эле аны кызматынан алуу боюнча иш даярдалып жаткан болчу. Аны ага жалпы бөлүмдө иштеген бир жигит жеткирип коюптур. Ошентип, бюродо расмий түрдө жооп берилгенден кийин ал иш токтоп, жетекчи ордунда кала берген. Анын ордуна жалпы бөлүмдөгү сөз ташыган жигит иши менен кош айтышты. Ошону ойлогон катчы ишти бүлдүрүп алар бекемин деп чочулап калды. «Бир аз арбашууга туура келет экен» – деп ойлоду катчы, министрдин оңой менен жеңилип бербей тургандардан экенин боолголоп. Эми ал лам дебестен Абендин айтаарын айтып бүтүп, бугун чыгарып алуусун үн-сөзсүз күтүп калды.

Өзүнүн сиңирген эмгектерин, адалдыгын, адилеттигин айтып саал жеңилдей түшкөн Абен:

– Сиз чечим кабыл албай коё туруңуз, – деди өз калыбына келе түшкөнсүп, – мен «биринчиге» өзүм кирип чыгайын.

Катчы дале үнсүз. Алдында жайнаган аппараттардын бирин чукулап, биринчинин кабылдамасы менен сүйлөшүп кирди. Биринчинин калаада жок экенин, дал мына ошол кезде бул маселени чечип коюу өзүнө тапшырылганын айдан ачык билип турса дагы:

– Чоңдордон барбы? – деди артистче роль ойноого аргасыз болуп: – Э-э, ошондойбу? Качан? Тигил жактабы? – дагы бир аз үнсүз олтургандан кийин: – Кетип калыптыр го, – деди Абенге карап, – шаршембиге чейин келбейт деп жатышат.

Абен туш тарабынан курчаган аңчылардын катары улам кысып, өмүр куту тарый түшкөн аңдан бетер амалы куруп, не кылар алапайын таппай калды.

Катчы, маселенин чечилиши өзү тарапка оой баштаганын сезе коюп:

– Абен, – деди жантарткан үн менен, – өзүңүз билесиз, сиз да, мен да мина издеген сапёрлор сыяктуубуз. Ар каталыгыбыз соңку катабыз болуусу мүмкүн. Чынын айтуу керек: сизден бир эмес, бир нече катачылык кетти. Өткөн жылы жумушчулардын тирешүүсү болуп кетти. Аны жарыя кылбай басып салдык. Бирок биз аны билебиз да. Ашысай комбинатындагы өрт. Асынып өлгөн бухгалтер. Агылып келип жаткан анонимкалар. Ошолордун ар бири чычаладай дүрт этип от алып кетүүчү коогалуу нерселер. Эгерде жагдай ушинтип улана бере турган болсо маселе эртең башкача коюлуусу мүмкүн. Азыр эң ыңгайлуу учур. Ошондуктан балалык кылбаңыз, – катчынын үнү мурдагыдан жумшак чыкты. – Биз сени такыр эле кутуратып бошотуп жаткан жокпуз го. Саал чыдасаң, бирдеме таап беребиз…

Катчы ушуну менен маселени биротоло чечпесе да оң жагына ооду деп ойлогон эле. Бирок Абен эки ортодо дем байлап алгансып, кубаттана кайра опулдады.

– Жо-ок, токтой туруңуз, – деди алдында катчы олтурганын унутуп калгандай өжөрлөнө, – жумушчулардын тирешүүсү, биринчиден, кылмышкерлердин уюштурган аракети. Экинчиден, тирешкендер коюп жаткан маселе мен чече турган эмес, дал силер чече турган иш. Тиги Ашысайдагы өрткө мени күнөөлүү кылмакчысыңарбы, ошондо менин ордумда болсоңуз сиз эмне кылаар элеңиз? Эч нерсе. Ал эми бухгалтер болсо, кечиресиз, күйөөсүнүн айынан өлгөндөй болду. Эми ага да мени күйдүрөсүзбү? – Абен өзүн колдой турган киши издегендей эки жагын алаңдап каранып алды. – Ал эми анонимка дегениңерге кандайча мени айыптайсыңар, түшүнбөйм. Эгерде ал адам чынында эле адилет болсо аты-жөнүн эмнеге жашырат?

– Кандай десеңиз да анонимкалардын жетимиш беш пайызы чын болуп чыгып олтурат. Экинчиден, сизге караштуу жерде болуп өткөн кылмыштуу окуяларга сизден башка эч ким жооп бербейт.

– Жакшы, жооп бербесе койсун. Өзүм берейин. Бирок неге маселени сөзсүз ушундай коюу керек? Жалпы милдеттер аткарылдыбы, аткарылды. Ал эми алиги айтылгандай иштер башка министрликте жокпу? Айтып берейин… – деп оозун камдай бергенде Абенди катчы токтотуп калды.

– Жарайт, жарайт, анын кереги жок. Азыркы маселе сиз тууралуу.

– Ой тобо, эмнеге жалгыз эле мен тууралуу? Мага ачык айтыңызчы, ким үчүн мени курмандык чалганы жатасыңар? Жок, мен муну ушул боюнча калтырбаймын. Арыз да жазбаймын!

– Жазасыз, – деди катчы алгачкы ирет үнүн катаалдантып.

– Жазбаймын! – деди кызууланып алган Абен беттегенинен кайтпай.

– Бошотсоңуз, бошотуңуз. Бирок мен эртең биринчинин өзүнө барамын.

– Барганда эмне кыласыз?

– Аны мага коюңуз. Сизден башка да маселе чече турган адамдар бар.

– Слушай, – деди катчы бөтөнчө үн менен орусча кекээрдүү сүйлөп, – ты не ребёнок, и не первый год работаешь министром. Пора понять, что достоинство нужно не только для победы, но и для поражения. Надо уметь проигрывать, а не устраивать дурацкую сцену.

Катчынын орусча сөзү чындыктын бетин биротоло ачкан, ачык сөз болду: жанатан бери айтылган сөздөргө караганда эми алда канча даана болуп, талаштын соңуна сакталган купуя куралдай Абендин эсин оодарып салды. «Ымдаганга түшүнбөгөн, жаңдаганга зар болот» дегендей… – Катчы кемакыл адамды аягансып башын өкүттүү чайкады.

– Чоңдордун тапшырмасыбы? – деди Абен таңыркагандай да, кекээрдүү да үн менен.

Катчы Абенге үнсүз теше тигилди. Иштин маанисине Абен ошондо гана түшүндү: күч-кубатынан айрылып амалсыз, куру сүлдөрү калгандай үңкүйгөн тейде катчыга колун созду. Катчы мурдатан даярдап койгонсуп, бир барак актай кагаз менен калемди колуна кармата салды. Абендин эси эңгиреп, тарбалаңдата шашып-бушуп, иштен өз эрки менен кете тургандыгы тууралуу арызды жазып жиберди. Андан соң эс-мас, уйкудан али ойгоно элек адам сыяктуу сендиректей ордунан туруп, катчы менен коштошпостон кабинеттен чыгып, эмне болду деген катчынын жардамчысынын сөзүн түшүнбөгөндөй теңселе басып сыртка чыкты.

Бүткүл акыл-ою бүлүк түшүп, чаташып калды. Жана эле бул имаратка министр болуп кирген неме, эми жупуну эле көчөдөгү пенде катары чыга келди. Жалгыз өзүнүн өмүрү гана эмес, бүткүл жашоо аңтарасынан түшүп калгандай. Эми ал, карапайым адам катары кандай жашоо кечирерин түк элестете албай, акылдан айныгандай көңдөйлөп турду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз