Вольфганг Борхерт: Бөлкө нан

  • 09.05.2022
  • 2290

Немисчеден которгон Кундуз КАСЫМБЕКОВА

Вольфганг Борхерт (1921–1947) – немис акыны, театр актёру, жазуучу, драматург. 1921-жылы Германиянын Гамбург шаарында төрөлгөн. Апасынын жолун жолдоп он беш жашынан ырлары жарык көрө баштаган.

1941-жылы театр мектепти аяктап, театрга ишке орношот да, ал жайда болгону үч ай иштеген соң, аскерге чакыртылат. Аскерде фашисттик Германиянын чыгыш фронтунда СССРге каршы согушкан. Вольфганг Борхерт согушка түп тамырынан каршы болгон. Эч качан адам өлтүргүсү келген эмес. Согуш талаасында советтик жоокер менен жекеме-жеке кармашта октон жарадар болот. Согуштагы кайдыгер мамилеси жана согуштан кутулуу амалында өзүн өзү атайын жарадар кылды деген айып тагылып, Нюрнберг түрмөсүнө камалат. Аскердик сот атууга өкүм чыгарып, аз жерден атылып кете жаздап, бактыга жараша кийин мунапыска илешип, фашисттик Германиянын ар кайсы түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жүргөндө дифтерия жана гепатит дартын жугузуп алат.

1945-жылдын жаз айлары фашисттик Германия аскерлери толук жеңилип баштаганда, Францияда түрмөдө жаткан жеринен качып, туулган шаары Гамбургга чейин 600 км жолду жөө баскан. Ата-журтуна келгенде аны толук талкаланып, ачарчылыкта жашап жаткан өз шаары тосуп алат.

Үйүнө кайтып келген соң театрга ишке орношуп, андан сырткары чыгармачылык ишине баш-оту менен киришет. Чыгармаларында негизинен согуштун кесепети баяндалып, согуш эч качан адамзатка пайда алып келбешин баса белгилеген. «Адам жана согуш» проблемасына арналган «Эшик артындагы жайда» пьесасы немис адабиятында гана эмес, дүйнөлүк адабиятта да өз ордун тапкан. Вольфганг Борхерттин кыска аңгемелерди жазууда өзгөчө стили тууралуу бүгүнкү күнгө дейре ар кандай журналдарда илимий макалалар жарыяланып келет.

Өкүнүчтүүсү, жазуучунун чыгармачылыгы көпкө созулган эмес. Эки жыл ичинде көптөгөн чыгармаларын жаратып, түрмөдө жугузуп алган дарт менен алышып жүрүп, 1947-жылы болгону 26 жашында көз жумган.

АҢГЕМЕ

Аял кокусунан ойгонуп кетти. Саат түнкү эки жарым. Кантип ойгонгонуна түшүнө албай өзүнө өзү суроо берди. Ии, эми түшүнүктүү! Ашканада бирөө отургучка урунуп алгандай үн чыккан, ошол тарапка кулагын төшөдү. Жым. Тунжураган жымжырттык астында колун капталга сойлотсо, жанында эч ким жок. Анын дем алганы угулбаган жерге жымжырттык уюп калышын билди. Ордунан туруп, караңгы бөлмө аркылуу ашканага жөнөдү. Ашканадан караан көрүндү. Түнкү саат эки жарымда ашканадагы шкаф жанында бозоргон караан турат. Аял жарыкты күйгүзүп, экөө бири-бирин тиктешип, селейип туруп калышты. Түн. Саат 02:30. Ашкана. Үстөлдөгү табакта нан. Нандын өзүнө тийиштүү бөлүгүн кесип алганын аял байкады. Табактын жанында бычак турат. Дасторкон үстүндө нандын күкүмү. Жатаарда аял дасторкон бетин тазалап жатар эле. Ар дайым ошентчү. Азыр дасторкон үстү нан ушагына толуп, үстөлдө бычак жатат. Пол бетинен какшаткан суук аялдын бутунан денесине аралады. Аял табактан көзүн буруп кетти.

– Ашканада бир нерсе жүргөндөй, – деди күйөөсү тияк-биягын каранып.

– Мага да бирдеме угулгандай болду, – деди аял.

Түнкү кийимчен күйөөсү бир топ карып калганын сезди. Ананчы, алтымыш үч жаш да оңойбу. Күндүзү күйөөсү жашара түшкөндөй көрүнөт кээде. Түнкү кийимчен турган аялы бир топ карый түшкөнү күйөөсүнө да сезилди. «Бечара бул деле карыптыр» – деп ойлоду ичинен. Ак аралаган чачтарын көргөндө, ушундай ой келди го. Түнкүсүн аялды чачтары картаң көрсөтөт. Заматта картая түшкөндөй сезилет.

– Бутуңа бир нерсе кийсеңчи, муздак кафелден суук өтүп жүрбөсүн, – күйөөсү аялга кайрылды.

Аял аны караган да, үндөгөн да жок, жалгандан токуп сүйлөп жатканына чыдабай турду. Баш кошушкандан берки отуз тогуз жылда бир да мынтип жалган сүйлөгөн эмес.

– Бул жерде бир нерсе жүргөндөй, – күйөөсү дагы үн катты, ашкананын ар бурчун карады. – Бир нерсе угулгансыганда, бул жерде бирдеме болуп жатабы деген ой кетти мага.

– Мага да угулгандай болду, бирок эчтеке деле жок окшойт.

Аял нандын табагын жылдыра салып, үстөл бетиндеги күкүмдү колу менен шыпырып тазалады.

– Ошондой го, – деди күйөөсү өзүнө өзү ишенбегендей.

Аял сөздү башкага бурду:

– Жүрү, кеттик. Сыртта бирдеме болгондур. Жат эми. Муздак полдон сага да суук өтпөсүн.

– Ырас айтасың, сыртта бирдеме болду окшойт. Мен ашканада деп ойлогом, – күйөөсү терезеден сыртка көз чаптырды.

Аял жарыкты өчүрүшкө камынды. «Табакты атайын аңдыгандай болбой, жарыкты өчүрүп салайын» – деп ойлоду аял ичинен.

– Мейли, эчтеке эмес, – жарыкты өчүрдү. – Сыртта тынч эмес. Шамалда чатырдын суу түтүгү дубалга урунуп калдырай берет. Ошонун эле үнү... Шамалга калдырап.

Экөө жарыкты күйгүзбөстөн, дубалды сыйпалай басып уктоочу бөлмөгө жөнөштү. Аялдын жылаңаяк буту муздак полдо шырп-шырп.

– Сыртта шамал, – деди күйөөсү, – Түн бою шамал сокту.

– Ооба, түнү менен согуп чыкты, – деди аял экөө төшөккө жатышкан соң. – Суу аккан түтүктү калдыратып.

– Ашканада деп ойлосом, сыртта түтүк калдырап жаткан тура, – күйөөсү муну уйку-соо арасында айткандай болду.

Жөн гана жалган айтып жатканын аял үнүнөн сезди.

– Ох, ичикий, – деди аял, акырын эстеп, – Төшөккө оронуп жатпасам суук. Мейли, жакшы укта.

– Ооба, – деди күйөөсү, – Түнкүсүн суук.

Дагы жымжырттык.

Бир топтон кийин аял акырын абайлап, анын бирдеме чайнап жатканын сезди. Уйкусу качып, күйөөсү укпаш үчүн демин ичине акырындан терең-терең тартып жата берди. Бир аздан соң тигинин акырын чайнаганын тыңдап жатып уктап калды.

Эртеси үйгө кеч келген аялы күйөөсүнө төрт кесим нан сунду. Демейде анын үлүшү үч кесим нан боло турган.

– Мэ, нандан төрт кесим жеп ал, кургурум, – деди аял лампадан алыстай. – Тамагымдан нан өтпөй турат. Бир кесим ашыкча жеп алчы, менде бир аз табит жок.

Муну уккан күйөөсүнүн башы жерге шылкыйкыя түшкөнүн көрдү. Күйөөсү табактан көзүн албай шылкыйган бойдон мелтиреди. Бечара күйөөсүн ичинен ушунчалык аяп турду.

– Эки кесим нанды жөн эле жеп алсаң боло, – деди күйөөсү баш шылкыйтып, өйдөнү тиктебестен.

– Жок, өзүң жей бер, курганым. Менде бир аз табит жок, эчтеме өтпөй турат. Кел, жеп алчы шашпай.

Аял бир топко турду, анан үстөлдөгү лампага жакын олтурду.

1946-жыл.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз