Франц Кафканын кыска аңгемелери

  • 10.11.2023
  • 3043

Акмактардын бирикмеси

Бир замандарда акмактардын бирикмеси болуптур,  эми булар  чындыгында акмактар деле эмес,  кадимки эле адамдар.  Алар дайыма бири-бирин таштабай чогуу болушкан. Маселен дейли,  эгерде алардын кайсы бирөөсү акмактык кылып,  өз коомуна кирбеген башка адамды бактысыздыкка же кырсыкка туш кылып койсо, эми бул деле адаттан тышкары эмес,  катардагы эле боло жүргөн окуя дечи,  мында эч кандай акмакчылык деле жок. Андан кийин келип бирикме мүчөлөрүнүн астында кылган иши үчүн кечирим сурайт,  алар анын кылганын кылдат талдап, жыйынтык чыгарып,  сөгүш берчүсүнө сөгүш берип,  кечирчүсүн кечирип да коюшчу,  жамандыкты  эч кимге каалашчу эмес,  бирикменин жана анын ар бир мүчөсүнүн кызыкчылыгы бекем сакталчу.

Күнөөлүүнү сооротуп, көңүлүн көтөрүшчү: “Ой катүгүн,  эми ошого да ушунча кайгырасыңбы?  Сен туура  иш жасаптырсың,  эмне сенин ордуңда башка бирөө башкача кылмак беле? Туп-туура кылгансың. Андан башкача жасасаң түшүнүксүз эле иш болмок,  кызталактыкы. Өзүңдү кемирип жей бербе,  эсиңди жый!” Алар дайыма чогуу эле,  өлгөндө да жандары асманга чогуусу менен көтөрүлчү.  Алар асманга наристе балдардай таптазабыз деп  чыгышчу.   Бирок асманда бардык нерселер өз курамына жараша  бөлүнүүгө дуушар болгондуктан,  алар жерге шагыл таш болуп төгүлүшчү.

Прометей

Прометей жөнүндө төрт аңыз кеп бар.

Биринчиси, ал кудайларга чыккынчылык кылып, адамдарга жан тарткан. Ошон үчүн аны Кавказдын тоолорундагы бийик асканын бооруна бошоно алгыс кылып бекем байлаган. Кудайлар жиберген бүркүттөр анын өсүп турган боорун күндө чокуп жешер эле.

Экинчи аңызда,  ал күндө канжалатып чокуган бүркүттөрдөн сактанып, аска бооруна тереңдеп оюп кирип отуруп,  акырында аска менен аска болуп биригип билинбей калган.

Үчүнчү кеп боюнча ортодон миң жылдар өтүп, анын чыккынчылыгы унутулуп калган. Кудайлар да унуткан,  бүркүттөр да унуткан,  өзү да унуткан.

Төртүнчүсү, бардыгы  мындай кыйноодон чарчаган. Кудайлар чарчаган,  бүркүттөр чарчаган,  чарчап жатып анын жарасы да акырындап бүткөн.

Түшүнүксүз бир эле аскалар калды… Аңыз кеп түшүнүксүз нерсени түшүндүрүүгө аракет кылат.  Түбүндө чындык турса да  аңыз кеп түшүнүксүз нерсеге кайрылууга мажбур.

Тамсилче

— Ах, — дейт  чычкан, — бул түбүң түшкүр дүйнө күндөн күнгө тарып баратат. А дегенде талаа ушунчалык кең эле,  аңгыраган ээндиктен жүрөгүм түшүп коркчумун,  анан андан улам обочо жерлерге чуркадым,  ал кезде бактылуу элем. Кийин эки тарабымдан бийик дубалдар пайда болду, улам арылаган сайын дубалдардын ортолору кысылып тарып баратат. Акыркы бөлмөдөн капканды көрүп турам, акыры ага барып түшөт окшоймун да.

— Сен багытыңды өзгөрт, — деди да  мышык аны жеп койду.

Рулдагы адам

— Рулду,  мага беришкен да?— дедим үнүмдү бекем чыгарып.

— Сагабы? — деп таңгалды карасур, узун бойлуу адам, уйкудан  ойгоно албай  жаткан немедей алаканы менен көзүн ушалап.

Мен штурвалда тургам,  айланада караңгы түн,  баш жагымда илинген чырак бүлбүлдөп күйүп, ошол кезде жанагы адам келип мени ордумдан түртүп салган жатпайбы,  оңбогур.   Мен жылбай койдум эле,   ал буту менен болгон күчүнө салып, көкүрөккө чирене тээп түртө баштады.  Мен жыгылсам да штурвалдан колумду чыгарбай жанталаштым,  кеме ары-бери чайпала баштады.   Бейтааныш, акыры мени ыргыта түрттү да штурвалды түзөдү.   Мен эсиме келе калып, команда жайгашкан бөлмөнүн үстүндөгү капкакты ачып кыйкыра баштадым:

— Команда! Жолдоштор! Тезирээк келгиле! Чоочун адам келип менден штурвалды тартып алды!

Төмөндөн чарчаңкы тарткан заңкайган-заңкайган адамдар биринен сала бири шаты менен чайпала басып чыгып келишти.

— Айткылачы,  рулду мага ишенип бердиңиздер эле го?

Алар мага макул болгонсуп  баш ийкеп коюшту да,  чоочун адамга көз жүгүртө,  жарым айлана болуп тигинин тегерегине тизилип калышты.

“Мага тоскоол болбогула!”— ал  буйрук кыла өктөм үнү менен бурк эткенде,  алар топтошо түшүп мага баш ийкемиш болушуп,  унчукпай ылдый түшүп кетишти.   Бул эмне деген эл? Алар деги  бир нерсе ойлонушабы же жер бетинде жөн эле шарактап басып жүрө беришеби?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз