Укмуштай жарды жашаган жубайлар болуптур. Күйөөсүнүн үстүндө үйрүп салар кийими болбоптур. Дагы шымы барына Кудая шүгүр. Аялынын болсо үстүн жабар жалгыз көйнөгү бар экен. Бары бар дечи, бирок улам жыртылган сайын жамала берип, мурунку өңү кандай болгону билинбей калыптыр. Байкуш аял күнү бою көйнөгүн жамоо менен алек экен.
Дагы бир күнү эри жумуштан келсе аялы ыйлап отурат. Эмне болгонун сураса:
- Көйнөгүм кайра жыртылды. Жамап алат элем, бирок жамаганга да эч нерсе жок, - дейт.
Аялына боору ооруган эр кийинки күнү иштеп тапкан акчасын бүт жумшап, жаңы көйнөк сатып келет.
- Курсагыбыз ач болсо да, көңүлүбүз тойсунчу. Жаңы көйнөгүң кут болсун, жаным! – деп куттуктайт ал. Аялы абдан сүйүнөт. Ал күнү эри жаздыкка баш коёру менен коңуругу жаңырат. Жубайы да ошол замат ишке киришет...
Күйөөсү эртең менен ойгонсо аялы түнү бою жаңы көйнөктү кескилеп, эски көйнөгүнө жамаачы салып чыгыптыр. Муну көрүп эмне дээрин билбей эси ооп турганда, аялы мындай деп ыраазылыгын билдирет дейт:
- Ыракмат жаным! Жаман көйнөгүмдүн бир да жыртыгын калтырбай жамап чыктым, анан дагы бир жылга жеткидей кесинди калды.
Күйөөсү ошондо гана эмне үчүн жарды жашарын түшүнөт.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ