Эл ичи анекдот кенчи: Биздин соттор

  • 18.05.2022
  • 2288

Айыпкерди актаган кымыз

Сот болор жыйындын алдында айыпкер адвокаты менен кеңешет:

– Соттун үйүнө баглан козунун эти менен ышталган кымыздан бир чанач жөнөтөйүн деп атам. Кандай дейсиң, актайбы?

Адвокат чочуйт:

– Коюңузчу кайдагыны баштабай! Антсеңиз утулабыз. Бул сотту жакшы тааныйм, өмүрүндө пара албаган неме.

Сот бүтөт. Айыпкер акталат. Өз ишине канааттанган адвокат айтат:

– Сонун болду ээ! Минтип тез эле утабыз деп ойлогон эмесмин соттон. Чынында сиздин абал өтө оор болчу. Айла кетсе сот процессин созууга даяр болчумун. Бирок мен күтпөгөндөй болду!

– Себеби мен сиздин чочулоого карабай соттун үйүнө…

– ?!

– Бир чанач кымыз менен баглан козунун этин бердиртип жибергемин.

Ууруну актаган сот

Сот жылкы уурдаган кишиден сурайт:

– Айтып берсеңиз, окуя кандай болду эле?

– Караңгы кечте тойдон чыгып, үйгө кайткам. Тар көчөдөн бурулсам, жылкы жолго узунунан жатып алыптыр. Тиягынан өтөйүн десем болчудай эмес, биягынан өтөйүн десем болчудай эмес. Анан айлам кеткенде үстүнөн аттап өтөйүн дегенде, жылкы тура калбаспы! Мына анан көрүп ал, дыргаяктап ала качып кетпедиби. Дагы жакшы, кудай жалгап айылыбыздын милийсасына кудай өмүр берсин, ошол атты тизгинден алып токтотуп калды. Болбосо ким билет, ат менин сөөгүмдү сөпөт кылып, кайсы аңга алпарып таштайт эле…

 – А… Анда сиздин эч кандай айыбыңыз жок экен.

Кант уурдаган кайнене

Дүкөндөн бир банка бадыраң уурдаган аялды сот суракка алат:

— Азык дүкөндөн эмне уурдадыңыз эле? 

— Бир банка бадыраң.

— Ичинде канча бадыраң бар экен?

— Он.

— Анда он күн үй камагында болосуз. Менин өкүмүм ушул!

Залдан бирөөнүн үнү жаңырат:

— Кайненем жанын жеп атат! Бир банка бадыраң менен кошо бир пачка кант уурдаган. Ошол бир пачканын ичинде канча кант болгонун тактап, ошого жараша өкүм чыгарбайсызбы!

Жазага жараша жазала

Тагдырына таарынган кыз сотко кайрылат:

– Тааныш жигитим мени күчкө салып өөп, качып кетти.

– Менин оюмча, – каадалуу сот өз чечимин чыгарат, – анда өзүнүн жосунуна жараша жаза колдонушуң керек ага. Cен да аны күчкө салып өп.

Түшкө кирген карыз

Капчыктуу бирөө жүүдүрөгөн кошунасын сотко сүйрөп келет:

– Кошунам мага карыз экенин түшүмдө көрдүм, – деп баштайт кебин. – Эми карызын төлөп беришин талап кылам. А бул баш тартып атат.

– Талабың туптуура! – дейт сот. – Түшүңө кирсе, демек сага карыз экени чын. Бирок мыйзам негизинде мындай датың менен адилеттикке жетпейсиң. Себеби түшүңдө көргөн окуя боюнча карыз өндүрүү талабы мыйзамда каралган эмес. Түшүңө кирген карыз өңүңдө жок нерсе! Андыктан кайра барып укта. Агер мурда көргөн түшүң дагы кайталанар болсо, сен дароо эле ойгонбо, мага чурка! Карызыңды ошондо гана өндүрүп бере алам.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз