АҢГЕМЕ
Алар шаар четиндеги шаарчада жашашат. Жалаң чөнтөгү калыңдар. А жан дүйнөлөрүнүн калыңдыгы канча – айтыш кыйын. Бу шаарчанын тургундары WhatsApp аркылуу ар нерселерди жазып калышат. Бири-биринин тынчын алып жашагандардан эмес. Күнүмдүк зарылчылыктар чыкканда коңшулар бири-бириникине барып каалга кагып же коңгуроо шыңгыратмай деген жок, баарлаш – WhatsApp аркылуу... Жалпы макулдукту да ватсап аркылуу кеңешип, бир чечимге келгенге үйрөнүшкөн.
Анан эки чоң кабат үйдүн ортосунда жалпыга энчиленген кемегелери бар. Ким-бирөөсүнүн үйүнө конок-караан келсе ошол кемегеде от жагылып, тамак бышырылат. А майрам күндөрү кошуналардын баары ошол кемегенин жанына чогулуп, дасторкон үстү дүйүм тамактарга толуп, жадырап-жайнап отурушуп; чөйчөктөр кагышат. «Кошуналыгыбызды кут кылсын! Баарыбызга ынтымак!» – дешип, жалындуу тостор айтылат.
Дем алыш күн болчу. Баары эс алууда. Таң эртең менен Тынчтык аттуу тургундан WhatsApp баарына сүрөт жөнөтүлдү. Сүрөттө кемегенин бир бурчунда тизилген отундар, отундардын үстүндө кагаз коробкалар (көңүлдү ушул жерге буруңуз) жана тикесинен коюлган шыпыргы. Болду, башка эч нерсе. А сүрөттүн алдында бир ооз сөз кыстарылган:
«Таштандыны ким калтырды?»
Көп өтпөй ага Алтынай аттуу келинден илбериңки жооп жазылды:
«Мен! Бул коробкаларды – от тамызгы үчүн дегем. Керексиз коробкаларды дайыма ушинтип колдонобуз, бирдеңке даярдаганда. Эгер кимдир-бирөөгө оордук кылып атса, кечирим сурайм, азыр аны дароо жок кылам».
Көп өтпөй Алтынайдын күйөөсү Эрмек дайыма кемегеде калтырылган казандын (казанды коңшулардын баары колдонот) ичин көрсөткөн сүрөт жөнөттү. Казандын түбүндөгү тамактын калдыгы – суусуз какыраган чөлтүн жарылып-жарылып кеткен кумсуз жерине окшогон сүрөттү элестетет. А сүрөттүн алдындагы жазуу:
«Макулатура алынды, бирок казан тазаланбаган бойдон калтырылган экен, ошол казандын ичинен жагымсыз жыт уруп атат».
Көп өтпөй Эрмектен дагы бир сүрөт жүктөлдү. Ал түбү тазаланган казандын көрүнүшү экен.
Тынчтык ошону менен эле тынчып калса эмне, ватсаптагыларга дагы тактап суроо узатты: «Акыркы жолу казанды ким колдонду эле?!»
Тынчтыктын суроосу жоопсуз калган жок, өзүнүн колуктусу жазды: «Биз, өткөн жумада үйдө конок тостук ко»...
Ошону менен баягы «таштандыны ким калтырды?» деген Тынчтыктын ватсаптагы үнү жым болду.
А ынтымактуу коңшулар бир жылмайып алышты.
Март, 2020.