Абай Кунанбаевдин адабий мурасы (ырлар)

  • 24.05.2022
  • 2710

Ойго түштүм, толгондум

Ойго түштүм, толгондум,
Оозун тарттым жоргомдун.
Мүнөзүмө көз салып,
Текшерүүнү  ойлондум.
Мен өзүмө жакпадым,
Эми кайда сыямын?
Көнүп калган бул адат,
Кантип аны тыямын?
Күнөөлөрүм санасам,
Тоодогу таштан аз эмес.
Жүрөгүмдү карасам,
Ийнедей жери таза эмес.
Аарчып алып салууга
Аңгектеги саз эмес.
Келесоолук кылганым,
Мунун баары өзүмдөн,
Кудай берген иш эмес.
Көрүнгөнгө кызыктым,
Адилеттүү жүрөктүн
Адилетин бузупмун.
Акыл менен билимден
Такыр үмүт үзүпмүн;
Айла менен амалды
Бермет сындуу тизипмин.
Желмогуздай жалаңдап,
Ар, уяттан безипмин.
Куулук менен шумдукка
Кулаалыдай учупмун.
“Сен билесиң" деп койсо,
Мактоосуна кызыктым.
Мактанбаска мактанып,
Деп жүрүпмүн “бышыкмын”.

Нурлуу асманга талпынып өскөнсүң сен

Нурлуу асманга талпынып өскөнсүң сен,
Эр көкүрөк, менменсип кербезденген.
Жай күнүндөй кооздогон жердин бетин,
Жашыл чөп, желге ыргалган эгин менен.

Андан бери кайыры жок көп жыл өттү,
Орок тиер, орулаар мезгил жетти.
Жылдар менен ысык-суук баарын көрүп,
Кайран көңүл кайышпай кайрат этти.

Оор ойлорду көтөрүп ооруган жан,
Кайгы-капа жүзүнө белги салган.
Даны толуп, баш алган эгин сымак,
Сенин да башың ийилип жер караган.

Өлөйүн деп өлбөйт ко ажалдуу жан,
Өлбөстүгүн билгенсип кылык кылган.
Ажал келип, кол салып жаныңды алса,
Өмүр кайда, сен кайда, баары жалган.

Адамзат бүгүн адам, эртең топурак,
Бүгүнкү өмүр жаркылдап алсын бирок.
Эртеңки күн кайдасың, билесиңби,
Өлүү үчүн туулгансың, ойлон, чырак.

Мен жазбаймын өлөңдү эрмек үчүн

Мен жазбаймын өлөңдү эрмек үчүн,
Жок-барды, эртеңкини термек үчүн.
Көкүрөгү сезимдүү, тили жатык,
Жаздым үлгү жаштарга бермек үчүн.

Бул сөздү керең укпас, талаптуу угар,
Сергек, эстүү, көңүлү ачык, жүргөн үчүн.

Түздөп кел, ниетиңди бузуп келбей,
Сыртын таанып иш бүтпөс, сырын билбей.
Чү дегенде кулагың чочуркады,
Өскөн соң мындай сөздү мурда көрбөй.
Таң каламын мурда айткан сөздү укпай,
Айта бер дейт, айткан сөзгө конок бербей.

Сөз айттым “Азирет эли” желмогузсуз,
Мында жок “алтын ээк, сары-ала кыз”.
Карылыкты жактырбай өлүм тилеп,
Болсун деген жерим жок жигит арсыз.
Чымкый кызыл эмес деп чочубаңыз,
Түбү терең сөз артык байкасаңыз.

Туулат кээде барымтачы шер баатырдан,
Сүйгөн да, сүйдүргөн да жүргөн бир жан.
Арсыз, малсыз, акылсыз, чарбасы жок,
Элирип, арак ичсең жоктур пайдаң.
Беш-алты мээсиз адам кубанганга
Кыйнабай кызыл тилди ук, тилимди алсаң.

Өлөңү бар өнөрлүү иним сизге,
Жалынамын, мындай сөз айтпа бизге.
Өзгө түгүл өзүңө пайдасы жок,
Асыл өнөр кор болуп кетер түзгө.
Сылан короз, ойношчул, мансапкорлук,
Канча кызык жетер экен өзүңүзгө.

Көңүл кайтты достон да, душмандан да

Алданбаган ким калды тирүү жанда?
Алыс-жакын казактын баарын көрдүм,
Жалгыз-жарым болбосо анда-санда.
Пайда үчүн бирөө жолдаш бүгүн таңда,
Ал да турбас баштан багың кыйшайганда.

Мындан менин кай жерим аялуу деп,
Бирге туруп калат экен ким майданда?
Эмдиги журттун сөзү – уурулук-куулук,
Саналуу жан көрбөдүм сөз угарлык.
Ушу күндө ушу элде эч нерсе жок.
Мээриң канып, ыраазы болуп кубанарлык.

Байлар да мал кызыгын билбей жүрөт,
Жай жиберип, күздө атын минбей жүрөт.
Сабылтып, күндө уурдатып, из жоготуп,
Ыза менен ыржыйып күлбөй жүрөт.
Соодагер тынч соодасын жүргүзө албай,
Карыз берип, убагында албай жүрөт.
Эл көзүнө бирди айтып, кайра танган,
Арсыз журттан көңүлү тынбай жүрөт.

Эстүүлөр да эсине кубанбады,
Эл азды деп наадандар муңайбады.
Ала жылан, ач бака күпүлдөктөр,
Киши экен деп улуктан уялбады.
Сөзүнө бирөө бекем тура албады,
Ал дагы ууру аялын тыя албады.
Каршылык күндө кылган тели-тентек
Жаза тартып эч бири суралбады.
Жатындаш туугандыгын кыла албады,
Биринин сөзүн бири уга албады.

Куда-тамыр, дос-жаран, катын-балаң,
Алар да бир калыпты боло албады.
Бир күчтүү көп тентекти жыга албады,
Ичте жалын дарт болуп, чыга албады.
Арак ичип, мас болуп элдин баары,
Эмне пайда, эмне зыян биле албады.
Жетилген жайлоолорго коно албай,
Күз күнүндө жаңжалсыз жүрө албады.
Кыш кыштооң - кып-кызыл ал бир балээ,
Оролуп эч бир чарбаң оңолбоду.
Аксакалың жаман иштен уялбады,
Жегичтериң  напсисин тыя албады.
Салам – парыз, сөз - куулук болгондон соң,
Кандай жан сырттан сөз болуп, сыналбады?

Жүрөктө кайрат болбосо

Жүрөктө кайрат болбосо
Уктаган ойду ким түртмөк?
Акылга шоола конбосо,
Айбанча жүрүп күн өтмөк.
Ашпаса акыл кайраттан,
Тереңге барбас бийиктер.
Картаңдын ою шар кетпей,
Адаты жеңип күңүрттөр.
Тең сүйгөнүн бербесе,
Жаш чыдабас жаны ачып.
Бере берсең бер дешип,
Үмүт этер талашып.
Малда да бар жан, дене
Акыл сезим болбосо.
Тиричиликте не кызык,
Тереңге бет койбосо.
Атым адам болгон соң,
Кантип наадан болоюн?
Калкым наадан болгон соң
Кайда барып оңоюн?!

Жалбырагы куураган эски үмүт

Кыялданып өмүр сүрүп бош жүрүпмүн,
Козголду көңүлүмдө тынчтык бербей,
Качанкы бууга айланган ошол көп күн.
Ал кездер өмүр эмес, бир көргөн түш,
Карачы өз боюңду түгөл бекен,
Ысык жүрөк, өң чырай, билекте күч.
Төңкөрүлүп кубулган журт – ал бир закым,
Чынга чыдап, кошо албас ынтымагын.
Көптүн оозун карасаң күн көрбөйсүң,
Өзүңдү өзүң карагын, кел чырагым.

Көлөкө башын узартып

Көлөкө башын узартып,
Алысты көздөн жашырса;
Күндү убакыт кызартып,
Көк жээктен ашырса;
Күңүрттөп көңүл сырдашар,
Сургулт тарткан жымжыртта;
Башын салып муңдашар,
Ой жиберип ар жакка.
Өткөн өмүр – чыйыр жол,
Кыдырды го далайды.
Ким алдады, ким токмок
Салды ошону санайлы.
Эмне тапсаң, аны тап,
Жарабайт ал керекке.
Өңчөй ууну жыйыпсың,
Себелеп шордуу жүрөккө.
Адашкан күчүк сыяктуу
Улуп журтка, кайткан ой,
Өкүнөт, жолу бекиди,
Убара болбо, аны кой.
Эрмен чыкты ит кылып,
Буудай сепсең талаага.
Жай жүргөндү үйрөнүп,
Тынч өлсөңчү садага.

Казакчадан которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз