Индейлердин бакшысы Дон Хуан Матусканын курч ойлору

  • 13.01.2024
  • 3994

1. Эгерде алган нерсең жакпаса, бергениңди өзгөрт.

2. Кокустук, бул изилденбеген мыйзам ченемдүү көрүнүш.

3. Ар дайым эсиңде болсун, жол деген – бул жөн эле жол. Эгерде туура эмес жолго түшүп алганыңды сезсең, аны таштап, дароо башка жолго түш.

4. Адамдар көпчүлүк учурда өз жашоосунан каалаган нерсени, каалаган убакта алып ыргыта аларын биле беришпейт. Каалаган убакта. Эч токтолбой.

5. Ар ким өз жолу менен жүрөт. Эгерде сапарың жагымдуу болсо, демек, ал сенин жолуң. Эгерде сен жаман абалга кабылсаң, ал жолду таштап башка жолго сал. Бул кылганың туура болот.

6. Азыркы көз ирмемде жасап жаткан ишиң, жер бетинде жасаган эң акыркы жумушуң болуп калышы толук мүмкүн. Бул дүйнөдө сенин жок дегенде дагы бир мүнөт жашооңо кепилдик берер бир дагы күч жок.

7. Айланаңда курчап турган сулуулукту издеп таап, аны көрө бил. Сен өзүңдөн башка нерсеге кызыкпай, чарчоодон өлөсүң; ошол чарчооңдон улам башка нерсени көрө албаган сокур, уга албаган дүлөйсүң.

8. Түбөлүктүү убакыт сени айланта курчап турса да, сага дайыма убакыт жетишпейт.

Бул ойлор Карлос Кастанеданын китебинен алынган индейлердин Топоздор уруусунун бакшысы Дон Хуан Матуска таандык.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз