Аман Саспаев: Ымандай сыр

  • 05.07.2022
  • 2537

АҢГЕМЕ

Жаңы көчүп келген туугандардан (бири узун бойлуу, бири жапалдаш) эки жигит көрүшпөгөнүнө бир нече жыл өткөндөн кийин гана айылдык советтин конторасынын алдынан жолугушту. Мурда, жапалдашы «Аксай» сокосунун туткасын карыштыра кармап, алды жагында илбий баскан эринчээк алты өгүздү «соп-соптоо» менен жүргөн. Ал эми узун бойлуусу болсо, түн баласы уйку көрбөй, жылкы кайтарып, кокту-колоттордун түнкү кожосу болгон. Экөө тең бир айылда бирге ойноп, бирге өскөндөрдөн.

Капысынан кезиге кеткен достор көрүшкөнүнө катуу кубанышты. Тышкы кебетелеринин, ачыгын айтканда, кийимдеринин бүт өзгөргөндүгүн көрүшүп, ички дүйнөлөрүнүн да кандай өзгөргөндүгүн тымызын байкашмак болду. Аны байкоо үчүн мындай кыска мөөнөт ичинде сөздөн башка тараза жок эмеспи. Баарынан да тагдыр ал экөөнү трактористтик курсуна бир окууга жөнөтүшүптүр. Узун бойлуу жигит никелден жаңы салдырган кашка тишин жаркылдата күлүп:

– Мен «Белорусь» айдап жүрөм, – деп чачын салаалап тарай баштады.

– А мен «Жыйырма сегиз» айдап жүрөм, – деп жооп кылды жапалдашы. – Сен алтын тиш салдырып алгансыңбы?

– Ананчы, – деп узун бойлуусу укмуштай тездик менен, колун чөнтөгүнө сала коюп, кайра тартып алды эле, салаасына бир папирос кыпчылып чыкты. Анан: «Алтын тиш да салдырарсың!» дегенсип колун шилтеп коюп, папиросун ээрдине кыпчый сүйлөдү. – Вопше, «Жыйырма сегиз» апасный, мен андан опут да алдым. А «Белорусь» ошол алган опутумдун жемиши!

– Мен мурда «Белорусь» алгам, – деди жапалдашы, аны тракторлор катарына көп эсептебей турганын билдиримиш болуп, анын үстүнө «мен деле сендей болуп калдым» дегенсип ыңгырана сүйлөдү. – Карасам «Жыйырма сегиздин» табышы көбүрөөк экен, аны сурап алдым.

«Сураса эле алмашып бере койгон булардыкы жакшы окшойт» деп узун бойлуусу бир аз ойлоно калды да: – Мен кошумча шофердук, слесардык, токарлыкты да ышкырта үйрөнүп жатам, – деп компойду.

«Мунусу жакшы экен деп ойлогон жапалдашы аздап ич тардыгы козголо түштү, – деги бул кыйын!»

– Ко-ош, мында, тоюс, бул жерге эмне жумуш менен келдиң? – деди узун бойлуусу.

– Үй салыш керек, карагай белетин алууга келдим.

– О-о, – деди тиги олуттуу маани бергенсип, кежигесин жайдары тартып. – Проблемалуу маселе экен. Бирок сен билбейт турбайсыңбы, карагай берет селсебет как можно даст тебе, аны карагай башылар берет.

– Как можно даст, дегениң эмне? – Справка берет да селсебет.

– Во-от, эми правильна.

Булар ушундайча сүйлөшүп алгандан кийин, мурдагыдай ички жактан байланыштырган көзгө көрүнбөс жип эбак үзүлүп калганын сезишти. Бирок бирин-бири кыйып, өз иштерине кетип да калышпады. Узун бойлуусу аз кайпактап туруп, жапалдаш досун жеңден алып, буфетти көздөй басты. Ал барды да:

– Дай, напиток, девушка, стаканы менен, – деп беркини карай койду.

«Байка, абаңдын сөзүн!» Буфетчи кыз мыйыгынан күлүп, керегин алып берди.

Булар буфеттин аркы бурчуна барышты да, тамак ичишти.

Көп өтпөй экөөнүн өткөндөгүлөрү эстерине түшүп, барган сайын бир-бирине деген боорукерлиги ашып бара жатты. Албетте, эми азыркы эмес, эбактан оюнда жүргөндөр жөнүндө сөз козгошту.

– Кандай, абышка-кемпир күүлү-күчтүү жүрөбү? – деп сурады узун бойлуу жигит.

– Жакшы, эптеп кыбырап жүрүшөт. Өз ата-энеңчи?

– Э-э, Абыш – деди узун бойлуусу, – мында жан багуу жакшы.

– Иштешиң гана керек. Мен жаңыдан келгенимде, деги жан багып кетээриме көзүм жеткен эмес...

– Сөздүн чыны, Бакай, мен да дайнымды таппай калгам, – деп күлүп жиберди жапалдашы.

Жапалдашынын күлгөнүнөн улам узун бойлуусу сырын жайдары агыта баштады, ички жактан байланыштырган жип бат эле уланды.

– О-о, Абыш, мында кызык толуп жатат. Саа эми айтайынчы. Курсту бүтөөрүм менен айылга келсем «жаңы тууган» дешип сыйлашып, бирөө айдап жүргөн «Жыйырма сегизди» алып беришти. Стартери жок экен. Бир күнү от алдырайын деп ручканы толгоп калсам, колуман чыгып кетип, мына бу эки кашка тишимди күбүп түшпөдүбү!

Жапалдашы буга ыкшып күлө баштады.

– Мен эмне авезге салдырды дейсиңби, жаркыраган алтын тиш ошондо пайда болгон. Бир айча док урунуп калп эле жатып алдым. Башчыларды көргөндө ошолор тишимди муштап сындыргансытып коркутуп жүрдүм. Акыры бирөөнүн «Белорусун» алып берип кутулушту...

Буга экөөлөп, кеминде жарым минутадай ыкшып күлүштү:

- Мен дагы...– деп жапалдашы күлкү чыгарган көз жашын алаканы менен аарчып жатып, өз сырын айта баштады. – Мага мурда «Белорусь» берген, аны майлабай жүрө берипмин. Кызыгы бар, бир күнү аңызга кык ташып баратсам, бирдеме коңурсуйт, карасам, аппаратты таптакыр күйгүзүп алыпмын. Ха-ха, механик чукчуңдап жүрөт келип... Тракторду алып коюшту. – Ал оң колунун тышы менен сол колунун алаканын укуп өттү.– Бир айга чейин сүткө тийген күчүктөй болуп жүрдүм... Акыркы, «жаңы тууган» жан баскын деп ремонттон чыккан «жыйырма сегизди» беришти.

Кетилдеп күлүп аткан узун бойлуусу:

– Аны мага табышы көп болгон соң алдым дейсиң ээ келип. Кудай бардыр, хе-хе-хе...

– А сеники жакшыбы, алтын тиш кандайча салдыра койду дейм да. Ха-ха-ха...

Мына ушундайча үйдүн аркы бурчу көпкө чейин шат күлкүгө бөлөнүп турду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз