Габриэль Гарсия Маркес: Бальтасардын бактылуу күнү

  • 14.07.2022
  • 3044

АҢГЕМЕ

Бальтасар тор капас жасап бүтүп, көнгөн адатынча үйдүн чатырынын астына илип койду. Ананбы, ал наар ооз тийип, нанушта кылганга үлгүрбөй, жака-белдеги жамагат бу тор капас дүйнөдөгү эң кооз тор капас деп дуулдап калыптыр. Көргөнү көңүлдөнгөндөр  көбөйгөндөн аныңыз капасын аскан жеринен чечип, устаканага кийирип таштоого аргасыз болбоспу.

— Монах баштанбай, сакалыңды кырсаңчы, — деди Урсула күйөөсүнө.

Анда Бальтасар барк этет: — Тамактан кийин да сакал алчу беле.

Сакалы эки апталык, үрпөйгөн чачы качырдын жалындай кыска, кайраттуу, кебетеси алаңдаган жаш баланын кебетесиндей эле. Арийне, адамдын купуя ааламы анын апти-башараты аркылуу аныкталбайт. Бальтасар февралда отузга чыкты. Урсула экөөбү никесиз бүлө куруп, перзентсиз жашап жүрүшкөнүнө төрт жыл толду. Ал, айтса-айтпаса, алды-артын ойлоп оокатын кылдыратаар курагында, бирок ардеме-бирдемелерден коркуп күн кечирүүгө эгерим макул эмес. Жаңы гана белендеген буюму кимдир-бирөөгө дүйнөдөгү эң кооз тор капастай таасир жаратмагы  капарына асти шоонешпеген белемдир. Кулун чактан ушул кесипте узанган эмеге акыркы жумушу башкаларына салыштырмалуу бир аз ашыкчараак түйшүкө салганы да ырас.

— Андай экен, эс ал, — деди келинчек. – Мындай түрүң менен көчөгө барышың уят.

Бальтасар “аный” деген жок, асыресе, андан соң улам-улам туруп, капасты кошуналарга кайра-кайра көрсөтүп убара чекти. Ошого дейре Урсула капаска түк  назар бурбаган. Колуктусу күйөөсүнүн жыгач усталыкты жыйыштырып, эки жума бою бир капас менен алпурушканына, уйкусу канбай, түн түшүндө түйшөлгөнүнө, сакал-мурутун серптиргенди таптакыр унуткарганына нааразы тейде наалып-неткени. Минтип нарктуу буюмду байкаганда ургачынын кабагы жаркыды. Бальтасар уйкусун кандыргыча көйнөк-шымын үтүктөп, керебетинин катарындагы отургучка артты, капасты бөлмөгө апкелип, үстөлгө жайгаштырды. Тияк-биягынан, узун-туурасынан дегендей телмире тиктей берди, жетиналбай.

Түш оой Бальтасар ойгоноор замат – Мунуңду канчага сатасың? – деп сурайт жубайы.

— Билбейм, — дейт Бальтасар. – Отуз песо десемби деп ойлойм. Балким, жыйырмага келишеербиз.

— Эмнең короп атыптыр, элүү де, — деди Урсула. –Эки апта уйкудан бездиң. Анын үстүнө, алдыгының оголе калдайып… Мынчалык зоңкойгон капасты өмүрүмдө биринчи жолуктурушум.

Бальтасар сакал-мурутун кыра баштады.

— Элүүгө алат дейсиңби?

— Садагадай сары чака дон Хосе Монтьелдин чөнтөгүнүн жыртыгынан деле чууруп, житпейби. Алтымышка баалашканың ажеп.

Ала көлөкө жамынган тамдын ичи үп тартып, аптап макулук саратандын доошу менен чый-пыйлап чырылдайт. Бальтасар кийинип, бөлмөнү желдетмекке каалганы ачты эле, сырттан ичкериге топураган балдар агылды.

Жакшы кабар жерге жатпайт. Жашоосу май талкан, арийне, кесиби түн уйку, күн тынымынан ажыраткан Октавио Хиральдо ысымдуу кексе доктур өнөкөт дарты бар байбичесинин маңдайында тамактанып олтуруп Бальтасардын жаңы буюмун элестетти. Күн кайнаган кездерде алардын далисинде, үстөл бетинде гүл өстүргөн толгон-токой карапалар менен сайрагыч сары чымчыктар чыркылдаган эки капас өксүбөйт. Доктурдун зайыбы  канаттуу куштарына кароо, буларымды жегенге тап дейби, таргыл мышыктан таза саксактайт. Хиральдо доктур кеселмандардын биринин акыбалын текшерип келатып, Бальтасардын капасын сынамака ниеттенгенде байбичесин элестетти.

Бальтсардын үйү азан-казан. Үстөлдөгү үч бөлүк, эпсиз чоң, төбөсү жарым шар таризденген тор уя көз жоосун алгыдай. Перенделер ары-бери катташканга  көзөнөктөр, жем чокуган, уктаган бөлмөчөлөрү өзүнчө, конгонго ылайыкталган керме таякчалары, деги койчу, бу капас үлкөн имараттын кичиртилген үлгүсүндөй шекилденет. Доктур буюмга манжаларын тийгизбей, чар тарабынан чарк айлана карады да, аламан мактаганчалык окшобойбу, кемпириме мындан артык не эрмек дегендей кыязда кымылдады.

— Колунан көөрү төгүлгөнү ушу, — деди ал. Анан көпчүлүктүн арасынан Бальтасарга башкача бир мээримдүү көз кадап, кошумчалады: — Сенден мыкты архитектор чыкмак тура.

Бальтасар кызарып кетти:

— Ыракмат!

— Чын айтам, — деди доктур.

Хиральдо доктур мөртүндө сулуулугу суктандырган айымдай сүлкүлдөп, жоон-жолпу неме, алакандары жупжумшак алакандар. Үнү кудайына сыйынган поптун үнүндөй куюлат.

— Буга куш асырап нетесиң? – деди ал, береги капасты кудум сатарман сыңар жардагандардын маңдайында аркы-терки тегеретип. – Бак башына илип сал, өзү эле ырдап-чоордойт.

Капасты ордуна койгуча биртке кынжыла санаркагансып, асыресе, андан карегин айрыбай бек айтты: — Мейлиңер, мен алдым.

— Сатып ийгенбиз, — деди Урсула.

— Дон Хосе Монтьелдин уулу, — деп түшүндүрдү Бальтасар, — ошонун тапшырыгы.

Доктур кечирим сурагандай өнтөлөдү:

— Бала саган чиймесин берди беле?

— Жок, тек ушул өңдүү кенен-чонон капас керек, ага эки саргалдак багам деген.

Доктур капасты дагы бир ирет тиктеди.

— Саргалдак бакканга жарабайт.

— Жарайт, доктур, — деди Бальтасар үстөлгө жакындап. Аны балдар туш-туштан туташ курчады. – Жети өлчөп, бир кескем, — ал капастын бөлмөчөлөрүн сөөмөйү менен сайып, баянын улады. Төбөсүнө чертип койсо, тигиниси тимеле тил бүткөндөй шаңгырап жибербеспи. – Зымдары катты, ар бир аштоосу ичинен да, тышынан да ширетилген.

— Маймыл кармаса да жарашат, — деп кыпчылды мадырабаштардын бирөө.

— Туура эмей, — Бальтасар ынанды.

Ошондо доктурдун оозанганы:

— Ко-ош, бала  эч кандай чийме чийип бербептир. Жөн гана саргалдак асыроо үчүн чоңураак капас керек дептир. Ушундайбы?

— Ушундай. – Бальтасар кубаттады.

— Андабы, иштин жарасы жеңил, — деди доктур. – Бул капас саргалдак үчүн жасалганбы же башка үчүн жасалганбы, атайын арнап жасалганбы же жайынча жасалганбы, ким териштирип отуруптур?

— Саргалдак үчүн жасалган, — дейт Бальтасар аргасы түгөнүп, — атайын жасалган.

Доктур шагы сына, өпкө какты.

— Сен бөлөгүн деле жасайсың да, ээ? – Урсула Бальтасарга тикие бакырайды. Анан доктурга кайрылып:

— Сизге шашылыш эместир?

— Жолдошума бүгүнкүнү убадалагам.

— Кантебиз, тууган, — деди Бальтасар, — сатылган нерсе сатылбайт.

Доктур ийин куушурду. Тер мойнун бетаачылап сүртүп, капаска үндөбөй үңүлдү. Тээ ыраакта теребелге сиңип бараткан кемени узата тиктегенсип, белгисиз бир чекитти узакка тиктеди.

— Канчага баалаштың?

Бальтасар мукурап, Урсуладан көмөк күттү.

— Алтымыш песо, — деди келин.

Доктур кыйлага чейин капастан жүзүн үйрүбөдү.

— Буюм эмес бекен, — деп күрсүндү ал. – Буюм эмес бекен, чиркин!

Акыр-аягында жайдары жылмайып, жүзаарчы менен жүда желпинип, каалгага карай кадам шилтегени. Болор иш болду бейм, боёсу канды бейм.

— Монтьель ашкан бай неме, — деди ал босого аттап баратып.

Чынында Монтьель эл ойлогондой өтө бай деле киши эмес, бирок байысам дегенде ак эткенден так эткендерден. Аныңыз бир нече көчө ары, сатуу үчүн сакталган көрөбай-шөрөбайга жыкжыйма тамында Бальтасардын жаңы капасы туурасындагы кептерди укса да, укмаксан. Ана өлөм, мына өлөм деп сары убайымга чөккөн канышасы түшкү тамактан кийин эшик-терезени  тумчулап, караңгы каанада эки сааттан бери эшек такалап, сулк жаткан. Хосе Монтьель болсо куш уйкунун кызыгына куп батып, сурмасы эмеле сүзүлбөдү беле. Асыресе, чукулдагы кобур-собур тынчын бүлүндүрдү. Эшикти ачып, топтошкон адамдарды, адамдардын тобунан сакал-мурутун азыр эле серпкен, ак жака көйнөкчөн, көпөстүн коргонун ызааттаганданбы, саал-паал тарткынчыктагансыган Бальтасарды көрдү.

— Апей, укмушуң кур ай! – Хосе Монтьелдин өмүр шериги Бальтасарды үйгө жетелегиче, алкоого сөз ылгап апкаарыйт. – Кооздугун, койкоюп.

Бальтасардын соңунан бөлмөгө убап-чубагандарга куйкасы курушуп, сүйбөй сүйлөндү: — Тигиндей өткүлө, мейманканамды булгайсыңар.

Хосе Монтьелдин орозгери Бальтасарга тааныш. Аны-буну жөндөгөн устаны мурда-кийин оңдоп-түзөө иштерине эчен курдай чегишкен. Айтмакчы, ал дөөлөттүүлөрдүн чөйрөсүндө  өзүн ыңгайсыз сезет. Андайлардын куник, албуут аялдары, тыңдасаң тулку-боюң дүркүрөгөн оорулары жана адаттан тыш операциялары санаага малып, бир чети тигилерди аяп да ийет. Мансаптуулардын короосуна шыйрагына таш байлагансып араңдан зорго барат.

— Пепе үйдөбү? – Бальтасар капасты үстөлгө койгуча ушинтип сурады.

— Мектепте, — деди Хосе Монтьелдин жары. – Кайтаар убактысы деле жуук. Ага кошуп дагы айтты: — Монтьель жуунуп атат.

Чынында, Монтьель жуунганга чоло таппай, ушу тапта денесин камфора спирти менен сүрүп, биякта не окуя оожалганын аңдоого анталаңдап ашыкты. Монтьелибиз түшүндө шабырт-шубуртту непадам эшитпей, элебегенден чочуп, иликтир желдеткичти эч качан иштетип уктабаган, ий-е, чычканга кебек тиштетпеген  сагызгандай сак кулак.

— Аделиада, — деп кыйкырды эри. – Тынччылыкпы?

— Ылдамда, ажайып буюм! – деди алганы.

Көкүрөгү түктүү, мойнунда сүлгү, баки-жокту жактырбагандай үтүрөйгөн Хосе Монтьель төркү бөлмөнүн терезесинен башбакты.

— Мунуң эмне?

— Пепенин тор капасы, — деп жооп кайтарды Бальтасар.

Аялы аны мукактана тиктеди.

— Кимдики?

— Пепеники. – Бальтасар эмеле дегенин кайталады. Ага улай Хосе Монтьелге бардаштуу багып: — Пепе жасатты эле.

Сыйкырлап-нетпей Бальтасардын тушунан мончонун каалгасы ачылды, тооба! Хосе Монтьель төркү каанадан дамбалчан далбалактап чыгып, чыңырды:

— Пепе!

— Мектептен келе элек, — таштай каткан катыны күңкүлдөдү.

Апасы антип оозун жыйгыча Пепе тикпеген кыртыштан өнбөспү. Пепе дегенибиз каштары апасынын каштарындай коюу, ырайы апасынын ырайындай муңайым он эки жаштагы балакай.

— Бас бери. – Хосе Моньтель уулун жанына чакырды. – Сен капас жасаттың белең?

Бала  келдесин шылкыйтты. Хосе Монтьель чачтан аткып, түздөнүүгө мажбурлады:

— Жооп бер?

Бала мисирейип тиштенет.

— Монтьель… – деп шыбырады аялы.

Хосе Монтьель баланын чачынан чеңгелин жазып, өзүн күчтөп токтотту да, Бальтасарга кайрылды:

— Ка-ап, Бальтасар, узанууга урунуудан оболу бир ооз кеңешип-таңашканың туура болмоктур. Лашбектин тилине кирип, кызыксың.

Саймедиреген сайын бышарып, Хосе Монтьель капаска бир каш кагып, кылчайбай, кирпик ирмебей, үстөлдөн үзө көтөрүп, Бальтасарга узатты.

— Бачым апкет да, эптеп сатып ий. Жо-жо, жаакташпагын. — Ортодо Бальтасарды далысынан таптап, берегини бежиреди: — Мага толкундоо зыян. Доктурдун көзөмөлүндөмүн.

Балакай өң-алеттен азды. Капасты уучтаган Бальтасар абдаарыгандан эки анжы. Пепе эми жерге боюн уруп, эчкирип уңулдайт.

Хосе Монтьель энесинин баласын сооротуу аракетине кайдыгер  элтейип, камырабайт:

— Тийбе, ыйламактан көзү аксын. Сонуну жакшылап таркасын десең, жарылган чокусуна туздалган лимондон cээп ташта.

Бала жаш сыкпай буркурап, апасы мүрүсүнөн тартат.

— Тийбе, — Монтьель пейлинен жанбайт.

Бальтасар бокмурунга  үзүлөрүндө  жанталпастап тыбырчылаган ылаң жырткычка баккандай бакты. Саат жебеси төрттүн төгөрөгүн согуптур. Бу кезде Урсула ашманканада пияз туурагыча, абалкы эски абанды созгондур-ов!

— Пепе, — деди Бальтасар.

Баланы көздөй кадам шилтеп, жадырай күлүп, ага капасын сунду. Балакай аш-паш дегиче атып туруп, өз боюндай буюмду кош колдой имере кучактап, эмне дешин билбей дал, тор зымдан Бальтасарга бакырая, айран-таң. Карегинен чолок тамчы тамбады.

— Бальтасар, — Хосе Монтьель этиет эметти, — мен эскерттим ээ, баатыр. Мунуңду тезинен жогот.

— Кайра бергин, — деди апасы баласына.

— Ал, алагой, -деди Бальтасар. Хосе Монтьелге бурулуп, бир cүйлөм кыстырды: -Тор капасты Пепеге деп жасагам.

Хосе Монтьель Бальтасарды жуп эшиктин кашегине дейре ээрчиди, айласы куруганда астын тороду:

— Минткениң Кудайга жакпайт, Бальтасар. Көгөрбөй, буюмуңду колтуктай жөнө. Мен сага баары бир сокур тыйын төлөбөйм.

— Тыйыныңа ким зарурат, — деди Бальтасар. – Мен капасымды Пепеге тартууладым. Асыресе, белек үчүн акча үмүтөтпөйт.

Бальтасар котологон элди аралай чапты. Хосе Монтьел бакырып-өкүрүп ордунда маталды. Иреңи бузулуп, карачыгына кан дүргүдү:

— Келесоо, темир-тезегиңди сүйрөй жоголгун. Көөнүңдөгүнү көшөрө аткарып, жаман көнгөн окшойсуң, ыя?!

Бильярд залында Бальтасарды “жашалап” тосушту. Ал алиги мерчемге дейре бар болгону мурдагы капастарыма караганда дурус капас курадым, Хосе Монтьелдин уулу ыйлабасын дегенден буюмумду муктаж кардарга  акысыз карматтым, анымбы,  кадыресе жагдай  деп болжогон. Бирок аламан буга башкача маани ыроологонун боолголоп, бирпаста жанданды.

— Ошентип, элүү песого пулдадың!

— Алтымыш, — деди Бальтасар.

Ага пиво куйдурушту, кезегинде ал дагы мындагылардын ар бирин бир сыйра сыра менен сыйлады. Ороюна түк кылтыйгандан бери биринчи мертебе ичкендиктен кечке таман кызылдай мас, сөздөрү дагын тири шумдук эле: — Миң капастын ар бири алтымыш песодон. Алтымыш миллион жыйноого миллион капас керек. Мүмкүн катар көбүрөк жасап, байлар о дүйнө тоголонгуча, сатып үлгүрүү абзел, — дейт эс-учунан айнып. – Алар тегиз дартман, бүгүн-эртең жан таслим этишет. Толкундоого жарабаса, не деген ит тирилик!

Музыкалык автомат эки саат бою Бальтасардын эсебинен күү чалды.

Урсула эсе тамагын бышырып, саат сегизге чейин күйөөсүн акмалап акыйган. Бальтасар бакыттан мээси чайпалып, улуу-кичүүнүн  баарын пивого сугарууда деген айыңга ишенбеди, анткени жолдошу ичимдикти караманча  ууртап- татпаган киши. Түндүн бир маалында, Урсула уктоого камынганда Бальтасар баягысындай эле төрт отургуч, бир үстөл бөлөк-бөлөк тизилген жапжарык мекемеде, жыгылып-оогондорду күзөткөн түгөттөр жортуучу аңгыраган бий майданында эскен желге теңселген дарактай теңселди го. Ээринине кыздардын эндиги жугуп, өйдөлөй албай жатып, өлөң айтат, капырай, оң-солумда эки бийкеч, ошо эки бийкечтин жылуу койнунда тең барабар ойдолоп, эркелесем деп эңседи. Жана марттыгы ашынганда саатын эртеңгече күрөөгө сайган. Кийинчерээк, жолдун чок ортосунда узунунан сулаганда кимдир- бирөө батинкесин чече баштаганын туйганын туйду дечи, арийне, эргулуң турмушундагы ширинден ширин түшүнөн ажыроону эгерим каалабады.

Зоордогу чокунууга шашылган катын-калач кайбарыбыз тырайып өлгөндөн сообу дегенчелик үрөйлөрү учканын сураба.

Которгон Абибилла ПАЗЫЛОВ

(“Кыргызстан маданияты”, 14-январь, 1988-ж.)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз