Аракты шайтан жаратыптыр го

  • 22.07.2022
  • 2142

Поляк эл жомогу: Шайтан кантип аракты ойлоп тапкан

Бар экен, жок экен, итке минген кедей болуптур. Жакырдыгын ушундан бил: өмүрүндө жез тыйын кармап көрбөптүр, эт жегенди кой, оокаттуулар нанга май сыйпап жээрин билбептир. Бул аз келгенсип, жазалаппы же сыйлаппы, Жараткан аны жыл сайын курсак көтөргөн аялга тушуктуруп, анысы он эки жылда он эки уул-кыз тартуулап салыптыр. Ошентип кедей менен аялы быжыраган балдары менен кара курсактын камы менен жашайт. Так айтканда, жашабай эле эптеп өлбөстүн күнүн көрүшөт. 

Бир жолу ал жарым сындырым нанын белге түйүп, тердиктей жерин айдаганы келет. Кошко салган жаман өгүзү түш оой баспай калганда суу жээгиндеги жашаңга аркандап, өзү түштөнгөнү отурат. Отурарын отурат, бирок жарым сындырым нанын жегенге ыраа көрбөйт. “Азыр жесем, - деп ойлойт ал, - кечке курсагым кайра ачат. А эгерде кечке жуук жесем үйгө курсагым ток барып, балдарымдан тамак талашпайм, демек алардын да курсагы ток болот”.

Ушундай чечимге келген ал жарым сындырым нанын бир жыттап, жоолукка кайра түйүп, айдоо четине койот да, үшкүрүнүп ишине киришет. Ушул учурда анын жанында көзгө көрүнбөгөн шайтан отурган болот. Ал кедейдин жүзүндөгү ойду окуп күлөт да, бул букараны тамашага салмай болот. Шайтан деген шайтан да, ойлонуп отурбай дароо кедейдин нанын жеп алат. Ал эми кедей байкуш эч нерседен шектенбей, айдоо четинде жаткан жоолукту улам карап коюп, иши бүтсө жеп алып үйүнө курсагы ток барарын ойлоп топук тартып, күдүңдөп иштей берет. Бирок ачкалыктан акыры чыдабай, кечти күтпөй жарым сындырым нанын жемей болот. “Мен деле тирүү жанмын го” деп сүйлөнгөн ал оромолун колго алса, ал негедир жеңил. Ача салса жарым сындырым нан турмак күкүм жок! Мына сага! Бул жерде эч ким болбосо да, жоолукка жан аттуу тийбесе да наар алчу наны жоголду. Кедей буга кайгыргандан мурда таң калат. Ишенбейин десе иш болуп өттү. Өзүнөн да ачка бирөөгө нанын уурдатканын боолгологон кедей ачууга алдырбай:

— Ким уурдаса да аш болсун! Саламатта жашасын. Мен бир күндүк ачкалыктан өлбөйм. А балким жарым сындырым наным анын өмүрүн алып калгандыр, - деп Жаратканга сыйынып, чокунат, жаман өгүзүнө сокосун артып, жолуна түшөт.

Кедейдин сабырына, түшүнүксүз жоругуна таң калган шайтан шалдайып отуруп калат. “Бул эмнеси? Ачууланып бакырып, Кудайдан бери сөккөндүн ордуна ууруга ден соолук каалаганы кайсы акылга сыят?— деп түшүнө албаган шайтан жер алдында жашаган кара күчтөрдүн билерманы Люциферге барып, болгон окуяны айтат, неге мындай болгонун сурайт.

— Бул эмне кылганың? Биздин иш адамдарды терс иштерге азгыруу. Жаман адамдарды жазалоо. А сенин ак ниет дыйкандын акыркы нанын уурдаганың эч бир жамандыктын мыйзамына сыйбайт. Анын үстүнө бизге ак эмгек менен келген нанды жегенге болбойт. Бул кылганың үчүн жети жылдык жазага тартылып, дал ошол дыйкандын мандикери болосуң! — деп ачууланган Люцифер шайтанды алиги кедейге малайлыкка айдап жиберет.

Жазага тартылган шайтан селсаяктын кейпин кийип, сууга түшкөн тооктун кебетесинде шөмтүрөп, башчысынын буйругун аткарыш үчүн алиги кедейге келип, мандикерликке суранат.

— Өзүм ачкадан өлгөнү жүрсөм, мага малай жалдаганды ким коюптур! – кедей чочуп кетет, башка байлыгы ашып-ташыгандарга жалдануусун суранат. Шайтан өзүнүкүн бербейт:

— Мага азыр эч кандай акы төлөштүн кереги жок. Күзүндө түшкөн түшүмдөн энчимди алам. Ага чейин эртең менен келип, кечинде кетип иштейм. Эртең менен тоюп келем, түштө тамак жебейм, кечинде ачка кетем. Антсем да ак ниеттик менен иштеп берем, – шайтан кедейди көндүрүп, кол алдында иштейт. Эми иштерман деп ушуну айт! Эртеден кечке бел чечпей иштей берет, иштей берет. Жумуштун майын чыгарат. Андыктан кедейдин иши жүрүшүп, күзүндө мол түшүм алат. Сүйүнгөн ал шайтанга өз үлүшүн бөлүп берет. Ал эми анын кетер түрү жок. Тетирисинче, кедейдикине көчүп келип чогуу жашап калат. Көз ачып жумганча жаз келет. Экөө кедейдин азганакай жерин айдап бүткөндө шайтан сунуш айтат:

— Кожоюн, жыл кургакчыл болгону турат. Сазды айдап, менин үлүшүмдөгү үрөндү себели.

Кедей буга катуу таң калганы менен макул болот. Анткени өзүнөн эч нерсе коробойт. Ошентип экөө кара баткакка үрөн себишет. Мындан улам элдин күлкүсүнө калышат. Чын эле былкылдаган сазга кайсы атасы эгин экти эле. Бирок шайтан айткандай эле бул жылы катуу кургакчылык жүрүп, эгиндин баары күйүп кетет. Бир гана кедейдин сазга сепкен үрөнү суудан өксүбөй көйкөлө өсүп, мол түшүм берет. Муну көргөн эл кийинки жылы сазды өздөштүрө баштайт. Ал эми шайтан тескерисинче шыбактан башка чөп өспөгөн адырды айдоону сунуштап, кедейге муну быйылкы жыл жаанчыл болору менен түшүндүрөт. Ошентип экөө куу адырдын дыңын бузушат. Бул жоругу менен да элдин күлкүсүнө калышат. Бирок шайтан айткандай жыл абдан жаанчыл болуп, ташка да чөп чыгат. Шайтан менен кедей куу адырдан мол түшүм алышат. А сазга үрөн сепкендердин эгини суу алдында калат.

Ошентип шайтан менен бирге иштегенден бери кедейдин иши жүрүшөт. Ачкалыкты кой, тартыштык дегенди унутат. Ал тургай байый баштайт. Көңүлү өскөн кедей бир күнү тартылган арпаны кайнатып сыра бышырат. Суусунду кандырып, ичти ысыткан мындай ичимдикти ичип көргөн шайтан таң калат, жактырып калат. Буга мактанган кедей шайтанга сыра бышырганды үйрөтүп: “Канчалык көпкө кайнатсаң ошончо тунат, канча тунук болсо ошончо күчтүү...”

Бул сөз шайтандын мээсине тык дейт. “Ичимдик канчалык күчтүү болсо, адам ошончолук бат мас болот. Киши канча мас болсо ошончолук жинди, ошончолук зөөкүр же ээрчиме...” Мындай ой башына келгенде шайтан сүйүнгөнүнөн кыйкырып жиберет. Сыра бышыруу ыкмасын өркүндөтүү менен адамдарды бат мас кылган, жамандыкка азгырган ичимдик ойлоп таап, кара күчтөрдүн өкүмдары Люцифердин кечиримине жетишүүнү көздөйт. Ал ошол эле күнү ишке киришип, көп убаракерчилик тартып, акыры аракты ойлоп табат. Бул абдан ачуу, тунук ичимдикти кедейге берип байкоо жүргүзөт. Ал биринчи ичкенде ачуу экенин айтып араң ичет. Бирок бир аздан кийин ич ысыткан жагымдуулукту сезгенде дагы ичкиси келет. Кийинкисинде да ачуурканганы менен оңой ичет. Ичкен сайын көңүлү көтөрүлгөн кедей эми көбүрөктөн ичип мас болот. Мас болгондо эс-акылын жоготот, жаман сөздөрдү сүйлөйт, сөгүнөт, темтеңдеп жыгылат, эч нерсени билбей калат. Айтор түз жүрүп, туура сүйлөгөн кедей бир заматта өз ыктыяры менен жиндиге айланат. Эртеси соолукканында башы ооруп, окшуп, ордунан тура албайт. “Эмнеден оорусаң ошондо айыгасың” деп шайтан кедейге баш жазганды үйрөтөт. Ал кайра мас болот, соолугуп, кайра баш жазат. Ошентип ичкен күндөрү улана берет. Акыры арактан баш тарта албагандыктан тапкан-ташыганын, үй-бүлөсүнүн ырыскысын бүт ичип, кайрадан итке минген жакырга айланат.

Ал эми шайтан адамдарды оңой бузган ичимдикти ойлоп тапканы үчүн Люцифердин алкоосуна татып, кечиримине жетишет, даражасы көтөрүлөт.

Ошентип адамдардын дасторконунда арак пайда болот. Анын жанында дайыма шайтан жүрүп, адамдарды азгыруу ишин айныбай жүргүзөт имиш.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз