О`Генри: Пимиент жупкалары

  • 25.07.2022
  • 2090

АҢГЕМЕ

Биз бир жылдары фрио өрөөнүнөн мал айдап келе жатканда кокусунан куураган бактын сороюп чыккан бутагы үзөнгүмө илинип, кызыл ашыгымды кокустатып алгам. Ошондо айласыздан бир жума бою көчтү коштоп, тамак-аш тартып келе жаткан коштун ашпозчусу Жедсон Одомдун тынымсыз айткан түрдүү окуяларын чыдап угууга мажбур болгом.

чынында, Жед драмалуу окуяларды айтуу үчүн жаралган адам эле, бирок тагдыр буйругу менен убактысынын көп бөлүгүн угуучулардан оолак өткөрүп, ичине бук толуп турган неменин жанында менин пайда болушум сары майдай эле жакты.

бир күнү менде түшкө жакын оорулуу адамга тиешелүү чыргоолук ойгонуп, күндө жеп жүргөн тамактан өзгөчөлөнгөн бир нерсе жегим келди. Көз алдыма апамдын ашканада күйпөлөңдөп жүргөн элеси тартыла түштү.

Жедке суроо узаттым:

 – Сен жупка бышыра аласыңбы?

Жед арык кийиктин сан этинен бифштекске деп даярдаган этти жанчууга ылайктап, колуна камдап алган алты октуу тапанчасын четке коюп, унчукпай маңдайыма келди. анын кебетеси мага бир нерсеге ачуулангандай сүрдүү сезилди. Минтип ачык-көк түстүү көздөрүн жүлжүйтүп шектүү караганы сезимимди күчөтүп жибергенсиди.

– Бери кара жигит, – деди ал барган сайын үнү каардуу, – сен муну чын ниетиң менен айтып жатасыңбы? Же малчылардан ошол каргыш алган жупкалар тууралуу окуяны угуп мени шылдыңдагың барбы?

– Койсоңчу Жед, кайдагы шылдыңды айтасың, азыр мен бир үймө табак  жупка үчүн ээр токумчан жасалгалуу атымдан түшүп бергенге да даярмын. А эмне, жупкага байланыштуу окуя болду беле?

Жед менин чын дилим менен сураганымды түшүнөр замат жумшара түштү, ал арабадан улам бир баштыгын алып чыгып, андан мискейлерин, калай табактарын мен көлөкөлөп жаткан бактын алдына коё баштады, мен анын улам бир баштыгынын боосун чечип, андан алып чыккан оокаттарын көлөкөгө шашпай тизгенинен көзүмдү албай карап жаттым.

 – Кайдагы окуя,—деди Жед кылып жаткан ишинен бир көз ирмемге да алаксыбай, – болгону менин, бир фермадагы кырчаңгы эшекчен кызыл көздүү койчу менен мисс Уилл  Лирайт үчөөбүздүн ортодогу кичинекей түшүнбөстүк болгон, мынча болду, анын кандай болгонун айтып берейин.

Ал кездерде мен Сан-Мигель өрөөнүндөгү карыя Билл Туминин малын кайтарчумун. Бир жолу эмнегедир талгак болгон аял сыяктуу, маарабаган, мөөрөөбөгөн, коркулдабаган нерселерди эңсеп, аябай жегим келгендиктен атыма шак секирип минип, Нуэсес дарыясынын аркы өйүзүндөгү Пимиент кечмелигин жанындагы Эмсли Тэлфер байкенин дүкөнүнө жөнөдүм.

Түш оой саат үчтөр чамасында атымдын чылбырын мамыга байлай, Эмсли байкенин дүкөнүнө чейинки жыйырма кадам аралыкты аттап-буттап кирип бардым. Кирип дүкөндүн узун текчесине чыканактап жөлөнүп олтурдум да, ага бардык белгилерге караганда былтыркы жылы жыйналган түшүм биротоло жок болуу коркунучуна кабылганын жарыялап жибердим. Бир мүнөткө жетпей алдымда бир баштык кургатылган нан менен кошо капкактары ачылган өрүктөр, шабдаалылар, ананастар, алчалар жана кара өрүктөр бекитилген банкелер биринин артынан бири келе баштады. а Эмсли байке калай банкелерди ачканын токтотпой эмгектенип жатты. А мен өзүмдү Адам ата кырсыктуу алмага жолукканга чейин бейиште өзүн кандай сезсе, дал ошондой абалда сезип, чоң кашыкты тындырбай иштетип жатып, кокустан терезени карай калдым.  

Көз карашым дүкөндүн короосунда турган бейтааныш кызга урунду; ал колунда крокет ойночу балкачаны кармап алып, менин Американын консерва өндүрүшүнө көрсөтүп жаткан жардамымдын  ыкмасын көңүл коюп карап турган экен.

Мен боюмду түзөп Эмсли байкеге суроолуу карадым.

– Бул менин жээним, мисс Уилл Лирайт Палестинадан конокко келди. Тааныштырып коёюнбу?

“Ыйык жерден өзүнөн” келген тура – дедим өзүмө, андан ары ойлорум чаташып, мээм будуң чаң боло түштү.

 – Албетте, Эмсли байке, – дедим үнүмдү чыгарып, – мисс Лирайт менен таанышуу мен үчүн өтө чоң сыймык!

Дүкөнчү мени анын жанына ээрчитип барып экөөбүздү тааныштырып койду.

Мен эч качан кыз-келиндердин алдында тартынып көргөн жан эмесмин, кээ бир жапайы жылкыны он мүнөттө укуруктап, жоошутуп, минип алчу жигиттер, кыз-келиндердин денесин ороо үчүн чыгарылган бир кулач чытты көргөндө эмне үчүн эс-учтарын жоготуп, сүйлөөргө сөз таба албай далдырап, тилден калып, кекечтерге айланып калышарын эмдигиче түшүнбөйм.

Он мүнөткө жетпей мисс Уил экөөбүз аянтчада крокет шарын кубалап ойноп жүрдүк. Ал мен кайсап-куйсап алеки заматта жок кылган жемиштердин саны тууралуу тамашалап, а мен Ева деген бир кыз адамзатты ошол жемиштердин айынан кабылткан кырсыктуу иштерди эскертүү менен жооп бердим. Кыскасы, биз кыска убакыт ичинде камыр-жумур болуп, эзелки тааныштар сыяктуу болуп кеттик, барган сайын мисс Лирайттын мага деген жылуу мамилеси тереңдеп, бири-бирибизге жакын боло баштадык. Ал жайлата Палестинанын климатынан жарым эсе ысык пимиент кечмелигинин жанында ансыз деле мыкты ден-соолугун чыңап жүрдү.

Адегенде мен жумасына бир жолу келип жүрдүм, анан жумасына эки жолу каттасам аны менен эки эсе көп көрүшөрүмдү ойлоп, ал оюмду ишке ашыра баштадым. Бир жолу бул жумадагы үчүнчү жолугушууга убакыт таптым, дал ошондон баштап оюнга жупкалар жана кызыл көздүү койчу аралашты.

Ал күнү кечинде адатымча дүкөндүн текчесине жөлөнүп, алдымдагы шабдаалы, кара өрүктөрдөн эки ууртумду улам толтуруп жеп олтуруп Эмсли байкеден мисс Уилл эмне кылып жатканына кызыктым.

– Ал, – деп жооп берди дүкөнчү, – кырчаңгы эшектердин конушунан келген койчу Жексон Берд менен сейилдеп кеткен.

Мен шабдаалыга кошуп, эки кара өрүктү чала-була чайнап жуттум да, түз эле мамыда байланып турган чабдар атыма жетип бардым.

– Демек, сейилдеп жүргөн экен да, – кобурадым чабдардын жалынан сылап. – Болгондо да койлордун конушунан келген кырчаңгы эшек менен, эмне болуп жатканын түшүнүп жатасыңбы, менин туяктуу досум?

Чабдарым өзүнүн билишинче көзүнө жаш алды, ал жылкычынын аты эле, ага койчуларды жактырууга эч кандай жүйөлүү себеп жок болчу.

Мен кайрылып Эмсли байкеге келип андан тактап сурадым:

 – сиз аны койчу менен кетти дедиңизби?

– Дал ошентип айттым, – деп башын ийкеди Эмсли байке. – Сен Жексон Берд тууралуу уксаң керек, анын малга жайлуу төрт кенен жайыты жана төрт миң баш меринос кою бар.

Мен кайра сыртка чыгып кактуска жөлөнүп кумга олтура кеттим. Өзүм эмне кылып жатканымды түшүнбөй өтүгүмдүн кончуна чейин кум шилеп, кайдагы бир Берддердин пародасындагы Жексондор тууралуу монологумду айтып жаттым.

Өмүрүмдө бир да койчуга кол көтөргөн эмесмин, андай муктаждык менде болгон эмес. Кээ бир жылкычылардын койчуларга итатайы тутанып турмай адаттары болсо да, мен үчүн койчулардын бары-жогу бирдей эле. Кайдагы бир эптеп оокат кылар ара төрөлгөн бечаралар менен байланышып эмне кылам? Кээде өтүп баратканда көрүп калсам аларга коён көргөнсүп карап өтчүмүн, кээде жагымдуу сөз айтып, аба ырайы тууралуу бир аз кобурашып калганым болбосо, алар мен үчүн жок катары болчу. Анан карабайсыңбы: боор ооруп, жумшак мамиле кылганымдан пайдаланып, алардын бири минтип мисс Уилл Лирайт менен сейилдеп жүрөт!

Болжол менен күн уясына олтурарына бир сааттай убакыт калганда алар Эмсли байкенин дүкөнүнө кайтып келишти. Кой багар мисс Уиллди аттан колтуктап түшүрдү, бири-бирине жагалданган, ойкуштаган сөздөрдү айтып бир аз убакыт тургандан кийин жан-дүйнөсүнө канат бүткөнсүгөн Жексон атына шайдоот секирип минип, таскактаткан боюнча өз койлоруна жөнөп кетти.

Буга чейин мен өтүгүмдөгү кумду күбүп, кактустту өз ордунда калтырып даяр тургам. Ал кечмеликтен жарым мил узай электе чабдарым менен ага жанаша бастырып бардым.

Мен бул койчуну кызыл көз дебедимби, бирок бул чындыкка дал келбейт. Анын каректери бозоргонсуп турчу, бирок кирпиктери ачык-кызыл болгондуктан өзү быштактай сары неменин көзү кызыл сыяктуу туюлчу.

– Эй! –дедим ага. –Сен азыр “Жедсон ажалдын огу” деген атагы бар жылкычы менен катар бастырып келе жатасың. – Муну айтканым, мен чоочун адам менен ок чыгара электен мурда таанышам, анткени өлүк менен кол алышып учурашуудан жийиркенем.

– Чын эле ошондойбу! – деп жайбаракат жооп берди ал. – Таанышканыма кубанычтуумун мистер Жедсон, мен кырчаңгы эшек конушундагы жайыт ээси Жексон Берд деген болом.

Эки мүнөттөй мурда дөңчөдө жаш бөйөндү тиштеп алган кекилик, анын жанындагы кургак бутакта конуп олтурган куш көз кырыма илинген эле. Мен кырк бешинчи калибирлүү тапанчамды тез алып чыгып аларды удаасы менен атып жыктым.

– Көрдүңбү, – дедим, – канаттуулар өздөрү келип менин огума урунат.

– Таамай аттың, – кой багар, кабак-кашым дебей сөзүн улантты,– өткөн аптада жамгыр жакшы жаады, кудай буюрса эми чөп жакшы көтөрүлөт.

– Эй, таранчы, – дедим чабдарым менен аны жөөлөтүп, – сенин көздөрү чала көргөн ата-энең сага Жексон деп ат коюптур, бирок сен бала эмес  эле чырылдап сайраган балапан экениңди алар байкашпаптыр. Аба ырайын талкуулаганды токтотуп, сайроочу чымчыктардын сөздүгүнө кирбеген нерселер тууралуу сүйлөшпөйлүбү. Сен пимиентик жаш сулуу менен сейилге чыккан жаман адат таап алыпсың. Мен сенин бул адатыңа салыштырмалуу таптакыр айыбы жок канаттууларды отко кактап бышырып жеген учурларды билем. Мисс Уилл койдун жүнүнөн жасалган уяга муктаж эмес, ошондуктан кеңешимди угуп ал! Эгерде дагы бир жаназага катышууну каалабасаң, бул көңүл ачууларыңды токтотконуң оң.

Жексон бир аз кызара түштү да, анан күлүп жиберди:

 – Ох, Жедсон мырза, сиз жаңылышасыз, мен мисс Лирайтка бир нече жолу жолуктум, бирок максатым сиз ойлогондой эмес, менин кызыкчылыгым гастрономияга гана байланыштуу.

Мен тапанчамды сууруп чыктым.

 – Ар бир чөө, –дедим – эгерде, жаман мамиле жасаганга батынса...

 – Аярлаңыз, – чыйпылдап жиберди сайроочу чымчык, – түшүндүрүп кеткенге мүмкүнчүлүк бериңиз! Мага аялдын эмне кереги бар? Менин үйүмдү барып көрсөңүз болмок. Тамакты өзүм бышырам, байпагымды өзүм жамайм, шейшептеримди өзүм жууп, үтүктөйм. Кой багып жүрүп көргөн жалгыз ыракатым – бул жакшы тамак, а сиз мисс Лирайт бышырган жупкалардын даамын татып көрдүңүз беле?

– Менби? Жок, – дедим, – анын андай өнөрү бар экенин билбептирмин.

– Мен ал жупкалардын курамын алуу үчүн бир жылдык, ал гана эмес эки жылдык өмүрүмдү бермекмин! Ошон үчүн мисс Лирайт менен сейилдөөгө чыккам, бирок тилекке каршы, эч нерсе биле алган жокмун, бул эски рецепт 75 жылдан бери алардын тукумунан тукумуна өтүп келе жаткан бекем сакталган сыр экен.

– Сен чындап эле жаш сулууга жагыш үчүн эмес, анын жупкага жуурган камырынын сырын билүүгө дилгир экениңе даана ишенесиңби?

– Жүз пайызга ишенем, – деген жооп кайтарды Жексон. – Мисс Лирайт албетте, өтө жагымдуу айым, бирок менин максатым чындап эле гастро... – бул сөздөрдү укканда колум шак эле тапанчага сунулганын көрө калып, сөзүн дароо оңдоп кетти, – ошол курамды кандай болсо да алуу...

– Мен ойлогондой жаман деле жигит эмес окшойсуң, –дедим болушунча сылык болгонго аракет кылып. – Мен сенин мериносторуңду жетим калтырсамбы деп ойлодум эле, мейли эми, сага учуп кеткенге мүмкүнчүлүк берейин, бирок эскертип коёюн, оюңда бир гана жупкалар болсун, кокустан башка сезимдериңдин ширеси аралашып кеткенин байкасам, конушуңда ушундай бир ыр жаңырат дейсиң, аны сен гана уга албайсың.

– Сизди менин максатымдын чындыгына толук ишендирип кетиш үчүн, –деди койчу, – мен сизден сурана кетейин, мага жардам бериңиз, анткени, сиз мисс Лирайт менен жакын мамиледе экениңизди жакшы билем. Эгер мага ошол рецепти билип берсеңиз анын жанынан жарым мил алыс өтүп жүрүүгө убадамды берем. 

– Мына, бул эркекче сөз болду, – ага колумду бердим. – Колумдан келишинче жардам берем.

Мына ушул жерден ал калың кактустарды аралап өзүнүн кырчаңгы эшектер конушун карай кетти, а мен түндүк-батыш тараптагы карыя Билл Туминин конушун карай бет алдым.

Мындан беш күн өткөндөн кийин гана мен пимиент кечмелигине кайрадан барып, мисс Уилл менен эң бир көңүлдүү кечтин бирин өткөздүк. Ал ар нерселерди ырдап, бир топ убакытка чейин пианинонун жанынан чыккан жок, а мен калдыркандуу жыланды туурап, андан соң Снеки Мак-финин жаңы тапкан уйдун терисин сыйыруу ыкмасы тууралуу айтып бердим. Ортобуздагы жылуу мамиле барган сайын өсө берди.

Эми Жексон Бердден биротоло кутулсам, иш оңунан чыкмак. Мен койчунун жупкалар тууралуу суранычын эстеп, мисс Уиллден анын сырын чекмелеп билмей болдум. Саат тогуз жарымдарга жакын бүт тулку боюм менен жылмайып, ага кайрылдым:

–А сиз билесизби, букага жазында чыккан көк чөп кандай ширин болсо, мага таттуу шире менен алдыма келген ысык жупка андан да жагымдуу сезилет.

Мисстин көчүгү фортепиана олтургучунда олтурган жеринен секирип кеткенсиди, мени шектүү көз карашы менен карап калды.

– Ооба, ооба, – деди ал – Бул чынында эле кызык экен. Сиз чий калпагыңызды жоготкон Сент-Луистеги көчөнүн аталышы кандай дедиңиз?

– Жупкалар көчөсү, –дедим, – силердин жупкалар тууралуу үй-бүлөлүк сырыңар бар экенин билем, –менден оңой кутулам деп ойлобоңуз дегенсип көзүмдү кысып. – Кана эмесе, мисс Уилл, жашырбай айтыңызчы, өзүңүздүн кереметүү жупкаларыңызды кантип бышырасыз, эмне кошосуз?

– Кечиресиз, мен азыр, – мисс Уилл мени жактырбаган көз карашы менен карады да, олтурган отургучунан секирип туруп, шыпылдай басып башка бөлмөгө кирип кетти. Көп өтпөй эле ал жактан чыптамачан, колуна муздак суу куюлган карапа көтөрүп Эмсли байке чыга келди. Ал чөйчөктү алганы бурулганда шымынын арткы чөнтөгүндөгү алты октуу “Смит жана Вессон” тапанчасына көзүм түштү.

“Мына сага! – деп ойлодум. – бул үй-бүлө өздөрүнүн кулинардык рецебин тапанча менен коргоого даяр болсо, демек, булар өздөрүнүн сырын оңой эле ачып берчүдөй түрлөрү көрүнбөйт”.

– Муну ичип ал, Жед, – деди Эмсли байке мага чөйчөккө куюлган сууну сунуп. – Керээлдин кечке ээрден түшпөй жүрүп, башыңа күн өтсө керек, башка бир нерсени ойлонууга аракеттенип көр.

– Эмсли байке, ал жупкаларды кантип бышыруунун сыры сизге белгилүүбү?

– Жок, мен анын анатомиясын жакшы деле биле бербейм, – деди ал. – бирок мен көмөч казан, бир аз кант, туз, сода жана жүгөрү унун жумурка кошуп аралаштырып бышырса жетиштүү деп ойлойм. А эмне Жед, карыя Билл жазында кайрадан малын Канзас-Ситиге чыгарган жатабы?  

Ошол кечтеги билгеним ушул болду. Бул иш боюнча Жексон Берддин ийгиликсиз аракетине таң калууга болбосун түшүндүм. Бир сөз менен айтканда, мен бул теманы таштап, Эмсли байке менен мал тууралуу, өткөн жылдын аба ырайы тууралуу бир аз сүйлөштүк. Андан соң мисс Уилл чыгып келип мага бейпил түн каалады. Ошондон кийин өз конушума чапкан боюнча жөнөп кеттим.

Арадан дагы бир апта өткөндө Жексон Бердди жолуктурдум. Ал Эмсли байкенин дүкөнүнөн чыгып, кайтып бараткан экен. Биз жолдон кезигип, бир аз убакыт аркы-берки кобураша туруп калдык.

 – Кызарта бышырылган жупкалардын запастык бөлүкчөлөрүн дагы эле ала албай жүрөсүзбү? –деп кызыктым.

– Кайдан! – А сиз аракет кылып көрдүңүзбү?

– Аракет жасап көрдүм. – Бул суурду өз ийининен жаңгактын кабыгын көрсөтүп чыгарып алам дегендей эле кеп экен. – Аны аябай катышканына караганда ыйык нерсе сыяктуу сезилет.

–Мен да үмүтүмдү үзө баштадым, – деди капалуу Жексон, – мен аны аяп кеттим. – Бирок баары бир билгим келет, ал шумдуктай даамдуу  жупкаларды ойлогондо түн уйкумдан ойгончу болдум.

– Аракет кыла бериңиз, – дедим ага – Аракет кылсак, акыры бир күн экөөбүздүн бирибизге ийгилик жылмайып калгысы бардыр. Мейли, эмесе Жекси, ойлогон максатыңызга жетиңиз.

Өзүңүз байкагандай ал учурда экөөбүздүн мамилебиз аябай жылуу эле. Анын мисс Уиллге кызыкпаганын билген соң ал ара төрөлгөн сары быштакка анын каалаганына жетишине тилектеш болуп, кээде мисс Уиллден жупкалардын сырын билүүгө далалат кылып жүрдүм. Бирок жупка деген сөздү угар замат анын көздөрү бузулуп, тынсызданып, тезинен сөздү башка жакка бура баштачу, эгерде болбой эле сурай баштасам, ал бөлмөдөн тез чыгып кетип, карапага суу көтөрүп, арткы чөнтөгүнөн тапанчасынын көчүгү кылтыйган Эмсли байке кирип келчү.

Бир жолу мен дүкөнгө вербена гүлүнөн бир кучак букет жасап жетип келдим. Эмсли байке көздөрүн жүлжүйтүп мага мындай деди:

– Сен эмне, жаңылыкты уккан жоксуңбу?

– Мал кымбаттадыбы?

– Кечээ күнү Палестинада биздин мисс Уилл менен Жексон Берд баш кошушту. Бүгүн эртең менен кат алдым.

Колумдагы букетти каткан нандар салынган челек үстүнө таштап жиберип, бир саамга далдырай түштүм. Эсимди жыйып, Эмсли байкеге суроо узаттым:

– Чала угуп алган жокмунбу, байкеси, дагы бир жолу айтканыңызды кайталап коё албайсызбы?...

– Алар кечээ, мындан жетимиш мил аралыкта турган Палестинадагы мисс Уиллдин ата-энеси жашаган жерде үйлөнүп, Вакого жана Ниагра шаркыратмасына саякаттап кетишти. Сен эмне, Жексон мисс Уиллдин артынан биринчи жолу сейилдөөгө чыккандан баштап эле жүгүрүп жүргөнүн билген жок белең?

– Ошол күндөн баштаппы? – деп бакырдым. – анан эмне ал ант ургур кайдагы бир жупкаларды айтып башты айлантып жүрдү? – Мага түшүндүрүп бериңизчи, бай болгур...

Жупкалар деген сөз оозуман чыгар замат, ал кетенчиктеп менден алыстай баштады.

– Кимдир-бирөөлөр ушуга чейин мени жупкалар менен алаксытып жүргөн көрүнөт, мен мунун чындыгына чыгам. Кана байкеси, бул тууралуу билгениңди төкпөй-чачпай айт, болбосо ордуңдан жылдырбай туруп, куурулган жумурткага айлантам.

Мен дүкөндүн узун үстөлүнөн секирип түшүп, аны жакадан алдым, ал акча салган кутуда жаткан тапанчасын алууга үлгүрбөй калды. Мен аны жакасынан силкип, бурчка такадым.

 – Кана айтчы, мисс Уилл, жупка бышырып көрдү беле?

 – Өмүрүндө бир да жолу бышырып көргөн эмес, – деди Эмсли байке. – Жед, сабыр кыл, бир аз ачууңду тый, ачуу душман, акыл дос...жупкалар тууралуу ойлонбоого аракет кыл.

– Эмсли байке, – дедим ага. – мен жакшы эле турам, бирок бир нерсеге акылым жетпейт, Жексон Берд мага мисс Уиллге бир гана жупкалардын сырын билүү максатында жолугуп жүрөм дебеди беле, ал тургай менден бул маселе боюнча жардам берүүмдү суранган. А мен андан көмөгүмдү аяган жокмун. А жыйынтыгы ушундай болуп чыкты. Бул кызыл көз кой багардын кылган ишин көрдүңбү?!

– Жакамды коё бер, – дейт Эмсли байке, – мен азыр сага билгенимдин бардыгын айтып берем. Эми ойлосом Жексон башынан эле жупкалар аркылуу баарыбыздын башыбызды бир аз айлантуунун жолун ойлонгондой. Мисс Уилл менен сейилдеп келгендин эртеси келип, эгерде кокустан сен жупкалар тууралуу кеп баштап калсаң сак болууну бизге эскертип кеткен, анткени бир жолу силердин конушуңарда жупка бышырып жеп олтурушканда мушташ чыгып, кимдир-бирөө сени көмөч казан менен башка чапкан имиш. Ошондон кийин сенде жупка деген сөздү кулагың чалса, ачууң келип жупкаларды кошуп айткан адамды сөгүп, ал тургай сабап жибермей адат пайда болгону ага белгилүү экен. Андай мүнөттөрдө эң жакшысы, аны алаксытуу керек деген Жексон. Ошондуктан мисс Уилл экөөбүз сен жупкалар тууралуу сөз козгогондо эле алыбыздын жетишинче алаксытып, тынчтандырып жүрдүк.

Жед аңгемесин айтып жатып өзүнүн баштыктары менен банкелеринен улам бир керектүү нерселерин алып чыгып, шашпай аралаштырып жатты. Аягында даяр шедеврин – кызарта бышырылган беш жумшак жупканы калай табакка салып алдыма койду. Дагы бир эч кимге кол тийгизбеген сактоочу жайынан бир кашыктай сары май жана бир бөтөлкө алтын түстүү клен ширесин таап чыкты.

– Бул окуянын болгонуна көп болдубу? – деп сурадым.

 – Андан бери үч жыл өттү, – деди Жед. – Алар кырчаңгы эшектер конушуна өз уяларын куруп алышкан. Бирок мен аларды ошол боюнча көргөн жокмун. Жексон өзүнүн жупкалары менен башымды тегеретип жүргөн кезде эле акырындап фермасындагы шкафтар менен пардоолор сыяктуу оокаттарын жаңыртып үлгүрүптүр деп айтып жүрүшөт.

Мен сөгүнүп-сөгүнүп алып тим болдум. Бирок ошондон бери жигиттер мени шылдыңдашканын токтотуша элек.

– А бул жупкаларды ошол рецепт менен бышырдыңызбы?

– Мен сага айттым го: эч кандай рецепт болгон эмес. Жигиттер мени шылдыңдап жүрүп өздөрү жупка жегилери келгенинен улам, жергиликтүү гезитке чыккан рецептти кесип алгам. Кандай болуптур, жактыбы?

 – Укмуштай даамдуу болуптур, – деп жооп бердим.

 – А өзүңүз эмне жебейсиз, Жед?

Мен чала угуп калдым, бирок ал үшкүргөндөй болду.

– Ким, менби? –деп сурады бир аздан кийин Жед. –Мен ал окуядан кийин жупканы көрөйүн деген көзүм жок.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз