Сүйүн Курманова: Кырк чырак

  • 19.08.2022
  • 3437

АҢГЕМЕ

Телефон чырылдады.

– Кайдасың?–  чалып аткан эски досум.

– Үйдө эле.

– Биз сага баратабыз.

– Эмнеге?

– Апээй, туулган күнүң менен куттуктабайбызбы! Сага сюрприз бар.

– Кереги жок ай.

– Жөн турчу, келип калбадыкпы! Куттуктап эле чыгабыз.

Ансыз деле туталанып турдум эле, ого бетер жиним кайнап чыкты.

“Мейли, булар да билсин. Ажырашып атабыз деп ачык эле айтам. Мунун кылыктарын канчага чейин жашырам? Жашырып жүрүп ушуга жетпедикпи”...

Эки колумду боорума алып эшикти карап турдум. Лифтин зуулдап келип биздин кабатка токтогону угулду. Шатырап кирип келаткандарды карап... эсим оой түштү.  Бир колуна гүл, бир колуна шарап кармаган Бекин келатат! Артында жаржайып күлгөн досум турат.

– Сюр-прииз! Күткөн жок белең ия?

Эмне дээримди билбей оозумду кармаган тейден туруп калдым. Кайдан күтөм? Эски дос болсок да эгерим үйгө келбесе, он жылдан бери көрбөсөм!

Тигилер туулган күнгө жайылчу жайнаган дасторконду элестетип келатышканбы, кайпактап калышты.

“Келгиле” дегенди ооз учунан айтып, төркү бөлмөнүн эшигин ачтым.

– Жок ай, бөлөк-бөтөн белек, момундай эле отура беребиз.

Досум жарбаңдап үйтөлөктөй ашканадагы үстөлдүн төрүнө өтүп кетти. Чакыртпай кирип келгенине ыңгайсызданган Бекин да четтеги орундукка коомай  отурду.

Өзүмө таң калдым. Демейде конок келгенде чебелектеп, жайнатчусун жайнатып жиберчү жаным катып калгансып месирейип турам. Тигилер “бизди жактырбай жатат” дештиби,  бат эле жолго түшүштү.  “Ушу күнү  жетип келгендерин карасаң! Сюрпризиң менен сенин!”

Кандай узатканымды деле билбейм. Ичиме  муз тоңуп калгандай, сыртым бөлөк, ичим бөлөк.

Эртеден бери тынган жерим жок, бирок эмне кылып атканымды өзүм да билбейм. Ичиме бирөө кирип алып башкарып жаткандай. “Ошонун” минт-ант дегенин ойлонбой эле аткарып жатам. Китептерди таңып, кийимдерди коробкага салып, төшөнчүлөрдү бууп...

“Бул үйдөн жакында  башка аялды көрүп калсаңар таң калбагыла. Мен бирөө менен көптөн бери чогуу иш кылып жүрөм” деп Туруска айтыптыр, ал эмнеси?”–  деп сураган  кошунам өткөндө. Он жылдан ашуун эшиктеш жашап, бир туугандай болуп калганданбы, кабатырланып жатканы.

– Айтса ошо да. Таң калба десе таң калбагыла...

– Жинди болгон го...

Балдарым төрөлгөн, бапырап той берген,  ырдап-чордогондор таң аткыча уктап кайра туруп, Жаңы жыл тоскон, достор айттырбай кирип келген, буюмдары улам которулуп, улам жаңырып турган, жарыгы күн-түнү өчпөгөн үй мени эми үңүрөйүп карап тургандай. Бөлмөлөргө килейген  түзсүз шарлар толуп алгандай. Шыптан ылдый салаңдаган оор шарларды аралап илкип-калкып жүрөм. Башка-көзгө урунуп, эчтеме көрсөтпөй жатышат.

– Мынабуну салайынбы?– дейт Жибек утуру бир идишти көрсөтүп. Баш чайкайм. Эч нерсени көргүм жок.

“Иши кылып ушерден чыгып кетсем болду”.

Аңгырап бошогон бөлмөнүн ортосундагы жалгыз отургучта эткээл таажеңе бет аарчысы менен терин улам аарчып коюп кейип жатат.

– Ушунун эмне кереги бар эле? Куруп алган уяңарды уратып... Балдар чоңоюп келатканда... Сага аял табылат, буга деле эр табылат, мынабу балдарга ат-эне табылбайт, балдарды ойлосоңор болмок...

Жүк ташуучулар үн жок, сөз жок  улам бир түйүнчөктү  көтөрүп чыгып атышат.

– Телевизорго тийбегиле! – деди бир маалда “тиги” киши,–  мен жалгыз кантип отурмак элем.

“Жалгыз болбойсуң да” дегим келип токтоп калдым. Оозумду ачкым келбеди.

Аны эмес, үйдү карадым. Мына-мына ыйлап жиберчүдөй аянычтуу көрүндү. Толгон-токой өңсүз-түссүз шарлары менен.

Чыгып кеттим. Балдарымдын жыты, күлкүсү, балалыгы калган үй артыбызда  калды.

“Бу менин үйүм, чыгып кеткиле-е!” Нечен ирет түнгө карабай бирөөнү жетелеп, бирөөнү көтөрүп качып чыккан, нечен ирет кайра кайткан, ырынан чыры көп күндөр өткөн бечара үй күнөөлүүдөй ээрчий карайт. “Сенде эмне жазык. Он жети жыл калкаладың. Сага рахмат!”

“Кыйратканыңды көрөм сенин! Эки баланы жетелеп мурдуңду тарта албай калганда жалдырап кайра келесиң да!” Кулакка  жаңыра берип жадаткан үн мээни чыңалтып турат.

– Ургаачынын чырагы кырк, эми араң кыркка чыгып атсаң... баары жакшы болот. – Айнек банканы кайра-кайра чайкап аткан эжем өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай  күңкүлдөйт.

Көчөлөрү түптүз, үйлөрү бийик жерде чоңойгон балдарым куурай баскан аң-чөнөктүн ичиндеги эшик-терезеси жок аңкайган  сокмо тамдын жанында эстери ооп отурушат.

– Апа, бизди каякка апкелдиңиз, ушерде жашайбызбы?

– Ооба, ушерде.

–  Биякта жалаң... селсаяктар жашайт ко?

– Жок, ай. Булар там салган усталар. Ээлери үйлөрү бүткөндө келет да.

– А... биздин үйүбүз качан бүтөт?

– Билбейм балам, билбейм...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз