Моңгол эл жомогу: Баёо сагызган, куу түлкү, көйрөң чычкан

  • 26.08.2022
  • 1806

Сагызган ыргайдын учуна уя салды. Көп өтпөй жети жумуртка тууп баса баштады. Бир күнү түлкү ыргайдын түбүнө келип мындай деди:

- Саке, жумурткаңдан беришпейсиңби? Бирди эле жейм.

- Өлүп баратсам да бербейм! – деди сагызган.

- Андай болсо азыр мен алыстан чуркап келип сүзгөнүмдө ыргайың чорт сынып, уяң менен кошо ыргыйсың. Анан бир эмес жети жумурткаң тең меники болот, - ушундай бир ишенимдүүлүк менен айтканда коркуп кеткен сагызган бир жумурткасын берүүгө аргасыз болду. Бирок нысапсыз түлкү эртеси да келип, сагызганга баягы сөзүн айтып коркутуп, дагы бир жумурткасын берүүгө аргасыз кылды. Ошентип күндө ушул көрүнүш кайталанып, акырында сагызгандын бир гана жумурткасы калды. Эмне кыларын билбеген ал ыйлап отурса кайдан-жайдан пайда болгон чычкан сурады:

- Сага эмне болду? Эмне ыйлайсың?

- Түлкү күндө келип бирден жумурткамды жеп кетип атат, - сагызган болгон ишти айтып берди.

- Сен коркпо, түлкү эмки келгенинде ыргайды сындыра сүзчү мүйүзүн көрсөтүүсүн талап кыл. Ал көрсөтө албайт, жини келип минтип жооп беришти ким үйрөткөнүн сурайт, сен өз акылыңа таянганыңды айт. Болбосо менден өч алат, - деп чычкан ийинине кирет.

Көп өтпөй түлкү пайда болуп:

- Саке, мен жумурткама келдим, бере сал, аймап алып жолума түшөйүн, - дейт.

- Өлүп баратсам да бербейм! – дейт сагызган ишенимдүү.

- Бербесең өзүңөн көр! Мен азыр күүм менен келип сүзгөндө ыргайың сынып, жумурткаң өзү эле колума түшөт.

- Биринчи ыргайды сындыра сүзөр мүйүзүңдү көрсөт, анан берейин жумурткамды, - дейт сагызган.

- Ким сага мындай жооп беришти үйрөттү? Айт! – арам ою ишке ашпай калганына жини келген түлкү такыйт.

- Эч качан айтпайм!

- Айтпасаң мен азыр миң бир илээмди колдонуп, жумурткаң тургай өзүңдү тирүүлөй жейм! – деп коркутту түлкү.

Баёо сагызгандын жүрөгү түшүп, чычкандын ийинин көрсөттү. Түлкү отура калып чычканды чакырат.

- Колум бош эмес, эгин тазалап жатам, - деди чычкан.

Түлкү бир аз отурган соң кайра чакырды. Бул жолу чычкан ийинден башын чыгарып, тынчын албоосун суранды.

- Башың ушундай сулуу болсо, төшүң кандай болду экен! – деп түлкү суктанганда чычкан ийининен бел кырчоосуна чейин чыкты.

- Оо керемет! Кандай гана татына жансың! Төшүң эле ушундай экен, бүткүл боюң менен куйругуң айтып бүткүс кооз болсо керек.

Мактоого башы айланган чычкан коңулунан толук чыкты.

- Куйругуң төшүңдөн кем эмес экен. Мындай татына жандын басканы да өзгөчө  болсо керек, - дегенде көйрөңдүгүнө алдырган чычкан түлкүнүн алдында ары-бери баса баштады. Ошондо ыңгайдан пайдаланган түлкү чычканды шап кармады. Алданганын эми гана түшүнгөн чычкан түлкүнүн жеми болорунда кууланып:

- Ушунча болду түкө, бир сырымды ачып коёюн, мени оозуңду чоң ачып жесең гана даамдуу болом, болбосо абдан ачуумун, - деп чыйылдады.

Буга ишенген түлкү азууларын арсайта ачып жемин оозго салганда, чычкан буйт бере секирип, ийинине бой уруп, көздөн кайым болду.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз