АВТОР ЖӨНҮНДӨ
Мери Поуп Осборн – тажрыйбалуу саякатчы. Америкалык балдар жазуучусу. “Сыйкырдуу дарактагы үй” китеби 20дан ашуун тилге которулган. Бала кезинде ал бир туугандары менен каалаган жерине саякатка барууну кыялданчу. Азыр анын окурмандары дүйнө жүзүнө, кереметтүү жерлерге Меринин китептери аркылуу саякаттап келишет. Ал “мен сыйкырдуу дарак үйүнө ээ болгум келет. Бирок өзүм менен бирге алгым келгендер үчүн чоң үй таба албаймын” дейт. Алар жолдошу Уилл менен Нью-Йоркто жашашат. Эс алуу күндөрүн Пенсильванияда өткөрүшөт.
1
ЧАҢЫРЫК!
Жек ит өтүүчү муздак сууда сүзүп баратты. Ал Эннинин да сүзүп келе жатканын сезди. Алгач алды жагымда сүзүп баратат деп ойлоду. Бирок арт жагынан кандайдыр бир чаңырык чыкканын укту.
– Энни? – Жек кыйкырды.
– Эмне? – Эннинин үнү арт жагынан эмес, алды жактан угулду.
Арт жактан дагы бир чаңырык угулду.
Жек коркконунан жүрөгү токтоп кала жаздады. Крокодилдерби?
Көз айнеги суу болуп калгандыктан эч нерсе көрө алган жок.
– Энни! – деп шыбырады.
2
КАРАҢГЫ ТОКОЙ
Жек уктай алган жок. Көз айнегин тагынды. Саатына карады. 5:30. Турганга али эрте.
Кечээ ушунчалык кызыктай нерселер болду. Ал башынан өткөн бул нерселерди түшүнүүгө аракет кылып жатты.
Ал жарыкты күйгүздү. Колуна дептер алды. Жатар алдында жасар иштеринин тизмесине карады.
Токойдо дарак үйү табылды.
Көп китептер бар экен.
Китепте Птеранодондун сүрөттөрү бар.
Тилек кылды.
Динозаврлар мезгили тууралуу ойлонду.
Бака Кирк токойлорунун сүрөтүн көрсөттү.
Тилек кылды.
Бака Кириктин үйүнө келди.
Жек көз айнегин ордуна койду. Буга ким ишенмек эле? Апасы да, атасы да. Ал тургай үчүнчү класста окуткан эжекеси Уоткинс айым да ишенбейт. Жети жаштагы карындашы Энни гана ишенет. Ал агасы менен динозаврлар мезгилине чейин барган.
– Уктай албай жатасыңбы?
Бул Энни болчу. Анын босогосунда турган.
– Ооба, – деди Жек.
– Мен дагы. Эмне кылып жатасың? – деди Энни.
Ал Жектин жанына келип, анын дептерин карады. Тизмени окуду.
– Алтын медал жөнүндө жазгың келип жатабы? – деп сурады.
– Сен аны алтын медальон деп ойлойсуң. Медал жок, – деди Жек.
Ал колуна калемин алып М деп жазды.
Динозавр мезгилинде табылган.
– Медалда да М тамгасы жазылганбы? – деди Энни.
М деп кайталап койду.
– Сыйкырдуу адам тууралуу жазасыңбы? – деди Энни.
– Сыйкырдуу адамдын бар-жогун жакшы билбейбиз, – деди Жек.
– Анда ким караңгы токойдогу бакка үй курду. Ким бул китептерди койду. Ким динозаврлар мезгилинде алтын медалын жоготту.
– Медальон. Мен болгону фактыларды жазып жатамын. Биз билген нерселерди.
– Анда бактагы үйгө кайтып баралы. Сыйкырдуу адам факт экенин билип ал.
– Сен жаңгаксыңбы? Күн жакшы эмес.
– Жүр. Балким биз ал жакта уктай алабыз, – деди Энни.
– Баруунун кереги жок деп ойлоймун, – деди Жек. Ал абдан тынчсызданып жаткан. Өзүнчө: “Сыйкырдуу адам” деген ким? Эгерде ал балдардын бактагы үй тууралуу билишин каалабасачы?
– Мен барамын, – деди Энни.
Жек терезесинен караңгы асманга карады. Таң атып калган эле.
Ал үшкүрүндү.
– Макул. Кийинип алалы. Мен сени арткы эшиктен тосуп аламын. Акырын бол.
– А-ай! – шыбырады Энни. Ал чычкандай бат кыймылдады.
Жек жынсы, жемпир, кроссовка кийди. Дептерин жана калемин сумкасына салды.
Ал ылдый түшүп кетти.
Энни арткы эшикте күтүп жатты. Жектин жүзүнө кол чырактын жарыгын тийгизип:
– Та-да! Сыйкырдуу таякча, – деди ал.
– Чүш-ш! Атам менен апамды ойготпо. Кол чыракты өчүр. Бизди эч ким көрбөсүн, – деп шыбырады.
Энни башын ийкеп, өчүрүп койду. Курун белине такты.
Алар таңкы салкын абада сыртка чыгышты. Сырттан ит үрдү.
Генри үргөндү токтотту. Энни айткандай, жаныбарлар ар дайым туура эмес убакта тоскоол болушат.
– Чуркайлы! – деди Жек.
Алар нымдуу газонду аралап өтүп, караңгы токойго жеткенче токтошкон жок.
– Бизге кол чырак керек, – деди Жек.
Энни кол чыракты курунан чечип алып, күйгүздү.
Жек экөө бир кадам аралыкта басышты. Жек дем алды. Караңгы токой коркунучтуу болчу.
– Кармалдың! – деген Энни Жектин жүзүнө кол чыракты жаркыратты.
Жек артка секирди. Кабагын бүркөдү.
– Мындай кылбагын, – деди.
– Мен сени кармап алдым, – деди Энни.
– Тамашаңды токтот. Бул кылганың өтө кооптуу! – деп шыбырады Жек.
– Макул, макул.
Энни дарактар жакка кол чыракты күйгүздү.
– Дагы эмне кылып жатасың? – деди Жек.
– Дарактагы үйдү карап жатамын!
Жарык өчтү.
Ушул жерде болчу. Табышмактуу дарактагы үйү. Токойдогу бийик дарактын башында эле.
Энни дарактагы үйгө кол чыракты күйгүздү. Андан соң бийик тепкичтерге, андан соң жерге карады.
– Мен барамын, – деди ал. Ал кол чыракты күйгүзүп, тепкичтен жогору көздөй чыга баштады.
– Күт! – деп кыйкырды Жек.
Бактагы үйдө бирөө бар болсочу?
– Энни! Артка кайт!
Бирок Энни дарактагы үйгө кирип кетти. Жарык өчтү. Жек караңгыда жалгыз калды.
3
КАЙТУУ
– Бул жерде эч ким жок! Эннинин кыйкырган үнү чыкты. Жек үйгө кайтууну ойлонду. Ал дарак үйдөгү бардык китептерди дагы ойлонду. Ал тепкичке чыга баштады. Ал дарак үйүнө жакындаганда жерге жарык түшө баштаган. Таң атты.
Ал жогору чыгып баратып сумкасын чечти.
Дарактагы үйдүн ичи караңгы эле.
Энни кол чыракты күйгүзүп, китептерге карап жаткан.
– Алар дагы деле бул жерде экен, – деди ал.
Ал динозаврлар жөнүндө жазылган китепке жарыкты күйгүздү. Бул китеп аларды динозаврлар мезгилине саякаттаткан китеп эле.
– Тирранозавр эсиңдеби? – деп сурады.
Жек титиреп кетти. Албетте, анын эсинде. Чыныгы көргөн тирранозаврду кантип унутсун?
Жарык Пенсилвания тууралуу жазылган китепке токтоду. Анын ичинен кызыл жип көрүндү.
– Бака Криктин сүрөтүн эстейсиңби? – деди Энни.
– Албетте, – деди Жек. Бул үйгө аларды алып келген ушул китеп болчу.
– Бул мага абдан жагат, – деди Энни.
Сепилдер тууралуу китепке жарык тамды. Анын ичинде көк булгаары жип кыстарылып турган.
Энни кыстарма менен баракка карады. Кара атка баатыр минип турган сүрөт эле. Ал сепилге баратат.
– Энни, ушул китепти жаап кой. Мен эмнени ойлоп жатканыңды билем, – деди Жек.
Энни баатырды көрсөттү.
– Жөн, Энни!
– Биз чыныгы баатырды көрөбүз, – деди Энни.
– Жок, болбойт! – деп кыйкырды Жек.
Кызыктай үн чыкты.
“Аыи –аыи!”
Аттын кишенеген үнү угулду. Экөө тең терезе жакты карашты.
Энни кол чыракты күйгүздү.
– Ой, жок, болбойт, – деп шыбырады Жек.
– Мына баатыр! – деди Энни.
Жаркыраган соот кийген баатыр! Кара ат минген! Бака Криктин караңгы токоюнда!
Шамал башталып, жалбырактар сеңселе баштады.
Ал кетип баратат.
– Биз кетип жатабыз! Түш! – деп кыйкырды Энни.
Шамал катуулап, жалбырактар сеңселди.
Дарактагы үй айлана баштады. Катуураак айлана баштады!
Жек көздөрүн жапты. Калтырап кетти. Аба нымдуу жана салкын эле.
Аттын кишенеген үнү дагы акырын угулду. “Аиы – аиы!”
– Мен бул жерде экенин билемин, – деди Энни. Анын колунда дагы деле сепил китеби бар эле.
Жек терезени карап турат.
Тумандын арасынан чоң сепил көрүндү.
Эки жагын карады. Дарактагы үй эмен дарагына курулган эле.
Төмөн жакта кара ат минген баатыр.
– Бул жерге калганга болбойт. Биз үйгө барып план түзүшүбүз керек, – деди Жек. Ал Пенсилвания тууралуу жазылган китепти колуна алды. Кызыл жип кыстарылган жерин ачып, Бака Крик токойлорунун сүрөтүн көрсөттү.
– Мен каалаймын...
– Жок! Бул жерде калалы! Мен сепилге саякаттагым келет! – деп жанындагы китептерге таянды Энни.
– Сен жаңгаксыңбы? Биз үйдөн жакшына план түзүшүбүз керек, бул китепти үйдөн карайбыз, – деди Жек.
– Бул жерден план түзөлү, китепти бул жерден карайлы, – деди Энни.
– Жүр, – деп Жек колун сунду.
– Бер китепти.
Энни китепти сунуп:
– Макул. Сен үйгө бара бер. Мен бул жерде каламын, – деди ал. Курунан кол чырагын чыгарды.
– Күт, – деди Жек.
– Чыгабыз, – Энни тепкич менен түшө баштады.
Жек терең дем алды. Жек Эннисиз кете алган жок. Анын үстүнө аны өзү алып келген эле. Ал Пенсильвания жөнүндөгү китепти ордуна койду.
Сепил тууралуу китепти сумкасына салды.
Ал тепкичке чыкты. Сырт тумандуу, салкын эле.
4
КӨПҮРӨ АРКЫЛУУ
Энни тумандын арасында жерге карап, дарактын түбүндө олтурат.
– Баатыр ошол көпүрөнү көздөй баратат деп ойлоймун, – деди Энни. Көпүрө сепилдин жолунда.
– Күтө тур. Карайын. Мага кол чыракты бер! – деди Жек.
Ал кол чыракты алып, сепил китепти сумкасынан алып чыкты. Ал жип кыстарылып турган жерин ачты.
Андан соң баатыр тартылган сүрөттүн астындагы сөздөрдү окуду:
Баатыр сепилдеги майрамга келген.
Ал узак коркунучтуу жана
алыс жолдон келгендиктен соот кийген.
Курал-жарактары абдан оор эле.
Туулга 40 кг салмакта болсо керек.
Вах! Жек беш жашында 40 кг салмакта болгон.
Демек беш жашар бала атка минип алгандай эле. Жек дептерин алды. Ал динозаврлар тууралуу жазганындай жазгысы келди.
Жазды:
Башы оор
Дагы эмне?
Ал сепил тууралуу жазылган китепти барактады.
Сепил жана анын айланасындагы бардык имараттар толук көрүнгөн сүрөттү тапты.
– Баатыр көпүрөдөн өтүп баратат. Ал дарбазадан өтүп баратат... Ал кетип калды, – деди Энни.
Жек китепти окуду:
Аңдан ашып түшкөн көпүрө.
Сепилди душмандардан коргоо үчүн аңга суу толтурулган.
Кээ бир адамдар крокодилдер чуңкурда сакталган деп ойлошот.
Жек дептерине жазды:
Чуңкурда коркодилдер барбы?
– Ук! – деди Энни, туман жакты карап.
– Жел тегирмени! Ошол жакта!
– Ооба, бул жерде шамал тегирмени да бар тура, – деди Жек, сүрөттү көрсөтүп.
– Карачы Жек, бул түп нускасы экен, – деди Энни.
– Китепте бирөө эле эмес.
Абдан катуу күлкү чыкты.
– Ах-х. Бул каткырык бул жактагы кичинекей үйдөн чыккандай болду! – деп Энни туман жакты көрсөттү.
– Бул жерде кичинекей үй бар экен, – Жек китепти көрсөтүп, барагын ачып, окуду:
Туйгун үйү сепилдин ички кабатында болчу.
Туйгун башка канаттууларга жана
майда жаныбарларга аңчылык кылууга үйрөтүлгөн.
Жек дептерине жазды:
Туйгун үйүндөгү туйгун.
– Биз ички бөлмөгө киришибиз керек, – деди Жек.
– Ук! Бул үндү угуп жатасыңбы? Барабан! Мүйүз. Бул үн сепил жактан угулуп жатат. Жүр барып көрөлү.
– Күт, – деди Жек. Китепке көбүрөк көңүл бөлдү.
– Мен китепте эмне барын көргүм келет, Жек. Бул китепте эмне бар экен? – деди Энни.
– Муну карап көрсөң, – деди Жек.
Ал чоң сүрөттү көрсөттү. Эркектер эшиктин жанында барабан ойноп жатышкан.
Окуду:
Фанфарес майрамы ар кандай
тамактарды жарыялоо үчүн белгиленди.
Майрам чоң залда болуп өттү.
– Сен китепти карасаң. Мен өзүмдү майрамда жүргөндөй сезип жатамын, – деди Энни.
– Күт, чыдап тур, – деди Жек, сүрөткө карап.
Балдар тамак салар табактарды ташып жүрүшөт. Баарысы чочколор. Торт, жүндүү тоостор, жана тоос?
Жек жазды:
Алар тоос жешкенби?
Ал Энниге китепти көрсөтүп:
– Алар жешкен деп ойлоймун. Каякка? Артка кайт. Кайра.
Жек туман арасын карады. Ал чыныгы барабандардын, чагылган мүйүздүн үнүн укту. Ал чыныгы туйгун үйүн, чыныгы жел тегирменди, чыныгы чуңкурду көрдү. Ал көпүрөдөн өтүп бараткан Эннини көрдү. Энни сепилге алып баруучу дарбазага жеткенде көрүнбөй калды.
5
СЕПИЛДЕ
– Сениби, шашпа, – деп кобурады Жек.
Караңгы кире баштады. Түн. Көпүрөдөн өттү. Бутунун астындагы тактайлар кычырады. Көпүрөнүн четине көз чаптырды. Тосмо менен крокодилдер бар беле? Ал өзүнө жооп бере алган жок.
– Токто! – бирөө кыйкырды. Сепилдин дубалынын үстүндөгү кароолчу ылдый карап турган.
Жек көпүрөдөн өтүп кетти. Сепилдин дарбазасынан өтүп, короосуна чуркап кирди.
Сепилдин ичинен музыканын үнү, кыйкырык, күлкү угулду.
Жек караңгы бурчка шашып келип, чөгөлөп олтурду. Ал тегеректен Эннини издеп, корккондуктан калтырап жатты.
Факелдер короонун айланасындагы бийик дубалдарга жарыгын чачып турду. Короо дээрлик бош.
Эки бала боз брусчаткалардан аттарды жетелеп өтүштү.
“Аи-и-и-и-аи”
Жек бурулду. Бул баатырдын кара аты эле.
– Чүш-ш-ш!
Караңгы жакты карады. Энни көрүндү.
Энни короонун ортосундагы кудуктун артына жашынып алыптыр. Жекке кол булгалады. Жек дагы кол булгалады. Балдар менен аттар көрүнбөй калгыча ордунан жылган жок. Андан соң кудукка чуркады.
– Мен музыканын үнү кайдан чыгып жатканын табамын, мени менен келесиңби, – деп шыбырады Энни.
– Макул, – акырын шыбырады Жек.
Алар буттарынын учтары менен брусчаткаларды аралап өтүп, сепилдин кире беришине келишти.
Алардын маңдайындагы жарык бөлмөдөн ызы-чуу, музыка угулду. Алар эшиктин бир тарабына туруп, ичин карашты.
– Чоң залдагы майрам! – деп шыбырады Жек. Ал коркуп, оор дем алды.
Ызы-чуу түшкөн бөлмөнүн бир четинде чоң камин күйүп жатат. Таш дубалдарга мүйүз, килемчелер илинген. Бардык жерде гүл жайнайт. Кыска чолок жеңдүү көйнөк кийген балдар чоң табактарга салынган тамактарды көтөрүп жүрүшөт.
Үстөл астындагы иттер сөөк талашып жатышат.
Жаркыраган кийим, тамашалуу баш кийим кийген адамдар элдин арасында сейилдеп жүрүшөт. Кээси күлкүлүү формадагы гитарада ойношту. Кээси топторду асманга ыргытып жатышат. Кээсинде салмактуу кылыч бар. Эркектер жана айымдар мех чапан кийишип, жыгач үстөлдөрдө олтурушат.
– Кызык, булардын кимиси хан? – деди Жек.
– Билбеймин. Алар колдору менен тамактанып жатышат, – деп шыбырады Энни.
Бир маалда алардын арт жагынан бирөө кыйкырды. Жек карады. Пирогдорду көтөргөн киши бир канча метр артта туруптур.
Ал:
– Силер кимсиңер? – ачууланып сурады.
– Жек, – деди Жек.
– Энни, – деди Энни.
Алар күңүрт жарык коридорго мүмкүн болушунча ылдам чуркап жөнөштү.
6
КАПКАН
– Бол! – деп кыйкырды Энни.
Жек артынан чуркап келе жатат.
– Аларды ээрчип жүрүшөбү?
– Бул жакка! Ылдам! – Энни коридордон башка бир эшикти көздөй чуркап жөнөдү.
Ал эшикти түртүп ачты. Экөө чалынып, караңгы, муздак бөлмөгө кирип кетишти. Алардын артынан эшик кыйчылдап жабылды.
– Мага кол чыракты бер, – деди Энни. Жек берди, Энни кол чыракты күйгүздү.
Мына! Алардын алдында катарынан тизилген баатырлар турат!
Энни жарыкты өчүрдү. Тынчтык.
– Алар кыймылдабай турушат, – деп шыбырады Жек.
Энни жарыкты кайра күйгүздү.
– Жөн эле кийимдер экен, – деди Жек.
– Баштары жок, – деди Энни.
– Мага бир мөөнөткө кол чыракты берип турчу, китепти карайын, – деди Жек.
Энни кол чыракты берди. Сепил китебин алып чыкты. Издегенин тапкыча барактарын барактады.
Жек китепти кайра жапты.
– Бул жер курал-жарак кампасы. Курал-жарак сакталчу жер, – деди Жек. Андан соң: – Бул эмне, – деп шыбырады Жек
Жарык жалтырак төш белгилерге, бут пластинкаларына, кол такталарына түштү. Текчелерде шлемдер жана курал-жарактар толо. Калкандар, найзалар, кылычтар, союлдар, согуштук балталар.
Залда ызы-чуу башталды. Ызы-чуу.
– Жашыналы! – деди Энни.
– Күт, акырын бол. Мен бир нерсени текшеришим керек, – деди Жек.
– Шашыл, – деди Энни.
– Бир мөөнөт убакыт кетет. Муну кармап тур, – деди Жек.
Ал кол чыракты күйгүзүп Энниге берди. Ал текчедеги туулганы көтөрүүгө аракет кылды. Абдан оор экен. Жек эңкейип, туулганы башына эптеп кийди.
– Ох, унут. Беш жаштагы бала башыңа олтуруп алгандан да оор экен. Он жаштагы бала олтуруп алгандай. – Жек башын көтөрө албаганы аз келгенсип, эч нерсе көрө алган жок.
– Жек! Үндөр жакындан угула баштады, – деген Эннинин үнү алыстан угулду.
– Кол чыракты өчүр! – деген Жектин үнү курал-жарак кампасы тараптан угулду.
Күтүлбөгөн жерден тең салмактуулугун жоготуп, башка курал-жарактарга жөлөндү. Меттал плиталар менен курал-жарактар полго чачылды. Жек караңгы полго жатып калды. Ал ордунан турууга аракет кылды. Бирок анын башы өтө оор эле. Ал үндөрдү укту. Кимдир-бирөө аны колунан кармады. Туулгасын жулуп алышты. Жек факелдин жарыгын тиктеди.
ТА-ДА
Жек кол чырактын жарыгынан маңдайында үч чоң киши турганын көрдү. Көздөрү кыйшык бирөөсү кол чыракты кармап турат. Бети ашыкча кызылы Жекти кармап турат. Ал эми муруту узуну Эннини кармап алыптыр.
Энни тепкиленип, кыйкырып жатат.
– Тынч бол, – деди муруту узун киши.
– Кимсиңер? – деди бети кызыл киши.
– Шпионсуңарбы? Чет элдикпи? Эгипеттиктерсиңерби? Римдиктерсиңерби? Персилерсиңерби? –деди кыйшык көз.
– Жок, силер күн карамасыңар! – деди Энни.
– Ох, бир тууганым, – деп шыбырады Жек.
– Камагыла буларды, – деди кызыл бет.
– Зынданга, – деди кыйшык көз.
Күзөтчүлөр Жек менен Эннини курал-жарак кампасынан алып чыгышты. Жек артын карады. Анын сумкасы кайда калды?
– Бас, – деп түрттү күзөтчү.
Жек басты. Алар узун, караңгы коридордо баратышты. Кыйшык көз, Энни, муруту узун киши, Жек жана кызыл бет. Тар, ийри тепкич менен ылдый түшүштү.
Жек Эннинин күзөтчүлөргө кыйкырганын укту.
– Күн карамалар! Манекелер! Биз эч нерсе кылган жокпуз!
Күзөтчүлөр күлүштү. Эннинин сөзүнө көңүл да бурушкан жок. Тепкичтин ылдый жагында темир торлуу чоң эшик бар экен. Кыйшык көз эшикти катуу түрттү. Ичкери киришти. Жек менен Энни муздак, жабык бөлмөгө киргизилди. Оттун жалынынын жарыгы зынданга тийип турат. Кир дубалдарда чынжырлар илинүү. Суу шыптан тамып, таш төшөлгөн жерге көлчүктөр пайда болгон. Бул жер Жек үчүн абдан кооз көрүндү.
– Майрам өткөнчө бул жерде кармап туралы. Андан соң буларды Дукке өткөрүп беребиз. Ал урууларга кандай мамиле кылганды билет, –деди кыйшык көз.
– Эртең дарга асуу керек, – деди мурутчан.
– Эгерде келемиштер буларды жеп кетпесе, – деди кызыл бет.
Баарысы күлүштү. Жек Эннинин сумкасын көрдү. Ал акырын сумкасын ачып жаткан.
– Жүргүлө, бул экөөнү чынжыр менен байлап коёлу, – деди кыйшык көз.
Күзөтчүлөр аларды байлай башташты. Энни кол чыракты күзөтчүлөрдүн бетине жандырды.
– Та-да, – деп кыйкырды.
Күзөтчүлөр аларды кармаганга аракет кылышууда. Эннинин кол чырагын алууну көздөштү. Энни жарыкты күйгүзүп, күзөтчүлөр корко башташты. Алар дубалга жабышып калышты.
Кыйшык көз кол чыракты ыргытканда Энни кир полго жыгылып түштү.
– Менин сыйкырдуу таякчам!? – кол чырагын кармаганга жетишип, кыйкырды:
– Жогол, болбосо мен сени жок кылам!
Жектин оозу ачылды. Энни кол чырагын кайрадан күйгүзүп, күзөтчүлөрдүн жүзүнө алмак-салмак такады. Алардын көздөрү ачышып, алакандары менен жабышты.
– Бери келгиле ! Баарыңар келгиле! Келгиле, деймин, – деп кыйкырды Энни.
Күзөтчүлөр нымдуу полго биринин үстүнө бири жыгылып, Жек көргөн көзүнө ишенбеди.
– Бол, кеттик, – деди Энни.
Жек ачык турган эшикке, андан соң жерде жаткан коркок күзөтчүлөргө карады.
– Ылдам, бол! – деп кыйкырды Энни.
Жек абдан кир, суу аккан жерден бир секирик менен Эннинин жанына жетти.
7
ЖАШЫРУУН ЖОЛ
Энни менен Жек тепкичтин өйдө жагындагы узун коридордон ылдый чуркашты. Артынан кыйкырык угулду. Алар алыстай элек эле.
Иттердин үргөнү жакындай берди.
– Алар келатышат! – деп кыйкырды Энни.
– Тигинде! – деди Жек. Ал эшикти ачты. Энни караңгы бөлмөнүн эшигин түртүп ачты.
Жек эшикти жапты. Энни болсо бөлмөнүн ичинде кол чыракты күйгүздү. Бөлмөдө каптар, жыгач челектер бар экен.
– Мен китепти караймын. Берчи мага! – деди Жек.
Энни кол чыракты, сумкасын берди. Жек китепти алып, окуй баштады.
– Чүш! Кимдир-бирөө келатат, – деди Энни.
Жек менен Энни эшиктин артына бекинип калышты. Эшик кычырап ачылды. Жек демин жутту. Кол чырактын жарыгы каптарга жана жыгач челектерге тийди. Жарык өчтү. Эшик жабылды.
– Ох, тууганым. Биздин курсагыбыз абдан ачты. Кетишибиз керек! – деди Жек.
Ал сепил тууралуу китепти барактап жатканда колдору калтырап турду.
– Мына сепилдин картасы! Карасаң, балким бул бөлмө бизге керек бөлмө болушу мүмкүн. Кампа, – деди Жек китепти карап:
– Бул капта ун бар, ал эми бул бочкада вино бар.
– Эми эмне кереги бар? Биз кетишибиз керек! Алар келгенче кетели! –деди Энни.
– Жок, кара, – деди Жек. Ал картаны көрсөттү.
– Мына, люк.
Китепти үнүн чыгарып окуду:
Бул жол кампа аркылуу жашыруун жолго алып барат.
– Кантип барабыз? – деди Энни.
– Билбеймин. Мунун жолун табабыз. Бирок алгач эшикти табышыбыз керек, –деди Жек.
Жек картага абдан кунт коюп карады. Андан соң кол чырак менен бөлмөнүн ичин жакшылап карап чыкты. Жек кол чыракты жерге каратып, таштарды эсептей баштады: бир, эки, үч, төрт, беш. Ал беш ташты эсептеди. Бешинчи таш бош эле. Жек кол чыракты жерге койду. Бармактары менен бош турган ташты жылдырганга аракет кылды.
– Жардамга, – деди Жек.
Энни дагы ташты ордунан жылдырганга жардам берди. Таштын алдында кичинекей жыгач эшик бар экен. Жек менен Энни жыгач эшикти түртүштү. Эшиктеги тешик түшүп кетти. Жек кол чыракты алып, тешиктен карады.
– Бул жакта кичинекей тепкич бар экен. Жүр кеттик, – деди Жек. Ал кол чыракты күйгүзүп, тепкичтен ылдый түшө баштады. Артынан Энни келе жатат.
Акыркы тепкичке экөө тең түшкөндө, Жек кол чырак менен эки жагын жакшылап карады. Туннел бар экен! Алар туннел аркылуу басышты. Кол чырактын жарыгы ташка билинер-билинбес тийип турду. Лампасы өчтү. Батареясы түгөнүп калдыбы?
– Менин оюмча биздин кол чырак өчөйүн деп калды. Бат кыймылда, –деди Энни.
Жек бат-баттан басты. Анын бели ооруп чыкты. Лампа барган сайын үлүңдөй баштады. Ал кол чырактын лампасы толук өчкөндө ачууланып ыргытып жибергиси келди. Ал маңдайынан дагы бир кичинекей эшикти көрдү. Туннелдин бүткөн жериндеги эшик.
Жек эшикти күчү менен түрттү. Ал башын ичкери сунду. Бирок тумандуу бөлмөдөн эч нерсе көрө алган жок. Аба таза эле. Муздак жана таза. Ал терең дем алды.
– Биз каяктабыз? Эмнени карап жатасың? – шыбырады Энни.
– Эч нерсе. Бирок биз сепилден чыга турган жолду таптык, биз чыгабыз, – деди Жек.
Жек кол чыракты сумкага салды. Ал эшиктен колун чыгарып көрдү. Колу жерге тийген жок. Жөн гана аба экен.
– Мен буттарым менен алдыга басып көрүшүм керек, – деди ал.
Жек кичинекей туннелди айланды. Ал ичи менен жерге жатып, бир бутун эшиктен чыгарды. Андан соң экинчисин. Жек акырындап ылдый түшө баштады. Ал эшикти катуу кармап, акырын кыймылдап жатты.
– Бул жактан чыксак керек. Мени карма! – деди Энни.
Жек бармактары чыгып баратканын сезди. Андан соң кулап кетти. Төмөн жак капкараңгы эле.
ЧАҢЫРЫК!
8
БААТЫР
Суу Жектин мурдуна чейин келди, андан соң башы көрүнбөй калды. Анын көз айнеги түшүп кетти. Аны кармаганга жетишти. Жөтөлүп, колу менен оозун басты.
– Жек! – Энни жогору жактан кыйкырды.
– Мен... чуңкурдамын! – деп дем алды Жек. Ал суу кечип, көз айнегин коюуга ыңгайлуу жер издеди. Жонунда сумка, бут кийими, суу болгон оор кийимдери менен сууда араң эле турат.
ЧАҢЫРЫК!
– Эээй, мен бул жактамын! – деп кыйкырды.
Жек жакын жерден анын үнүн укту. Бирок аны көрө алган жок.
– Каяктасың? – деп сурады Энни.
– Билбеймин. Азыр сууда сүзүп жүрөмүн.
Жек ит өтчү муздак суудан сүзүп өттү. Ал Эннинин сүзүп келатканын дагы укту. Алгач Эннинин алды жагында сүзүп баратам деп ойлоду. Бирок ал арт жактан кыйкырган үн укту.
– Энни, – деп чакырды.
– Эмне? Эннинин үнү артынан эмес, алды жактан угулду.
Катуу кыйкырык угулду. Артынан. Жектин жүрөгү токтоп кала жаздады. Крокодилдерби? Ал суу болгон көз айнегинен эч нерче көрө алган жок.
– Энни! – деп шыбырады.
– Эмне?
– Тезирээк сүз.
– Бирок мен бул жердемин. Бул жердемин! Чекке жакын жердемин! – деп шыбырады.
Жек анын үнү чыккан караңгы жакка сүзүп жөнөдү. Артынан крокодил сүзүп келаткандай элестетти. Кайрадан ачуу чаңырык! Алыс эмес, жакын жерде!
Жектин колу нымдуу, жандуу нерсеге бир тийди.
– Ах-х-х! – деп кыйкырды.
– Бул мен! Менин колум! – деди Энни.
Жек дароо кармады. Ал аны көпүрөнүн чет жагына жетелеп жөнөдү. Алар жээк аркылуу нымдуу чөптүн үстүнө өтүштү. Коопсуз жер! Алдыларында арыктын суулары топтолгон шаркыратма бар экен.
– Кудай сактасын! – деди Жек.
Ал абдан калтырай баштады. Тиштери тишке тийип тыкылдап жатты. Көз айнегин сууга малып, кайра тагынып алды. Ал сепилди көрө алган жок. Крокодилди да көргөн жок.
– Биз... Муну биз жасадык, – деди Энни. Анын дагы тиштери кырчылдап.
– Билемин. Бирок биз каяктабыз? – деди Жек.
Ал тумандуу караңгылыкка көз чаптырды. Көпүрө кайсы жакта болчу? Жел тегирменчи? Үйчү? Дарактагы үй, ал каякта? Бардык тарапты коюу караңгылык ээлеп алды. Жек нымдуу сумкага колун салып, кол чыракты алды. Аны күйгүздү. Ал өчөйүн деп араң эле күйдү.
Алар кармалып калышты. Бирок зынданда эмес. Тынч, муздак караңгылыкта.
– Аи-и-и!
Ат кишенеп жатат. Ай асманда жаркырап турат. Туман аркылуу жарык көлмөгө нурун чачты. Бир нече алыстан Жек менен Энни бирөөнү көрүштү. Баатыр.
Ал кара атка минип алыптыр. Анын курал-жарактары айдын жарыгында жаркырап көрүндү. Анын бетин калканы көрсөтпөй койду. Бирок ал Жек менен Энниге карап тургандай сезилди.
9
АЙ АСТЫНДА
Жек катып калды.
– Бул ошол, – деп шыбырады Энни.
Баатыр кол капчан колун сунду.
– Жүр, Жек, – деди Энни.
– Каякка барасың? – деди Жек.
– Ал бизге жардам бергиси келет, – деди Энни.
– Сен кайдан билесиң?
– Азыр айтамын, – деди Энни.
Энни атты көздөй басты. Баатыр аттан түштү. Баатыр Эннини көтөрүп, атына олтургузду.
– Жүр, Жек, – деп чакырды ал.
Жек акырын баатыр жакка басты. Бул түш сыяктуу эле. Баатыр аны да көтөрдү. Жекти алдыга, Эннинин артына мингизди. Баатыр тизгинди коё берди. Кара ат айдын жарыгында сууга көлөкөсү чагылышып бара жатты. Жек ээрде нары-бери кыйшайды. Шамал чачын сеңселетти. Ал өзүн абдан күчтүү жана эр жүрөк сезди.
Ал өзүн ушул атка түбөлүктүү ээ болуп, сырдуу баатыр менен бирге болчудай сезди. Океандын үстүндө. Ааламда. Айдын жарыгында.
Караңгыда туйгундун үнү чыкты.
– Бул жерде дарак үйү бар, – деди Энни. Ал бак-дарактарды көрсөттү.
Баатыр аттын башын дарактарды көздөй бурду.
– Көрдүм. Ушул жерде, – деди Энни, тепкичти көрсөтүп.
Баатыр токтоду. Ал аттан түшүп, Эннини түшүрүүгө жардам берди.
– Чоң ыракмат, мырза, – деди Энни. Башын ийди.
Андан соң Жек:
– Чоң ыракмат, – деп башын ийкеди.
Баатыр кайра атына минди. Ал мээлейин көтөрдү. Андан соң тизгинди коё берип, туманды аралап жөнөп кетти. Энни бийик тепкич менен жогору жакка чыга баштады. Жек да артынан жөнөдү. Алар караңгы дарак үйгө кирип, терезеден сыртты карашты.
Баатыр сепилдин сыртында атчан кетип барат. Алар анын сырткы дарбазадан чыгып баратканын көрүштү. Айды кайрадан булуттар каптай баштады.
Жек сепилдин ары жагындагы дөбөнүн чокусунда баатырдын курал-жарактары жаркылап турат деп ойлоду.
Булуттар айды толугу менен каптады. Анан жерди туман каптады.
– Ал кетти, –деди Энни.
Жек нымдуу кийиминен үшүп, караңгы жакты тиктеп турду.
– Мен тоңуп калдым, – деди Энни.
– Пенсильвания китеби каякта?
Жек Эннинин караңгылыкта жооп бергенин укту. Ал терезеден сыртты карады.
– Ушул го деймин. Жибек кыстармасы бар экен, – деди Энни.
Жек Эннинин сөздөрүнүн жарымын гана укту. Ал алыстан баатырдын сооту кайрадан жаркырайт деп ойлогон.
– Жарайт. Мен муну окуймун. Себеби ушуну туура деп ойлоймун. Ал кетти. Жарайт. Мен тартамын. Мен кыялданамын. Тилек кыламын. Бака Крикке барууну кыялданамын.
Жек шамалдын сого баштаганын сезди. Акырын жел жүрүп жатат.
– Мен бул китептеги маалыматтар туура деп ойлоймун. Ошондуктан китептеги сүрөт да туура деген үмүттөмүн.
– Эмне? – деп артына карады Жек.
– Так маалыматы бар китеп? Туура сүрөт дегениң эмне?
Дарак үй солкулдай баштады. Шамал барган сайын катуулай берди.
– Бул китеп динозаврлар тууралуу жазылган китеп эмес деген ойдомун, –деди Энни.
– Токто! – Жек дарак үйгө кыйкырды.
Кечке чейин.
Дарак үй тегерене баштады. Тегерене берди. Шамалдан шуулдаган үнү чыгып жатты.
Анан күтүлбөгөн жерден жымжырттык пайда болду.Терең жымжырттык.
10
СЫР ЧЕЧИЛДИ
Аба жылуу эле. Таң атты. Ары жакта бир ит үрүп жатат.
– Менин оюмча Генри үрүп жатат. Биз үйгө келдик, –деди Энни.
Экөө тең дарак үйдүн терезесинен сыртты карашты.
– Жакын жерде эле го, – деди Жек.
Алыстан алардын көчөсүнө жарык тийип турду. Алардын үстүнкү терезесинде лампа күйүп турат.
– Ух-ох, менин оюмча атам менен апам турушту. Шашыл! – деди Энни.
– Күт. – Жек сумкасын карады. Сепил китебин алып чыкты. Ал абдан ным болуп калыптыр. Жек ал китепти башка китептердин жанына койду.
– Бол эми! Шашыл! – Энни дарак үйдөн чуркап чыкты.
Жек анын артынан тепкичтен түштү. Алар жерге түшүп, боз кара дарактардын арасына сиңип кетишти. Алар токойдон чыгып, ээн көчөдө чуркап баратышты. Алар короосуна киришип, газонду аралап өтүштү. Арткы эшигине барышты.
– Алар азырынча ылдыйкы кабатта эмес, – деп шыбырады Энни.
– Чүш-ш-ш, – деди Жек.
Алар тепкич менен көтөрүлүп, коридордон ылдый түшүштү. Атасы да, апасы да жок экен. Бирок ал крандан суу агып жатканын укту. Алардын үйү караңгы, муздак сепилден алда канча айырмасы бар эле. Коопсуз, жайлуу жана ишенимдүү жер.
Энни уктоочу бөлмөсүнүн эшигинин алдына токтоп калды. Ал Жекти карап жылмайып, бөлмөсүнө кирип кетти. Жек бөлмөсүнө шашып кирди. Ал ным кийимдерин чечип, кургак, жумшак пижамасын кийди.
Керебетине олтуруп, сумкасын чечти. Дептерин алды. Калемин издеп сумкасына колун салганда, колуна башка нерсе урунду. Жек сумкасынан көк булгаары кыстарманы сууруп чыкты. Сепил китебинин ичиндеги кыстарма түшүп калса керек.
Жек кыстарманы лампага жакын кармап, үңүлүп карады. Булгаары жылмакай жана эски. Бул байыркы буюм.
Жек кыстармадагы катты байкады.
Кереметтүү М
Жек керебетинин жанындагы суурманы ачты. Ал алтын медалды алды. Анда жазылган катты карады. Дал ошондой жазуу М
Бул укмуштай сонун жаңы далил болду. Жек терең дем алды. Сыр чечилди. Динозаврлардын убагында алтын медалды түшүргөн адам дарак үйдөгү бардык китептерге ээ болгон. Бул адам ким болгон? Жек кыстарманы медальондун жанына койду. Суурманы жапты. Калемин колуна алды. Блокнотундагы эң нымдуу жерге жаңы табылган далилди жаза баштады.
Ошондой
Бирок ал М деп жазып бүтө электе, көзү жумулуп чыдабай уктап калды. Жек баатыр менен жүргөнүн түш көрө баштады. Үчөө тең салкын, караңгы түндө, кара атты минип баратышат. Сепилдин сырткы дубалынын арт жагында. Алар азыр айлуу дөңдүн үстүндө.
Туман жакты көздөй баратышат.
Которгон Мээрим САЙДИЛКАН