Азин Несин: Каран түндө

  • 21.09.2022
  • 2000

АҢГЕМЕ

Качандыр бир убакта менин башыма король же шах менен соттошуу тууралуу ой келиши мүмкүн беле? Сиздер албетте,  өз эли өлкөсүнөн кууп ийген египет королу Фарук жөнүндө уккансыздар? Зайыбы ага уул төрөп берген эмес,  ошон үчүн ал ажырашып кеткен,  мына ушундай. Анан калса иран шахы да ушундай эле жүйөө менен никесин жаңырткан.

А мен  таажылуу адамдарга азыр кандай кысталыш болуп жаткандыгы тууралуу чакан фельетон жаза койбоймбу. Анан эмне тууралуу жазышым керек эле? Биздин ички көйгөйлөр жагдайында эмес да? Өз мекендештерим жөнүндө баары бир мен эчтеке бастырып чыгара албадым. Эмне жазсам –  дароо мени сотко беришчү. Мына ошондуктан чет элдик таажычан адамдар тууралуу жазууга киришкем.

Ошентип эки монарх тең мени сотко беришти. Алардын Анкарадагы элчилери биздин тышкы иштер министрлигибизге келип даттанышат. Менин фельетонум кызыкдар тараптардын ортосундагы өз ара достук мамилелердин начарлашына негиз болушу мүмкүн экендигин айтышып,  чечкиндүү каршылык билдиришет. Мага каршы сот иши козголот.

– Сиз король менен шахты мазактадыңыз!

– Жок,  мен мыскылдабадым!

– Мыскылдадыңыз!

– Шакаба чеккен эмесмин!

Биз сотто кыйла талашып,  тартыштык. Акырында мени алты айга соттошту. (Египеттиктерге алардын мурдагы королунун айынан менин жабыр тартканым жөнүндө кабар жеткен-жетпегенине абдан кызыгып турдум).

Азыр мен сиздерге айтып бермекке камынган окуя дал ошол кезде болгон.

Түрмөдө менин абалым мышык ыйлагыдай, жаман болду: такта орундукта канча оонасаң да,  чөнтөктө бир тыйын да жок. Менден эч ким кабар албай,  мага эч ким тартуу да алып келчү эмес. Мындай байкуштарды мазакташчу. Алты айга олтургузулганыңа каяша кылуу күлкү келерлик. Жыйырма жыл,  отуз жылга кесилгендер бар,  алар сени шакаба чегишет:

– Алты айбы? Ошого да капаланганды тапкан экенсиң! Такта жайга жат да,  бир бөйрөгүңө,  анан экинчисине оодарыл,  жарым жылда жазаң бүтөт да калат!

Ал жагы да ырас.Түрмөгө түштүңбү,  бир капталыңдан экинчисине жа-ай гана, акыры-ын оодарыласың. Оң жакка бурулсаң – жай болот,  сол жакка оодарылсаң – кыш. Төрт дубалдын ортосунда жылдын төрт мезгили башкача жылчу беле?

Бардыгына го макул,  бирок  чылымга да,  чайга да акча жок. Түрмөдө кээде Кызыл Чырым багат,  ошо Чырымды көздөй кашыгыңды кармап алып,  жөнөй бер... А сыртта ачка үй-бүлө,  балдар. Аларга Кызыл Чырым каралашпайт. “Карыган сендей акмакка король жана шахка тийишүүнүн кереги бар беле?”–  деп ойлоном.

Капысынан кабар келди: эгер кечирим сурасам,  бошотот экен. Ойлонуп-ойлонуп,  жок дедим,  маңдайга эмне жазса,  ошону тартайын. Кечирим сурабаймын! Бекем турам,  чегилген жазаны отуруп чыгам. Көрдүңөрбү,  менин кандай,  өзүнө ишенген эр жүрөк экенимди!

Анткени менен биздин заманда эр жүрөктүүлүктүн баркы жок. Башка бир нерсе тууралуу ойлонуу артыкбаш,  жөн гана иште: макала жаз,  аларды тааныштар аркылуу гезит-журналдарга жибер. Акырындан чиймелей баштадым. Макалаларымды аты-жөнүмсүз басып чыгарышканы менен жазуу ыкмамдан алардын ээси мен экенимди билип калышты. Бир жолу түрмөнүн башчысы чакырды. Жакшы киши. Анын балдары,  уулу – лицейде,  кызы – университетте окуйт. Ал менин макалаларымдын айынан күйүп кетерин,  өзү элетке айдалып,  анын айынан балдары окууларын аяктай албай калаарын айтты:

Начальник:

– Менин балдарымды аяңыз,  –  деп жалбарат.

О,  Алла! Мен кимди аясам болот,  өз балдарымдыбы же түрмө башчыныбы? Макул,  мен анын балдарына боор ооруюн,  а менин чүрпөлөрүмдү ким аяйт? Мойнума алгандай,  менин балдарым тараза басымдуу болушту: мен жазуумду токтотподум. Ошондо сырт жак менен болгон байланышымды бардык тараптан оордотуучу шарттарды жасашты. Бирок мени кысканы менен макалаларым баары бир басылып жатты. Жетекчилик,  түшүнүктүү,  мага кызыгуусун арттырды. Прокурор түрмөгө кирип,  жагымдуу күлкүсү менен жазгандарымдын кантип сыртка жиберилип жатканын сурады. А мен камакканага маңзат,  көк наар жана бычак кантип киргенине кызыктым. Эгер камактагы кылмышкерлер маңзаттар менен курал-жарактарды сырттан алуунун жол-жобосун куулук менен таап жатышса,  анда мен да жазгандарымдын жолун табам да.

Прокурор чын дилинен каткырды. Мени болсо жалгыз кишилик бөлмөгө жаткырышты. Маңбаштар үчүн жалпы камералар араң жетчү. Макалаларды жалгыз өзүм жазгандыктан бир кишиге жалгыз адамдык камаккана табуу – түйшүктүү эмес эле.

Мени адамдар келип-кетчү күндөрү гана камерадан чыгарышчу. Анан кайра камап коюшчу. Мага эч ким деле келчү эмес. А эгер кабар алышкан болсо,  куру кол келишчү. Билесиздерби,  күнү-түнү бир адамдын өзү менен өзү болуп,  камакта жалгыз олтурушу кандай оор? Анан да мендей сөзмөр кишиге. Бөлмө ичинде ары басасың,  бери басасың,  дааратканага суранасың,  андан кайтасың... Убакыт жылбайт. Ырдасаң ыр түгөнөт. Бакырсаң үнүң бүтөт. Жаныма кимдир-бирөөнү кошо киргизсе эмне? Адам жегичти болсо деле мейли. Азирейилдин өзү деле болсун... Бүт баарына макулмун! Кимдир-бирөө менен сүйлөшсөм эле жетет. Кечинде түрмө көзөмөлчү баш багып,  камераны текшерет. Үн чыгарсаң,  ал унчукпайт. Үндөбөй камаккананы карап,  каалганы үн чыгарбай жаап,  анын сыртынан эшик бекиткичти калдыратып чыгып кетет.

Жалгыз кишилик камерада үч айды өткөрдүм. Эркиндикке чыгуума бир ай калды. Дал ошол күнү мага бир киши келди. Ал эмнелерди гана көтөрө келбеди дейсиң! Чылымдар да,  жүзүм да,  коон менен дарбызды да,  май менен быштак да,  помидор жана кыямдар да...О-ох! Менин камерам кудум жашылча өстүргөн дыйкандын дүкөнүнө окшоп калды. Тойгончо жедим,  баштыкты орун жайдын түбүнө коюп,  кубанып олтурдум. Мындай оокат мага бир айга жетиш керек. Ошого жеткирүү үчүн бөлүштүрдүм.

Ошентип,  оокат бар. Эми жанымда кандайдыр бир адам кошо болсо...

Түн жарым. Камера суук тартты. Тактай орундукка олтуруп,  одеялды далыма жамындым да,  ыр жаздым. Кулпунун кытыраганы угулду,  каалга кыйчылдап ачылды. Эки адам кирди,  бири – түрмө көзөмөлчү. Ал мага карап:

– Бул киши – ушул жерде олтурат,  –  деген соң,  бурулду да кайра кетти.

Эми мен жалгыз эмесмин! Мен – бактылуумун.

– Кел,  олтур! – дедим да,  жаңы келген кишиге үңүлдүм.

Да-а. Жаралганын кара! Кыска бой,  толмоч,  төрт бурчтай. Багылган букадан бетер эки жакка чайпала басат. Моюн дегени билинбейт. Төрт чарчы башы тулку боюна бүткөн. Көздөрү идиштей чоң,  жай айланып,  мени теше тиктеди. Жанында эч кандай буюм деген жок.

– Кош келгин,  курдаш! Сенин мөөнөтүң бат аяктасын!

– Кудайга мактоо болсун! – Келгиндин үнү күңүрт чыкты.

“Кудай ай,  кандай жакшы! Сүйлөштү билет экен,  демек,  бул – адам”.

– Олтур,  –  деп  ага дагы сунуш кылдым. – Сени эмнеге камашты,  досум?

– Бир дөөдүрдү муунтуп койдум, –  деп мага караганда титирей түштүм.

– Сиздин... атыңыз ким?

– Менин атым Бенли Тажи.

– Капа болбоңуз,  Тажи-бай.

– Мени бай дебе,  кыжырданам...

– Жакшы, Тажи мырза.

– Мени мырза деп да айтпа,  жиним келет.

– Окуя кайсы жерде болду?

– Жиндиканада...

“Саат сайын жеңил эмес...” Мени кайра калтырак басты.

– Ал качан болду?

– Бүгүн, кеч кирерге жакын. Мен аны жок кылдым эле мени ушул жакка которушту.

– Ай-я-яй!

– Эмне ай-я-яй?

– Тагыраагы,  жакшы болгон экен деп айткым келди. Сиздин бардык ишиңизди ийгилик коштосун!

Биз үндөбөй калдык. Аны көзүмүн кыры менен карап,  ойлондум: “Муну... Менин ишим жаман,  абдан жаман. Муну кантип жоошутуп,  тынчтандырсам?..”

– Эмне кырсык болуп кетти?

– Бүгүн жиндиканада жаткандардан кабар алчу адамдар келер күн. Ал акмакка колбаса алып келишкен. Ал колбасаны жаздыктын түбүнө катып коюптур. Керебет же жаздыктын алдына оокат катылганда менин ачуум келет. Сырттан түрмөгө эмне түшсө,  аны баарын татуу үчүн ачык кармоо зарыл. Уктап жатканында аны жайладым.

– Билесизби,  Тажи-бай,  сиз аны абдан туура кылгансыз. Жүзүм жегиңиз келеби? Мына,  быштак да,  колбаса да бар...

– Сага айтып жатам го,  мени бай деп атаба,  кыжырданам...

Биз дагы унчукпай калдык. “О жараткан,  өзүмдү кандай кармасам экен?”

– Демек,  ал иш жиндиканада болгон экен да?

– Ооба.

– Өтө таң калыштуу...

– Эмнеси кызык?

– Менин оюмча,  сиз,  куда кааласа,  жакшы адамсыз. Эмне үчүн ал жакка түшүп калдыңыз?

– Мен адегенде ушул түрмөгө камалгам. Мында бирөөнү жайлаганымдан кийин мени акылынан айныгандардын үйүнө жиберишти.

– Ай-я-яй! Кандай гана адилетсиздик. Тиги кишини... эмнеге муунттуңуз?

– Мени карцерге олтургузушту, кишен салышты. Менин жаныма тиги шүмшүктү да киргизишти. Сырттан ага бир жолу кыям алып келишкен. Карап турсам,  ал кыямды керебеттин түбүнө бекитип атат. Мен мындай ич тардык менен келише албаймын. Сырттан эмне алып келишсе,  камактагылар бардыгы жеши үчүн ал тамакты жашырбоо керек. Түн кирип,  ал уктаганда мен аны муунтуп салдым.

– Эң туура иш кылгансыз,  Тажи мырза! Сизди...

– Мени мырза деп атаба деп канча кайталайм,  мен ачууланам.

Мен дароо баштыгымдан кыямдуу идишти сууруп чыгып,  ага сундум.

– Даам татыңыз,  кымбаттуум!

Биз дагы үндөбөй калдык. Жүрөгүм катуу түрсүлдөп атат. Эгер жардамга кимдир-бирөөнү чакырсам,  алар келгиче бул мени өлтүргөнгө сөзсүз үлгүрөт.

– Сиздей кишини үңкүр камакка таштоого кантип болсун? Түрү сууктук...

– Камакта мен бир шүмшүктү тындым кылгам,  ошон үчүн мени үңкүр камакка камашкан.

– Кантип?

– Ушинтип эле...

– Так айтканда туура кылгансыз! Ылайым алла сиздин күчүңүздү ашырсын! Тынчыңызды алганыма кечиресиз,  а тиги байкушту кайсы кылыгы үчүн?...

– Адамдар түрмөгө келип кетүүчү күнү ага дарбыз келген. Ал...

– Керебеттин түбүнө ката койдубу?

– А сен аны кайдан билесиң?

– О,  жок. Мен ошентим ойлодум.

– Түнү ал уктап жатканда мен аны муунтуп салдым.

Мен анын бул сөзүнөн кийин дарбыз менен коонду алып чыктым.

– Сизден сураныч,  анысынан да, мунусунан да ооз тийиңиз. Тартынбаңыз! Жашоо кандай экенин ойлоп коюу керек. Сиздей татыктуу кишини түрмөгө камап... Бул эмне дегендик?

– Эркин жүргөнүмдө мен дагы бир шүмшүктү өлтүргөм,  анан мени олтургузушту. Ал экөөбүз бир бөлмөдө жашачубуз. Анын керебетинин астында...

– Ал уктап жатканда,  сиз аны...

– Муунттум. Сен аны кайдан билесиң?

– Мен кокустан эле... Мага көңүл бурбаңыз?

Мен бул адам жегич менен таң атканча кантип олтурам? Мени жок кылуу үчүн бул жиндини менин бөлмөмө атайын олтургузушкан. Сыртка жиберген жарыбас аңгемелер үчүн өз башымды эч качан жана эч убакта өлүмгө сайбаймын!

– Толук жеңиз,  суранам. Эч нерсесин калтырбай жеңиз...

Беш ай бою мага кур кол келип жүрүшкөн. Бүгүн гана ана-мына алып келишти. Мен ал оокаттарды азаттыкка чыкканга дейре жеткирүүнү болжогом.

Өткөн түнү жазып олтуруп,  уйкудан кечкемин,  азыр болсо кирпиктерим бири-бирине ирмелип жатты. Көз жумдум дегиче Бенли-Тажи мени соо койбойт. Ал мага асылганда,  аны эмне кылсам? Башына баштыкты кийгизе салсамбы же шейшеп менен одеялды оросомбу? Таң атканча алышсак... Жок,  менин күчүм ага жетмек эмес.

Мен ага одеялымды узаттым:

– Уктаганы жатыңыз.

– Каалабайм,  өзүң мызгы!

Жатпасаң,  чамасы,  мындан да жаман болот... Мен бир капталыма оонап,  бардык ишке камдандым.

– Мен болгону төртөөнү гана жайладым,  анан менден сурап коюшат! Согушта миңдегендерди өлтүрүшөт,  ал үчүн эч ким,  эч кимге эсеп бербейт. А бул жерде төрт гана шүмшүк... Ушул үчүн да соттойбу?

Үн чыгарбадык. Анан ал минтип бурк этти:

– А сен эмне үчүн камалдың?

– Менби? – Кыялымдан нечен ойлор сүңгүп өттү... Жок! Амал таап,  туңгуюктан чыгыш керек. – Мен да... Жөн эле... Бирөөнү жаткыра чапкам...

– Эмне үчүн?

– Жөн эле... Жок кылдым,  бүттү!

– Жөн элеби?

– Кантип эле жөн болсун? Адегенде мен анын атасын жайраттым. Бул шүмшүк ага жан тартты эле,  аны да чогуу жайладым.

– Атасын эмнеге жок кылдың?

– Эч нерсе үчүн эмес. Жиним кайнады да,  кел,  жок кылайын деп ойлоп,  чаап салдым...

– Жөн элеби?

– Жок,  унуттум: биринчисинде тиги шүмшүктүн энесин – кемпирди чаптым. Кийинчерээк анын соңунан абышкасын жөнөтүүгө туура келди.

– Кемпирди эмнеге?..

– Эсимде жок,  тууган... Ага көп болду...

– Бардыгын кошкондо,  сен канчоону жайраттың?

– Же он беш,  же жыйырмадайды...

– Сен тууган,  түгөл канабайран салган экенсиң!

Бенли-Тажи менден оолактап,  камеранын карама-каршы бурчуна өттү. Уйку менен алпурушуп атып,  мен ага жаңы окуяларымды айтып бердим.

Таң жаңы атаарында Бенли-Тажи менден чочудубу,  муштуму менен темир каалганы ургулап кирди. Көзөмөлчү келди. Алар эмнегедир күбүрөштү да,  көзөмөлчү менин түнкү коногумду алып кетти.

Ошондо гана жаным жай алды.

Орусчадан оодарган Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз