Азиз Несин: Ышкырык төрө

  • 06.10.2022
  • 1733

АҢГЕМЕ

Мен иш издеп, шаарда тентип жүрдүм көпкө. Калыбы, тагдыр менден биротоло жүзүн үйрүгөндөй. Адам башына арга таппаган учурда кызык ойлор келери кимге болсо белгилүү. “Эх, эгер мен аял болгонумда, жумушту мындай узак издебес элем”– деп кыялдандым.

Көңүлүм чөккөн тейде Долмабахча жакка бет алдым. Стадионго чукул көчөлөр күйөрмандарга толуптур. Бири-бирин түрткүлөп, эл жыш болгондуктан тизе бүгөр жер жок. “Мындай тыгында стадионго жетем деп кантип үмүт кылышат?” – өзүмчө таңдандым. Эл агымы мени бирде алдыга, бирде артка сүрөт. Бир орунда тургандай болгонум менен төрт тарабынан курчалган батперек өңдүү чимирилдим.

Акырында адамдардын агымынан арылуу үмүтүм такыр үзүлдү. Күрөшсүз эле жеңилиптир деп ойлобоңуздар! Жок, мен урунуп-беринип, жөөлөшүп-түртүндүм, бирок аракетим сая кетти. Айлампадан чыгалбай, ушул жерде жайрайт өңдөнөм деген ой менен коркунуч, кыжалатчылык басты.

Күтүүсүздөн ышкырык угулду. Тим эле кулак тундурат. Ышкырыкты тубаса дүлөй пенде деле укмак. Ошол замат калың элдин арасы кудум жомоктогудай ачылды.

Бошой түшкөн өткөөл жолдо ышкырык кармаган бирөө баратты. Мен ага ынтаа коюп тигилдим. Кудай жалгагыр, бул биздин Муса тура!

– Му-са-а-а! – деп бакырдым. Башка маалда, балким: “Эй, досум Муса!” – деп кыйкырмакмын. Бирок мени ышкырыктан улам пайда болгон коркуу сезими ооздуктады.

Муса бурулду да мени колумдан кармап, өз артынан жетелеп жөнөдү. Алдынан чыккан чогулган элди көргөн сайын ал созолонто ышкырат. Адамдар бири-бирин түртүп, жол бошотушуп, дароо бизди өткөрөт. Биз стадиондун кире беришине дейре ошентип бардык. Муса кайрадан ышкырды. Көзөмөлчү четке жылып:

– Кана, кире бериңиздер! – деп жол ачты.

Текшерүүдөн өткөндөн кийин жеңилдене үшкүрүндүм.

– Муса, кулак салчы! – дедим. – Сен эмне, дене тарбия башкармасынын башкы деректири болдуңбу? Эмне, бардыгы сага жол ачып?

– Мен тууралуу кийинчерек. Жакшысы – өзүң тууралуу айт. Эмне кылып жүрөсүң?

– Эч нерсе жок. Беш айдан бери иш таппайм. Бирок эркектерди эч жерде кабыл албайт. Ошондуктан аялча кийинсем бекен? – деп ойлондум. Эриндеримди боёп, каштарымды чийип? Бирок ачыгын айтканда, кожоюндарды да түшүнөм. Жумушчу кылып, кандайдыр бир копол, эркек сөрөйдү жалдагыча, баштык болсом, мен деле бир сулууну издемекмин. Албетте, мен кемпай деле адам эмесмин. Эркекпи, аялбы, экөө тең тапшырманы бирдей, жакшы аткарышат. Бирок алдыңда келбеттүү аял турса, жүрөгүң сүйүнөт да.

– Сен, чамасы, жакшылыктан биротоло үмүт үзгөн окшойсуң, – деди Муса.

– Сен кандай ойлойсуң, беш ай бою жумушсуз жүрүү оңойбу?

Ушул замат оюн башталды да, биздин кеп үзүлдү. Футбол оюну бүткөндө ордубуздан туруп, сыртка чыгар жакка жөнөдүк. Муса бизге жол ачуу үчүн ышкырыгын үйлөөнү билет.

Биз ошентип аянтка чыктык.

– Маршруттук такси менен жөнөйбүз, – деди Муса.

Ал жөнүндө айтуу оңой, бирок ага кантип жетесиң? Аянтта эл калың. Биздей эле баары кетүүнү каалайт. Бош машина көрүнөр замат ага жүздөгөн адам умтулат.

– Муса, минтип өз кезегибизди эки күн күтөбүз, – дедим.

Ал:

– Бир мүнөт күт,- деди. Ышкырыгын чыгарып, аны менен өтүп бараткан таксини токтотту. Андан да таң калыштуусу – ага биз менен эч кимдин бирге олтурууга кам урбаганы болду.

Биз орун ээледик.

Мен сурадым:

– Муса! Сен эми жол полициясына башчы болдуңбу?

Ал үндөбө дегендей, сөөмөйүн эринине такады.

Биз Нышанташы деген жерден түштүк. Муса намыянын сууруп чыгып, жол акыны төлөмөк болгондо айдоочу аны алуудан так кесе баш тартты:

– Сиздин бутуңузду өбөйүн. Эчтекенин кереги жок.

Таң калыштуу окуя!

Мен кызыгып:

– Бул айдоочу – таанышыңбы? – деп сурадым.

– Жок, – деди тиги.

– Укчу, Муса! Сен кокус полициянын ачендиги болуп калган жоксуңбү?

Ал бул жолу да сөөмөйүн эринине тийгизип:

– Азыр ана-мына сатып алам да, анан үйгө барабыз.

Эт дүкөндүн алдында аягы көрүнбөгөн узун кезек. Кыйкырык, өкүрүк-бакырык, ызы-чуу. Карап турсаң, саамдан соң мушташ чыкчудай.

Биздин Муса ышкырып жиберсе, барбы!? Ышкырык чыгар замат кезекте тургандар жоошуду. Эч кандай тополоң жок. Кассап сыртка чыга калды да, ийилүү менен Мусаны чакырды:

– Ыракым этип, кош келиңиз!

Муса буйрук берди:

– Бир кадак эт, жакшыраагы болсун!

– Дагы эмне буйруйсуз?

– Мээ барбы?

– Эки жүз грамм жетеби?

– Ашыгы менен.

Кассап этти тыкандык менен кагазга ороду, Муса капчыгын суура бергенде, ал каршы чыкты:

– Мен сизден акча албаймын, бай мырза! Эч качан.

– Муса, сен шаар мэри болуп калган жоксуңбу? – дедим биз көчөгө чыкканда.

Ал эч жооп кайтарбай, сөөмөйүн эринине тийгизген болду.

Акыры ал:

– Мен эртеңкиге оокат-азык сатып алдым. А бүгүн сен экөөбүз кечки тамакты кайсы бир ресторанда ичебиз. Сага эчтеме керек эмеспи?

– Эчтеке.

Биз адегенде кургак жемиш дүкөнүнө, андан соң бахча дүкөнүнө кирдик. Дүкөндөргө баш багардын алдында Муса ышкырыгын кармалайт. Сыртка толо баштыктарды көтөрүп чыгат. Эч бир жерде бир да тыйын төлөгөн жок.

Керектүү оокаттарды сатып алып бүткөнүбүздө ал такси токтотуп, биз анын үйүнө бет алдык. Баштыктарды үйүндө калтырып, кумарканага жөнөдүк. Айдоочу да андан эч кандай жолкире алган жок.

Казинодо бардык орундар ээленген экен. Муса ышкырыгын жаңы эле чыгарып, ышкырганга үлгүрө электе эле жаныбызга кумаркана кызматчылары менен кожоюну чуркап келди.

Атайын биз үчүн көрмөкананын алдына үстөл коюшту. Бизден эч нерсе сурабай-этпей ар түрдүү, көптөгөн жылытмаларды толтурушту.

– Муса, сен текшерүүчү болуп жүрбө, ыя? – дедим.

Ал ачык айтпайт. Болгону сөөмөйүн өөдө көтөрөт да, бүттү, үндөбө. Бир гана анын олуттуу адамга айланганы белгилүү болду. Бирок кайсы кызматты ээлеген, бул жагын түшүнө албадым.

Музыка угулду. Ырчы үн созду.

Биз өзүбүзчө чер жазып олтурабыз. Кызматчылар бизди тегеректеп, көпөлөктөй айланып жүрүшөт. Кандай гана бактылуулук!

Капыстан арт жагыбыздан ызы-чуу угулду. Көрсө, ал чатакты мастар чыгарыптыр. Аларды бычак кармаганга да үлгүртпөй, биздин Муса ышкырыгы менен тынчтандырды да койду. “Арстандар” заматта куйругун кыпчыган жоош “иттерге” айланышты.

Биз эки жүз лирдик тамак жедик. Кожоюн бирок бизден акча алууну каалабады. Жалкы тыйын да албады.

Мусаныкында түнөөнү чечтим. Эртеси жекшемби болчу. Ал таңкыга таттуу тамак даярдаптыр. Өзөк жалгап, кетмек болгонумда, Муса мени коё бербеди.

– Меникинде бир апта жашап тур, – деп сунуш кылды. – Балким, кандайдыр өнөргө үйрөнөрсүң.

Мен аныкында бир жума мейман болдум. Биз күнү бою бекер ойноп-күлүп, көңүл ачтык. Каалагандай тамак ичтик. Бардыгы – бекер.

Андан сурап коём:

– Сен эмне, өтө маанилүү адамсыңбы?

Ал ооз ачпайт. Акыры чыдай албай, минтти:

– Мен сага жашыруун сырымды ачайын. Сен аны ачыкка чыгарба!

– Эч кимге эчтеме айтпайм.

– Кудайга ант бер!

– Ант ичтим.

– Чын сөзүм...

– Чын кебим...

Менин антыма ишенип, ал ышкырыгын алып чыкты да, аны өөп, башына койду.

– Бул ышкырык жөнөкөй эмес, сыйкырлуу. Бир жолу Кара-Көөдө маршруттук таксини күтүп калдым. Кезек мага такыр тийбес болду. Колумда чынжырлуу ушул ышкырык турган. Мен аны айлантып, айлантып, ойдо жок жерден оозума жакындаттым да байкабай ышкырып жибердим. Ошол замат мага, калыбы, полицай го, жүгүрүп келди. Какая туруп, сурайт: “Кандай буйругуңуз бар?” Мен: “Бул жерди тартипке сал!” – дедим да, андан ары жөнөдүм.

Бир жерде көчөнүн аркы бетине өтүүмө туура келди. Авто-унаалар селдей агып, кым-куут. Не кылуу керек? Ышкырыкты сууруп чыгып, үйлөп койдум... Бүткүл машина дароо токтоду, мен жайбаракат аркы өйүзгө өттүм. “Кереметти кара!” – деп ойлондум. Көрсө, ышкырыкты колуңа алсаң болду, сен каалагандын баары үргүлжө орундалат экен. Иштин жайы эмнеде – кийин түшүндүм. Бизде бардык иш ышкырык менен аткарылат тура. Ышкырык менен кеме сүзүп кетет, ышкырык менен поезд жүрөт. Ышкырык бүткүл талашты токтотот. Ышкырыкты уккан киши четке чыгат. Азыр мен ышкырып койсом, бул аянтта бир да киши калбайт, баары качат. Мен мына ошондо бизде бардык нерсе ышкырык менен башкарыларын билдим. Ошондон бери ышкырыктын жардамы менен жашайм. Сен, кудай сактагыр, бул жөнүндө эч кимге айтпа. Антсең, мага көптөгөн атаандаштар пайда болот. Анда иш калбайт дей бер! – деди ал.

Мусага анын жашыруун сырын эч кимге билдирбөө тууралуу сөз бердим. Бирок ал жөнүндө жазбайм деп айткан эмес элем да. Эми, силерден өтүнүчүм бар. Мен эмне тууралуу жазсам да, ал иш силер менен менин ортомдо калсын. Муса менен коштошор замат жаңы ышкырык сатып алдым. Бирок Таксим аянтында ышкырууга аракет кылганымда мени кармап алышты. Эртеси күнү бардык гезиттерде мен тууралуу кабарлар жайнап чыкты: “Жалган текшерүүчү кармалды!”, “Өзүн полицай атаган адам колго түштү!”

Кудай күбө, менин кыялымда эч жаман ой жок болчу. Ошондо мен кандай ышкыруу керектигин түшүндүм. Эгер чечкиндүү болбой, ышкырыкты калтыраган кол менен чочулап, жансыз ышкырсаң, кимдир-бирөө дароо шек санап, шектүүнү биле коёт экен.

Мына эми, менден сураныч: кандай ышкыруу зарылдыгын эч кимге айтпагыла! Болбосо биз аны жакшы жасагандарга зыян тийгизип коюшубуз ыктымал.

Орусчадан оодарган Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз