Илгери, илгери Жапон жеринде Сентаро деген киши болот. Анын аты жапон тилинен кыргызчага “Миллионер” деп которулат. Бирок Сентаро элге мактангандай бай да, итке минген кедей да эмес экен. Атасы мураска калтырган оокаты жетерлик болгондуктан, иш жөнүндө ойлонбой жашайт. Ал 32 жашында күтүүсүздөн дарт жана өлүм жөнүндө ойлоп, кара башы кайгыга батат.
– Мен беш жүз же алты жүз жашка чыкканча, ооруу дегенди билбей жашагым келет, – деди ал күбүрөнүп. – Деги эле адам өмүрү өтө эле кыска болот экен.
“Жөнөкөй жана үнөмдүү жашап, өмүрүңдү каалашыңча узартууң мүмкүнбү?” деген ой басты аны.
Сентаро карт замандарда миң жыл жашаган өкүмдарлар тууралуу эчен-эчен икая уккан. Бир икаяда каныке Ямато беш жүз жыл өмүр сүргөнү айтылат. Бул эң узак жашаган адам жөнүндө жазма булактарда тастыкталган акыркы маалымат болчу.
Ал ошондой эле Шин-но-Шико деген кытай падышасы тууралуу көп аңгеме эшиткен. Шин-но-Шико Кытайдын тарыхындагы эң жөндөмдүү жана кубаттуу император катары белгилүү: мамлекеттеги коросон сарайларды жана Улуу Кытай дубалын ошол курдурган. Дүйнөдө эмне кааласа, ошого колу жеткен, бирок ал өзүн канчалык бактылуу сезсе да, ордосу теңдешсиз кооз, кыял жеткис керемет болгону менен, кеңешчилеринин акылмандыгына жана өзүнүн даңкы кыйырга жеткен атак-даңкына карабастан, Шин-но-Шико бактысыз бечара эле. Себеби, бир күнү ичер суусу түгөнүп, мунун баарын таштап кетерин айкын билчү.
Ал эртең менен ойгонгондон тартып күн бою мамлекет маселелери менен алпурушуп жүргөндө, а түгүл түндө башы жастыкка тийгенде да өлүм жөнүндөгү ой аны ныпым тынч койбоду. Канча аракеттенбесин, көңүлү тынчыбады. “Эгер өлбөстүктүн дарысын тапсам, бактым ачылмак” деп ойлоду.
Император бир күнү ордо адамдарын чакырып, өзү китептен көп окуган жана ар кимден эшиткен Өлбөстүктүн дарысын мага кимиңер таап келе аласыңар деп сурады.
Жофуку деген кары амалдар деңиздердин ары жагында Хорайзан деген өлкөдө Өлбөстүктүн дарысын кантип жасагандын сырын билген календерлер жашайт, алар жасаган касиеттүү дарыны ичкен адам түбөлүк жашайт деди.
Император Жофукуго Хорайзан өлкөсүнө барып, жанагы календерлерди таап, бир флакон сыйкырдуу дары алып келүүнү буйруду. Ага императордун сербаа кийимдеринен ылайыктуусу кийгизилип, календерлерге өкүмдар атаган алтын-күмүш заттар жана асыл таштар кемеге жүктөлүп, алыс сапарга узатылды.
Жофуку Хорайзан жерине кемеде кеткен боюнча императорго кайра келбеди, бирок ошол мезгилден тарта Фужи тоосу – бул Хорайзан өлкөсү жана өлбөстүктүн дарысынын сырын билген календерлердин үйү, ал эми Жофукуалардын колдоочу кудайы деп айтылып калат.
Сентаро ары-бери толгонуп отуруп, береги календерлерди табайын, аларды таап өлбөстүктүн дарысына ээ болоюн деп чечти. Касиеттүү календерлер Фужи тоосунда гана эмес, эң бийик чокулардын баарында жашай турганын ал бала кезинде көп уккан.
Ал эски тамын туугандарынын көзөмөлүнө калтырып, жолго чыкты. Бардык тоолуу аймактарды кыдырып, көк тиреген эң бийик чокуларга чыкты, бирок бир да календерди жолуктурбады. Ушинтип узак жүрдү. Белгисиз аймакты бир нече күн тентип жүрүп, ал жалгыз мергенге туш келип, андан сурады: “Мен өлбөстүктүн дарысына ээ календерди издеп жүрөм. Анын жашаган жерин мага айтып бере аласызбы?”
“Жок, – деди мерген. – Мен андай календерлер кайда жашаганын билбейм, бирок бул аймакта атактуу ууру жашаганын билем. Ал кол алдында эки жүз каракчы бар экенин айткан.”
Сентаро мергендин табышмактуу жообун угуп, календерлерди издеп табам деп эчендеген күндөрдү текке кетиргенине ызаланды, Түштүк Жапонияны байырлаган календерлердин колдоочу кудайы эсептелген Жофукунун саганасын көздөй бет алды.
Саганага жетип, жети күн тынбай сыйынып, Жофукудан өлбөстүктүн дарысын билген календерге алып барчу жолду көрсөтүп берүүнү өтүндү. Жетинчи күнү түн ортосу ченде кабырдын алдына эми тизе бүгүп отурганда сагананын каалгасы ачылып, жаркыраган булуттун курчоосунда Жофуку чыга келди да, Сентарону өзүнө чакырып, нускалуу сөз баштады:
– Сен өз пайдаңды ойлогон адам экенсиң. Сен көздөгөн нерсе оңой-олтоң орундалбайт. Сен өлбөстүктүн дарысына ээ болуу үчүн гана календер болууну каалайсың. Календерлердин жашоосу кандай оор, билесиңби? Аларга мөмө жемиштерин, өсүмдүктөрдүн ашы менен кызыл карагайдын кабыгын гана жегенге уруксат; алар жүрөгү алтындай таза, желдей эркин болуу үчүн жашоонун бардык азгырыктарынан баш тартышат. Береги катаал чектөөлөргө көнгөндөн кийин ачкалыкты, суукту, ысыкты сезишпей, денелери булуттай жеңил болуп, турнаны жекарп балыгын минип кете берет, суунун бетинде бутун суу кылбай баса алат.
Сен, Сентаро, ток жана байгер жашоону жакшы көрөсүң. А түгүл карапайым адамдарды теңсинтпейсиң, сенин табиятыңа ысыкка сезимтал, бирок көпчүлүк адамдарга караганда жүрөгү таш бурхан жакын. Сен эч качан кышкысын жылаңаяк же бөздөй жука кийимчен жүрө албайсың! Бир күнү календерлер тейде сабырдуу же чыдамкай болом деп ойлойсуңбу?
Сен башың менен жер казсаң да, жалынып-жалбарганыңа жооп кылып, башка жол менен жардам берем. Мен сени өлүм эч качан келбеген, адамдар өлбөй жашаган Маңги жашоонун өлкөсүнө жиберем!”
Ушинтип сөзүн бүткөн Жофуку кагаздан жасалган кичинекей турнаны Сентаронун алаканына салып: “Куштун жонуна отур, ал сени Маңги жашоонун өлкөсүнө алып барат”, – деди.
Таң калган Сентаро айтылгандай кылды. Турна чоңоюп, Сентаро ыңгайлуу отургандай болду. Анан канаттарын жайып, абага көтөрүлдү, тоолорду астында калтырып, деңизге багыт алды. Сентаро обол бир аз коркту, бирок акырындап аба жиреп зымырап учканга көндү. Алар миңдеген чакырым учушту. Турна не эс алганы, не тамактануу үчүн токтободу. Арийне, кагаз турна тамак жебейт да, лекин шам-шум этпеген Сентаронун өзөгү карарды.
Бир нече күндөн кийин аралга жетишкенде турна жээктен алыс барып конду. Сентаро куштун жонунан түшөр замат ал ирээттүү бүктөлүп, ээсинин чөнтөгүнөн жай тапты.
Сентаро айланасына тигиле карап, Түбөлүк жашоо өлкөсүндөгү турмуш менен таанышууга киришти. Адегенде өлкөнү бир айланып чыгып, шаар аралап жөнөдү. Жаңы дүйнөдөгү ар бир нерсе киндик каны тамган жериндегиден айырмаланат да, ага окшобойт да экен. Жери абад, эли байдөөлөт көрүндү. Ошон үчүн бу жакта калып, конок үйлөрдүн биринде жайгашууну ылайык көрдү.
Конок үйүнүн кожоюну меймандос адам экен. Ал Сентаронун жөн-жайын угуп, шаар башчысы менен сүйлөшүп, жашоого зарыл маселелерин чечүүгө көмөктөшөм деп убада кылды. Атүгүл конокко жашагандай үй таап берди. Ушинтип Сентаро көксөгөн тилегине жетти, Маңги жашоо өлкөсүндөгү өмүрү башталды.
Аралда жашагандардын арасында бул жерде жашагандардан кимдир-бирөөнүн өлгөнүн же ооруганын билген бир да жан жок экен. Индустан менен Кытайдан келген диниятчылардын айтымында, Жаннат деген ажайып өлкөдө бардык эркектердин жүрөгү бак-таалай, ыракат жана лаззат деп согуп, анын дарбазасы өлгөн киши үчүн гана ачылат экен. Бул салт муундан муунга өтүп сакталгандыктан, Жаннаттын дарбазасы өлүмдөн башка эмнеге ачыларын эч ким билбейт экен.
Сентаро жана ал сыяктуу жайкын адамдардан айырмаланып, Түбөлүк жашоо өлкөсүндөгү байлар менен кедейлердин бирден бир каалаган тилеги, максаты өлүм экен. Алардын баары чексиз узак жашоодон тажап, эчендеген кылымдар мурда диниятчылар айткан бактылуу жер – Жаннатка кетүүнү самашат туура. Мунун баарын Сентаро аралдын жашоочулары менен баарлашып жүрүп билди. Ал кыялында багып өстүргөн идеяларына ылайык, өзүн Тескери дүйнөдө жүрөм деп түшүндү. Ал өлүмдөн качууну тилек кылган. Ал Түбөлүк жашоо өлкөсүнө кумарланып да, сүйүнүп да келген, бирок өлүм маңги жолобос адамдар өлүмдү жыргал деп самап калышканын көрдү, түшүндү.
Ал буга дейре уу деп билген затты бул адамдар кадыресе тамактай сугунуп, ал кадимки азык-оокат ирети жеген тамактан баш тартышат. Непада бөтөн өлкөлөрдөн соодагерлер келип калса, байлар уу сатып алуу үчүн чымын-куюн чуркашат. Ошондуктан алардын баары башыбыз Жаннатка кирсе эле, биз тилеген өлүм жаныбызды алат деген үмүт менен жашайт.
Бирок башка жактарда кишини соо койбогон уунун күчү тетири дүйнөдө эч нерсеге таасир этпегендиктен, уугуп өлөбүз деген адамдар ууну ичкенден кийин жаны оозуна келип кыйналбастан, тескерисинче, бир канча убакка өздөрүн куландан соо сезип калышат.
Алар өлүм эмне экенин көз алдына элестете албай эсепсиз убактысын текке кетиришкен. А түгүл байлары өмүрүн эки жүз, үч жүз жылга кыскартуу үчүн бар акчасы менен жыйган дүйнөсүн бергенге даяр. Эч кандай өзгөрүүсү жок өмүр аларды тажатып, азапка башы байлангандай сезишет өздөрүн.
Айтымдарында, дарыканадагы эң көп сатылган дарыны жүз жыл ичкенден кийин кишинин чачы күмүш жалаткандай буурул тартып, ашказанды куркулдатып, тамагың аш болбой калат экен.
Сентаро ресторандарда уулуу тоголок балык тамактын чүйгүнү катары берилгенин, ал эми көчө соодагерлери алагүлүк коңуздан жасалган соус сатып жүргөнүн көрүп, айран калды. Берегидей үрөй учуруучу тамакты жеп ооруган же сууктан тумоологон бир да кишини учуратпады.
Сентаронун көңүлү жайлады. Тескери дүйнөдө жашагандан эч качан тажабайм, бул жерде жашап өлүм тилеген кем акылдын иши деди ал өзүнө. Ал аралдагы жападан жалгыз эң бактылуу адам болгондуктан миңдеген жылдар өмүр сүрүп, жашоонун ыракатын көрөйүн деп тиледи. Ал ишке баш-оту менен кирип, туулуп өскөн жерине кетүү жөнүндө такыр ойлободу.
Жылдар өтүп жатты, бирок турмуш баштагыдай сыдыргыга салгандай бир жаңсыл болбоду. Чарбасы бир нече жолу чоң чыгашага учурады, коңшулары менен да алакасы бузулду, колунан иши түштү.
Ал таң үрүл-бүрүлдөн караңгы түшүп, көз байланганча жаналы калбай иштегендиктен, убакыт ага жаанын огундай шуулдап учуп, кайра кайтпады. Өмүрүнүн үч жүз жылы ушундай жолойдо өттү. Ал тескери дүйнөдөгү жашоодон чарчап, туулуп өскөн жериндеги эски үйүн сагынды. Тилекке каршы, бул жакта узак жашап, алдыдагы жылдар да мурдакысына окшош болорун түшүндү. Андыктан бул өлкөдө калуу – келесоолук жана жүдөтмө жашоого моюн сунуу эмеспи?
Сентаро Түбөлүк жашоо өлкөсүнөн качуунун амалын ойлоп, ага өлүмдөн качууга көмөктөшкөн Жофукуну эстеди. Өз жерине кайра кайтарууну суранып, касиеттүү Жофукуга сыйынды. Бир нече күн жалынып-жалбарып таат кылгандан кийин анын чөнтөгүнөн кагаз турна чыкты. Сентарону эчендеген жылдар өткөнү менен турнанын калыбын жазбай сакталганы таң калтырды. Турна эзелкидей болуп чоңойду. Ал жонуна жайлашып отурган соң канаттарын жайып, деңиздин үстү менен Жапонияны көздөй ылдам учуп жөнөдү.
Табияттын мыйзамына каршы түбөлүк жашоону каалаган киши өткөн өмүрүн эстеп, ушундай кадамга барганына өкүндү. Турнаны токтотууга аракет кылды, бирок ал океандын үстү аркылуу миңдеген чакырым жолду арбытып, канаты талбай уча берди.
Бир убакта бороон башталды. Суу болгон турна куш таризин жоготуп, деңизге кулады. Сентаро кошо кулады. Деңизге чөгүп өлөт экенмин деп корккон Сентаро доошун болушунча катуу чыгарып: “Мени сактап кал” деп Жофукуга кыйкырды. Айлананы карап, бир да кеме көргөн жок. Оозуна суу кирип, деми кысылып, көзү алактап, өлүм көзүнө көрүндү. Сууга чөкпөстүн айласын кылып, өзүн көздөй сүзүп келаткан борчук таштай зоңкойгон акуланы көзү чалды. Ал жакындап келип, аны жутуу үчүн аркайган оозун ачты. Коркконунан денеси солдоюп, эми өлдүм деген Сентаро доошумду укса, Жофуку сактап калат деген үмүттө алынын барынча кайра бакырды.
Сентаро ушинтип өзүнүн ач кыйкырыгынан ойгонуп кетти. Денесин кара тер басып, калчылдап эсин жыя албай сестейди. Эстесе, сагананын алдында узак убак сыйынып отуруп, чарчап уктап кетип, өлбөстүктүн дарысын издеп жүрүп башынан өткөргөн окуялардын баарын түшүндө көргөн тура.
Капылеттен аппак нур төбөдөн жанып, нурга чөмүлгөн адам көрүндү. Колунда китеби бар. Ал Сентарого кайрылды:
– Мени Жофуку жиберди. Ал сенин жалынып-жалбарып сураган өтүнүчүңдү угуп, сен каалаган Маңги жашоо өлкөсүн көрүүңө мүмкүнчүлүк берди. Бирок сен өлбөстөрдүн жеринде жашоодон кыйналып, өзүң туулган жерге кайтар деп жалбарганыңдан, тилегиңди орундатты: эми өлөсүң. Жофуку сени сынап көрүү үчүн деңизге кулатып ийип, жутуп алсын деп акуланы жиберди. Сенин өлүүнү тилегениң калп экен, акуланы көрүп кекиртегиң айрылганча бакырып, жардам сурадың. Календер болсом деген тилегиң же өлбөстүктүн дарысын табам дегениң да курулай сөз! Айткан сөздөрдү аткарууга сенин эркиң жетпейт, сен катаал турмушка көнгөн эмессиң!
Сен үчүн азыр эң жакшысы: атаңдан калган үйүңө барып, жаныңды карч уруп, талыбай эмгектенүү. Ата-бабаларыңды жыл сайын эскергенди унутпа! Балдарыңды келечекте ата-бабаларын эскерип жүргөнгө үйрөтүү – сенин милдетиң. Бул картайганда бактылуу жана сый-урматтын үстүндө жашооңдун ачкычы. Ал эми өлүмдөн качып кутулам деген тилегиңди ташта, бир да адам өлүмдөн качып кутулган эмес. Мындай тилегиң орундалган учурда деле, бактылуу болбосуңа өз тажрыйбаңдан ишендиң.
Мына бул китепти окусаң, өзүң үчүн пайдалуу көптөгөн кеп-кеңештерди табасың. Алар сени мен көрсөткөн жолдон адаштырбайт.”
Периште насаатын айтып бүтүп, көздөн кайым болду. Сентаро периштенин насаатын көкүрөгүнө түйдү. Ал калтырган китепти төшүнө бекем кысып, үйүнө келди. Курулай тилек-каалоолорун таштап, китептен окуган сабактарын эске тутуп, маңыздуу жана пайдалуу жашаганга тырышты. Ошол күндөн бери Сентаронун иши жүрүшүп, өзү байгер өмүр сүрдү.
Англис тилинен Амирбек Азам уулу которду