Степан Бандера: Орус эли баскынчы империализмдин туруктуу жактоочусу

  • 15.10.2022
  • 3198

Степан Андреевич Бандера (1909–1959) – украиналык саясый ишмер, украиндердин улуттук кыймылынын уюштуруучусу жана көсөм жол башчысы. Жертөлөдө жашыруун иштеп жүргөнүндө Баба, Лис, Степанко, Малый, Серы, Рых, Матвей Гордон, Крук ж.б… ж.б… псевдонимдер менен белгилүү болгон. Өзү грек-католик дин кызматчысынын үй-бүлөсүндө туулган.

Төмөндө биз анын мамлекеттин эгемендиги, улут эркиндиги, саясый көзкарандысыздык жөнүндө учкул ойлорун кыргызча жарыялоону эп көрдүк.  

*     *     *

Агер эртең большевизм орус империализминин башка бир формасы менен алмаштырылса, анда деле Украинаны мурдагыдай көзкаранды, баш ийген бойдон калышына бар күчүн жумшайт. Орус калкы мурдагыдай эле империализм чапанын жамынып, Украинаны баш көтөртпөө үчүн бардыгына барат. Муну караламан калың орус калкы да, бүтүндөй орус саясый чөйрөсүндөгү коммунисттик жана антибольшевиктик саясый ой-пикирлердин өзөгү да ачык айкын көрсөтүп турат. Алардын түп тамырында Украина мамлекети обочодо калып, анын эгемендик идеясына каршы ашкере кастык сезими аңдып, бугуп жатат.

… Демек, Украинанын өз эркиндиги, мамлекеттик көзкарандысыздыгы үчүн күрөшкөнү – биринчи кезекте империалисттик Москванын чабуулуна каршы күрөш болуп саналат. Орус эли так ушул баскынчы империализмдин туруктуу жактоочусу, улантуучусу болгондуктан биздин күрөш Украинанын Орусияга каршы күрөшү болуп саналат жана улана берет.

*     *     *

Эл өзү күрөшүп, өз тагдырын күрөш менен бекемдебесе, башкалардын жардамга даяр болуп кол сунганы да түккө татыбайт.

*     *     *

Ар бир идеологиялык же саясый аракетте эң негизги ролду аткарган эки компонент бар: идея жана адам.

*     *     *

Украинанын улуттук уюму өз мүчөлөрүнүн өмүрүн абыдан урматтайт, баалайт. Арийне, биздин идея ушунчалык улуу дөөлөт болгондуктан, аны ишке ашыруу жана сөз кылуу үчүн жалгыз-жарым же жүз миңдеген эмес, мүмкүн миллиондогон курмандыктар зарыл.

*     *     *

Москвалыктар менен жалпы тил табышууга болбойт.

*     *     *

Степан Бандера бир курдай украин эместерге минтип мамиленин үч түрүн айткан. Алар абдан жөнөкөй: “Биздеги бир туугандык – Украина үчүн улутуна карабай күрөшкөндөр бар. Биздеги айкөлдүк – биздин жерде биз менен бир тилектештикте күрөшкөндөр бар. Биз алар менен мамыр-жумурбуз, Украинанын койну баарына кенен. Үчүнчүсү, украин элинин улуттук-боштондук күрөшүнө каршы чыккандар бар, аларга кастыгыбыз бекем. Мындай позиция кандай эл, кандай мамлекетте болбосун кезигет. 

*     *     *

Биздин күрөштүн социалдык максаттарына келсек, биз, бандерачылар, тапсыз коомду куруу үчүн күрөшөбүз. Биз Украинага помещиктер да, капиталисттер да кайтып келишине каршыбыз... Биз өндүрүш шаймандарына жана каражаттарына коом өзү ээлик кылуусун жактайбыз.

*     *     *

Биздеги эң башкы принцип, эң негизги максат – Бирдиктүү Эгемен Украина державасын куруу. Биз аны кылчактабай беттедик. Биздин сапар — революциялык боштондук майданы.

*     *     *

Улуттук-боштондук революциясынын аягы Бирдиктүү Эгемен Украина өлкөсүнүн бийлигин калыбына келтирип, бекемдөөгө тийиш. Көзкарандысыз мамлекеттик турмушту калыбына келтирүүнүн зарыл шарты – Украина жеринде Совет бийлигин, анын түзүмдөрүн, куралдуу күчтөрүн жок кылуу, коммунисттик партияны системасы менен талкалап, орус империализмин коргогон бардык күчтөрдү Украинадан жок кылганда гана көзкарандысыз кызыкчылыктар корголот. 

*     *     *

Эл эгер нан менен эркиндикти тандоодо нанды тандаган болсо, акыры нан менен кошо барынан ажырайт. Эл эркиндикти тандаса, аны эч ким тартып алалбайт, өзү өстүргөн нанга ээ болот.

*     *     *

Бирөө-жарым: «Украинага даңк!» дечү учур келет, а миллиондогон адамдар ага: «Баатырларга даңк!» деп жооп беришет.

*     *     *

Биз, өз укугубуз үчүн күрөшкөндөй, өз укугу үчүн күрөшкөн башка элдерди да тааныйбыз. 

*     *     *

Убактысы келген идеяны эч бир күч токтото албайт!

*     *     *

Орусиянын жападан жалгыз тутунганы — империя түзүмү. Орус империализми түп-тамырынан талкаланып жок болмоюн, орус элинин башына көптөгөн кырсык, курмандыктар, азап-кайгы, кыйроолор келе берерин аңдап-түшүнүп, андан айыкпаса, империализмдин дарты өтүшүп кетет.

*     *     *

Жеке өзүнүн боштондук күрөшү болбосо, Украина эркиндиктин да, демократиянын да эч кандай көлөкөсүн көрбөйт.

*     *     *

Биздин күрөш – бул улуттук күрөштүн өзүнөн да, төрт тарабы төп келген эркиндиктин өзүнөн да жогору турат. Буга эркиндикти эңсеген адамдардын баарынын эки көзү төрт.

Уландысы мында>>>>>

Кыргызчалаган О`Шакир

Булагы: https://ru.citaty.net/avtory/stepan-andreevich-bandera/

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз