«Манас–1000» мааракесинин уусу менен дуусу

  • 12.12.2022
  • 1747

1994-жылдын апрелинде «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик деректирликтин башкы жетекчиси Шаршеев Шеримбек телефон чалып чакырды. Деректирлик кыскача «Манас – 1000» дирекциясы аталчу. Жайгашкан орду Киев көчөсүндөгү Агропромдун чыгыш канатында, жетинчи кабатта экен.

Мындай ийри-муйру коридорлорду өмүрү көргөн эмесмин, булуң-бурчтарын сүзгүлөп жүрүп араң таптым. Шаршеев кабинетинде жалгыз эмес экен, дагы алтоо-жетөө отуруптур, тура калышты. Учураштык. Ашым гана турбай: «Мен Бексултандын кайнагасымын, турбайм», – деп мулуя жылмайып койду. Ашым экөөбүз биринчи курстан кыйышпас доспуз. Тамаша-чыныбыз бири-бирибизге маалым.

– Кожожаш жеткис аскага чыгып кетипсиңер го, – какшыктасам түшүнбөй тамаша дегенсип күлүп калышты.

– Байке, тааныштырып коёюн, – деди Шеримбек.

Мындагыларды ансыз деле билчүмүн, ар кимисинин милдетин айтып тааныштыра баштады.

– Ашым Жакыпбеков «Манас» эпосу боюнча эксперт, Асан Абетеков археология боюнча эксперт, Амантур Акматалиев этнография боюнча эксперт, проектилердин жетекчилери Мелис Шаршембаев, Аблабек Асанканов, менин орун басарым Асылбек Зулпуев, Бейшеналиева институтунда сизден окугам деп жүрөт, финансы маселелерин тейлөөдө экөөбүздүн укугубуз бирдей. Эми кеп мындай, байке. «Манас – 1000ге» көркөм жетекчи алмай болдук. Сиздин кандидатура сунушталып жатат.

– Ким сунуштады? – дедим мен.

– Өзүбүз акылдашып, сизди жактырганбыз. Оргкомитет, өкмөт колдоду. Каршы болбостурсуз. Ачыгын айтайын, айлыгыңыз чоң деле эмес, төрт жүз сомдун тегереги. Зато служебный машинеңиз болот. «Волгага» акча бөлүнгөн...

– Шеримбек, – дедим сөзүн узарттырбай. – «Манас» үчүн иштеген ар бир кыргызга сыймык. Бирок «Манас–1000» дирекциясынын уюшулганына бир жарым-эки жылдай болуп калды го? Көп иш бүттү деп ойлойм. Көркөм жетекчинин, мүмкүн, кереги жоктур азыр. Приказ чыгарбай коё тургула, айлык албай иштеп көрөйүн. Байкайлы.

Ушуга макулдаштык.

Айлык алгандардан калышпай күн сайын маалында кызматка келем. Кеңешмелерге катышам. Айткан-дегендерине кулак түрүп баамдайм. Деректирликтин, уюштуруу комитетинин мааракеге багытталган план-программалары, документтери, чечимдери менен таанышкан учурумда оңдой турган, ойлоно турган, тактай турган маселелер бар экенин байкадым. «Манастын–1000» жылдыгын даярдоо оңой түйшүк эмес. Жоопкерчилиги кыргыз элинин, мамлекеттин, бүткүл адамзат маданиятынын алдындагы сыймыктуу оор милдет. Миң жылдыктын майрамын өткөрүү андан бешбетер оор жана кымбат улуттук вазипа. Миң жылдыкка кандай гана чоң, «кичине» иш пландалбасын – аткарууга келгенде, баягы эле көнгөн «боло берет» деген илээндилигибиз түп-тамырынан кыркылбаса, убал жок бизге.

Приказ чыгартпай иштегениме үч жума ашкандай болду. Ушунча убакыт ичинде чет өлкөлүктү мындай коёюн, «Манас–1000» деректирлигин издеп келген бир да кыргызды көрбөгөнүмө аң-таң болдум. Бул эмне? Мааракеге элдин баары түп көтөрө кайдыгерби? Андай эмес! «Манас» эпосунун салтанаттуу чоң майрамын эңсегендер, ой-пикир бөлүшүп, кеп-кеңеш, сунуш айтчулар кыргыздарда да, чет элдиктерде да толтура. «Манаска» кызыкпаган жан жок десем жаңылбасмын. Деректирлик киши каттагыс асманга чыгып алса, ага барар жолду таппай карайлагандар кайдан келсин?!

Ишке аралашканыма бир айча убакыт өтүп-өтпөй көркөм жетекчинин керектигине ынандым. Мага приказ чыкты.

– Шеримбек, – дедим гендеректир Шаршеевге. – «Манас–1000ге» оңой келип, оңой кеткидей жай таппасаң болбойт. Унутулуп журтта калган мекеме болуп калгыдайбыз. Ушерде отура берсек маараке бизсиз өтүп кетпес бекен?

– Өзүм да чийки май жегендей бушайманмын, байке. Ылайыктуу имарат табылбай жатат, – деди Шеримбек.

Шеримбек жаны тынбай иштечү. Жөн жүрүп албаптыр. Анча-мынча күндөн кийин Москва–Турусбеков көчөлөрүнүн кошулушундагы чоң имаратка «Манас–1000» мамлекеттик дирекция көчтү. Овцепром деген мал чарбачылыгына тиешелүү бакыйган мекеме отурчу экен мурда, тарттырып ийип, КДКчылар ээлик кылып алыптыр. Бул имарат деле жарытчу түрлөнбөдү. «Манас–1000» бешинчи кабатка орношуппуз. Лифт иштебейт. Жөө чыккандан качпайт элек, бирок тепкичтери өтө жазы болгондуктан өөдө чыгып, ылдый түшкөнчө кадамыбызды санап басып жүдөчү болдук. Киши-кара келе баштады эле, бирди жарымдап тез эле аягы суюлуп кетти. «Имаратка жарыбайт окшойбуз» деп Шеримбектин көңүлү чөккөнү көз алдымда.

Имарат жөнүндө ооз ачпадым. Ансыз да деректирликтин кызматкерлери, Шаршеев өзү баштап күндүр-түндүр, дем алыш күндөрү да жан аябай иштегендерине адеп келгенден күбөмүн. Далай жумуш бүтүптүр. Бүтө тургандары да аз эмес экен. Иштин күжүрмөн темпине сүйүндүм. Ошондой болсо да мени күмөн санаткан оңдолчу, ойлончу, такталчу маселелерди талаша-тартыша күн тартибине коюп, көркөм жетекчилик милдетими аткара баштамай болдум:

– Урматтуу «Манас–1000» дирекциясынын ишмерлери, араңарга кошулуп, мааракени даярдоо жана өткөрүүдө силер кандай жооптуу болсоңор мен да баштан аяк ошондоймун. Ишке орношкон күндөн аркысына жоопкерчилигим болбойт дешке акым жок. Мактоого татыктуу ишиңер бар экен, аларды санап убакыт коротпоюн. Ток этери. Мааракеге арнап чыгарган китептериңер начар, зээними кейитти. Саны бар, сапаты жок алардын! – дегенимче илимий-саясый «Мурас» долбоорунун (проект делчү анда) жетекчиси Аблабек Асанканов чычалап кетти:

– Коюңузчу, Бексултан Жакиевич, сапаттуу эле чыгып атат! – деп.

– «Манастын» дүйнөнү дүңгүрөткөн миң жылдык, бир миң бир жүз жылдык, дагы башка юбилей-майрамдарын өткөрүүнү көздөп, кара жанын карч урган канча мыктыларыбыз жок болуп кетти. Эпостун юбилейи калайык-калкыбыздын, а турсун чет өлкөлүк атактуу илимпоздордун ак эткенден так эткен аруу тилеги болчу. Миң жылдык улуу майрам. Кыргыздар үчүн ыйык дата. Ага арналган ар бир китепти кастарлап үйүбүздө сактап, досторубузга белекке тартуулагандай бололу. Подарочный алтын-күмүш менен буулагандай көркү болбосо, анын эмнеси подарочный, эмнеси юбилейлик издание! Эки жүз, беш жүз жыл өтсө да «Манастын» миң жылдык мааракеси мыкты өтүптүр деп урпактар сыймыктангандай болсун. Китептин мукабасы, өңү-түсү, форматы, бүткүл жасалгасы, жазуусунан бери көздү кубантып турбаса, эптеп-септеп бөртөй-шөртөй көркү жок китеп сөрөйлөрдү жайнатып урдура берсек мааракенин баркын баштала электе эле кетирип алабыз. Күйүп-бышканымын жөнү ушунда, Аблабек, – деген элем.

Аблабек Асанкановго ыраазымын. Кур намыска салып, тырышып отуруп алса кантмекмин? Анткен жок. Айыбын мойнуна алып, кечирим сурады.

Акча-каражат үнөмдөгөнү китептерди арзан чыгардык эле деген шылтоону Шеримбек айтты беле, же Аблабекпи, азыр эсимде жок.

– Улуттун атагын арзан баада битиреп чыгарбайт. Антсек битин сыгып, канын жалаган ач көздүк кылабыз! – дегеним эсимде. Ошондогу китептин сапаты жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү тарых илимдеринин доктору, белгилүү окумуштуу, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Аблабек Асанканов эмгиче унутпай эстеген сайын айтып калат каткырып. Бу да болсо миң жылдыкка арналган китептердин кийин сапаттуу, талаптагыдай көркөм чыкканынын далили. Мурдагылары китепканаларга бекер таркатылган эле. Бул биринчи маселе.

* * *

Экинчи маселе. «Этнографиялык «Манас» эпосунун музейин түзүү» деген аныктаманы тактоо керек болду.

– Музейдин аталышындагы (вывескадагы) адабий деген бир сөз түшүп калган окшойт, – десем Шеримбек Шаршеев:

– Сценарийдин автору этнографиялык музей түзөлү дегенине макул болгонбуз, – деди.

– Адабий дегенди кошпой этнографиялыкты гана калтырганда... кандай түшүнсөк болот? – дедим.

– Эпос буюмдар аркылуу көрсөтүлөт. Маселен, Манастын туулганын диаграммага коюлган бешик билдирет. Эки найза, калкан турса Манас менен Коңурбайдын сайышын түшүнөбүз, – деди Шеримбек.

– Э, катыгүн, маселен, Кошой менен Жолойдун күрөшүндө диаграммага эмне буюм коёсуңар? Кошойдун кандагай шымын коёбузбу? Музей «Манас» эпосунун адабий-этнографиялык музейи десек так жана туура болот. Эпос кыргыздардын кайраты мыкты, заары күч, жалпыга даңкы угулган каганы Ногой дүйнөдөн кайтып, сөөгү жерге бериле электе кытайдын ханы Алоокенин кыргыздарды капыстан чапканынан башталат. Муну этнографиялык кайсы буюмубуз баяндап жеткирет? Алооке ордону өрттөп, катын-кызды олжолоп талап-тоноп, дүмөктү башка салганда, нойгуттан чыккан азамат Акбалта Ногой кандын кенже уулу Жакыпты караан тутуп, баскынчылардан өч алмакка эр жүрөк жигиттерден кол курап, каңгайдын токсон беш төөгө алтын, жакут, дилде артып, Кытайга жөнөп бараткан желдеттерин кырып жиберишет. Кытайдын колу жабылып, каны жок калган кыргызга кыйын мүшкүл салып, кыйла жанды кырды. Өлүмдөн кутулгандарын Алооке чилче таратты. Ногойдун төрт уулун төрт тарапка тентитти. Акбалта менен Жакыпты кырк үйлүү кыргызга кошуп, Алтай жерине сүрдү. Аяктагы калмак, манжу, мангулдарга кыргыз шордуу кул, күң болуп, өлбөстүн күнүн көрдү. Ушунун баарын кайсы этнографиялык буюм аркылуу диаграммага батырганы жүрөбүз? Азап-тозок, кыргындардын драматургиясы, трагедиялуу кагылыштар, окуялардын өнүгүшү, чиелениши, өрчүшү, образдар, адамдардын мүнөзү этнографиялык буюмдар аркылуу ачылбайт, эпостун маани-маңызын жеткирген музей түзүү мүмкүн да эмес анда. Этнографиялык буюмдар канчалык бай болгон күндө да эпостун философиясы түгүл, окуясынын миңден бирин баяндай албайбыз. – Шеримбекти ынандыра алдымбы, билбейм. Бир маалда өзүмдү өзүм токтоттум да: – Сценарийдин автору ким? Жолугуп сүйлөшөлү, – десем, Шеримбек кызбы, келинби, бирөөнү айтты эле, аты-жөнүн этибар алганым жок. Автор келбей да койду.

Ал эч кимди теңсинбеген же укугун чексиз бапестеп бааланган кыйын немеби, Шеримбек Шаршеев айтса кеп жебей: «Этнографиялык музейдин сценарийин жазуу жөнүндө договор түзүлгөн, башкача болушу мүмкүн эмес» дептир. Эпосту билбеген байкуш ко деп ойлодум. Билсе минтип кашайбайт эле го. Шеримбек кабагын салып: «Сценарийди дагы бирөөнө жаздырсак, текшерүү келсе оңдурбайт» деп санааркады. Музейдин художнигине Уюштуруу комитеттин чечими менен Исамадыров Талаачы бекиптир. Бирок колунда сценарий болбогондуктан иш баштай албай чайналып турган кези экен. «Дагы бирөөнө сценарий жаздыруунун кажети жок. Эпосту эпизод-эпизод боюнча художникке баштан аяк айтып берүү милдетин мойнума алайын. Гонорар доолабайм, коркпо» дедим Шеримбекке. Милдетимде турдум.

Талаачы менен анын карамагындагы художниктер Сыдыков Базарбек, Кожакметов Жамалбек, Усубалиев Бектен, Бакиров Ибрагимдер менен музей бүткөнчө иштештим. Ага чейин сценарийдин башын ачып алууга туура келди. Антпесек, келишим түзүп, авансын алып койгон кежир автор чатактан башыбызды арылтпай жүдөтүшү мүмкүн эле. Ошондуктан кыргыздын руханий дүйнөсүндө төбөсү көрүнгөн дегендей аттуу-баштуу художниктерден, жазуучулардан, композиторлордон, артистерден, режиссёрлордон көркөм кеңеш түзүп, Исамадыровдун өнөрканасында кенен-кесири пикирлешип, «Манас» эпосунун адабий-этнографиялык музейин түзүүнү бир добуштан жактаган чечим кабыл алганбыз.

Убакыт тар. Художниктер баш көтөрбөй ишке киришип, мааракенин ачылышынан кечиктирбей музейди бүтүргөндөрүн кантип унуталы! Андан тышкары биринчи кабат менен экинчи кабаттын ортосундагы бийиктиги он метрдей (даанасы эсимде жок), туурасы 5–6 метр чамасында Манас доорун элестеткен панно музейдин көркүнө көрк, мазмунуна мазмун кошуп байытып турат. Паннонун автору Кыргыз эл сүрөтчүсү маркум Жоомарт Кадыралиев. Чыгарма оңойле жарала койгон эмес, узун-туурасы чоң болгондуктан ылайыктуу жай таппай кыйналганбыз. Алгач мечиттин ылдый жагындагы мектептен бир класс бошоттуруп бердик. Жыйынтыгын Жоомарт опера-балет театрынын декорация залында аяктады. Бу залды да кадыр-көңүлдү салып атып сурап бергем. Ал эми эпосту талкуулап, талашып-тартышканыбыз ылкам козгогон жакшы учурлар эле. 1995-жылдын август айында ачылган «Манас» эпосунун музейине келген элдин аягы ошондон бери үзүлбөйт. Чет өлкөлүк туристтер эпостун окуясына аралашкандай таасир алып, Манас баатырдын эл-жерди коргоп, эркиндикке жеткирген эрдигине там бергенин уксак кубанып калабыз.

* * *

«Манас–1000» деректирлиги кеңсеге жарыбай келатканын жогоруда айткан элем. Мунун айласын таппасак деректирликтин баркы түшөт, мааракени даярдоого кедергиси тийбей койбойт деген чочулоодон улам ары ойлонуп, бери ойлонуп, Президентке бардым. Миң жылдык боюнча Көркөм жетекчиге дайындалганымы Аскар Акаев куттуктаган болуп, ишибизге ийгилик тиледи эле, сөздүн ыгы келе калды:

– Аскар Акаевич, азыркы кейпибиз менен ийгиликке жетерибиз күмөн, – деп айта салдым. – «Манас–1000дин» киши сыягында отурган орду жок. Цыгандан бетер көрүнгөн жерге, бийик-бийик этаждарга көчүп-конуп жүрөт. Чет өлкөлүктөрдү мындай коёлу, өз жарандарыбыз жетпей калды ага. Мааракени даярдоо, өткөрүүнүн бардык жүгүн көтөргөн бирден бир дирекцияга эл оңой кирип, оңой чыккыдай имаратка муктажбыз. Жардам бериңиз, Аскар Акаевич. Эски аянттын четиндеги эки кабат особнякты сурап келдим, – дедим.

– Терентьевдин особнягыбы? – Президент тактап сурады.

– Ооба, ошол, – дедим мен. «Жок» дебесе экен деп ичимен кооптонуп турдум.

– Анда кинокомитет бар да. Өзүңүз ишке орноштурган кадрыңызды кантесиз? Кууп чыгасызбы? – Президент какшык жылдыргандай туюлду мага.

– Аскар Акаевич, Тарас Бульба: «Өзүм туудурган баланы өзүм өлтүрөм» дегендейле кеп бул десем, Президент күлүп жиберди:

– Комитетти кайда көчүрсө дейсиз?

– Киностудияда бош комнаттан көп эме жок. Кино тартылбай кароосуз калды. Жетекчимин дегендердин орду ошоякта да, Аскар Акаевич.

Бу айтканымы Президент туура көрдү окшойт, мааракени даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасы, Республиканын премьер-министри А.Жумагуловго телефон чалды:

– Апас Жумагулович, «Манас–1000» госдирекцияны ар кай жерге тентитпей Терентьевдин особнягына көчүрсөк кандай дейсиз?.. «Кыргызфильмде» орун көп эмеспи, аны ошоякка жөнөтсөңүз туура болот болуш керек.

Ошентип «Манас–1000» дирекциясы борбордогу эң ыңгайлуу жайга орношту. Эл тынбай келип, эч бирибизди эриктирбеген кызык күндөр башталган болчу.

* * *

Үчүнчү маселеде колдоо таппасымды сездим. Мааракенин мөөнөтү обу жок узак убакытка созулары пландаштырылыптыр: 1995-жылдын 25-августунда башталган майрам 14 күндөн кийин 7-сентярбда гана аяктары Уюштуруу комитетинин чечими менен бекиптир. Бул чечимди өзгөртүү керек болуп калды. «Манас–1000» дирекциясынын өндүрүштүк чогулушунда «мааракенин мөөнөтүн кыскартуу» жөнүндө сөз козгосом, башкы деректир баштап чалкасынан кетти. Мен да көшөрдүм:

– Эки жума бою элдин баары, сырттан келген коноктор, президент, премьерлерине чейин артыңардан ээрчип жүрө берет экен да! Анча күндө өзүбүздөн өзүбүз тажап, сиркебиз суу көтөрбөй урушканга дейре барарыбызды ойлодуңарбы?! Кыскасы, миң жылдыкты эңсеп чогулгандарды кыйнап самсаалаткан жосунубуз «Манасыбыздын» баркын көтөрбөйле жек көрүндү кылып салат. Жети өлчөп бир кесели. Менин эсебим боюнча 5 күн жетет. Маараке 25-августта Бишкекте башталса, 29-августта Таласта театрлаштырылган «Манас» спектакли көрсөтүлүп, аякка баргандар 30-августта Бишкекке кайтып келет. 31-августта эгемендүүлүгүбүздү майрамдайбыз. Эпосубуздун юбилейи менен эгемендүүлүгүбүздүн кошул-ташыл жанаша өткөнү символикалык жакшы жышаан.

Деректирликтегилер мени түшүнгүсү да келбеди. Аблабек Асанканов гана «ойлонолучу» дегендей үн катканы эсимде. Чогулушка Ашым Жакыпбеков, эмнегедир, катышкан эмес. Катышса колдойт эле го деп өкүнгөм. Сунушум дирекцияда өтпөгөн соң Апас Жумагуловго барып түшүндүрдүм да, Уюштуруу комитетинин күн тартибине киргиздирдим. Кудай жалгап, комитет мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн айткан дооматтарым ынандырды. Сунушум колдоо тапты.

Беш күн аздык кылбас бекен деген күмөн саноо, албетте, болду. Атүгүл даярдык чийки болуп калчудай. Миң жылдыкты беш жылдан кийин өткөрөлү деген да пикир айтылды. Беш жылдан кийин деле азыркыдай күмөн саноолор боло берет, ары жылдыруунун кажети жок, ыргылжың болбой өткөрөлү деген позицияга токтогонбуз. Мөөнөттүн кыскартылганы жөнүндө кийин да сөз болгон. Мааракеге даярдык кызуу жүрүп жаткан учур. Кыргызстан калкына «Манас» эпосунун миң жылдыгына байланыштуу Кайрылуу кабыл алганы Президент Аскар Акаев, Турдакун Усубалиев, Чыңгыз Айтматов, Апас Жумагулов баштаган өлкөгө таанымал саясый, коомдук, маданий, илимий ишмерлер вертолёт менен Таласка учуп бардык. Талас облусунун аттуу-баштуулары сакал-мурутун кырдырып дегендей жакшы кийимдерин кийип, Кароол-Чокунун этегине тигилген капталдары ачык чатырда күтүп отурушуптур.

Жыйынды башкаруу аземин Президент Акаев Чыңгыз Төрөкуловичке ыйгарды. Чыкем Кыргызстан элинин ынтымагын чыңдап, руханий дөөлөтүн байытууга «Манас» эпосунун таасири эбегейсиз экени жөнүндө эки ооз сөз айтып, Кайрылууну Усубалиев Турдакун Усубалиевич окуурун жарыялады. Усубалиев мындай урматтоону күтпөсө керек, ишенер-ишенбесин билбегендей толкундана түшүп, Кайрылууну колуна аярлап кармады. Бир сыйра көз жүгүртүп алган кишидей эмес, такалып окуду. Жаан бирин-серин тамчылай калып турган, шыдыр окуй албаганын ошого шылтоолоп койду.

Күтүүсүз жерден кубандыруу максатында Кайрылуу менен алдын ала тааныштырбай Турдакун Усубалиевичке сюрприз жасашкан чыгар? Өмүрү эч нерседен, эч кимден сүрдөбөй башкаларды сүрдөтүп келген башчынын баладай бу сүйүнгөнү да, сүрдөгөнү да болгондой болжолдодум. Минтип ойлонгонумда негиз бар эле. Акаев президент болуп келгени Кыргызстандын мурдагы жетекчилери Турдакун Усубалиев менен Абсамат Масалиев ишке аралашпай четте калган болчу. Президентке кеңешчи кезимде бир саам:

– Аскар Акаевич, «атаң алтымышка чыкса, алдап-соолап күчүн ал» деген бар эмеспи. Усубалиев менен Масалиевди кодулагандай болбой анча-мынча кеп-кеңешиңизге кошо жүрсөңүз туура болор эле десем, Президент:

– Алардын ою тетири, – деп мени сүйлөгүс кылып салган.

Таласка учуп келатканыбызда Турдакун Усубалиевди көрүп, мурдагы жетекчилерге Акаевдин көз карашы оңолгон го, бирок андай болсо Абсамат Масалиев арабызда эмне жок деген ойдо болгом. Мүмкүн, кандайдыр бир олуттуу себептен улам шарты болбой калгандыр деп жакшылык жагына жоругам. Тилекке каршы, Масалиевге Акаевдин көз карашы оңолгону кийин деле байкалбады. Ал эми Усубалиев менен Акаев экөөнүн мамилеси ынак болуп кеткенин элдин баары билет. Усубалиев Кайрылууну окуп бүттү. Кол чабуулар болду. Кайрылууга байланыштуу куттуктоолор айтылды. Ошо жыйында Талас району боюнча ветерандар уюмунун жетекчиси Арыкбаев Байызбек:

– Жакиевде суроом бар, – деп ордунан турду. – Миң жылдыктын майрамы эки жумага пландаштырылды эле. Сиз баарын кыскартып, беш эле күндү калтырыпсыз. Чыңгыздын Шекердеги музейине бармакпыз, ал жок. Ажыбек датканын мүрзөсүнө зыярат болмок, ал жок. Кыскасы, баарын айтып отурбайын. Туура кылдым деп ойлойсузбу? – деди.

Эки жума бою ээрчишип жүрүп, элди да, өзүбүздү да тажатарыбызды, «Манасыбызды» даңазалабайле жек көрүндү кылып аларыбызды мурда дирекцияда айткандарымы кайталоого туура келди. Дагы:

– Ажыбек датканын бейитине зыярат кылып, Атай баштаган таластык толгон атактууларга зыярат кылбасак, нааразы болгондор четтен чыкпайбы. Шекердеги Чыкемин музейин айттыңыз, планда жазылганы чын. Бирок бул Айтматовдун тою эмес да. Капкадан Өтмөккө чейинки кокту-колотту кыдырып, экскурсиялап жүргүдөй Талас өрөөнүнүн да тою эмес бул. Бүткүл кыргыз элинин тою. Ошого тууралап кыскарткам, беш күн жетет, – дедим да, ким эмне дээр экен деп тынчсыздана күтүп калдым. Эч ким мага каршы сүйлөгөн жок. А түгүл Арыкбаев: «Эми түшүндүк» деп мени колдогондой болду. Беш күндүн тууралыгы кийин маараке өткөндө билинди.

* * *

«Манас–1000» дирекциясына Көркөм жетекчи болуп барганы көңүлүмү алагды кылган дагы бир маселе дейбизби, жагдай дейбизби – «пятиминутка» – «беш мүнөт» өткөргөнүбүзгө өзүмчө кыжаалат болуп жүрдүм. Албетте, кайсы бир учурда маанилүү маселелер каралчу, мааниси жок көп сөз сүйлөнгөнүнө да күбө болдум. Айтарым ал деле эмес. «Пятиминутка» болгон сайын миң боз үй, соютка миң жылкы жөнүндө айта бергендери иренжитти. Акыры чыдабай кетип:

– Миң боз үй тигебизби, сегиз жүздү же эки миңди тигебизби, эч ким санабайт. Жайнаган боз үй турса миң экен деп ишенет. Кыргыздар конокко берер тамагын колкоо кылган эмес, миң жылкыны тил тешилгенче быякка отуруп алып какшабасак деле мааракеге келгендер соютун ала келет. Боз үйлөрдү, союттарды Өкмөт, Уюштуруу комитети райондорго, облустарга табыштады беле? Табыштаган. Тапшырма берилген. Эми ошолордун аткарылышына тыкыйта көз салып туруу зарыл. Негизги милдетибиз – мааракени өткөргөндө «Манасыбызды» кыргыз деген элди дүйнө жүзүнө тааныта алабызбы же этке тоюп тарап кетебизби? Кеп ушунда. Силерди түшүнбөйт деп айтып аткан жерим жок муну. Күч-кубатыбыз, бүт энергия, билген-көргөн жөндөмүбүз ушу багытта болорун эске салгандагым деген элем.

* * *

Ата-бабабыздан келаткан улуу мурасыбыз «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесин даярдап, өткөрүү аябагандай жоопкерчилик, керемет сыймык, мойнубуздагы парс болгонун «Манас–1000» дирекциясында иштегендердин ар бири Шеримбек Шаршеев баштап айттырбай түшүнгөнбүз. Мындай өтө маанилүү иште катуу кеткен, акырын айткан учурлар, туура пикир, жаңылыш ой сыяктуу өөдө-төмөнчүлүк болбой койбойт экен. Кандай болгон күндө да таарыныч, кыйтыйып калуу, кек сактоо болбогонуна кепилмин, баштан аяк жан аябай чын дилден «Манас» эпосубузду дүйнө элдерине тааныта иштегенибизге эмгиче, чейрек кылым өткөндөн кийин да ичим жылыйт. Ошондогу ийгиликти, кыргыз элин бириктирген ынтымакты, сыймык туу сапаттарыбыздын ойгонгонун улантып кетүүгө жарадыкпы? Ушу суроо. Тилекке каршы... Мен айтпасам деле эмне болгонубуз белгилүү. Аны эл өзү ойлонсунчу...

* * *

Кыргызстан калкына Кайрылуу кабыл алган соң Манастын күмбөзүнө куран окутуп отурганда кимибиз кандай ойдо болдук экен? Тунжураган жүздөрүндө кандайдыр бир табышмактуу суроолор коргошундай уюп калгансыйт: биз кимбиз? Кайдан келдик? Кайда баратабыз? Бактыбызга жаралган Манас баатыр кыргызды чогултпаганда тагдырыбыз, тарыхыбыз не болмок деген сымал сезимде ар ким аркы дүйнө менен берки дүйнөнүн баасын издегендей өзүбүз менен өзүбүз болгондойбуз. Анан алакан жайып бата кылып, дабыр-дубур ордубуздан турар замат эсибизден эмки сезим чыгып кеттиби, топ-топко бөлүнүп, кобур-собур кыдырып бастык да кеттик.

Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” аттуу китебинен.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз