Манас мааракесине француздар келмек экен, бирок...

  • 17.12.2022
  • 2904

«Манас – 1000» мааракесине даярдык кызуу жүрдү. Уюштуруу комитетинин төрагасы, премьер-министр Апас Жумагуловдун кабинетине ар жуманын экинчи күнү чогулуп, даярдыктын жүрүшүн, аткарылган жумуштар жөнүндө маалымат берип турчубуз. Уюштуруу комитетинин жыйыны да тез-тез чакырылып, ага каалагандар катышчу: сунуш, пикир, сын айтчуларга «эшик ачык» болчу. Андай учурларда орундуу ой-пикирлерди уктук, орунсуздары да болгон.

Маселен, бир даары мааракени Суусамырда өткөрүш керек десе, дагы бирлери Баткенди айткан. «Ысык-Көлдө өткөрөлү» дегенди да укканбыз. Тыяк-быякты айтарын айтып, бирок жүйөлүү себебин, «купуя» максатын батынып айта алышкан эмес. Таласта Манастын күмбөзү турса, Кароол-Чоку турса, кан Манастын Ордо борбору жайгашкан Кең-Кол турса, башка жакты айтып күйүп-бышымыш болгондору акылга сыйбаган жорук. Болуптур, ал го ал экен. Баарынан да «кызык» сунуш таластыктардыкы болгон. Талас облусунун губернатору Касымов Тойчубек «Манас – 1000дин» генеральный деректири Шаршеевге телефон чалып: «Маараке өтчү жерди көрсөтөлү, келгиле» дептир. Маараке өтчү жер белгилүү, кайсы жерди көрсөтөбүз дегенин түшүнбөдүм. Эмнеси болсо да бара көрөрбүз деп, Бишкектен чыгар күнүбүздү кабарлап коюп, Шеримбек Шаршеев экөөбүз Таласка жөнөгөнү аттык эле, Шеримбек чет өлкөлүктөр менен жолугуша турган болуп калып, таң үрүл-бүрүлдө «Жигулими» айдап, өзүм жеке кете бердим.

Баса, мени кызматка алаарда, беребиз деген «Волганын» болор-болбосу арсар сыяктанат. А жөнүндө деги эле сөз жок. Мен да кеп козгобой «Жигулим» менен туш-тушка чапкылап келатам. «Жигулини» 1988-жылы сатып алгам. Анда да ал Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдыгына арналган «Айтматов жана театр» фестивалын уюштуруп өткөрүүдө тынбай керекке жараган болчу. Фестивалдын жабылуу аземи башталарына кырк мүнөттөй убакыт калганда, машине токтоочу жайга коё коём деп, машине айдаганды жаңы эле үйрөнүп жүргөм, шашканымдан тормузду басам деп газды басыпмын, килейген даракты сүзүп, эки ай оңдотком.

Эми кургурум «Манас» эпосунун миң жылдыгына кызмат кылып, оюм менен болот. Таласка бараткан жолдо көп нерсе менен катар ушулар да оюма түшкөн эле. Түшкө жакын Кең-Колдун оозуна жеттим. Аны «Таш-Арык» деп атап алгандарын түк жактырбайм. Же «Кең-Кол» дегенден «Таш-Арык» барктуу, уккулуктуубу? «Кең-Кол», «Кең-Колдун оозу» деген жер түздөн-түз «Манаска» байланыштуу, «Манаста» сыймыктуу айтылат. Алтайдан Ала-Тоого кыргыздар келгенде Манастын Ордо өргөөсү дал ушул Кең-Колдун оозуна тигилген. Баатырдын көзү өткөнчө Ордо борбору Кең-Колдо болгон. «Кең-Кол» деген «Кенен-Өрөөн» дегенди билгизет. Кыскасы, «Манаста» айтылып келаткан «Кең-Колду» «Таш-Арык» атап алгандарына акылым жетпейт. Таластыктар дагы бир жердин «Күмүштаг» деген аталышын «Боо терек» деп алмаштырып салганына таңым бар. Мүмкүн, «Күмүштаг» деген сөздүн мааниси «Күмүш тоо» экенин билбеген бирөөнүн «кыйынсынганы» болгондур?

Бүгүн айтылып жүргөн «тоо» деген сөзүбүз алгач «таг», «тов», «тоу» болуп өзгөрүп жүрүп отуруп, азыркы «тоо» деген чегине жетип токтогон. «Суу» деген сөздүн калыптануу этабы да ушундай. Оштогу «Сулайман тоо» да кечээ жакынга чейин эле «Сулайман таг» аталып келген. Аны «Сулаймандын тагы» деп сабатсыз сүйлөгөндөрдү уга калып жүрөбүз. Түркмөнстандагы «Капет даг», «Непит даг» деген жер аталыштары да тилибиздин түп тегине барып, «тоо» дегенге такалат. Губернатор Т.Касымов баштаган жыйырма чакты киши Кароол-Чокуга (Таш-Арыкка) бурула бериште топтошуп турган экен, машинеден түшүп учураштым. Анан бурулар жакка бурулбай, эмнегедир жогору кеттик. Он беш-жыйырма мүнөттөн кийин машинелерибизди кара жолго токтотуп коюп, ээн талаанын түштүгүн кыркалай кеткен кемерге жөө барып, үстүнө чыктык. Үстү кенен талаа болгону менен, кемерден төрт-беш метрдей эле артта суусу мелмилдеп тынч аккан чоң арыкка киши түшүп кетсе оңбой калгыдай. Губернатор Касымов Тойчубек «з» тыбышын «с»га алмаштырып сүйлөгөн таластык жигит. Менин кайын журтум Таластын Көк-Оюнан (Совет доорундагы «Комсомол» айылы). Ошондон улам Касымов мени «жезде» дебей, «жесте» деп «кайни» боло калмайы бар эле.

– Жесте, мобу жердин аты «Кысыл-Туу». «Таш-Арыктан» бери сегис чакырым. Таластык туугандарыңыс миң жылдыктын шаан-шөкөтүн ушерде өткөрөлү деп чечтик, – губернатор кара жолдон берки ээн талааны кулачын жая көрсөттү. Теңирден тетири сөздү укканыма итатайым тутула түшүп:

– Эй!.. Тыякчы?! – дедим Кароол-Чоку жакты көрсөтүп.

– Аяк ыңгайсыс – деди губернатор. – Таластын баш-аягы акылдашып, ушу ченди тандадык.

– Оюнуңарбы-чыныңарбы?! Шаан-шөкөт дейсиңер! Шаан-шөкөтүңөр эмне?! Кыз-куумай, көк бөрү тартса болот бу ченде. Жараган күндө да силер шаан-шөкөт дегендин негизги программасы булар эмес! Негизгиси «Манастын» окуясы! Театрлаштырылган «Манас» спектакли! Береги талаада спектакль коёр жер жок! – Токтоно албай күйүп-бышып: – Өңгөсүнөн да столбаларды кантесиңер?! Же Манастын доорунда эле зым карагай болгон деп мактанабызбы?! – дедим эле кимдир-бирөөнүн:

– Зым карагайларды кооз чүпүрөктөр менен ороп коё буз, – деген какшыгыбы, чыныбы угулду.

– Ой, баракелде о-ой, – дедим аргам кеткенден. – Мына, кемердин кырында турабыз. Боор ылдый жылмышып киши отура да албайт, туруп да тура албайт. Оюнду эл кантип көрөт? – десем, Касымов:

– Анын жарасы жеңил, жесте. Скамейкалар орнотулат. Талаанын ташын да тердирип салабыс, – деди.

– Артыбыздагы арыкта суу, бирөө түшүп кетсе эмне болот? – десем, ага да жообу даяр экен:

– Арыктын үстүн тактайлап жаптырабыс. Эл ары-бери өтүп жүрө берет жыргап, – деди Касымов.

Кудая тобо, адам ынанарлык шылтоо айтса боло! Эптеп эле мени көндүрүүнүн амалын көздөгөндөй туюлду мага. Анткидей эмне максаты бар? Эмнеси болсо да унчукпай калганым болбойт:

– Мааракеге келгендер Манастын күмбөзүн көрбөй кетеби?! Мурда көргөндөр да көрөбүз дейт! Аларды кантебиз? Күмбөзгө барчу жолду тососуңарбы?! Тоссоңор-тоспосоңор да эл күмбөздү карай каптайт, ээ боло албай шоруңар катат! – дедим губернаторду ээрчип жүргөндөргө. – Кайым айтышып, сөз короткондон көрө Кароол-Чокуга баралы. Мааракеге ылайыктуу сопсонун аянт бар аякта! Жүргүлө көрсөтөйүн. – Ызам келип калган эле, эч бирин күтпөстөн кемерден төмөн талаага түшүп кеттим.

Артыман Касымовдун: «Жесте, жесте» дегенине кылчайбай кара жолдогу машинелерге барып, «жигулими» от алдырдым. Артымдагыларды баштап келип, Кароол-Чокунун түндүк колтугундагы аянтты көрсөттүм:

– Эң ылайыктуу жер ушу! – десем, мени макоодон бетер аң-таң боло кадала карап калгандары эсимен кетпейт. Жапалдаш бойлуу, жашы алтымыштан ашып, жетимиштерге чукулдап калган чымыр киши:

– «Колуңдан келбес бир ишке кор болуп көңүл дегдетпе» деген макалды уктуң беле? – деди кекээрлеп.

– Уккам, – дедим.

– Уксаң биздин жумушка кийлигишпе, садага! Эл билип тандаган жерди жактырбагандай акың жок! – Тиги киши көңүлүмү оорута катуу каккандан аянбады.

Өзүмөн улуу кишиге каяша айтсам, адепсиздик болуп калат, тил тийгизип албайын деп кармандым. Тиги киши андан ары күпүлдөдү:

– Мен облус боюнча ат оюндарын башкарган адис саяпкермин! Менден кыйынсыңбы?! Тапканың ушу алакандай жерби? Буга кайсы оюн батат?! Жосунсуз жоругуңу эл укпасын. Күлүк чапчу жер жок быякта! Талас облусунун ардагерлер уюмунун төрагасы Молдокулов Бейшембек кезинде Кыргызстандын облустарында райком партиянын секретары, аткаруу комитеттердеги жооптуу кызматтарда жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан, интеллигент турпатынан жазбаган шыңга бойлуу, маданияттуу сүйлөгөн сылык киши менин кайын журтума айылдаш экен, мага боору ооруду окшойт, «талоондон» куткаргысы келдиби:

– Бекиш, – деди. – Талас өрөөнүндөгү аттуу-баштуулар жыйылып, мааракени Кызыл-Тууда гана өткөрөлү деп убадалашканбыз...

Кыжырлана түштүм:

– Антташып алганбыз деңизчи?! Эл эмес турбайсыңарбы! – деп жибердим.

– Жесте! – губернатор Касымов мени тыя унчукту. – Кысыл-Тууну «Манас» эпосун майрамдоо боюнча Оргкомитеттин төрагасы, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Апас Жумагулович Жумагулов жактырган! – деп таш менен тишке ургандай шаабайымы муздатты.

Алдам оозуман түшүп, шалдайып туруп калдым. Көрсө, эртеден бери булар мени атайлап эле мазактап, мышык-чычкан ойнотушкан тура деп жаным кашайды. Сөз айтышты ыраа көрбөдүм. Көк-Ойдо эки балдызым, бир кайним жашайт, ошолордун бириникине түнөп алып, Бишкекке эртең чыгайын деген ойдо «кызыл-туучулар» менен коштошпостон «Жигулиме» түштүм да жөнөп кеттим. Жумагуловдун «өзүм билемдигине» да ачуум келип бараттым. Чоңдордун ушундай терс кылыктары калбас болду го! Көк-Ой алыс деле эмес. Жеткенче оюма нелер келип, нелер кетпеди!

«Кызыл-туучуларга» таарынганымын кимге кереги бар? Таарынычымы алар уруп да койбойт! Эртеңки күнү жүз көрүшпөй калчудан бетер коштошпой жөнөп бергеним туура деле болбой калды көрүнөт? Молдокулов аксакалдын да шагын сындырып койдум окшойт? Анан алардыкы жакшыбы?! «Манас» спектаклине жарашкан касиеттүү десе касиеттүү, ылайыктуу десе ылайыктуу Кароол-Чокудан качып, кайдагы бир Кызыл-Туусун кастарлагандарына ичим күйүп бараттым. Күн кечтеп калган. Эркин кайнимкине барсам, өзү, келинчеги, балдары – баары үйдө экен. «Жезделеп» кучактап калышты. Кубандым. Бирок көңүлүм ачылбады. Көп өтпөй эки балдызым бажаларымын коштоосунда күлүп-жайнап дегендей жаркылдап кирип келишти. Кубанып отуруп ал-жай сураштык. Дале жарпым жазылбады. Козуга бата кылдык. Денем талыкшып, жаным жер тарткансыйт. Жатып эс алсамбы дейм, айткандан уялдым.

*     *     *

Бишкекке келгенде деректирибиз Шаршеевге жолукканча шаштым. Таласта көргөн-укканымды баштан аяк ага төкпөй-чачпай айттым. Шеримбек ишенер-ишенбесине акылы жетпегендей таңыркап отуруп:

– Коюңузчу, кантип ошондой болсун?! – деди.

– Койбойле! Кызыл-Тууну Жумагулов жактырып кетиптир! «Манасты» эми ошерде көрсөтөт имишпиз! Айттым го, а жер таптакыр жарабайт. Какшап атып, акмагым чыкты! Касымов баштап, укчу түр жок аларда! Түшүнөлү деген ниет да жок! Жумагуловго барып, жер туура эмес тандалганын айтпасак болбойт, Шеке! – дедим. Шеримбек ээрдин калбайтып, ойлонуп калды. Кыйлага үн катпады.

– Эмне унчукпайсың? Бирдеме дебейсиңби. Сага айтпай Жумагуловго барсам, башыңы аттагандай болуп калмакмын. Барсаң барам де, барбасаң… сенсиз деле барам! – дедим.

– Байке, – Шеримбек токтоо унчукту. – Апас Жумагулович айтканын берчү эмес эле. Артык кылабыз деп, тыртык кылып албайлы. Абайлайлычы… – Шеримбек анан мурутунан жымыя күлүп койду да: – Атылып кетмейиңизди карматпай чыдай туруңуз, байке, – деди.

Шеримбектин сабырдуулугуна, айткан акылына моюн сундум. Андан соң канча күн, канча жума өткөнү эсимде жок. Шаршеев «Манас–1000» деректирлигинде иштеген айрымдарыбызга өзү баштап Таласка барарыбызды кулактандырды. Уюштуруу комитеттин төрагасы Апас Жумагуловдун барарын да айтты. Деректирдин машинесине Шеримбек Шаршеев өзү, «Таластагы түнкү оюн» деген программанын режиссёру Бообек Ибраев үчөөбүз отуруп, Таласка жол тарттык. Артыбыздан деректирликтин карамагындагы жети-сегиз орундуу «Тойота» ээрчиди. Анда «Мурас» долбоорунун жетекчиси Аблабек Асанканов, Шаршеевдин орун басары Асылбек Зулпуев бар болчу, жанындагыларын билбей калыпмын. Бообек Ибраевди ала келатканыбыздын жөнү бар эле. Таластагы мааракенин башталарына он-он беш күн калганда эле Кыргызстандын булуң-бурчунан боз үйлөр келип тигиле баштамак. Алар менен бирге улуттук оюндардын, ыр-бийлердин катышуучулары, төкмө акындар, комузчулар, манасчылар, оймочулар, тикмечилер, бычмачылар кошо келип, өнөр сынашарын пландаштырганбыз.

Оюн-тамашаларды, уздардын эмгегин, мелдештерди, акындардын айтышын өткөрүүдө күндүзгүсүн күндүзгүдөй, түнкүсүн түнкүдөй тартипке келтирип, көңүлдүү да, маанилүү да уюштурсак, байыртан маданияты өнүккөн дөөлөттүү элдин тукумубуз деген сезим ар бир кыргызды сыймыктантар деген ишеничте ушу программаны кошконбуз. Бул биринчиден. Экинчиси, Таласка эрте келип, миңдеген боз үйлөрдө канча күн бою конуп-түнөгөн эл-журтту элес албай таштап койсок, эриккенден алар жоопкерчиликти, а түгүл улуттук ар-намысты да унутуп, ээнбаш тентектиктерге барса, уурдап арак ичкендерди тыя албай калмакпыз. Бул программаны Бообек жалгыз даярдабайт. Ага жардамдашар ассистенттери, художник жана иш уюштургучтардан чыгармачыл группа түзүп бергенбиз.

Мааракенин 25-августта Бишкектеги ачылышынан «Манас» айылындагы тарыхый-этнографиялык көргөзмөгө чейинки чоң-кичине программалар боюнча чыгармачыл группалар түзүлүп, ишке киришкен. Таласка жеткенибизде, бизди түз эле Кызыл-Тууга алып кетишти. Аякта облустун, райондун баягы эле билермандары машинелерин кара жолдун боюна токтотуп коюп күтүп турушкан экен, зериккен түрлөрү бар. Саламдашсак, көңүлсүз алик алышкансыды.

– Тойчубек Касымович Апас Жумагуловичти тоскону кетти эле, – деп койду губернатордун орун басары бизге.

Эриккендердин бирөө оозун ачып эстесе, жугуштуу балээси бардай, ага удаа башкалардын да эстеп ийгенине күлүп, анча-мынча көңүл алагдылап алганыбыз оюмда калыптыр. Бир маалда губернатордун машинеси келип токтоду. Андан Касымов чыга калып, машиненин эшигин ача салды. Ичинен Уюштуруу комитеттин төрагасы, премьер-министр Апас Жумагулов чыгып, тургандар менен кол алышып учурашты. Анан баарыбызды баягы кемердин кырына ээрчитип барышты. Талаанын таш-тушун тердирип коюшуптур. Губернатор Касымов аны айтты. Скамейкалар орнотобуз деди. Тигини айтты, муну айтты. Өгүнкү эле сөздөр. Жумагулов кунт коюп укту. Мага ошондой сезилди. Чыны менен кунт койдубу, жокпу – ага ынтаа деле койгонум жок. Касымов дээрин деп бүттү. Жумагулов жер тиктеп, ойлонгонсуп турду да өзүнчө:

– Да-а… – деп койду. Мага кайрылып, – Бексултан Жакиевич, сиздин пикириңиз кандай? – деди.

– Менин пикирим тетири, Апас Жумагулович. Сиз жактырыпсыз го бу жерди, – дедим эле Жумагулов мени таңыркай тиктеп туруп:

– Бу жерди мен биринчи көрүп отурам, – дебеспи.

Тургандар күбүр-шыбыр боло түштү. Мен сүйүнгөнүмөн «ураалап» ийе жаздагам. Ары жагын териштирип отуруунун кажети жок. Манастын күмбөзүнө келип, куран окуттук. Кароол-Чокунун колтугундагы аянт театрлаштырылган «Манас» окуясына ылайыктуу экенин далилдедим. Эл отурар трибуна курдуруп, аянтты даярдоо милдетин Жумагулов губернатор Касымовго тапшырды. Бу ченде аламан байге өткөрөр жер жок деген шылтоодон улам Кызыл-Тууну тандашса керек, анын да жөнү табылды: Кең-Кол суусунун жогору жагына жазылыгы кенен бир бекем көпүрө, төмөн ушу тушка дагы бир ошондой көпүрө салып, күлүктөрдү айланта чапса болорун билгендер бар экен, ошентмей болушту.

Касымов Кызыл-Тууга эмне жабышып калганына эмгиче акылым жетпейт.

*     *     *

Апас Жумагулов Таласка вертолёт менен барыптыр. Шеримбек Шаршеев, Бообек Ибраев үчөөбүз Бишкекке кошо учтук. Таластагы убарачылыгым оңунан чечилгени менен эмки кыйноону Алмаз Сарлыкбеков көрсөтчүдөй. Театрлаштырылган «Манас» окуясынын режиссёру сценарий жөнүндө «жакшы», «жагат» дегенден башка сөзү жок, минтип көңүл жооткоткондон даярдык бүтпөйт да! Болуптур, сценарий «жакса жаккандыр» дейли, режиссурасына ылайыктуу эквивалент табылбай аткандыр дейли. Ошондой болгон күндө деле кеп-сөзгө келбегени мени автор катары да, мааракенин көркөм жетекчиси катары да кантип санааркатпасын! Сарлыкбековдо менин акылым жетпеген сыр бардыр деген ойдо, сырын билгим келди. Биле албадым. Кабарлашабы десем, дале кабарлашпады. Таңгалам. А жигит менен өмүрү сен-мен дешкен эмес элек. Бири-бирибизге күнүбүз түшкөн учур да болгон эмес. Ортобузду таарынчы аралагыдай шарт жок эле дегеним. Айтор, ары ойлонуп, бери ойлонуп, Сарлыкбековдун жоругун жоопкерсиздик дейин деп, антишке дитим даабады, кайдыгерлик, кенебестик дешке да ниетим чаппады. Анда эмне? Акылым жетпеди.

*     *     *

Бир күнү эртең менен эрте Болот Шамшиев үйгө орусча телефон чалып:

– Беке, мне случайно попал ваш сценарий, посвященный тысячелетию «Манаса». Ночью я в едином дыхании прочитал. Нахожусь под его сильным впечатлением. Если вы мне доверяете, я с удовольствием бы поставил, – деди. Кудай бар, сүйүнүп кеттим.

– Оргкомитет чечет, сени сунуш кылам, – дедим.

Шамшиевдин телефон чалганын Сарлыкбековго телефондон айттым. Сарлыкбеков бир аз унчукпай туруп: «Өзүңөр билгиле» деди. Уюштуруу комитети сунушуму колдоду. Алмаз Сарлыкбековдун ордуна Болот Шамшиевди театрлаштырылган «Манас» окуясынын режиссёрлугуна бекитти. Ошол эле күнү комитеттин жыйыны аяктаганда, Шамшиев мени «конторуна» чакырды. Фрунзе көчөсү менен мурдагы 1-Май көчөсүнүн бурчунда, Михаил Васильевич Фрунзе музейинин маңдайындагы эски имараттын биринчи кабатында Шамшиевдин «Саламалик» деген мекемеси бар экен. Илгери анда партиялык мектептин жатаканасы боло турган эле. Кийинчерээк милийса да жайгашты окшойт. Эгемендүүлүк жылдарында приватизация деген башталганда эки бөлмөсүн Шамшиев менчиктештирип алыптыр.

Болот сценарийден кеп баштады. Мактады. Миң жылдыктын театрлаштырылган спектакли Кызыл-Тууда өтөрүн «Жумагулов жактырган» деген жагымсыз кабар сценарийди ошо ченге «ылайыкташтырууга» мени аргасыз кылды десем, Болот «колдогу сценарий жарайт, пикирлеше берели» деди. Кийин биротоло тандалган жерге тууралап жазышка чолоом тийбеди. Эпизоддор боюнча сүйлөшкөнгө өттүк. «Бу эпизодду кандай элестетесиз?» дейт. Тиги эпизодду кандай элестетерими сурайт. Мен жетине албай «мунусун» да, «тигинисин» да кандай элестеткеними чечилип айтам. Далай театр режиссёрлору менен иштешкем, иштешип да келатам. Кинорежиссёрлор менен да чыгармачылык байланышым аз болгон жок. Массалык көрсөтүү (массовое представление) деп аталган азыркыдай театрлаштырылган спектаклдердин сценарийин жазып, оюнун сахнада, аянтта даярдаган тажрыйбам да бар. Мага Болоттой «жаныңы сууруп» алып, көкүрөгүңдөгү көркөм ойдун түйүнүн чечүүгө күч-кубатын үрөгөн режиссёрлор абдан жагат.

Айтмакчы, Шамшиевдин акчага кароо экенин мурда деле байкачумун, бирок азыркыдайын өзүм көрбөй башка бирөөдөн уксам, токмок жесем да ишенмек эмесмин. Апас Жумагулов чакырып атат дегенинен Шеримбек Шаршеев, анын орун басары Асылбек Зулпуев үчөөбүз барсак, Болот Шамшиев премьер-министрдин кабылдамасында отуруптур. Секретарь кыз келгенибизди жетекчисине айтып чыкты.

– Болот Төлөнович айлыгын бекиттиргени мага келди. Суммасы меникинен да көп, – деди Жумагулов. – Болот Төлөнович, азайталы. Мындай айлык президентте да жок.

– Ну и что ж? – Шамшиев моюн толгоду.

Биз келгенче сүйлөшүп, тил табыша албаганын сездим. Жумагулов чыртыя түшкөнсүдү:

– Шеримбек Шаршеевич, сураган суммасын төлөп бере аласызбы?

– Кантип, Апас Жумагулович?! Штатный расписаниеден ашык төлөсөм, соттолуп кетем да! – деди Шаршеев.

– Болот Төлөнович, азайталы. – Жумагулов Шамшиевге дагы бир ирет кайрылды.

– Я не согласен, – деди Шамшиев.

Жумагулов биргелешип ойлонуп, бир жыйынтыкка келгиле деген. Үч күндөн кийин кайра чогулдук. Жылыш болбоду. Болот айтканынан кайтпады. Ал сурап жазган айлыкка Жумагулов ачуулана түшүп, кол коюп салган.

Ушул окуянын залакасы мааракенин даярдалышына тийбегейле деп далайга бушайман болуп жүрдүм. Болот Шамшиевдин «Саламалиги» менен биз отурган «Манас–1000» деректирлигинин ортосу беш мүнөткө же тип-жетпеген эле жол. Болот күндө: «Беке, вы заглянете к нам?» деп телефон чалат. Башка жумуштардан колум бошой калса, күндө жолугушабыз. Сценарийден тышкары да жазылбай, оюмда жүргөндөрдү да «кооздоп» жеткирүүгө аракеттенем. Мисал үчүн айта кетсем, кыргыздарга капыстан кол салган кара кытай, манжу, калмак, мангул колун «кара күчтөр» деп жалпылап атаганым бар эле. Аны кандайча көрсөтсөк деген Болоттун суроосуна мен: «Это символически обобщенный образ захватчиков, ошого тууралайсың да» дегем. Шамшиев тапты. Хореограф менен бирге бий аркылуу таасын жеткирди. Музыканын, уу-дуу дабыштардын да таасири күчтүү болду. Шамшиевдин дагы бир суроосун эске сала өтөйүн. «Каары катуу душман кыргыздын түндүгүн кулатты» деп сценарийде жазылган. Болот менден кандай түндүктү элестетерими сураганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Кенен аянтта кадимки эле турмуштагы жөп жөнөкөй «реальный» түндүк килейген өргөөсү менен кошо кулап түшсө да байкалбайт. Таасири болбойт. Ошондуктан менин кыялымда диаметри чоң түндүк гана асманда көтөрүлүп турса деп божомолдодум. Албетте, бул оңой жумуш эмес, азабы көп. Ошондой болсо да техника өсүп-өнүккөн доордо курулушчулар, инженерлер, художниктер биригип, айласын табар деген ойдо элем. Кыскасы, ушундай түндүктү душман кулатат. Кийин Манас душманды жеңгенде, түндүк кайра көтөрүлөт деген кыялда болгом.

Чынын айтсам, мунун ишке ашарына ишене деле берген эмесмин. Өзүндөй болбосо да башкача бир формасы табылар деген үмүтүм болгон. Болот Шамшиевдин буга да чыгармачылык күчү, фантазиясы жетти. Бул эпизод анын мыкты табылгаларынан. Таласта репетиция эки ай мурда башталса керек эле. Мүмкүн, андан да мурдараактыр. Ага кыргыз театрларынын артистери, өздүк көркөм чыгармачылыктардагы шыктуулар, студенттер, жергиликтүү калк жан дилинен катышты. Каскадер Үсөн Кудайбергенов көк бөрүчү жигиттерин аттары менен кошо поездге салып барып, кыргыз-кытай жоокерлеринин ролунда баштан-аяк машыгуудан тажабай «Манас» окуясынын көркүнө көрк, маанисине маани кошкон эле. Репетицияга үзбөй барып турдум. Режиссёр Шамшиев сценарийде жазылгандарды, оозеки мен айткандарды тереңдетип байытып дегендей, репетицияны чыгармачылык илкам менен өткөрүп жатканына көңүлүм жылып, түн ката Бишкекке кайтсам, бир жума өтүп-өтпөй кайра Таласка чу койчумун.

*     *     *

Ошентип «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине катуу даярдык жүрүп жаткан кез. Мамлекеттик «Манас–1000» деректирлиги Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Төлөмүш Океев менен бирдикте Түркияда «Манас» күндөрүн өткөрүүнү белгилегенбиз. Анын планын түзүп даярдоо, жетектеп барып-келүү мага тапшырылган. Элдик ыр ансамблинен «Айкөлдү» тандадым. Манасчылардан улуулата Шаабай Азизов, Кааба Атабеков, бала манасчы Камил Мамадалиевди, кыргыз тарыхын, маданиятын, оозеки мурасын жакшы өздөштүргөн жаш илимпоз жигиттерден төртөөнү, көк бөрүчүлөрдү коштум. «Айкөл» ансамблинде үнү уккулуктуу төрт гана ырчысы болгону менен репертуары өтө бай экен. Аны филармониянын залында эки күн удаасы менен угуп отуруп иргедим, бир сааттан саал узагыраак концерттин композициясын түздүм. Режиссурасын жөнгө салдым. Өкмөттө иштеген жооптуу аткаминерге көрсөтсөм: «Өз көлдүгүңүздү алпарайын деген экенсиз го?» деп чүйрүңдөдү эле мен: «Концерттин программасы, сапаты жагабы-жакпайбы, ошону айт. Жакпаса, мындан ашып түшкөн ансамблди айт, угалы, салыштыралы» дедим жаным кашая түшүп, кызматы жогору болсо да жашы менден кичүү болгондуктан мурдатан эле «сен» дечүмүн, азыр да «сен» дедим.

«Көлдүгүңдү» деп тийишкенинин төркүнүндө өзү жактан башка бир ансамблди тыга салсам деген ич күптү жатканын түшүндүм.

– «Кыз бурак» туура болуп жүрбөсүн? – деп кыңырылды.

– Угалы! Филармониянын залына элди толтуруп туруп, аны да угалы, муну да угалы. Экөө бир сааттан концерт берсин. Эл кимисин жактырса, ошонусун алпара берем, – десем, мындай эле алмаштыра коё албасына көзү жеткенде:

– Болуптур, «Айкөлүңүздү» алпара бериңиз. Уят кылсаңыз...– деп келатканда:

– Мурдуму туура кесип берейин, – деп тамашалап жиберсем, тиги күлдү.

*     *     *

Түркиядагы «Манас» күндөрүн Изникте баштадык. Бул жерде мындан миң канча жыл илгери түрк боордошторубуз византиялыктар менен катуу салгылашып, жеңише албай турганда, кыргыз жоокерлери жардамга келип, түрк боордошторубуз жеңип чыккан. Ошо согушта курман болгон кыргыз жоокерлерге түрктөр күмбөз көтөргөн. Ыйык күмбөздүн жанында үч күн эл аралык илимий-практикалык «Манас» жана «Абай» конференциясын өткөрдүк. Көк бөрү тарттырмак элек, түрк туугандар аттар маселесин аткара албай калып, ал оюнубузду көрсөтө албадык.

Айтмакчы, илимий конференцияда голландиялык окумуштуу кыздын «Манас» эпосундагы аялдардын кийими» деген докладын укканда, эпосубузда чети оюла элек темалар толтура экени оюман чыккыс болгон. Демек, «Манас» окумуштуулар үчүн казса түгөнгүс кенч. «Айкөлдүн» моокум кандырган жанга жагымдуу ийгилиги түрктөрдү намыстандырган экен, үчүнчү шаардагы концертке оркестрдин коштоосундагы ырчыларын алдыртышты. Эл «Айкөлдүн» концертине дуулдата кол чаап, өзүлөрүнө алымсынбады. Уят болорун билбей атаандашкан оркестрди ырчылары менен кошо кийинки концерттерден караанын да көрбөдүк.

Изниктен кийин Төлөмүш элчилик жумушунан колу бошобой Анкарада калган. Тилмечибизге ошо кезде элчиликте иштеген Турсунбеков Чыныбайды кошуп берген. Ал тилмеч катары ишке жарады. Биз менен кошо дайыма Түркиянын бир министри жүрдү. Жолугушуулардын баарын айтып отурбайын, күн сайын дуулдадык. Чорм деген өтө тез өнүгүп, дүркүрөп бараткан шаарда кыргыз элинин атынан Манас паркын отургузуп, Бишкек бульварын түптөгөнүбүз көңүлүбүздү көккө көтөрүп, ар бирибизди сыймыкка бөлөгөн.

«Манас» күндөрүнүн салтанаттуу жабылышы Анкарадагы чоң театрда Түркиянын атактуу инсандарынын, министрлердин, депутаттардын, дипломаттардын катышуусунда өттү. Гимндерибиз аткарылды. План боюнча «Манас» күндөрү ушуну менен аяктамак. Түрктөрдүн өтүнүчү боюнча эртеси Стамбулда пландан тыш дагы бир тогузунчу кызыктуу жолугушуу өткөрдүк. Манасчылык өнөр улуулардан кичүүлөргө, атадан балага кылымдардан бери өтүп келаткан керемет мурас экенине манасчыларыбыз Шаабай Азизов, Кааба Атабеков, Камил Мамадалиев түрк боордошторубузду, айрыкча окуучу балдарын бекем ынандырды. «Манасты» түрк элинин да руханий дөөлөтү деген сыймык менен барган жерибиздин баарында кыргыздарды ээрчип жүрүштү. Төлөмүш бизге аябай ыраазы болду: «Баягыда депутаттырыбыз эки жолу уят кылып кеткен, ошону силер жуудуңар» деп, ыймандай сырын айтканы эстен кантип чыксын!

*     *     *

Ошол эле 1995-жылдын июнь айында ЮНЕСКОнун колдоосу менен Францияда өткөн бир кызык фестивалга бардым. Кызыктыгы: «Кыштоодогу койду жайлоого көчүрүү» аталат экен ал фестиваль. Франция түштүгүндө байыркы римдиктер жарларды кесип, бир араба (азыр машине) өткүдөй жол салган, ар кайсы жерин оюп, жоокерлер жатар, тамак-аш, буюм-тайым койгудай жай курган, төрт миң кишиси бар Ди деген шаарда фестиваль башталары эки-үч ай мурда жарыяланат экен. Калкынын саны аз болсо да байыртан шаар аталып калыптыр. Шаар четиндеги эки короо койду 15–20 чакырымдай аралыктагы жайлоого көчүрүү аземин кокту өрдөп кеткен жол боюнда жашаган улуу-кичүү, кары-жаш француздар французча кийинип, жол четине дасторкон жайып, чыдамсыздык менен күтүнүп тургандарын көрүп, көңүлүм көтөрүлдү.

Элдин дымагына там бердим. Жөө басчулар жөө, машине менен барчулар машинеден түшпөй жүрүп отуруп, жайлоого жеттик. Костер жага турган отунду даярдап, тизип коюшуптур. Баса, эки короонун ар биринде эки жүздөн ашпаган кой бар экен, бизде жети-сегиз жүз, миңге чукулдап барчу эле а кезде. Таң атканча уктабай костёрдун тегерегинде ырдагандар, жомок, тамаша айткандар тынбады. Мен «Манасты», манасчыларды айтып берсем, кашайып ишенбей коюшса болобу! Болот Шамшиевдин «Манасчы», Төлөмүш Океевдин «Жылкылар» фильмин ала баргам. «Эртең ишендирем силерди!» дедим ичимен. Фестивалдын максаты: француздардын качанкы бир доордо унутулуп калган оозеки мурасын эске салып, билгендер болсо жатка айттырып, кошо жаттап, бүгүнкү жашоосуна аралаштыруу экен.

Бу саам француз адабиятчысы Римдин архивинен бир ыр таап келиптир. Анын божомолунда бул ыр байыркы француз койчуларынын ыры имиш. Аны түнү менен жаттап чыккандар болду. Эртеси жайлоодогу кичинекей ээн чиркөөдө овонго салып ырдагандарын уктук. Диге кайтып келаткан жолдогу кичине кыштактын клубуна токтоп, «Манасчы» менен «Жылкыларды» көрсөттүм. «Байыркы өнөрүңөрдү жоготпой сактап калган бактылуу эл экенсиңер» деп, улгайган француздар ыйлады. Мени бура бастырбай суроо артынан суроолорду жаадырышты. Күзүндө «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесин өткөрөрүбүздү укканда: «Чакыргыла, өз каражатыбызга барып келебиз» дегендер көп болду. Тилекке каршы, бир-экөөнү да чакырта алганым жок. Быяктагы билермандар «мейманканада орун жок» дегендей шылтоону айтып, «эч кимди чакырба» деп тырышып койгон. Жайлоодон Диге келгенибизде, Рим архивинен табылган алиги ырды шаардыктар түнү бою жабыла ырдап чыккандай сезим калтырган эле.

*     *     *

Адамзат капитализм жолуна түшүп, илимий-техникалык цивилизацияны алгач башынан өткөргөн Европа өлкөлөрү оозеки мурастарын караңгылык катары жерип, эпикалык өнөрүнөн кол жууп калган. Француз карыларынын суктануу менен: «Бактылуу эл экенсиңер» деп ыйлаганы кимди гана ойго салбайт: «Манас», «Семетей», «Сейтек» деген улуу жана «кенже» эпосторубуз, дастан, санат, терме, төкмөлүк өнөр, айтыш, жылкы менен бирге өткөн өмүрүбүз көчмөндөр цивилизациясынан келаткан кенч, байлык, руханий дөөлөтүбүз экенин билебизби? Билсек, кандай деңгээлде? Анын баркын көтөрө алдыкпы, даңазалай алдыкпы аны? Дүйнө элдерине жагымдуу жана кызыктуу, руханий өнүккөн байлыгыбыз гана кыргыз калкын глобализациянын капшабынан сактап калчу калканч экенин түшүнөр бекенбиз? Кийин бармагыбызды тиштеп калбайбызбы?

Баса, Франциядан келерим менен мага бир «жаңылык» айтып сүйүнчүлөштү: Байтиктин Бозбөлтөгүнүн күңгөйүндөгү көрүстөндүн батыш тарабына элди отургузуп, эгин айдалган талаанын эгинин түздөтүп, «Манас» мааракесин өткөрүүнү макулдаштык деп он чактысы мени ээрчитип барды. Мен караманча каршы турдум. Элдин көбү Бишкекте деген шылтоону бетине кармап, тигилер да кашайды эле, мен:

– Андай болсо Манастын күмбөзүн ушу ченге көчүрүп келгиле! – десем, чычалап барып басылышты.

Ди шаарынын жайлоосу Тоңдун Туюк-Төрдөгү жайлоосуна түк окшобойт. Биздеги желе-желе бээ байлаган береке, көрк, жайылган мал, тай үйрөткөн жыргал европалыктардын түшүнө да кирбеген жомок. Жайкы түндүн желаргысына мемиреп, бала чагымда Абийир атам экөөбүз тышта жатчу элек. Жылдыз учса, кайда кетерин билгим келип, атамы уктатпай сурай берчүмүн. Атамын оозунан «билбейм» деген сөз чыкчу эмес: «Ар кимибиздин жылдызыбыз бар, жүрүм-турумубузду көзөмөлдөп турат» дейт.

– Менин жылдызым кайсы? десем, «Жакшылап байкасаң, көрөсүң» дечү атам.

Мен уктаганда гана атам тынч алчу. Күзгө жуук жакага көчүп келчүбүз. Боз үйүбүз короодогу ордуна тигилчү.

– Кышында боз үй суук, биз менен эле там үйдө жылуу жат, – деп Абийир атам менен Бытыкый энеме угузбай апам мага шыбырап калар эле. Мен көнчү эмесмин. Атам менен энемин ортосунда эргип уктаганды жакшы көрчүмүн.

Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз