Манаска күмбөздү илгеркилер Кароол-Чокуга жараштыра ордун таап салган. Күмбөз өз ордунда. Бирок анын адепки көркүн кийин реставрация жасагандар бузган. Манастын күмбөзүн мен алгач он сегиз-он тогуз жаш курагымда көргөм: төбөсү көмкөрүп койгон казандай жумуру, бийиктеткен төрт бурчунун арткы оң бурчу урап турган эле. Ошого карабастан күмбөздүн көрүнүнүшү сүрдүү, бакыйып берекелүү болчу.
Отузунчу жылдагы катуу ачарчылыкта тентиген казактар баш калкалап, жан сактаган күндөрдө жаккан оттон күмбөздүн түндүгүнө тартылган жоокерлердин сүрөтүн ыш каптап көрүнбөй калганын жергиликтүүлөр айтчу. Күмбөзгө кире бериште кадимки кирпичтен жука күмбөздүн урандысынан түшкөн он беш-жыйырмадай кирпич, сыныктары менен кошо тизилип жатчу эле. Аларды кезинде эчен курдай эр сайышка түшүп, жеңилбей атагы чыккан Теке баатыр тыпыйта кынаптап тизип, күмбөздүн чеке-белине чаң жугузбай көзү өткөнчө үй-жай күтпөй конуп-түнөп, Манас баатырдын күмбөзүн акысыз кайтарган өмүрүнө топук кылып, о дүйнө сапарына узаган дешет. Теке баатыр кастарлап, аярлап баккан кирпичтин бири да жок азыр. Дайнын эч ким билбейт. Теке баатырдан тукум калбаган шекилдүү. Анын унутулуп баратканына, а түгүл унутулуп калганына зээним кейийт.
* * *
Кайда жүрбөйүн Таласты ойлосом ир алды Манастын күмбөзү, Кароол-Чоку эсиме келет. Анткени бу жер ыйык. Ыйыктыгы жалпы кыргыз баласынын жүрөгүндө. Буга мен бөркүмдөй ишенем. Манаска арнап кеменгер энебиз Каныкей күмбөздү салдырган да, баатырдын сөөгүн кара ниет кас душмандарга мазактаттырбас үчүн Эчкилүүнүн тоосуна жашырып койдурганын улуу-кичүү, кары-жаш баарыбыз билебиз. Билсек да баатырдын атын кылымдар бою өчүрбөй көңүлүбүзгө кубат-дем кошкон күмбөздө бабабыз баатыр Манас өзү жаткандай сыймыктуу сезим жашап келатат. Бу жөнөкөй сезим эмес. Ыйык сезим.
Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” аттуу китебинен.