Гүлзат Бектемир: Итике

  • 02.01.2023
  • 2839

АҢГЕМЕ

Түн жарымынан ооп калганда биздин өрөөндөгү биринчи айылга жеттик. Мындан ары асфальт жол түгөнөт да, таштак жол башталат. Илээлеп жүрүп отурасың. Бала кезимде ушул таштак жол бүтүп, асфальт жол башталган жер көзүмө жакшы көрүнчү. Мектепти бүтүп ошол жол менен шаарга кетсем деп кыялданчумун.

– Көп жылдан бери айылга келе элексиң, уктабай эки жакты карап бар. Бул калдыраган жолду деле сагынгандырсың... – деди айдоочу байке. – Бирок караңгыда эч нерсе деле көрүнбөйт ко, – деп кошумчалады.

Баарыбыз күлүп калдык...

А мага баары эле көрүнүп тургансыды. Таштак жол. Жолду бойлой аккан дарыя. Бийик тоолуу айыл. Анда жашаган кишилер...

*   *   *

Мастыгынан ыргалып үйгө араң басып келген атамды көрүп энемдин өңү бузулду.

– Эй кыз, бир эле китепти тытмалап кайра-кайра окубай, тур төшөк сал! – апам мага жиндене карады. Негедир апам атама ачуусу келгенде жинин менден чыгарат. Мени урушат.

– Башка китеп жок болсо эмне кылайын?!

– Ооба, сен ошентип бүгүн мени менен айтыш! Эртең атаңа кошулуп мени саба!

Мен өзүмдү күнөөлүү сезип, унчукпай төшөк салганга кириштим.

– Сен эмне, болгон күчүңдү ушул кыздан чыгарып калгансыңбы?! – бут кийимин чече албай отурган атам апама атырылды.

– Мен сага айткам, дагы айтам, кетип кал! Тирүү кезиңде төркүндөрүңө кетип кал! Тиги дөңдөн нары көздөй тоголонсоң эле, атаңдын үйүнүн алдына түшөсүң!

Таятамдын үйү менен биздин үйдү дөң эле бөлүп турат. Бирок апам алардыкына барбайт. Атам мас болуп келген күндөрү апам экөөбүз башка кишилердин үйүнө качабыз. Таятамдыкына бир дагы жолу барган жокпуз. Ал киши өйдө-ылдый өткөндө гана биздикине кайрылып калат. Тайенем такыр эле келбейт...

Атамдын үнү дагы катуулап чыкты.

– Эй, бул «кет» дегенди түшүнбөгөн кандай неме?! Кет дейм!

Үстөлдөгү чыны апамдын желкесине тийди. Апам ордунан турду да, сыртка чыгып кетти. Мен коркуп, артынан жөнөдүм. Айдын жарыгы менен көчөнү өйдөлөй бастык. Кимдин үйүнө баратканыбызды дароо түшүндүм.

Эшиктин алдында чылым чегип турган Эсен ата бизди көрүп башын ийкеп, үйгө киргиле дегендей ишарат кылды. Үйгө кирдик. Алдыбыздан чыга калган Тынар эне күлүп жиберди.

– Иий, келгиле, үйгө кире бергиле... Мен азыр... Майра менен Айгүл да жаңы эле келди.

Ашканада отурган Майра жеңе бизди карап: “Бизди кудай урган го...” деп күбүрөндү. Айгүл жеңе аябай ыйлаган окшойт. Көзү кыпкызыл... Тынар эне сырттан отун көтөрүп келип, от жагып чай койгонго киришти. Эшиктен келген Эсен ата жерде жаткан гезитти алып, төркү үйгө кирип кетти. Дасторкон салынып, ысык чай келди. Бирок куюлган чайды эч ким ичкен жок. Эч ким сүйлөгөн да жок. Бир нерселерди кобурамыш эткен Тынар эне үч аялдан “Ии-и” деп баш ийкегенден башка жооп ала албагандан кийин, ал да үндөбөй отуруп калды. Сөз коошпой койду...

Аңгыча эшик шарт ачылып, Айгүл жеңенин күйөөсү кирип келди. Мас экен. Эч ким менен учурашкан жок. Ызырынып дароо эле аялына атырылды.

– Эй катын, алдыма түш!

Мен апамды кучактай калдым. Майра жеңе да апама ыктады. Тынар эне ордунан турууга аракет кылып, бирок этегине чалынып тура албай, өзүнчө наалды. Айгүл жеңе гана ордунан козголгон жок.

Байке кайра кыйкырды.

– Бас дейм! Ушундайыңда басып кал! Качып келчү үйдү тапкан экенсиң, энеңди...

Ал биз тарапты карай келатканда, төркү үйдөн Эсен ата чыга калды. Аны көрүп, азыр эле атырылып аткан эркек жалтаңдай түштү.

– Ии, кел... Эмне болду?! – деди ата үнүн бийик чыгарып.

– Мен мындай эле... Учурашып коёюн деп...

– Учурашчу киши түн жарымда эмес, таңда келет. Түндө келсе эшик кагат, үйдө ким бар деп сурайт!

Эсен ата босогодо жөлөнгөн таягына бет алды. Айгүл эженин күйөөсү соолуга түштү окшойт, аксакалга сунуп бараткан колун эки колтугуна ката коюп, ыксыз ырсалаңдап, анан шашылып эшикти көздөй жөнөдү. Анын артынан эле эшикке чыккан атанын, “Ай бери кел! Токто! Токто дейм!” дегени бизге угулуп турду. Азыр эле кыйынсып, аялын чачтан алып сүйрөчүдөй болгон неме карыган чалдан айбыгып качканын көрүп, мен аябай таң калдым, бир эсе сүйүндүм. Апам мени кучактап отурган калыбында:

– Күң өскөн жаным, бирөөнүн эрине тургай, өз эриме да сүйлөй албайм... – деп күбүрөнүп койду. Болуша албаганына өзүн күнөөлүү сезди окшойт.

*   *   *

Дагы бир жолкусунда атамды уктасын деп сай бойлоп жүрүп, апам экөөбүз үйгө түн оогондо келдик. Короого кире бергенибизде:

– Атаңды карап чык. Уктады бекен? – апам адатынча мени биринчи үйгө киргизди. Апам дайым ушинтет. Атам мени сабабайт да. Мен үйгө акырын кирип, жарыкты жандырдым. Негедир үй ичи муздак. Аркырап шамал урат. Апам артымдан аңдып, жыла басып келаткан экен, мен эмне болгонун аңдап түшүнгөнчө болбой эле кыйкырып жиберди.

– Ушундай болорун билгем! Ушуну кыларын билгем! Мындан башка мунун колунан эмне келмек эле?!

Мен чочуп кеттим. Үйдөгү болгон эки терезени атам күбүп салыптыр. Өзү болсо аркыраган шамалды тоготуп койбой уктап жатат.

– Апа, эми эмне кылабыз? Каякка уктайбыз?

– Эми эмне кылмак элең?! Тур, сандыктагы шейшептерден алып чык! Абайлап бас, бутуңа айнек кирет! – Апам айнектерди чогултуп да, наалып да, ушунун баарына мен күнөөлүүдөй мени улам жекире карап, тилдеп да жатты. Мен таарындым. Апам ага маани деле берген жок. Терезелерге шейшептерди мык менен илештирип эптеп кагып, калкаладык. Күндөгүдөй төшөк салган жокпуз. Апам эки көлдөлөңдү катарынан салды да, үстүбүзгө эки көрпөнү жаап койду.

Эртең менен апамдын калдыратып от жакканынан ойгонуп кеттим. Атам адатынча таң эрте туруп кетсе керек. Үйдө жок экен. Очокко чай койгон соң апам:

– Экөөбүз качып жүрүп наны жок калыптырбыз. Бар, Назик жеңеңден нан сурап келчи, – деди. Мен сүйүнүп кеттим. Назик жеңени аябай жакшы көрөм. Татынакай жеңе. Дайым мени эркелетип сүйлөйт. Чачымды түрдөп өрүп берет. Бир жакка барса, такай мени ээрчитип алат. Ошон үчүн да жакшы көрөм. Кээде баламды карап тур, нан жаап алайын, кир жууп алайын деп чакырып калат. Анысына деле кайылмын. Бара берем. Бул жолу барсам, жеңе очоктун күлүн чыгарып атыптыр.

– Жеңе, апам бир нан берип турсун дейт.

Менин сөзүмдү кайненеси угуп калбасын деди окшойт, жеңе шашып кетти. Бурчтагы үкөктөн бир чоң нан алып берди да, «бара гой» деди. Ошол учурда сырттан кирип келген кайненеси колумдагы нанды байкап калып, Назик жеңени жекире бир карады:

– Эмне, апаң нан жаппай калганбы?! – деди мени зекий карап. Мен билбейм дегендей ийин куушурдум. Каардуу кемпирдин алдынан тезирек кеткенче шаштым. Ага болгон жок, кемпир мени токтотуп:

– Ай кыз, айт апаңа, алдыгындай чоң нан жасап берсин. Муштумдай болгон бир нерсени көтөрүп жетип келчү элеңер!

*   *   *

– Инилүү болосуң, кызым. Инилүү болсоң, ысымын Итике коёбуз! – атам күндө бир маал кайталайт.

– Ошондой кантип ысым болсун? – мен чычалайм.

– Болот, Итике, Чотуке деген аттар толтура.

Атам мени чычалатканына ыраазы болгондой каткырат. Мага болсо Итике деген ат жакпайт. Күндө иниме ысым тандайм. Ильич, Мелис, Каныбек, Алым деп жаккан аттарды санайм ичимден. Бирок мен тапкан ысымдар улам эле иниме жарашпай калат, татыксыз аттар болуп чыга келет. Анан чет элдик кинолордон көргөн ысымдарга өтөм. Марсель, Дэниель, Джон...

Апамдын боюнда бар экенин билгенден бери атам апамды сабабай калды. Үйдөн да кууганын токтотту. Ичип келип, буюмдарды ыргытып, сөгүнүп аткан атам, апамды көрөрү менен “Оо, Итикем!” деп ырсалаңдап күлүп баштайт. Же отуруп алып уңулдап ыйлайт.

– Улак берем! Уулдуу болсом торпок-улак берем! – деп кыйкырат.

– Короосунда чычкак улагы жок, улак берет имиш, – деп сүйлөнөт апам. Ачууланымыш эткени менен апам өзү деле ушул ойго макулдай.

*   *   *

Бул жолу атам үйгө ырдап келди. Анан түшүнүксүз сөздөрдү булдуруктаган бойдон жатып уктап калды. Бирок көп өтпөй Ырыс байке кыйкырып короого кирип келди.

– Эй Бактыбек, чык эшикке! Эркек болсоң чык!

Ал киши үйгө киргенге аракет кылды эле, апам экөөбүз алдынан тосуп чыктык.

– Эй, энеңди... Бактыбек! Чык деп атам сага! Сен мени ура турган болуп калгансыңбы?!

– Эмне болду? Бактыбек үйдө жок!

– Ээй, катыныңдын артына жашынбай чык деп атам! Сен турчу мындай! – Ырыс байке маңдайында турган апамды бетке бир муштап, жакасынан алып түртүп жиберди. Апам тепкичтен ылдый тоголонуп барып жатып калды. Мен коркконумдан чыңырып ыйлап, коңшуларга жардам сурап чуркадым. Үнүмдү угуп биздин үйдү карай чуркап келаткан Назик жеңенин күйөөсүн көрүп, кайра үйгө кайттым. Келсем, апам Ырыс байкени үйгө киргизбей, анын күрмөсүнөн бекем кармап туруптур. Ал киши апамды кайра түртүп жиберди. Менин артымдан эле чуркап келген Назик жененин күйөөсү Ырыс байкени бекем кучактап, короодон алып чыгып кетти. Ызы-чуудан улам үйдүн алдына бир көчөнүн эли бат эле жыйылып калды. Апам кыйкырып да, ыйлап да жатты:

– Өзүмдүн эрим аз келгенсип, мен эми башканын эринен токмок жейинби?.. Сотко берем! Мен анын түбүнө жетем, колуна өлүп берем!

Апамды ордунан тургуза албай бир нече аял убара.

– Кой, аланайын... Үйүңө кир, алдагы кызыңды ыйлатпай.

– Эртең эми, тиги соолуксун...

– Кел, бетиңди жууйлу...

Аялдар эптеп апамды өйдө тургузарда апам ичин мыкчып, бүрүшүп жатып калды. Жанатан бери апамды сооротумуш эткен аялдардын өңдөрү бузулуп, күбүр-шыбырлары көбөйдү.

– Ушуну көрмөксүңөр! – деди Тынар эне, – Ушуну көрмөксүңөр!

Бул сөздү Тынар эне атам менен апама айттыбы, Ырыс байкеге айттыбы, ошол жердеги аялдарга айттыбы же элге айттыбы, билбейм, бирок ал тынбай эле ошол сөздү кайталай берди.

– Ушуну көрмөксүңөр!

Анан Эсен атанын:

– Кенжебек, бар, балам, машинеңди айдап келе кал! – деген үнүн уктум.

Апамды Кенжебек байке шаарга алып кетти.

*   *   *

... Бир жумадан кийин апамды шаардагы абам жеткирип келди. Абам машинесинен түшүп эле атамды сурады.

– Билбейм, – дедим мен. – Ырыс байке менен ичип жүргөн.

– Иттин гана баласы, анын сазайын колуна карматпасам! Катын-баланы кордогон кандай болорун көргөзөм ага! Апаңа жардам бер! Үйгө кире бергиле.

Абам ылдыйды көздөй басты. Мен Ырыс байкени барып сабаса экен деп тиленип, анын артынан карап турдум. Көп өтпөй абам Ырыс байкени эмес эле атамды сабап, кууп келатканын көрдүм. Эки жолу тепсе, бир жолу башына муштайт. Же теңселип атам тезирек кача албайт. Эки-үч жолу жыгылып, турду. Жыгылса деле сабап атты абам. Аяган жок. Кыйкырык-бакырык биздин үйгө жакындаганын угуп, эми эле төшөккө жаткан апам кайра эшикке чыкты. Абам атамды короого түртүп киргизип, аябай тилдеп, анын айынан жумуштан калганын айтып, анан сүйлөнгөн бойдон машинесине отуруп кетип калды. Атам башын жерге салып, апам жакты тиктебей кыйла отурду. Бир маалда башын көтөрүп апамды карады. Мага маани деле берген жок. Дагы апамды “атаңдыкына кет, дөңдөн нары тоголон” деп айтат ко дегем. Анткен жок. Кудум чоочун короого келип калгансып, эки жагын элеңдеп карап, анан бирөө-жарым мени “токто” деп айтпасын дегенсип, тез-тез басып көчөгө кетти. Апам экөөбүз үйгө кирдик.

– Кызым, инилүү болбой калдың, – деди апам. – Ия айланайын кудай а-ай, – деп үшкүрүндү.

– Мен ошондо жалгыз кыз бойдон каламбы? – дедим. Апам башын ийкеди. Ичимден сүйүнүп кеткенсидим. Ата-энем мени көп эркелетпесе да, негедир башкалардан «бир үйдүн жалгыз, эрке кызы» деген сөздү укканды жакшы көрөм...

*   *   *

Айылыма келгенге бир себебим болсо, келбегенге миң себебим бар эле. Бирок келдим.

Эртең менен ызы-чуу түшүп үйгө кирип келген жеңелердин дабышынан ойгондум.

– Ай кыз... – деди алардын бири, мен уктап жаткан бөлмөнүн эшигин ачып, – Канча жылдан бери эми келсең, түшкө чейин уктаганың неси?

– Жөн койчу ботом, жолдон чарчап келгендир, – аны экинчиси тыйды.

Жеңелер ызы-чуу түшкөн бойдон ашканага кирип кетти. Мен ордуман туруп, алардын артынан бардым. Учурашып бүтөрүм менен жеңелердин бири:

– Ай, эмне солдоюп жалгыз келдиң? Кана күйөө бала? – деди. Кимиси сурады билбейм, бирок бул суроодон тайсалдай түштүм.

– Буюрса, кийинки жылы алып келем, – дедим да, өз жообумдан өзүм чочудум. Эмки жылы кимди алып келем? Оюмду иреттегенче алар ызылдап кирди.

– Ии, Кудай жалгасын...

– Каяктын баласы?

– Жашы канчада? Эмне иш кылат?

– Деги аның кыргызбы?

Жеңелер суроо артынан суроо жаадырып, дароо эле тойго камынып кирди.

– Кийинки жылды эмне кыласың? Азыр эле алып кел! Дароо той өткөрүп, узатып жиберели, – деди бири.

Экинчиси коштоду:

– Ой, биз даярбыз. Бир үйдүн жалгыз эрке кызы болсоң, сени узата албай өлүптүрбүзбү? Дүңгүрөтүп узатабыз.

Бир үйдүн жалгыз, эрке кызы... Ушул сөздү уга элек болчумун. Мага бул сөз жакпай калганына көп болду...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз