О`Шакир: Атмосфераны саткан бизнесмен

  • 11.01.2023
  • 3575

ЭССЕ

Капкайдагы бирдеңкелерди ойлоп таба берет ушу киши. Бир курдай радиодо бакылдап атат. “Кыпкыргызча мончо курдум. Ыштык мончо” дейт анысын да. Таңгалдым. Анан бир күнү өзү Кара-Булакка чакырды. Мейманга.  

– Эй, бала... – дейт, – келип кетпейсиңби. Ыштык мончого түшөбүз. Жакшы көргөн досторумду чакырдым атайы.

– Капкайдагы тоонун башындагы сизге кантип жетем? Ал жакты көргөн да эмесмин. Таппайм, – дедим.

– Сейтек Качкынбай сени ала келет. Сени ошого тапшырам, – деди.

Айтылган күнү, айтылган саатта Сейтек экөөбүз жолго чыктык. Суук. Кыштын кычыраган күнү. Кар сампарлап жаап атат сыртта. Элестете бериң, асмандын кабагы түнөрүп турган суукта тоого мончого түшкөнү жолго чыккандагыбызды. Жиндилик да эй.

Бардык. Көрдүк. Оозум ачылды. Туш тарабын тоо курчаган жерге көз жоосун алчу инфраструктура курат деген эмне. Тоодо кыпчылган эко-резорт комплекси энергия булагын күн нурунан алат деген эмне! Кылымдар бою кайсы тоолук кыргыз кокту-колоттун арасында заманбап инфраструктура маданиятын курса болорун ойлонуптур... Стоп! Бул маселеге өзүнчө токтолобуз кийин. Ыштык мончого кирмек эмес белек. Кирдик. Ахалап-охологонубузду көрүп ал: ыштык мончо дегени жыпар жыттуу керемет экен.

Белгилүү фермер Манас Саматов агабыз менен ошол жерден жакындан достоштук. Чөйчөк кагыштык. Адатымча Жумаке менен кажылдашып баштадым:

– Йе, Жумаке, – дедим, – Мактанат десе эле сиз... Кудайды карасаңыз боло. Өткөндө радиодо мактанып атасыз: ыштык мончо бул кыргыздардын мончосу болгон деп. Кыргыз тукуму кайсы кылымда мончо курганын таап берер фактыңыз бар?! – дедим бурчка такамакка.

– Макул, сен айткандай болсун дейли, – карсылдап каткырат. – Макул, сен айткандай кыргыз тукуму кылымдар бою кокочо болуп келиптир. Жуунбаптыр. Бирок мен бала кезде апам кургур Табыке экөөбүздү таштеке отургузуп, үстүбүздү думбалап жаап, кокочо кирибизди эзип эле жуунтуп өстүргөн. Демек, кыргыздын баары эле боз үйдү думбалап жылытып, суусун камдап, жуунуп-таранып келди да.

– Ооба, бизди деле ошентип чоңойтушкан. Кийин эле апабыз жуунтабыз десе чочогубуздан уялып качып, агын сууга шапшынып жуунуп алчубуз. Бирок ыштык мончо илгертен кыргыздыкы болгон деп рекламалаганыңыз саал ынанымдуу чыкпай атпайбы, – дедим өзүмдүкүн бербей.

– Мейли, сен айткандай кыргыздын өзүнүн мончосу болбоптур. А болтурса эмнеге болбойт? Кыргыздар мончосу жок эл экенбиз деп эле жүрө берелиби? Курса болбойбу? Мына, мен курдум. Жараттым. 40-50 жылдан кийин мен өлөм. Ошондо бул ыштык мончону кыргыздын бир тукуму, урпагы курган деген сөз калабы? Жумадин Эгембердиев деген бир кыргыз куруптур деген ат калабы?

– Калат, – деп Жумакенин кебин Манас досу кубаттады.

– Калат! – дедим айлам жок үчүн. – Йеп, баракелди! Кеп эмес бекен. Берчи алдагы колду, Жумаке! – дедим чын дилимден. – Кысып коёюнчу колуңузду. Алтын колуңузга береке! Болду, жеңилдим сизге... – аргасыз жеңилип бердим ушинетип.

– Мен кыдырбаган дүйнөнүн булуң-бурчу калбады. Далай кереметти көрдүм. Өзүм мончону жакшы көргөн кишимин. Дүйнөнүн далай жеринен орус мончосунан баштап, түрктөрдүкүн, финдердикин көрдүм. Анан эмнеге кыргыздын мончосу жок? Эмнеге болбошу керек деген ой жаралды. Альтернатива издедим, – деп ыштык мончонун тарыхынан баштады кебин. – Кыргыз мончосу башка элдердикинен ашса ашып түшсүн, кем болбошу керек дедим. Сенин сурооңо терикпеген себебим ошондон. Анткени тарыхчысынан, аксакалдарынан болобу, кыргызда мончо болгонбу деп сурасам, бирөө да далилдей алган жок. Факты жок экен. Бир да биларман таап бере албады андай далилди. Мына анан ушул ишке кириштим, – деген Жумакебиз ыштык мончонун кыргызча колоритин кантип тапканын баяндап отурса, менин жазганым роман болуп кетет. Андыктан эссе менен эле чектелип турайын, азиз окурманым...

Ансыз да алдыда сонун кеп бар. Таңгалып бүтпөйсүңөр. Жумаке сурап калды:

– Шаардагы мончолорго барганда бууда канча мүнөт отура аласың?

– Билбейм, – дедим – он мүнөтчө чыдасам керек ысык бууга.

– А ыштык мончонун буусунда андан узакка чыдайсың. Воздухту карачы. Таза. Тоонун касиети – би-ир деп кой. Анан моногу балдар тоодон жыйнап келген жалбыз менен шыбактын жыты буруксугандабы, отура бересиң. Эки-и деп кой. Анан калганын көрөсүң, – деген Жумаке ары жакта жүргөн жигиттерине кыйкырды: – Эй, балдар шишкебегиңер даярбы? Тездеткиле. Меймандардын курсагы ачып кетпесин.

Мына анан көрүп ал: Жумаке менен ыштык мончонун буусунда узун кепке кулак түрүп отуруп, денем помидордой кызарыптыр укмуш. Ысык буудан чыгарыбыз менен бассейнге секиргиле деди. Бассейни да шумдук: ташты жарып чыккан булактын суусуна туштап куруптур анысын. Какшаган муздактыгын айт. Сыртта кычыраган кыш мезгилин айт.

– Кана, жигит болсоң секир, – деди. – Кыйындыгыңды ушул жерден көргөз.

Муздак бассейнге түшсөмбү, түшпөсөмбү деп буйдалып турдум эле, суу “чулп” дей түштү. Бирөө секирди ага.

– Бах, жыргал жашоо! – Манас байкебиз экен бассейнге секирген. Артынан Жумаке, Сейтек секиргенин көрүп, мен турамбы. Секирдим.

– Бах, аттиң! – дедим бакырып. Муздак суудан кайра чыкканча шашканымды айт. – Үч деп кой муну, – дедим Жумакенин санагын өзүм улап.

– Ха-ха-ха.

– Көрдүңбү? Кыргыздын жашоо образы кандай болуш керек? – Манас байке экөө ыштык мончонун артыкчылыктарын түгөтө албай кобурашат улам.

Мен таңгалып бүтпөйм ансайын. Ангыча алдыбызга ысык шишкебеги келди бууланган. Картөшкө менен жүгөрү келди чокко оонап бышкан.

– Муну тө-өрт деп коюш керек, – дедим баягы тамашаны улап.

Чычырканактын ашы менен бал коюлду жыты каңылжаарды жарып. Аларды да санадым... Баары эсепте... Айтор, кул жебес ашты даярдатып коюптур Жумакебиз.

Окурман мага ушул жерден ишенеби-жокпу – билбейм. Өтө катуу таңгалганым: кыштын кычыраган суугунда сыртта отурабыз. Караңгы түн. Бороон жортуп өткөн тоолордун арасында жылаңач отурабыз. Кар лапылдап жаап атат. Помидордой кызарган денеме сампарлап жааган кардын муздактыгы сезилбейт десең. Асмандан пахта жаагансып, үстүмдө сүлгүдөн башка жамына турган эч нерсе болбосо да, ыштык мончодон чыккан дене үшүй турган эмес дегеле.

Баарыбыз сый тамакка карк тойгон кезде Жумакебиз жигиттерине кыйкырды:

– Тигиниңер даярбы? – тай казандан да көлөмдүү эки чоң кара казан жакка кол жаңсады. – Эми Олжеке, мунун даа тарыхын айтпай кетпесем болбойт. Илгери Табыкем экөөбүз “Шоро” компаниясын баштаганда ушул эки казанга жарма кайнатчубуз. Азыр сага окшогондорду ушуга кайнатабыз, – деп куйкумдуу сүйлөгөн Жумаке карсылдап каткырды. – Чоңдордун далайы түштү бул казанга. Мен балдарга тамашалап калам, чоңдордун шорун кайнаткыла эми деп. Бул казанда далай чоңдордун шору кайнаган ошентип. Кана эми... сен түшүп көрчү.

– Мени эми бышырып жейсизби? Чоңдордун шорун шорподой кайнатса болот. Менин эмнемди кайнатасыз? – дедим кырма сөздүн кырмычыгын кыстарып.

– Казандын биринде Кочкордун кара тузу кайнатылган, кааласаң ага түш. Сөөккө жакшы, териге жакшы. Тигинисинде жети түрлүү чөп кайнатылган. Денеңди жашартат анысы. Кайсынысына түшөсүң?

– Экөөнө тең түшөм, – дедим да денени жашарта турган казанына түштүм адегенде.

Мен түшкөн казанга Жумаке өзү да чогуу отурду. Казандын түбүнө отургуч жасатып коюптур. Ага 3-4 киши тегеректешип отуруп, аңгеме-дүкөн курганга сонун экен. Жылуу сууда дене балкып, жети түрлүү чөп жыты укмуш эми... Жумакенин денеси меникинен жаш. Булчуңдары толгонгон аркандай чың. Алтымыштан ашса да денеси чымыр экен.

Жумакебиз ошондо айтып оозумду ачырды:

– Бул жерден эс алуучулар үзүлбөйт. Жайы-кышы туристтер каттайт, өзүбүздүн жергиликтүү кардарлар андан. Анан бир күнү ойлодум: Кара-Булактагы ишимдин ийгилиги эмнеде деп. Көрсө мен кардарларга атмосфераны сатат экемин. Жаратылыштын атмосферасын... Карасаң... Тоо арасындагы эмне деген атмосфера бул?

– Чын эле, – дедим. – Таппаганыңыз жок экен. Мунуңуз улуттук табылга! Улуттук сыймык! Улуттук долбоор!

– Ойлосоң эми, Кыргызстандын 85-90% жалаң тоолордон турат. Чынбы? Анан биз тоолуу жерде кантип жашашыбыз керек? Тоолорду жалаң жайлоо, күздөө, кыштоо деп пайдалангандан башка эмне таптык? Өнүккөн өлкөлөргө барсаң, үйлөрдү тоолордун бооруна куруп, айдоо жерлерди, түзөң жерлерди туура пайдаланып атышат. А бизчи? Түзөң жерлерге тийбешибиз керек эле. Түзөңдүү жерлерди айыл чарбага пайдаланышыбыз керек эле, – деп каңырыгы түтөп кетти.

– Бул көйгөйгө мен да кейип жүрөм, Жумаке, – дедим. – Ал эмес канча жолу жазып чыктым бул теманы. Кыргыз бийлиги да, коомубуз да ушуга кайдыгер карап келатпайбызбы. Акыркы отуз жылдан бери Сары-Өзөн-Чүйдүн мол түшүм берер чүйгүн жерлеринин баарын кордоп бүтпөдүкпү! Жети дубандан көчүп келгендин баары Чүй жерине отурукташып, канчалаган жаңы конуштар толуп кетти?! Сиз айткандай, тоолордун бооруна отурукташуу маданиятын ойлонсок кана! Түзөң жерлерибизди тирүүлөр басканы аз келгенсип, Чүй боорунда мүрзөлөр эле канча миң гектар жерлерди ээлеп калбадыбы!

– Мен ушу жашка жеткенде гана акылыма келип атам. Жашоо алдыда экен али. Табыкем өлгөндөн кийин ойлонуп калдым жашоо, өмүр жөнүндө. Кыргызды терең уйкудан ойготушубуз керек экен, иним. Сени ошого чакырдым. Жөн чакырды дейсиңби... Кыргыз тилин кантип өнүктүрөбүз?.. Адабият, маданият жөнүндө мен деле ойлойм. Кыргызстандын экономикасын кантип көтөрөбүз?.. Канткенде элибиздин аң-сезими өсүп, билимдүү калкка айланат? – деп отуруп, түндүн далайы ооп кетти.

– Жумаке, – дедим. – Урмат-сыйыңызга ыракмат. Мен эми барайын үйгө.

– Мейли, кеч болуп кетти. Барып эле келин баланын койнуна култ этип кирип кет.

– Ооба, – дедим. – Чоң казаныңыздагы жети түр чөптүн жыты кетип калбасын үчүн, үйгө чайканбаган бойдон барам. Сиздин мончонун жыпар жытын келин балаңызга да ала кетейин, – деген бойдон кетип, үйгө буруксуган жытты ала келдим ыштык мончодон.

– Сонун жыттанасың го бүгүн... – деди жаншеригим. Мойнуман жыттады. – Бах, жыты укмуш ко...

Андан бери Жумакенин ыштык мончосуна далай каттадым. Үйгө келген сайын жыпар жыттуу чөп жыттанып келем. Далай сонун күндөрдү өткөздүк. Бир жолкусунда төкмө акындар менен манасчыларыңды, жазуучуларыңды ээрчите кел деди. Алар да ыштык мончонун ыракатына балкып келишти. Кийинки сөздү ошондон улайбыз...

(Уландысы бар)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз