Өскөнбай Бердибаев: Кара шамал, жагат мага эски ырлар

  • 13.01.2023
  • 2290

*     *     *

Токтобой бараткандын алын сурап,
Тоо жолу тараптардын жайын сурап.
Сай жондон сапар салган жолоочуга
Ийилип салам айтам дайнын сурап.

Тообо деп чойбогула эриндерди,
Тоодон эй, мен узадым көрдүңөрбү?
Силер да мен сыяктуу жолоочулар,
Тоо жактан сапар улап келдиңерби?

Көк гүлүм көркөм өскөн жайда калды,
Көп күнүм суудай агып сайда калды.
Кайрылып мен тоолордон узаганда,
Кайып жан кайберендер кайда калды?

Толгонуп канаттарым барат талып,
Тоолор деп жазган ырлар кабатталып.
Аттиң ай, тоодо өткөн бала кезим,
Саргаят күндөн-күнгө барактары.

Байланып убакыттын жебесинде,
Айланып мейкиндиктин кемесинде.
Кыялдар дале тоону самайт  учуп,
Кызарып баткан күндүн сересинде.

Кайрылып канаттарым барат талып,
Кай жакта кайберендин тараптары.
Кышкы суукта куштарды аяп турам.

Ак кыроолоп ачылбай уюк түбү,
Канатыңа кар аяз уюттубу?
Мейкиндикте мелжиген эркин куштар,
Бороондордо боюңар чыйрыктыбы?

Таажыңарга муз аяз жабыштыбы?
Талпынганда тулкуңар карыштыбы?
Канат кагып сапарда баратсаңар,
Шамал айдап катарлаш кар учтубу?

Салааланган муздарды санап улам,
Калаадагы ызгаарды карап турам.
Кара бороон калчылдап үшүсөм да,
Кайкып учкан куштарды аяп турам.

Ак кыроолоп ачылбай уюк түбү,
Канатыңар кар аяз уюттубу?

ЖЕРГЕ-ТАЛДЫН АЛМАСЫ
Жел желпинсе түркүн гүлдөр буркурап,
Жерлеримдин жемиштери мол эле.
Жегим келет Жерге-Талдын алмасын,
Таңдайымда даамы дале сооло элек.

Күнүм жарык, гүлүм көрктүү кездерде,
Кайкып учкан куштар кончу түздөргө.
Жерге-Талдын алмасындай албырган
Кызыл өңдү көрөр элек жүздөрдөн.

Алма бакта кооз үндүү куш сайрап,
Көкөлөдү көчөт түптөр биз сайган.
Бак түбүндө булак ийип мөлтүрөйт,
Жомок сымал жолоочулар из салган.

Элестетем эмдигиче жан жыргап,
Нан жабылчу кулач-кучак дандырлар.
Кызыл-кызыл кыштагымдын алмасы,
Кызык мага оттой жанган ал жылдар.

Жер жыттанып турган кезде чаң басып,
Жегим келет Жерге-Талдын алмасын.

КАРА ШАМАЛ
Какшап, зарлап уңулдабай боз кырдан,
Кара шамал, ырдап берчи эски ырдан.
Маземди алып турган кезде сан ойлор,
Мага мүрөк болор ошол эски ырлар.

Кара шамал кайрып ырда өткөндү,
Карааны алыс жол улаган көптөрдү.
Артын салып аркыраган шамалга
Кайыр кошсуз сапар салып кеткенди.

Кара шамал сөзүн ырда бийиктин,
Кайкы белде сая кууп кийикти.
Чимирилип мейкиндерге миң түркүн,
Бийин бийле айланкөчөк ийиктин.

Кара шамал, зым мамылар зуулдайт,
Ээ-жаа бербей зыркырайт да чуулдайт.
Жан-дуйнөмдө обологон обондор,
А тоолордо шар-күү шамал куюндайт.

Мейкиндерде сүзүп жүргөн кайыктай,
Кара шамал муңдуу обон кайрыктар.
Музыкасы мукам муза, жел-шамал,
Кулак түрөм тоо тарапка кайра ыктап.

Какшап, зарлап уңулдаба боз кырдан!
Кара шамал, жагат мага эски ырлар!

*     *     *

Терскен тээп теке оттоп биз жактан,
Тээ чокуда карга оронуп нур жаткан.
Биз да ошондо канат күүлөп булутка
Мейкиндикке учкан элек Мургаптан.

Анан узап узак-узак булуттай,
Анда ал тарап аппак була булуттар.
Каалгып кайда? Кайда калдык? Ким билет?
Биз мезгилди, мезгил бизди унуткан.

Кайберендер мекен үйүн түнөктөп,
Кайсы бир биз... кайып кеткен түнөктөн.
Булут ээрчип каалгый учкан бир элес,
Түстүү, түссүз биз тартылган сүрөттөр.

Булут ээрчип каалгый учкан бир элес,
Биз бар, биз жок, тоо тартылган сүрөттөр!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз