Мунарбек Курманов: Эгемендикте да эскирбеген жосундар

  • 14.01.2023
  • 1414

Ата-бабаларыбыз, негизи эле биздин эл мейманды, конокту кантип тосушкан? Үйүнө конок келгенде бой жеткен кыздарынын колуна патүнүс карматып, нан, боорсок, анан пиялага сары май салып туруп, көчөгө, сыртка чыгарып коюшканбы? Ушинтип тосушканбы?

Мен ушуну билейин деген ниетте бир топ кишилер менен сукбатташтым, алардын көпчүлүгү 70 жаштын кырынан кыялап өтүп кеткендер болушту. Алардын айтымында кыргыздар, биздин эл эле эмес, негизи түркий тилиндеги калктар, мейли, алар исламды тутунабы, будданы карманабы же отко, ташка сыйынабы, баары бир эч убакта меймандарын кыз-келиндерге тостурбаптыр.

Үй ээси, анан эркек балдары, жигиттер кош колдорун бооруна алып, сылык-сыпаа тосушкан. Минип келген көлүктөрүн жайгаштырып, конокторду сыйлуу үйгө баштап киришкен. Ал эми байбичелер, келиндер алар менен кошо келген ургаачы кишилерди өзүнчө кабылдашып, атайын алар үчүн даярдалган бөлмөгө жайгаштырышкан.

Көптөгөн түркий тилиндеги боорлорубуздун арасынан биз ислам динине ыкырар кылабыз. Байыртадан келаткан каада, нарктарыбызга кошо шариятка да баш ийебиз. Ал эми ошол шарият талабы боюнча да конок келсе аларды кыз-келиндер тосуп алышпайт. Шариятыбыз бой жеткен кыздарыбызды жат, чоочун көздөргө негизи жок көрсөтө бергенге жол койбойт, муну күнөө катары карайт.

Советтик бийлик миңдеген жылдарды карытып келген салт, каадаларыбызды талкалаган. Бизге салтыбызда да, динибизде да жок жаңы жосундарды үйрөткөн. Эркин өлкө, эркин улут болсок да православдардын компартиячылар үйрөткөн ошол жугуштуу дарттарынан алигиче кол үзө албай келатабыз. Кайсы бир чет мамлекеттин башчысы келсе да, ал эле эмес Хабиб сыяктуу спортчу келсе да самолёттун шатысынан жерге бут койгон жайга кычыраган кышта да, аптаптуу жайда да кыздарыбызга улуттук кийимди кийгизип алып, колдоруна боорсок, нан, сары май салынган табактарды карматып коёбуз. Мунун кереги барбы акыры?

Славяндардын ал салтын эми өздөрүнө эле бербейлиби? Биз унутуп эле салсак жарашпайбы? Не, коноктор ачка келбестир а? Колдоруна табак толгон боорсок, нан карматпай эле, алибеттүү, зыңкыйган жигиттерибизди кыргызча кийиндирип, эне тилибизде салам бердирип тосуп алсак уятпы? Жигиттерибизге улуттук аяк кийимдерди кийгизип, кончторуна булдурсун камчыларды кыстартып тоссок, бирөө бизди жаман көрөбү? Четтен келген меймандардын даража, чин, даңкына карабай, аларга өз салтыбызды үйрөтсөк болбойбу? Алар кыргыз жерине келгенин аба майданынан эле аңдатпайлыбы? Кыргыздын айбатын көрсөтпөйлүбү?

Теледидарлардан кызыгып жүрүп көрдүм, өзбек, казак, түркмөн туугандарыбыз да бизчилеп кыздарына нан салынган табактарды карматып тосушат экен четтен барган меймандарды. Албетте, аларга да уят, алар дагы советтик кезде жуккан “дарттарынан” айыгыша элек да.

Келиңиздер, демократия кеңири, бекем орногон Кыргызстан мамлекетинде биз улуттук салтыбызды биринчи болуп баштайлы!..

Ушуга улай орустар үйрөткөн дагы бир жосунду айтайын. Элибиз шаманчылыкта турган убактарда да, теңирчиликти карманган мезгилинде да киши өлгөндө аны көмүүгө алып жөнөгөндө аскердик духовый оркестирди алып келип, айлана-тегеректи дүңгүрөтүп музыка ойноткон эмес экен. Музыка, ыр-күүлөрдү шаттуу, шаңдуу чактарда гана ойношкон. Ислам дини да муну туура көрбөйт. А биз алигиче бир аз аты-жыты чыккан адам өлсө эле аскердик гарнизондордон акча сарптап духовый оркестирди алып келип, орустардын музыкасын чалдырабыз. Биз үчүн ушунун кереги барбы? Менимче, кыпындай да кереги жок. Тек гана бул элибиздин али кулчулук ой-санаадан арыла албаганын аңдатат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз