Семён Винокур: Акыркы түн

  • 21.01.2023
  • 2180

АҢГЕМЕ

Мен студенттерди тасманын сценарийин жазганга окутам. Ким болбосун ага үйрөтө алам, албетте, эгер каалоосу болсо. Бирок багыма Михаль аттуу студент кыз туш болду. Аны мен эмнеге үйрөтө алам?

Биринчи эле окуу жылынан кийин Михалдын тасмасын Венецияга фестивалга жөнөтүштү. Ал эми анын толук метраждуу тасмасын Англияда көрсөтүүгө алышты. Мына ушундай.

Михаль өзүнө абдан ишенчү, керек болсо кээде мен да анын өзүнө болгон ишенимине суктанар элем. Лекцияларымды бир аз текеберчилик менен угат, ошол эле убакта бир да лекциямды калтырбайт. Анын бул кылыгы мага текебер жагынып жатканындай сезилчү.

Бир күнү Михаль каанадагы башка кызды кемсинтип жатканына күбө болдум. Эсти группанын эң жоош кызы эле. Эстинин кеңеш сурап келгенине Михаль мурдун чүйрө: “Сен бекер убара болуп жатасың, кеч болуп кеткенче азыр түшүнгөнүң оң” деп калды.

Михаль мени да көрүп эч тартынбастан:

— Эсти иллюзиялар менен жашабашы керек. Ал жаза албайт. Эстинин сценарист болууга кымындай да шансы жок, — деди баары уксун үчүн үнүн бийик чыгарып.

— Кечирим сура, – дедим мен, өзүмдү араң кармап.

— Жок!

Сабак кантип бүткөнү эсимде жок. Мени ачуулантканы Михалдын текеберлиги, Эстинин жумшактыгы жана группанын жымжырттыгы болду.

Мен бир нече сабактан соң кийин түшүндүм: Михаль башкалардын оорусун сезбестигин. Бул анын өз оорусу. Ал эми Эсти бул группага проректордун жардамы менен келип калганы да белгилүү. Андыктан ага да ашкере боорум оорубады.

Ошентип эки жума өтүп, накта катастрофанын күнү келди.

Маңдайымда 20 болочок режиссёр, сценаристтер отурат. Баарына бирден тапшырма салынган конверт даярдадым. Ар кимиси кагазды бирден тандайт да, ичинде мен жазган абалга карап сценарий жазышат. Тапшырма ушундай.

Баары толук алып, жазып башташты. Михалга карадым, кагазды үнсүз окуп жатат. Дайымкысындай бир аз сылыгырак көз караш. Бир кезде эки жагын каранды да терең үшкүрүндү. Эмнегедир анын бул абалы Михалга эч окшобойт.

Бир нече мүнөт өттү. Олтурат, үнсүз. Бир маалда кол көтөрдү.

— Угуп жатам?

— Мен башка тапшырма кагазын алсам болобу?

— Албетте, — дедим.

Ал мага конвертти сунду, ага башка тапшырма бердим.

Жаңы конвертти алып, мына ачарында токтоп калды.

— Жок, мен мурунку эле кагазды ала берейинчи,— деди Михаль.

— Макул.

Мына ушул учурдан баштап көз алдымда кудум көркөм фильм башталды. Кадимки эле тасма. Михаль алгач тез-тезден жазып баштап... Бир маалда токтоду да, кагазга карап отуруп калды. Окуган жок, көзүнөн көрүп турдум, жөн гана карап отурат. Мына ушул жерден Михаль кагазын тытып баштады.

Кабатыр болдум. Жанына бардым акыры.

— Михаль, жардам керекпи?

— Жок, ыракмат, — деди.

Көзүндө жаш. Михалдын бул көрүнүшү мени айран-таң калтырды. Михаль ыйлаганча, эгер ыйласа муздак таш ыйлап жибермек.

Эмне тапшырма бердим экен, конвертти алып, тапшырманы окуп баштадым:

“Варшаванын геттосунда акыркы түн. Баарын таң атары менен атууга, жок кылууга алып кетишет. Бул тууралуу эгиз балдары бар үй-бүлө да билет жана аларды кантип сактап калуу алекети менен отурушат. Ошол түнү таштанды ташыгыч поляк балдардын бирөөсүн таштанды чакасына салып кетерин айтат. Болгону бирөөсүн гана. Поляк таң заарда, саат беште келерин айтып чыгып кетти. Ошентип кимди сактап калууну чечүүчү түн башталды”.

Тапшырма ушундайча болгон экен.

Туура 45 мүнөттөн соң Михалдын алдында эки кагаз жатты.

— Окуп бер, — дедим.

Окуп баштады.

... Ошентип алдыда ата менен эненин чачын агарткан, ачуу көз жаштын даамын татыткан, эгиздеринин кимисин өлүмгө жөнөтүп, кимисин сактап калууну чечкен түн турду. Кимисин? Шайыр, сүйкүмдүү Янкелдиби же түнт, бир сырдуу Мойшениби?

Михаль бир калыпта, сезимталсыз окуп жатты. Каананын ичи кулак-мурун кескендей жымжырттык. Мындай тынчтык акыркы жолу качан болгону эсимде жок.

Эрди-катын алгач эгиздерин кантип ажыратарын, андай мүмкүн эместигин шыбырашып жатышты. Балдары бул сүйлөшүүнү эч укпашы керек.

Канча каршы чыгышпасын, акыры бир жыйынтыкка келиш керектигин түшүнгөн ата-эне өздөрүн тирүүлөй тозокто отургандай сезишти. Кимди сакташ керек? Сылык, сүйкүмдүү, келечекте сөзсүз сонун үй-бүлөсү, небереси болор Янкелдиби, же дайым кайгылуу, жалгыз, бирок ушунчалык акылгөй Мойшениби? Биздин Мойше кудум эле Эйнштейндей!

Алар эмне кыларын билбей акылдан азышты, ыйлашты, сооронушту. Ал арада убакыт аябагандай тез өтүүдө. Саат жебесинин ар каккан соккусу эне менен атанын жүрөгүнө ок болуп сайылып жатты. Сааттын бул жебесин сындырып салгылары келет, бирок ал эмнени өзгөртмөкчү?!

Ошентип таңкы саат бешке жакын калды. Күйөөсү аялын терең кайгы менен карайт. Мурда байкабаган. Аялынын чачтарын ак аралаптыр. Ушунун баары ушул бир түн үчүнбү? Аялынын чачын сылап жатып күйөөсү каргылданып сөз баштады:

— Сен кет. Ооба. Мен сени куткаргым келет. Сен жашсың, дагы да балдарың болот…

Аялы титирей түштү. Күйөөсүнүн бул учурдагы көз жашы кудум көгүлтүр асмандын өзү.

Күйөөсүнүн калтырак баскан колун кармап, аялы жооп берүүгө далалаттанат:

— Мен сен жок жашабайм...

Үнсүздүк. Ал арада мээримсиз убакыт өтө берди.

Бир маалда аялы айтты:

— Мен эмне кылышты билем.

— Эмне? — үнү угулган жок. Күйөөсүнүн бул учурда эриндери гана кыбырады. —Эмне?!

— Чүчү кулак кылабыз. Сен кагазга ысымдарын жазасың, мен тандайм.

Каанада эч ким дем албай калды. Михаль окуп атат. Барыбыз кудум ал учурду көз алдыбызга тартып жаттык. Мына ушундай жазылган эле тапшырма.

Калтырак баскан эненин колу күйөөсү кагазга жазып салган шляпага кирип бара жатты. Ушул учурда каанадагы барыбыз эненин ошол калтырак колунун шляпага киргенин көрүп жаттык, кудай акы, көзүбүз менен көрүп турдук.

Колун шляпага салган аялынын колдорун шал басты. Күйөөсү шаштыра да алган жок, кантип шаштырат.

Ал арада таш боор убакыт өтө берди. Бул учурда кудайдын да кайда экени белгисиз. Эшикти бирөө такылдатты. Ал таштандычы поляк эле.

Мына ушул кезде гана эне колун шляпадан сууруп чыкты.

— Мойше, — деди күйөөсү. Кагаздагы жазууну ал биринчи көрдү, себеби аялы жаш куюлган көзүн жумуп алган эле.

— Мойше, — кайталады аялы.

Экөө тең балдары уктап жаткан бурчту карашты. Ажарлуу Янкель Мойшени кучактап уктап жаткан. Эшиктин такылдаганы кайталанды. Күйөөсү эшикти ачып полякты көрдү. Унчукпайт. Баарын түшүнүп турат.

— Азыр, кийинтип келели.

Баланы кийинтип, бетинен өөп, чөнтөгүнө кесим нан салып берүү эненин иши эмеспи, жок, бул жолу анын барын күйөөсү кылууда. Аялы ал нерсени кылууга эрки жетпейт.

Мойшени поляктын колуна карматып жатканда гана эсине келип, чыдамы түгөнгөн эне баласын көздөй умтулуп, көзүнүн жашын ууртай Мойшеге сүйлөп жатты: “Сен жаша Мойше, менин Мойшем! Сен бир гана бизди эстеп жүр...”.

Аялын токтотууга аракет кылган күйөөсү полякка кыйкырды:

— Алып кет! Алып кет!

Поляк эч кыйынчылыксыз геттодон чыгып кетти. Геттонун дубалынан чыккан соң гана поляк таштанды челегин жерге коюп, баланы алып чыгууга токтоду. Челек кыймылсыз. Эмне болду? Каргыш тийгирдики, эмне думугуп калдыбы?

Поляк челегин түрө текшерип, баланы таппай калды. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй, жүрөгү оозуна тыгылды.

Эрди-катын таттуу уйкуда жаткан Янкелдин астында үнсүз олтурушат. Ойгонсо эмне деп айтып, эмне деп түшүндүрүшөт?

Кимдир-бирөө эшикти кармалап, такылдатты. Эненин жүрөгү болк этти. Себеби эшикти бир гана ошол ушинтип тыкылдатчу.

Эшиктин артында дайым капалуу Мойше күлүмсүрөй:

—Мен ойлондум. Мен Янкелсиз... Жок, андай болбойт!

Михаль ушул жерден окуганын токтотту. Мындай жымжырттыкты окуу каанасынан мен эч көрө албагам. Мындай 45 мүнөттө жазылган текстти да эч кезиктирбегем.

Михаль айтты:

— Мындан ары эмне деп жазарымды билбейм...

Каанада бирөөсү мурдун тартып, бирөөсү ыйлап жатты. Группадагы эң эрктүү, аскерде кызмат өтөгөн олбурлуу 5 студент кызарган көздөрүн жаап олтурушат. Бул учур алар үчүн бардык таасирлүү парад, аза күтүүлөрдөн да жогору болуп турду. Эч бир кайдыгер, сезимсиз адам жок эле.

Мына, бул аңгемени жазуума таасир эткен ушул болду.

Михаль ордунан турду да, Эсти олтурган каананын бурчуна бет алды. Мен дароо түшүнгөн жокмун, бирок Михаль жашына көмүлгөн Эстиге барды. Баратып өзү да кармана алган жок.

Эсти ордунан турду. Олтурган отургучу кулады. Михаль Эстини кучагына кысты. Михаль дээрлик бойлуу, алибеттүү болчу, ал эми Эсти кичинекей, кудум корккон чымчыктай анын кучагында турду. Экөө кучакташкан бойдон турушат.

Михаль үнүн бийик чыгара:

— Суранам, мени кечиргиле! Андан соң мага карады да: — Семён, эгер кечире алсаңыз мени кечириңиз, мен ушундай акмакмын!

Кыскасы, ал күн ошондой болду. Мен өмүрүмдө мындай күндү башка башыман өткөрбөгөм. Ал күн барыбызды жууп, тазалап, баарын өзгөртүп кетти.

Ошондон соң мен бул нерсени түшүндүм. Эч кимди сырттан сыноого болбойт. Кур намыс, таш боорлук, текеберлик, кежирлик каптап алган “сүйүү учкуну” же болбосо “жүрөгүбүздө бир баскыч” бар. Баарыбызда ушул учкун жашайт. Анан бир учурда кудум бир сыйкырдуу таякчадай саат жебеси кагат... Жана бум!.. Ичибизде катып жүргөн адам ойгонот. Жаңы төрөлөт... Кайрадан сүйөт...

Ошол күндөн бери беш жылдын жүзү болду. Азыр Михаль кайда, Эсти кайда, ким билет. Бул жазганымды иврит тилине которуп коюум керек экен, балким окуп, бир белгисин беришер.

Которгон Калыс ЖУМАДИЛОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз