Кубантай Эрназаров: Тозоктун асманында

  • 21.01.2023
  • 1760

АҢГЕМЕ

1.

Ал керебетте суналып жаткан бойдон оор уйкуда. Түш көрүп жатты. Түшүндө үзүлүп баратат: эки буту шал сымал кыймылсыз, денеси омурткадан улам өйдөлөп катып барат. Эми колдору кыймылдабай калды. Оюнда кол-бутун тыбырчылатып жаткансыйт. Бирок кол-буту бир ордунда сенейип калган.

Керебетте капталынан жаткан өзүн көрдү. Буттары суналып төшөктөн чыгып калган. Сыягы бою узарып, денеси ичкере түшкөн шекил.

Муну көпкө карашка үлгүрбөй калды. Бет маңдайдан ичи жаркырап турган асманга карай кеткен ийри-муйру түтүктөй жол көрүндү. Жолдун кире бериши оп тартып өзүнө шаркыратмадай соруп баратты. Кол-буту иштесе, мындан жанталаша тыбырчылап качар беле. Ошол шаркыратмадай түтүк оозуна агымга баш ийип элейген бойдон кете берди.

Шаркыратмадай кире бериш көз ирмемде соруп кеткенин билет. Андан соң зуулдап агып баратты. Тээ ыраактан жолдун экинчи учу агарып көрүнөт. Мындайды биринчи жолу Төө-Ашууда туннелдин ичинде баратып көргөн. Туннелдин ичи менен агып баратты.

Туннелден аткан октой зуулдап атып чыгар замат, туптуюк караңгылыкка учуп кирип кетти. Бир саамга жымжырттык. Андан соң асты жагы бозомук тартып бир аз агара түшкөнсүдү. Бозомук беттеги капкара чекиттердин артка жылышынан улам өзү укмуштуудай ылдамдык менен учуп баратканын сезди. Баш-аягы билинбеген капкара мейкиндикте октой ылдамдыкта учуп баратат.

«Кайда баратам деги?» – башына ушул ой келер замат бир жактан үн угулду:

- Тозокто баратасың.

- Тозокко түшүп калдымбы?

- Жок. Тозоктун асманында учуп баратасың.

- Кайда?

- Чын дүйнөгө.

Ушунчалык кулакка жагымдуу, уккулуктуу үн. Мындан улам бул үндөн зыян тартпашын сезди. Жөн гана кайсы тилде сүйлөп жатканын билгиси келди.

- Кайсы тилде сүйлөп жатасыз?

- Жалпы тилде. Бул жакта тигил же бул тил деген жок. Баары бирдей, баарына бир тил.

- Иэ?

- Ананчы. Бай менен жарды өлгөндө теңелет дегенди уккан белең?

- Уккам.

- Бүкүрдүн бели өлгөндө түзөлөт дегендичи?

- Аны да уккам.

- Укканың ырас болуптур.

Чыккан үн кулактан кирбей, түз мээсинде жаңырып жатты. Байкаса, капталдан эмес төбөдөн чыгып жаткандай. Аны коштой учуп баратабы же тээ төбөдөн туруп сүйлөп жатабы, муну аңдай албады. Капкара мейкиндикти жиреп учуп кете берди. Астыда жаткан капкара чекиттер эми чоңоё баштады. Анан да саны улам артып, туш тарапка каңгып басып жүрүшөт. Мындан улам ал тозок бетине улам ылдыйлап кулап баратканын сезди.

«Булар кимдер?» – деп сурагыча болбой үн дагы чыкты:

- Күнөөлөр.

- Ким жасаган буларды?

- Ким жасамак эле, сен жасаган күнөөлөр.

- Мен жасадымбы?

- Сен жасабаганда, мен жасаптырмынбы?

- Басып жүрүшөбү?

- Албетте. Тозок бетин жайлаган жырткыч сымал күнөө деген жаныбар бул. Сен тозокко кулап баратасың.

- Эмнеге?

- Демек күнөө жараткансың: алсызды кордогонсуү, момундун жүрөгүн жок жерден сыздаткансың, бирөөнүн акысын уурдап жеген чыгарсың… Айта берсе толтура. Ошолор тозок бетинде жырткычка айланып, сени улам өзүнө чакырып тартып жатат. Булардын тартуу күчү жердикинен чоң, оп тарта соруп кулатат.

- Мени кайдан таанышты?

- Жаратканын унутуп калышмак беле. Сен атаңды кандай таанысаң, алар да сени ошондой тааныйт. Атаңды кандай сүйсөң, күнөөлөрүң да сени ошондой сүйөт. Сенин акыр бир күн келериңди ушул жолдон атасын күткөндөй зарыгып күтүштү. «Мени тозокто жараткансың, эми мени менен тозокто түбөлүк каласың» – деп жатышат алар. Тозокто бир күн да жакшылык көрбөйсүң. Жарык, жакшылык, мээрим, ырайым, бакыт сыяктуу Жалгандагы сени бапестеген болмуштарды тозоктон үмүт этпей эле кой.

- Демек тозокту Кудай жараткан эмес экен да?

- Жок. Тозокту адам өзү жараткан.

- Кыямат кайым жакынбы?

- Адам жараткан Жалгандагы күнөөлөр тозокто жырткыч макулукка айланып, тозоктун бети улам тарып, тозок бетинин тартуу күчү улам күчөп, акыры тозок бетине күнөө макулуктар батпай калат да, анан Жалганда кыямат кайым башталат.

- Кудайым өзү тозоктогу шайтандан сактаса экен, – мындайды укканда чый-пыйы чыкты.

- Коркпо. Эч кандай шайтан деген жок. Бул жөн гана жомок.

- Адашасыз. Ыйык Китептерден адамды тозокко азгырып кетер шайтан тууралуу окуган жайым бар.

- Анын баарын адам өзү ойлоп тапкан.

- Эмнеге?

- Себеби адамдын дагы бир аталышы – пенде. Пенде ушул экен да. Өзүн периштеге теңейт. Күнү келгенде Кудайды да тааныгысы келбейт. Өзү жараткан күнөөнүн баарын башка пендеге төңкөрө салганды сүйөт. Ошондон кийин согуш чыгат. Анан пенде кырылышып согушат. Бир эсептен Жалган дүйнө деле ушунчалык кең. Кең дүйнөнү ошентип пенде өзү тарытат. Ичи тардык сезими бар да: менде гана болсо, башкада болбосо деп эңсейт. Өзү кылган жамандык менен күнөөлөрдүн баарын шайтанга оодара салышка «шайтан» деген түшүнүктү пенде оюнан токуп чыккан.

- Демек шайтан жок тура?

- Жок, эч кандай. Болгон да эмес, болбойт дагы.

- Мен Кудай каары менен жазалайт дегенге да анча ишенбей калдым.

- Мунуң туура. Кудайда таш боордук менен каардуу жазалоо деген болбойт. Андай сезим да жок. Ал мээримдүү Зат. Адам жазасын Жалганда алат. Аны Жалгандын жашоосу өзү жазалайт. Жалгандын да кайсы бир деңгээлде өз калыстыгы бар. Эгер жазасы ошончолук чоң болсо, калганын түбөлүк тозокто өтөйт.

- Мен кайда баратам?

- Чын дүйнөгө карай жанталашып баратасың.

- Учуп баратам го?

- Кулап баратасың. Жалганда кылган жакшылыгың Чын дүйнөдө сени өзүнө чакырып жатат.

- Ушунусуна да шүгүр. Чын дүйнөгө эптеп жетсем болду.

- Жок, адашасың. Сен азыр тозок асманында учуп, тозокко улам кулап баратасың. Эгер сен жараткан күнөөлөр тозокко биротоло тартып кетсе, өзүңдөн көр. Эгер кылган жакшылыктарың Чын дүйнөгө эптеп сүрөп кетсе, муну да өзүңдөн көр.

- Түшүнүктүү.

- Сен көп нерсени түшүнгөн жоксуң.

- Эмнеге?

- Анткени сен да пендесиң.

Тозокко кулап баратканын билгенде, жүрөгү тикенек сайылгандай ачышты. Төбөдөгү үндөн жалынып-жалбарып суранды:

- Эптеп бирдеме кылсам болобу? Эч качан тозокко түшкүм келбейт.

- Жок, эчтеке кыла албайсың. Эми баары кеч. «Бирдемени» тирүүңдө кылыш керек болчу.

Ал улам тозок бетине жакындай берди. Чоңдугу динозаврдай тозок макулуктары эми көзүнө даана көрүнүп баштады. Тозок бетине жайнап кетиптир. Эми Чын дүйнөгө жетишинен үмүтү биротоло үзүлдү. Көзүн акырын жумуп кулап баратты. Тозок бетинде көзүн ачпастан жата бергиси келди. Эми мага демектен мени тытып жешсин.

Бир маалда ойдо жок жерден туптуюк караңгы чексиздиктен түпсүздүккө дейре созулуп жаткан асан-үсөндөй ийри жарык көрүнбөспү. Зымырап кулап баратып, жарыкты жарып кирип кетти да, эми жапжарык жайда учуп баратты.

- Чын дүйнөнүн улагасы, – баягы үн дагы угулду.

Чын дүйнөнүн асман-жерин көргүсү келип үстү-башын каранды. Кызыгы, туш тарабы асмандай жарык, карагандан көз тойбойт. Ошого карабай калчылдап коркуп жатты. Тээ бир кезде мурунку жашоосуна да, ушинтип коркуп, чаңырып ыйлап түшкөнүн эстеди. Ыйлап келип, ыйлатып кеттим, атаңгөрү аттиң жашоо! Калч-калч титирей коркуп астыга жылып баратат. Дагы бир таң калганы: өзү турат да, бут-кол дегенден дайын жок. Өзүн көрө албады. Муну сезе койгонсуп үн төбөдөн дагы чыкты:

- Бул деген Чын дүйнө.

- Айтканыңыз ырас. Мен жүргөн жашоодо узун-туурасы бар бийиктикке созулган заттар болор эле. Чын дүйнө канча өлчөмдүү?

- Жалган дүйнө үч өлчөмдүү мейкиндикке сыйган. Чын дүйнө чексиз өлчөмдүү?

- Чоңдугу канча бар?

- Чексиздиктен түпсүздүккө кеткен чексиз өлчөмдүү мейкиндик.

- Чексиз өлчөмдүү?

- Албетте. Бул жайдын башталыш-бүтүшү жок.

- Кызык. Философияны кайталап коюшум керек тура.

- Кереги жок. Бул жактын философиясы такыр башка.

- Кандайча?

- Сен окуган Жалган жашоонун философиясындагы категориялардын бири да иштебейт бул жерде.

- А метафизикачы?

- Ал да иштебейт.

- Эмнеге?

- Башталышы же аягы жок чексиздиктен түпсүздүккө кеткен дүйнөнүн кандай метафизикасы болмок эле. Башталышы бар жерде гана метафизикалык ойлор жаралат.

- Тиги жашоомдо Евклид, Лобачевский жана Риман сферикалык геометриясын окуган жайым бар. Тензордук эсептөөлөргө баш катырып жүрүп өмүрүм өттү.

- Аның да жарабайт. Бул жактын геометриясы менен философиясы такыр башка: чексиздиктин геометриясы, түпсүз тереңдик философиясы.

- Бул жакта генийлер жашайбы?

- Жок. Баары бирдей. Гений, сыйлык-байлык, орден, атак-даңк, эстелик сыяктуулар Жалгандын тартуулары. Азгырыктары десе жарашат. Бул жакта алардын кыпындай баасы жок.

Ушул маалда алдынан башына камыштан токулган шляпа, үстүнө жупуну чапан кийип эрбеңдеп бараткан карыя көрүндү. Карыядан озуп кетти. Эрбеңдеген карыя тээ артта калды.

- Бул ким?

- Жакшы киши. Жапон карыя. Ал бул жайга сенден бир топ жыл алдын келген.

- Артта калганы эмнеси?

- Артта калган жок. Сенден алдыда. Болгону убакыт сызыгы бул жайда чексиз өлчөмдүү: убакыт алдыга, артка карай ага берет. Эгер кааласа, убакыт оңго-солго, өйдө-төмөнгө карап деле ага берет.

- Муну башыма сиңире албадым.

- Жалган жашоодо убакыт бир тарапка агат эмеспи. Артты көздөй аккан эмес эч. Сен ошого көнгөнсүң.

Чын дүйнөнүн улагасына баш багар замат адам аттуудан биринчи ушул жапон карыяга туш болгонуна бир эседен абдан таң калды. Басыгын жайлатып аны менен кошо баскысы келди. Анан үндөн урады:

- Жанагы карыя менен бирге кетсем болобу? Ушул жерде күтө турсам кантет?

- Кабатыр болбо. Аны менен сөзсүз кездешесиң. Анан сукбатташып жата бересиң.

- Ал мени артымдан өзү издеп таап келеби?

- Жок. Сен аны артынан издеп баратасың.

Чын дүйнөнүн улагасынан өтүп, атып бараткан ажайып таңдай дарбаза тушка келгенде каалгып барып токтоду. Баягы үн да басылды. Бул Жараткандын өз үнүбү же периштеби, ушуну билгиси келди. Үн тарапка карабай сурады:

- Сен кимсиң?

- Мен ажал периштесимин. Сенин жаныңды алдым.

- Ыя?! – үн тарапка жалт карады.

Оң тарабында капкара кийимчен, бетине кара беткап тагынган адам түспөл олбурлуу сөлөкөт турат. Аны тиктеген бойдон катып калды. Анан ажал үн катты:

- Сенин жаныңды алган соң жаның Жараткан алдында мага аманат. Ошого ушуга дейре сени коштоп келдим.

Аманы ушунча болду, акыры жанын алып тынган ажалдын жүзүн бир көргүсү келип сурады:

- Жүзүңдү бир көрсөм болобу?

- Албетте.

Ажал жүзүнө таккан беткабын сыйрыганда, анын чыныгы жүзүн көрүп таң калды:

- Аай-иий, эй! Ушул турган ажал периштеси сенби?!

- А сен ким деп ойлодуң эле?

- Сенин жүзүң ушунчалык нурдуу, ушунчалык сулуу экен.

«Мен ажалдын түрү ушунчалык суук, жүзү ушунчалык коркунучтуу деп ойлосо», – деп аз жерден айтып жибере жаздап, унчукпады. Андан ары ажал сөзүн улады:

- Мен, ажал периштеси – бар жандууну төрөгөн энесимин. Убакты-сааты келгенде өзүм төрөгөн жандуунун жанын кайра алам. Бирөөнүн жарыкка келиши үчүн ага орун бошотуп, экинчи бирөөнүн жанын алышка туура келет. Жараткандын алдында өз милдетин так аткарган ишенимдүү кызматчы-периштемин. Менден эч ким качып кутулган эмес. Бирөөнүн жанын алганымда, мага анын жалынып-жалбарганы, бышактап ыйлаганы түк кызыктырбайт. Мага башка бирөөнүн жарык дүйнөгө келиши маанилүү.

Муну айткан соң ажалдын жүзү андан бетер нурдуу, андан бетер сулуу болуп кулпуруп кеткенсиди. Ал башын жерге салып үндөгөн жок. Жанатан бери керебетте кыймылсыз жаткан өз денесин ойлоп кыжаалат эле. Азыр эми өз денесин өзү жериди. Денесинин каалоолорун аткарып напсиге жетеленип жүрүп, аз жерден тозокко түшүп кала жаздады. Тим кой жата берсин.

Жыргалынан азабы көп, көрдөн алып көргө, чоктон алып сууга чабылган кунарсыз өтмүшүнө ичтен кубанды. Көрсө, өзү кетирген катачылык, күнөөлөр үчүн жалган жашоосунда эле ошентип өз жазасын толук алган экен. Жалгандагы майып-мунжунун, эч кимге жамандыгы жок алсыз момундун, жер карама жетим-жесирдин жашоосуна суктанды. Жалган менен Чындын ортосун учу-кыйырсыз тозок талаасы бөлүп турганына көзү жетти.

Башын өйдө көтөрсө, оң тарабында турган ажал бир жакка житип кетиптир. Үн да эмнегедир башка угулган жок. Жаңыдан там-туң баскан баладай кадамын аярлай таштап, туш тарабын элеңдеп кызыга карап жаркырап атып келаткан, супсулуу, бир ажайып, өзгөчө таңга сүңгүп кирип кетти.

2

Ал ойгонуп кетти. Суналып керебетте жатат. Апенди жаны ойгонор замат кол-бутун кыймылдатып көрдү. Иштеп жатат. Таң агарып келатат. Чоң жолдогу авто-унаалардын үнү анын бул жашоосунан кабарлап жаткансыйт. Сыртта бороон улуп, балбалактап кар жаап жатат. Терезеде кыш чилдеге карабай карападагы гүлдөрдүн айрымдары бажырайып гул ачыптыр. Бул эки мейкиндикти ортодон болгону жука терезе бөлүп турат.

Дубалдагы саатка карады. Таңкы алты жарым. Сааттын үнү адатынча: чык-чык-чык… Бул ирет сааттын чык-чык үнү аны белгисиз тарапка кубалап: «Тур, тур, тур! Кет, кет, кет!» – деп жаткансыды. Убакыттын адилеттүү жаратман күчүнө, жок кылуу күчүнө тан берди. Баарын убакыт көрсөтөт деп бекер айтышпайт тура.

Дубалдагы саат: «Тур, тур, тур!» – деп жаны чыгып жаткан соң, төшөктөн турушка туура келди. Өтмүшүндөгү көңүл калтырган, жүрөгүнө кара так салган күндөрү кайра төшөккө ныгырды. Сыртка да чыкпай, күнү-түнү төшөктөн турбай жата бергиси келди. Эртеңки күндүн белгисиздик күчү ага үмүт берип чыйралтты. Бүгүнкү күндүн тирүүлүгү төшөктөн турушка үндөдү. Ошентип ой мейкиндигиндеги өтмүштүн, учурдун, келечектин таландысында калган жаны уйку-соонун арасында көпкө төшөктөн турбай жатты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз