Насыреддин Кожырбай уулу: Эркек козу курмандык

  • 21.02.2023
  • 2071

(Тарыхый окуя, болгон окуянын изи менен)

Декабрь айында мечитте балдарды окутуп жүргөн Бекжан сопунун Чолпон ата мазарынын шайыктыгына дайындалганына бир жылга чукулдап калды. Мурдагы шайык кеткен соң коомчулук андан бул ишти аткарып беришин суранышкан. Бабыктын Ажыбайынан тараган Миңбай, Селбай тукумдары ашынган деле чоң байлардан эмес, бирок Бекжан эски тамгаларды билген сабаттуу адам болчу. Ошондон улам болсо керек, эл арасында Бекжан Сопу деген ат менен белгилүү.

Мазарга зыярат кылганы келгендерге Чолпон ата тууралуу билгендерин, илгертеден эл эсинде сакталып келаткан көп уламыш кептерден сүйлөп берчү. Уккулуктуу коңур үнү менен угуучуларын бир заматта өзүнө тартып арбап алар эле.

Орусияда кеңеш өкмөтү орноп, жаңыдан күчүнө кире баштаган, бирок Мангыс тоого анын бийлиги алигиче жете элек кез. Балким ээн талаадагы кичинекей айылды унутуп коюшканбы, айтор азырынча тынч, жашоолору бир калыпта өтүп жаткан. Жубайы Шаршенбүбү Абубакир ырчынын жакын карындаштарынан эле. Абубакирдин атасы маркум Боронкул менен мунун атасы үзөнгүлөш курбу, бир чети тууганчылык жайы боло турган. Абубакирдин ырларын жаттап өскөн Шаршенбүбү байбиче билгенинин баарын кыздарына үйрөтүү менен алек.

1920-жылдын жазында жарыкчылыкка келген кызы Оролжан да быйыл атасынан сабак алууга жарап калган. Улуу кызы Бакыт быйыл онго толду. Бекжан колу бош убактысында жакын айылдардын балдарын жыйнап алып арабча, латынча окутат. Латын тамгасынын жакшы жери, өз эне тилиңде жазууга ыңгайлуу, араб тамгаларына караганда үйрөнгөнгө оңой.

Быйыл кол менен оюп алган үңкүрдү оңдоп-түзөп, ичин акиташ менен актап алган. Ичи жайыкысын салкын, кышкысын жылуу, уядай үңкүргө он чакты бала кенен батат. Чиркин, казактын пейили кенен эмеспи, канчалык жокчулук болсо да, түлөөканадан адамдын аягы үзүлбөйт. Колунда барын алып келип садага кылышат. Окуп жаткан балдардын ата-энелери да келген сайын куру кол келишпей, аны-мунусун берип кетишет. Быйыл кудай буюрса, түлөөкананы кеңейтсем деген тилеги бар, антпесе азыркы абалы эптеп-септеп жоктон жакшыраак.

Кечээ Кетиктен ат арытып ушул жерде бир түнөп, андан ары Бекет чоң атага зыярат кылууга ниет кылып бараткан Боронбай деген жолоочу келген.

– Иним, алыстан келдиң, эмне кабарың бар, эл-журт аман жатабы, сүйлөй олтур.

— Бир аз өзгөрүштөр бар, байке, Кетиктин ичи күбүр-шыбыр, Майлыбайдын Талпени айылга башчы болгону башыбызга түшкөн балээ болду. Күндө бир нерсе ойлоп таап, ансыз да эптеп оокат кылган айылга кыргыйдай тийип, кээде эт салыгы, тери салыгы сыяктуу нерселерди ойлоп табат, айтор, тынчтык берчүдөй эмес.

Колунда кармап олтурган кесени көмкөрүп коюп, жер чукулап калды. Бирдемени айталбай кыйналып тургансыйт.

– Байке, ошол неме айтып жатканын уктум, Кетиктен атчан аскерлер келет дейби, Маңгыс тоону аралап Кеңеш өкмөтүн орнотот дейби, малдарды жыйнап, кожо молдолорду камайт дейби, айтор оозуна кан толгурдун аңгемеси жаман экен, сак болуңуз байке.

Боронбай келип кеткени Бекжан сопудан уйку качты, ээ пирим-ай мына бу заман эмне болуп барат. Өз кара башын ойлогон жок, беш-алты майда жандыгынан башка малы жок. Элдин, бала-чакасынын, байбичеси Шаршенбүбүнүн абалы кандай болот. Эмнеси болсо да эл менен көрөт да, көп менен көргөн улуу той дейт эмеспи, жараткан алла өзүң жар боло көр. Кийиктер жүргөн куу талаага келе коюшпастыр деп күбүрөп өзүн соороткон болот.

Бир гана өкүнгөнү, эки-үч жыл мурда уруулаш туугандары Миңбай, Селбай Өйдө көчүшкөндө биз менен кошо көч, жалгыз үй олтурасыңбы, ай талаада дешкенде аларды укпай калып калган. Ата-бабалары өсүп-өнүп, сөөктөрү жаткан ата конушун кыйып кете алган эмес. Эми өзү тигиндей-мындай болуп кетсе, бала чакасынын, жубайынын абалы кандай болот деген беймаза сезим өзөгүн өрттөгөндөй.

Отуз эки тиштен чыккан сөз отуз эки элге жайылат демекчи, малга санак жүргүзөт, эшен-молдолорду камайт деген кептер эл ичинде күү-күү болуп жатты. Ошондон корккон айылдаштары балдарын бара-бара окууга жибербей калышты. Эми бош убактысын жаңыдан чоңоюп келаткан эки кызын окутуштан башка эрмеги калбады. Жаратканга кайсы жеримден жаздым, артымда туяк болуп калар бир уул бербеди деп наалыйт, бар билгенин башканын бүлөсү болсо да ошол эки кызы үйрөнүп калышса дейт. Көпчүлүк учурда бүк түшүп, тескери карап жатып алмай адат тапты, көп окуп, ар нерсеге көзү кандим Бекеңдин ойлогону – эл тагдыры, замандын жүгү. Аскерлер келет дегенден бери мазарга зыярат кылып келген элдин аягы да сууган.

1927-жылдын күзүндө бир топ атчан аскер Чолпон атанын башына жетип келди. Жолдон чарчаган, күздүн суук шамалына үшүгөн аскерлер келер замат түлөөканага кирип жайгашышты. Ысык чай ичип, карындарына бирдеме барган соң кай бирлери магдырап уйкуга кетти. Камандири кекечтенип сүйлөгөн узун бойлуу офицер, улуту татар болсо керек, ай-буйга келбей Бекжандын колуна кишен салды. Анысы качып кетпесин деп сактанганы.

– Сен молдосуңбу, чыныңды айт, дагы кимдер бар? – деп кууруп жиберди, колунда тизме бар. Ажыбаев Бекжан молдо деп окуду.

– Мен молдо эмесмин, эскиче сабатым бар, бала окутамын, андан башка эч нерсе билбейм.

Эртеси таң атпай беш-алты жандыгын кошуп, өзүн алдыларына салып айдап жөнөштү. Киндик каны тамган тууган жери, адал жары, эки чиедей кызы, касиеттүү Чолпан ата жери барган сайын көздөн бүлбүлдөп артта кала берди. Бекжан сопу чымыр денелүү, чарчы бой, кайраттуу адам эле, элүүдөн жаңы гана оодарыла баштаган тула бою акылмандык менен күч-кубатка толуп турган кези. Бешөөнү беш уруп, мылтыктарын тартып алып, колу-буттарын байлап салып качсамбы деген ойлор келбей койгон жок. Бирок артында калган үй-бүлөсү колун жипсиз байлады. Үч күн бою тынбай жүрүп олтуруп алар Кетикке жетишти.

Маңдайына кызыл желек илинген барак үй, ичинде ары-бери топурап жүргөн жакаларына кызыл чүпүрөк тагынган аскер адамдары, кай бирлери булдурап орусча сүйлөйт. Бир кезде дегдеңдетип тергөөчүнүн алдына алып келишти, жанында жалпыйып Майлыбайдын Талпени олтурат. Чоң иш бүтүрүп койгонсуп кашындагы чийкил сары оруска чала орусчасы менен бир нерсени түшүндүрүү менен алек. Бекжан сөз өзү тууралуу жүрүп жатканын дароо түшүндү.

– Сени молдо экениңди моюнуна алсын, эл-журттун башын айлантып жүргөнүм чын деп кол коюп берсин дейт офицер мырза.

– Жок, мен молдо эмесмин, элдин башын айландырган жокмун, тескерисинче, мен балдарды окутуп, сабаттарын ачтым.

Жинденип түкүрүгүнө чакаган Талпен орус тергөөчүдөн да ашып түштү. Уруп, согуп мойнуна алдыра албаган соң, айла-амалы кетип, алып кеткиле! – деп бакырды. Жанында турган кароолчусу болсо керек, сүйрөп барып таш түрмөгө тоголотуп кетти. Эсин жыйып көзүн ачса, сасыган кичинекей бөлмөдө өзү сыяктуу отуздай адам, арасында өзү тааныган Каржан эшен, Жары молдолор бар экен.

– Тизмени түзүп берген Талпен окшойт, көрүңдө өкүргүр, түбүбүзгө жетмей болду көрүнөт,— деп каргап олтурат бирөө.

Ит көрбөгөн кордукту көрүп жатышкандарына үч-төрт айдын жүзү болду, 1928-жылын жазы, алигиче күндүн ызгаары кете элек, суук шамал сөөктөн өтөт. Таң эртең менен баарын чыгарып портко айдап жөнөштү, кайда алпарарын айтышкан жок. Талпенден сурашса силерди жер котортуп айдап жатышат деп күңкүлдөдү. Айтор, атышпай окшойт, буга да кудайга шүгүр дешти кай бирлери. Ошону менен бардыгын кубалап барып кемеге тыгышты.

Кара түтүнүн бурулдаткан кеме батышка карай жол тартты. Эки күн, эки түн бою оор кеме деңиз толкунун жиреп келатты. Бир кезде кеме титиреп барып үнү басылды, башкаруу каютасы тараптан ызы-чуу болуп жатканын угушту. Көрсө, буу казаны иштен чыккан экен, анысы аз келгенсип телеграф байланышы да иштебей калыптыр. Эми кудайдан болуп башка бир кеме жолугуп калбаса, аман калышары белгисиз. Кемедеги аскер күзөтчүлөрү менен матростордун да үрөйлөрү учуп, амалдары кетип турду.

Арадан бир апта өттү, кемеде от жагылбай муздап, күркүлдөп жөтөлгөндөр көбөйдү. Камактагыларга күндө берчү шылдырган көжөсү да кыскарып, күндө бир жолу гана бере башташты.

– Минтип олтуруп баарыбыз ачка өлөбүз, бир айла кылуу керек, – деп кеменин башчысы ыйлактайт.

Ошондо камактагыларды кайтарып бараткан орус офицер бир чечимге келди.

– Тез арада камактагылардан кутулуу керек, антпесек өзүбүз көп узабай өлөбүз.

Таноосу бүлкүлдөп көзүнөн жалын чачып турду. Бул чечим оюна келгенине өзүнө ыраазы болуп тургансыйт.

– Камактагыларды палубага тез алып чыккыла! – деген кеме башчысынын үнү жаңырды. Ачкасынан баса албай сүйрөлгөн камактагыларды палубага айдап чыгышты. Булардын арам оюн түшүнгөн Бекжан келмесин келтирип, жанындагылар менен коштошо баштады. Өзөгүн өрттөгөн бир сезим, тулку боюн ээлеген айласыздык көөдөнүн кысып, тумчуктуруп барат. Кеңеш өкмөтү менен бирге келген калкынын башына түшкөн мүшкүл, ошол мүшкүлгө каршы турар дармансыздык өкүнүчү жүрөгүн бир зырп эткизип өттү.

Баарын палубанын кырына тизип, мылтык кезеп секиргиле! – деп кыйкырып турушту жан алгычтар. Амалдары куруган туткундар жапа тырмак сууга секире башташты. Ошентип алеки заматта отуз адам көк деңизге чөмүп жок болду. Эркек козу курмандык – деген ушу. Камактагыларды алып келе турган кеменин келер убактысы өткөнүнө бир нече күн болгон.

Баку гарнизонунун башчысы аларды издеп чыгууга буйрук берди. Үч күндөн кийин толкунда термелип турган кемени табышты. Кеме – тыптынч, жымжырттык өкүм сүрүп, жашоонун белгилери байкалбайт. Издеп баргандардын камандири палубага чыгып үн-сөзсүз селейди. Камактагылар жаткан бөлмөнүн каалгасы ачык, ичинде бир жан жок. Ал эмне болгонун дароо түшүндү. Ачкалыктан, сууктан каза болгон экипаж мүчөлөрү отурган жерлеринде тоңуп калышкан экен, капитандын көздөрү корконунанбы же өкүнүчтөнбү, бакырайып ачылган боюнча калыптыр.

Бейкүнөө отуз адамдын каны коё бербептир...

Казакчадан оодарган Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз